Без рубрики

CABAR.asia 15.09.21

«Климаттын ѳзгѳрүүсү кайталанбас процесс, мындан ары дагы начарлай берет». Бул жыйынтык 2021-жылдын 9-августундагы БУУнун баяндамасында берилген. Эксперттердин прогнозу боюнча, жакынкы он жылдын ичинде климаттык кѳйгѳй күчѳп, биринчи эле кезекте айыл чарбасы менен саламаттыкты сактоо тармактарына терс таасирин тийгизери бышык.

Климаттын ѳзгѳрүшү деген эмне, Борбор Азияда абал кандай, кубулуш канчалык деӊгээлде кооптуу жана кѳйгѳйдү чечүүнүн кандайдыр бир жолдору барбы? Мунун баарын «Жаштардын климаттын ѳзгѳрүшүнѳ туруштук берүүсү» аттуу долбоор менен  «Биом» экологиялык кыймылынын эксперттери  Анна Кириленко жана Зоя Кретова менен чогуу карап чыгабыз.

Негизи эле, «климаттын ѳзгѳрүшү» деген эмнени түшүндүрѳт?

Климаттын ѳзгѳрүшү – бул орточо климаттык кѳрсѳткүчтѳр, тактап айтканда, абанын температурасы жана жаан-чачындын жаашы ѳзгѳргѳн процесс. Мындан тышкары, климаттын ѳзгѳрүшүнѳ кургакчылык, катуу штормдор, суу ташкындары да, башкача айтканда биз бүгүнкү күндѳ кѳрүп-билим жаткан бардык экстремалдык жагдайлар  кирет.

Климат эмне үчүн ѳзгѳрѳт?

Климаттын ѳзгѳрүшү Жер жүзү пайда болгон күндѳн бери эле болуп туруучу процесс. Бирок мурун бул табигый (жаратылыштык) факторлорго – күндүн активдүүлүгү, материктердин кыймылы, Жердин айлынышынын ѳзгѳрүүсү, вулкандык активдүүлүк, океандык агымдардын вариациясына байланыштуу болгон. Муз доорлорунун алмашкандыгы, ал эми муздар аралык доорлордо температура 20-кылымдагыдай болгондугу белгиленген.

Бирок бүгүнкү күндѳ климаттык илимий коомчулуктун басымдуу бѳлүгү азыркы глобалдык жылуулук адам баласынын ишмердүүлүгүнѳ байланыштуу деген пикирди айтат.

Чындыгында эмне болуп жатат: глобалдык жылуулукпу же климатттын ѳзгѳрүшүбү? Экѳѳнүн ортосундагы айырма эмнеде?

Эгер аналогия жүргүзѳ турган болсок, анда айырма ден соолук менен дененин температурасынын ортосундагыдай эле. Башкача айтканда, дене табынын жогорулашы – организмде процесстердин ѳзгѳрүшүнүн белгиси, ал эми ден соолук – бул бүтүндѳй комплекс.

Ушундай эле, климат – бул комплекс, глобалдык жылуулук болсо – ушул комплекстин параметрлеринин бири. Климаттын ѳзгѳрүшү да Жер планетасындагы температуранын жогорулашынын натыйжасы.

Ошондо, мунун баарына адам баласы күнѳѳлүбү?

Ооба, климаттын ѳзгѳрүшүнүн азыркы этабында адам баласынын кылган иш-аракеттеринин таасири ѳтѳ эле чоӊ.

Климаттын ѳзгѳрүшүнүн башкы себептери:

• кѳмүр суутектүү күйүүчү майды жагуу (жер астынан же ачык жол менен ѳндүрүлгѳн мунай, кѳмүр, жаратылыш газы, торф жана башка күйүүчү минералдар),
• жерлерди активдүү ѳздѳштүрүү,
• токойлорду кыюу жана экосистемаларды бузуу.

Булардын баары планетабыздагы химиялык процесстердин ѳзгѳрүшүнѳ жана Жер бетинин жылышына алып келет. Андан ары океандардагы суулардын температурасы жогорулап, мѳӊгүлѳр эрийт да, баары чогулуп климаттык системаны ѳзгѳртѳт.

Ооба, мындай кубулуштар адам баласы жаралганга чейин эле болуп келген, бирок кыйла жай темп менен жүргѳн. Азыр болсо адамзат ѳз иш-аракеттери менен баарын тездетип жиберди.

Климаттын ѳзгѳрүшү адамдардын ден соолугуна таасир этеби?

Ооба, аба-ырайынын кескин ѳзгѳрүшү иммунитетке терс таасирин тийгизет. Аномалдуу ысыктан кан басымы жогору же башка жүрѳк-кан тамыр оорулары бар адамдар жабыркашы мүмкүн.

Тобокел зонасына кош бойлуу аялдар да кирет, анткени эне менен бала патологияга кабылышы ыктымал. Бир эмес, бир нече илдетке чалдыккан пенсионерлер дагы климаттын ѳзгѳрүүсү, ысыктын толкундары жана башкаларга байланыштуу жагымсыз кесепеттерге дуушар болушат.

