© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстанда аялдардын саясий активдүүлүгүн жана лидерлигин кантип күчөтүү керек?

«Чечим кабыл алуу процесстеринде аялдардын саны улуттук деңгээлде да, жергиликтүү деңгээлде дагы аябай аз көрсөтүлгөн. Министрлер кабинетинин 21 мүчөсүнүн арасында саналуу гана аял бар болсо, 40 райондун башчыларынын жана Президенттин 7 облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арасында бир дагы аял жок. Жадагалса өлкөнүн 32 шаар мэрлеринин арасында да аялдар жок”, – деп CABAR.asia аналитика мектебинин катышуучусу Жылдыз Абдылдаева CABAR.asia сайтына жазган макаласында баса белгилейт.


Кыргызстан эл аралык жана ички мыйзамдардын алкагында бардык деңгээлде гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча коомдук милдеттенмелерди алган. Ар кандай демилгелерге жана атайын мыйзамдык чараларга карабастан, Кыргыз Республикасындагы аялдар саясий өкүлчүлүккө жана жетекчилик кызматтарга жетишүүдө олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болууда. Бул макалада квота аркылуу берилген мүмкүнчүлүктөргө карабастан, аялдардын саясий турмушка катышуусуна тоскоолдук кылган факторлор каралат.

Кыргыз Республикасындагы абал жана мыйзамдык базанын негизги ролу

2005-жылы Кыргызстан бирдей шайлоо укугуна карабастан, анын парламентинде аялдардын өкүлчүлүгү жокко эсе болгон дүйнөдөгү жалгыз өлкө болгон. Эки жылдан кийин парламенттик шайлоодо партиялык тизме боюнча биринчи жолу шайлоо квотасы боюнча мыйзам кабыл алынып, аял депутаттардын санынын көбөйүшүнө шарт түздү. Бирок, ошол эле учурда жергиликтүү деңгээлдеги кырдаал аял депутаттардын санынын тынымсыз кыскарышын көрсөтүп жатты. Эксперттер жана жарандык коом өкүлдөрү мындай тенденция улана берсе, 2028-жылга чейин жергиликтүү кеңештерде бир да аял калбай калаарын болжолдошкон.

2019-жылы өкмөт жергиликтүү кеңештерге аялдардын 30 пайыздан кем эмес квотасын берүүгө милдеттендирген жаңы мыйзамды киргизген жана эгерде аял депутат башка кызматка дайындалса же кызматтан кетсе, тизмедеги кийинки аял депутаттык мандатка ээ боло тургандыгын кепилдеген. Киргизилген квота олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келгени менен, Кыргызстандагы аялдардын саясий процесстерге толук кандуу катышуусун камсыз кылуу үчүн дагы көп нерселерди жасоо керек экендиги айкын.

Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет болгондон тартып 50дөн ашык эл аралык пактыларды ратификациялаган, алардын айрымдары аялдардын укуктарына жана гендердик теңчиликке түздөн-түз байланыштуу, эң негизгилерин мисалга алсак, Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча Конвенция (CEDAW) жана Аялдардын укуктарын илгерилетүү боюнча Пекин иш-аракеттер платформасы.

Өлкөдөгү аялдар кыймылынын башталышын 1995-жылы кыргызстандык аялдар тобу биринчи жолу Пекин шаарында болуп өткөн IV Бүткүл дүйнөлүк аялдар конференциясына катышуусунан тартып, андан кийинки жылдардагы ар кандай мамлекеттик программаларга таянып белгилесек болот. Өлкөдөгү аялдардын абалын жакшыртууга арналган биринчи улуттук “Аялзат” программасынан кийин өкмөт катарынан 2012–2020 – жж чейин жана 2021-2030-жылдарга карата гендердик теңчиликке жетишүүнүн эки улуттук стратегиясын кабыл алган.

Бирок, мындай комплекстүү мыйзамдык базага карабастан, аялдардын коомдун ар кандай деңгээлдериндеги өкүлчүлүгүн камсыз кылуу, алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушун жана алардын тубаса адам укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу өлкөнүн эң актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда.

Тактап айтканда, эң олуттуу көйгөй өлкөнүн бардык деңгээлдеги гендердик теңчилик саясатын илгерилетүү боюнча милдеттенмелерин ишке ашыруу максатынын жана саясий эркинин жоктугу бойдон калууда. Учурда өтө күчтүү жана жигердүү жарандык коом аялдардын укуктарына, үй-бүлөлүк зомбулукка жана башка маселелерге тиешелүү мыйзамдарды илгерилетүүнү жана гендердик теңчиликке байланышкан мамлекеттик саясатты өркүндөтүүнүн кыймылдаткыч күчү болуп келе жатат. Эл аралык уюмдар, жарандык коом жана гендердик эксперттер улуттук стратегияларды, улуттук иш-аракеттер пландарын жана гендердик саясатты иштеп чыгууга баалуу салым кошуп жатканы менен, өкмөт эл аралык коомчулукту тынчтандыруу үчүн же жок дегенде кандайдыр бир деңгээлде таанылуу үчүн гендердик теңчиликке тиешелүү документтерди кабыл алып, бирок аларды иш жүзүндө ишке ашырууга эч кандай аракет жумшабай жатканы байкалат.

