Без рубрики
2021-жылдын 28-ноябрында өлкөнүн бир палаталуу парламентине – Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы эсеби боюнча, шайлоо жарышына 21 саясий партия жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан 284 талапкер катталды.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, Кыргызстанда 2020-жылы 9 миңден ашык жубайлар ажырашууга арыз беришкен. Бул процесс жалпы мүлктү гана эмес, балдарды да бөлүштүрүүдөн улам татаалдашат. (more…)
Кыргызстанда кайрымдуулук сектору өнүгүп жатат. Бирок жакшы иш бар жерге жаманы да жабышат: чыныгы жардам менен катар эле алдамчылык фактыларынын саны өсүүдө.
Кыргызстан 2050-жылга карата кѳмүртек нейтралдуулугуна жетүү милдетин алган. Ѳлкѳдѳ кѳмүрдү керектѳѳ жана казып чыгуунун кѳлѳмү тездик менен ѳсүп жатат. (more…)
2021-жылдын ноябрь айында глобалдык масштабдагы кѳптѳн күткѳн конференция – БУУ Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын тараптарынын конференциясы ѳтѳт. (more…)
11-октябрда бүткүл дүйнѳ жүзү кыз балдардын гендердик теӊсиздигине жана социалдык жактан корголбогондугуна кѳӊүл буруу максатында негизделген Кыздардын эл аралык күнүн белгилейт. (more…)
Канча жылдан бери эле жылытуу сезону башталгандан тартып борбор калаабыздагы абанын сапаты начарлап, шаарды кара түтүн каптап калат. 2020-жылдын жыйынтыктарына ылайык, IQ Air рейтингинде абанын булганышы боюнча Кыргызстан 106 ѳлкѳнүн ичинен 8-орунга чыккан. (more…)
Адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ-АИВ) менен ал жол ачкан кабыл алынган иммундук жетишсиздик синдромун (СПИД-КИЖС) XX кылымдын чумасы деп аташат. Кылым ѳзгѳргѳнү менен илдеттин жайылышына байланышкан кѳйгѳй дагы эле курч бойдон калууда. Бирок бүгүнкү күндѳ ѳлүмгѳ алып келүүчү ѳкүм болуп эсептелбейт. (more…)
2015-жылы БУУнун мүчѳ ѳлкѳлѳрү тарабынан бүткүл дүйнѳ жүзүндѳгү адамдардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган Туруктуу ѳнүгүү максаттары (ТѲМ) кабыл алынган. Жалпы он жети максаттын ичинен биринчиси болуп, 2030-жылга карата бардык жерлерде кедейликти жоюу иш-аракети белгиленген.
(more…)
Эксперттердин прогноздору боюнча, бүтүндѳй дүйнѳ жүзүндѳ жыл ѳткѳн сайын табигый кырсыктар кѳбѳйүп, алардын масштабдары мындан да бүлгүндүү боло баштайт. Сейсмикалык жана жер кѳчкүлѳрдүн жүрүшү жагынан кооптуу аймактарга кирген Кыргызстан үчүн дагы коркунуч жогору. Анткен менен кѳйгѳйгѳ ѳкмѳт да, жергиликтүү тургундар да олуттуу мамиле жасабай эле.