Климаттын ѳзгѳрүшү кичинекей балдарга да терс таасирин тийгизет – планетада температуранын ар бир эки градуска жогорулашы курч ичеги оорулары менен тамак-аштан уулануу учурларынын санын 10 пайызга кѳбѳйтѳт.

Экономикагачы?

Ооба. Айрыкча, айыл чарбасына. Быйылкы жайда айыл чарбасынын климаттын ѳзгѳрүшүнѳ ѳтѳ сезимтал тармак экенине ѳзүбүз күбѳ болдук. Борбор Азиядагы катуу кургакчылык аталган чѳйрѳгѳ олуттуу зыян келтирип, дыйкандардын кѳпчүлүгү  жакшы түшүм ала албай калышты.

Жалпысынан, климаттын ѳзгѳрүшү суу ресурстарынын азайышына алып келет, тактап айтканда жаан-чачындар алардын жаашынын фазасын ѳзгѳртүшѳт, кар кыштын аяк ченинде-жаздын башында интенсивдүү эрийт, гидрологиялык цикл алмашат, суу кирген мезгил эртелейт, мунун баары айыл чарба секторуна таасирин тийгизет.

Борбор Азиянын климаты кандай? Анда да ѳзгѳрүү болуп жатабы?

Ооба, глобалдык ѳзгѳрүүнүн кесепеттери бул аймакка да таасир этпей койгон жок. Мисалы, акыркы 45 жылда Кыргызстанда орточо температура 1 градуска, Түркмѳнстанда – 1,6 градуска, Казакстан менен Ѳзбекстанда – 1,4 градуска жогоруласа, бул мезгил аралыгында Тажикстандын климаты 0,7 градуска ысыгыраак болуп калды.

Белгилей кетчү нерсе, Борбор Азия үчүн кургакчылык дайыма эле мүнѳздүү кубулуш болуп келген. Бирок акыркы убактарда кургакчылык циклдери кѳбүрѳѳк байкала баштады. Алкактуулуктун жылышы, башкача айтканда, түштүктүн жылуу климаттары түндүк аймакты кѳздѳй жылууда.

Прогноздор боюнча, жакынкы 30 жылда Бишкекке Кыргызстандын түштүктѳгү шаары –  Жалал-Абаддын климаты, ал эми Жалал-Абадга – Душанбеники ж.б.у.с. келиши мүмкүн.

Силер глобалдык жылуулук тууралуу айтасыӊар, ал эми былтыр кышында менин кулактарымды үшүк алып кете аз калган…

Жылуулуктун парник тибинин теориясы деген бар. Ал түнкү температуранын жана кыш мезгилиндеги температуранын жогорулашы менен мүнѳздѳлѳт. Маселен, Кыргызстанда тропикалык түндѳрдүн саны кѳбѳйѳт. Бул абанын температурасы түнкүсүн 20 градустан жогору болгон абал. Терминдин аталышы кулакка романтикалуу угулганы менен мааниси тынчсыздануу жаратат. Анткени дискомфорттуу түндѳрдүн саны кѳбѳйѳт.

Чынын айтканда сууктун экстремалдуу толкундары кышкысын мурун деле болуп турчу, ал тургай кѳбүрѳѳк жана интенсивдүүрѳѳк эле. Бирок акыркы жылдары кыш мезгилдери кыйла жумшагыраак болгону байкалууда. Таяктын эки учундай эле: бир жагынан, кыш мезгилинин жумшашы түйүнгѳ түшкѳн жүктѳмдү азайтуу менен  энергетикага оӊ таасирин тийгизсе, экинчи жагынан, кыштын кыскарышы азык-түлүк коопсуздугуна түздѳн-түз таасир этет.

Бул абалдан чыгуунун кандайдыр бир жолу барбы?

Бар, чечүү жолу ар дайым табылат. Биринчи эле кезекте бардык ѳлкѳлѳрдүн бийликтери ѳз жерлерин жашылдандырууга жана бак-дарактарды отургузууга кѳбүрѳѳк кѳӊүл бурууга тийиш. Бул абанын сапатын  гана жакшыртпастан, жылуулук стресстерин да азайтат. Кургакчылыкка жана башка климаттык кубулуштарга туруштук бере алган бак-дарактарды отургузуш керек.

Мындан сырткары, ар кандай секторлордун климаттык ѳзгѳрүүлѳргѳ ыӊгайлашуусуна байланыштуу чаралар менен чыгымдарды карап чыга турган стратегиялык документтер иштелип чыгууга тийиш. Болгондо да бул стратегиялар ар бир сектор – энергетика, айыл чарбасы, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. боюнча даярдалышы керек. Жана дагы, албетте, саналган пункттардын каржыланышы эске алынат.

Дүйнѳлүк деӊгээлде 1992 жылдан бери БУУга мүчѳ ѳлкѳлѳрдүн лидерлери жыл сайын климаттын ѳзгѳрүшүнѳ байланыштуу кѳйгѳйлѳр боюнча эл аралык конференцияга чогулушат (COP). Кезектеги 26-конференция 1-ноябрдан 12-ноябрга чейин Улуу Британиянын Глазго шаарында ѳтмѳкчү. Иш-чаранын башкы күн тартиби – парник газдарынын чыгышын азайтуу багытындагы дүйнѳлүк аракеттер жана глобалдык жылуулуктун Цельсий боюнча 1,5 градустун чегинде кармалышын камсыздоо.

Бул БУУ караштуу Климаттын ѳзгѳрүшү боюнча Ѳкмѳт аралык эксперттер тобунун (МГЭИК) жакында жасаган баяндамасынын контекстинде ѳзгѳчѳ актуалдуулукка ээ.  Ага ылайык, дүйнѳнүн бардык аймактарындагы климаттын ѳзгѳрүшү барган сайын кѳбүрѳѳк байкалып, улам жаӊы оор кесепеттерге алып келиши күтүлѳт.

Мен, катардагы жаран сыпатында жеке салымымды кошо аламбы?

Албетте. Биринчи кезекте, отун менен кѳмүрдү азыраак жакканга аракет кылыш керек. Айрыкча, бул жеке турак-жай секторунун жашоочуларына тийиштүү – жашоочулардын жылуулуктун альтернативдүү булактарына ѳтүп, электр энергиясын үнѳмдѳѳгѳ олуттуу маани берүүсү зарыл.

Таӊгактар менен пластикти кѳп камтыган ар кандай товарларды сатып алууну азайтыш керек. Эӊ эле жакшысы – жеке менчик автоунааны эмес, коомдук транспортту пайдаланган туура. Ал эми мүмкүнчүлүк болсо, велосипед тепкен же жѳѳ жүргѳн кыйла пайдалуу.

Публикация Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.

Акыркы он жылдын ичинде Кыргызстанда эле жол кырсыгынан 10 миӊ киши каза тапкан. Бул бүтүндѳй бир айылдын жок болушу менен барабар. Бийлик тарабынан тийиштүү чаралар кѳрүлүп жатса да, коркунучтуу статистика тѳмѳндѳгѳн жери жок.
(more…)

Olga Kovaleva 06.09.21

Жыл сайын Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны ѳсүүдѳ, бирок жумуш менен камсыз болгондордун саны кыйла эле аз. Учурда ѳлкѳдѳ 190 миӊден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашаса, алардын 80%ы – жумушсуз. Улуттук статистика комитетинин билдирүүсүнѳ жана Акыйкатчынын докладына ылайык, бул эки кѳрсѳткүч теӊ жыл ѳткѳн сайын жогорулап келет. (more…)

CABAR.asia 02.09.21

БУУнун билдирүүсүндѳ коронавирус пандемиясы адам сатуу коркунучун, ѳзгѳчѳ аялдар менен кыздар үчүн коркунучту күчѳтүп жибергени айтылат. Уюмдун берген маалыматы боюнча, адам сатуучулардын курмандыктарынын 70%га жакынын аялдар, анын ичинен 20%га жакынын – жашы жете элек кыздар, дагы 20%ы – эркек кишилер болсо, калганын эркек жаш балдар түзѳт.   (more…)

2020-жылы Кыргызстанда товар айлануу 20%га тѳмѳндѳгѳн. Коронавирус пандемиясынын учурунда экспорт болгону 1,1%га азайган болсо, импорт 26,2%га, башкача айтканда 1,3 млрд АКШ долларына чейин кыскарган. (more…)

Akylai Tatenova 26.08.21

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматтары  боюнча, 2021-жылдын 5-августуна карата Кыргызстанда 505 миңден ашуун адам вакцина алган. Бул вакцинациядан өтүүгө тийиш болгон жарандардын жалпы санынын 14,8% ын түзөт. Вакцинанын эки дозасын  135 миңден ашуун адам алды. (more…)

Ulan Makkambaev 19.08.21

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан ар бир жетинчи медкызматкер гана ѳкмѳт убада кылган компенсацияны ала алган.

(more…)

Akylai Tatenova 28.07.21

COVID-19 пандемиясы толгон токой мифтер менен жайнаган фейктердин жаралышына ѳбѳлгѳ болду: дүйнѳ жүзүндѳгү элдер ар кандай күмѳндүү ыкмалар менен дарыланып, конспирологиялык теорияларга ишенип жатышты.
(more…)

Anara Abdullaeva 21.07.21

Бүгүнкү күндѳ дүйнѳнүн кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳрүндѳ башка мамлекетке киргенде милдеттүү аткарылуучу талап катары вакцина  сертификаттарын же башкача айтканда «ковиддик» же «вакциналык» паспортторду киргизүү жѳнүндѳ маселе кызуу талкууланууда. (more…)

2020-жылы Кыргызстандагы расмий аборттордун саны мурунку жылдарга салыштырмалуу 26%га азайган. Эксперттер муну коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектѳѳлѳр менен байланыштырууда. (more…)