Учурдагы абалды изилдөө: Дүйнө жүзүндөгү жана Кыргызстандагы актуалдуулугу жана үлгүлөрү

«БУУнун Аялдар» түзүмүнүн статистикасына ылайык, аялдар дүйнө калкынын тең жарымын түзсө да, глобалдык чечим кабыл алуу процесстеринин бардык деңгээлдеринде алар аз кездешет. 2023-жылдын 1-январына карата 136 өлкөдөн алынган маалыматтар боюнча, 34 гана аял 31 өлкөдө мамлекет же өкмөт башчысы кызматын ээлешет. Алты өлкөдө гана парламенттин бир же төмөнкү палаталарында 50% же андан көп аялдар бар болсо, 23 өлкөдө гана бул катыш 40% жеткен же андан ашкан. Бул көрсөткүч 1995-жылда 11% болгон болсо, бүгүнкү күндө ялдардын парламентке катышуусу 26,5% гана жеткен. Парламенттер аралык биримдиктин маалыматтары көрсөткөндөй, жакшы иштелип чыккан квота саясаты аялдардын саясий активдүүлүгүн жогорулатууда жогорулатууда маанилүү ролду ойногон жана учурда квота саясаты 130дан ашуун өлкөдө колдонулуп, алардын саны өсүүдө.

Аймактык контекстти алсак, Борбор Азиядагы беш өлкөнүн экөөсүндө, Кыргызстан менен Өзбекстанда парламенттик шайлоодо 30 пайыздык гендердик квота киргизилген. Өзбекстандын парламентинде аялдардын пайызы жылдан жылга көбөйсө, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде аялдардын саны дагы деле квотадан төмөн. 2021-жылдын апрелине карата Өзбекстандын Олий Мажлисиндеги орундардын болжол менен 32% аялдарга таандык, ал эми Кыргызстандын парламентинде 19 гана аял (21,1%) депутаттык мандатка ээ болгон. Ал эми жергиликтүү кеңештерге квота киргизилгенде, бул жолу Кыргызстан БШКнын маалыматы боюнча аялдардын санын 11%дан 38%га чейин көтөрө алганы ийгиликтүү жетишкендик болду.

Бирок, азыркы тенденция сакталып турса, бийликтин эң жогорку кызматтарында гендердик теңчиликке жетишүү үчүн дагы 130 жыл, ал эми дүйнөлүк деңгээлдеги парламенттерде гендердик теңчиликке жетүү үчүн дагы 46 жыл керек экенин көрсөтүп турат.

Бул маселеге өлкөнүн алкагында карасак, 2021-жылы парламентте (15,8%дан 21,11%ке чейин) жана жергиликтүү кеңештерде (11%дан 38%ке чейин) аялдардын жалпы пайыздык көрсөткүчү өскөнүнө карабастан, Кыргызстанда аялдардын лидерлигине каршы институционалдык жана формалдуу эмес тоскоолдуктар күчтүү бойдон калууда. Патриархалдык баалуулуктар жана салттуу гендердик ролдор азыркы Кыргызстандын коомунун көп кырын камтып, сиңип, аялдарды бийликти ишке ашырууда жана коомдук чөйрөдө тажрыйба топтоодо эркектерге караганда азыраак жөндөмдүү кылып көрсөтөт.

2022-жылдын августуна карата Министрлер кабинетинин 21 мүчөсүнүн арасында эки гана аял кызмат орундарын ээлейт.  Жогорку Кенештин 90 өкүлдөрүнүн арасында 19 гана аял депутат бар. 40 райондун башчыларынын жана Президенттин 7 облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арасында бир дагы аял жок. Саясий деңгээлде 2021-жылдагы шайлоого катышкан 21 саясий партиялардын арасында үчөө гана гендердик сезимтал демилгелерди айткан, ал эми калгандары шайлоо алдындагы партиялардын платформаларын гендердик маселелерди такыр эске албаган түрдө сунушташкан. 21 саясий партиялардын экөөсүн гана аялдар жетектеген.

Кыргызстанда күчтүү лидер аялдар жана аялдар жетектеген жарандык коом уюмдары олуттуу жылыштаргы алып келди, алардын айрымдарын атап кетсек. Акыркы жылдардагы негизги жетишкендиктердин катарына Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр жана шайлоо мыйзамдарындагы гендердик квоталар кирет. Аял депутаттар 2013-жылы кыз ала качуунун кеңири жайылган көрүнүштөрү үчүн жазаны катаалдаштырган мыйзамдарды илгерилетүү жана акыркы бекитүү процессинде чечүүчү ролду ойногон. 2017-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мыйзамдын кабыл алынышы жарандык коомдун күчү, ошондой эле чечимдерди кабыл алуу процесстеринде аялдар тарабынан колдоого алынып ишке ашкан. Мыйзамда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды коргоону жакшыртуу боюнча конкреттүү жоболор киргизилип, милиция менен сот органдарынын ыкчам чара көрүү иш-аракеттерин күчөтүү кадамдарын камтыган өлкө үчүн чечкиндүү кадам болгон. Аялдардын парламенттеги өкүлчүлүгү аялдарга ыдык көрсөтүү сыяктуу мурда тыюу салынган темалардын талкуулануусуна да алып келди. 2018-жылы Элвира Сурабалдиева коомдо кыз-келиндерге көрсөтүлгөн сексуалдык ыдыкка жана анын башка түрлөрүнө каршы укуктук жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелегенин да баса белгилеп кетүү зарыл. Мындан тышкары, аял лидерлер жана жетекчилер тарабынан көтөрүлгөн жана натыйжалуу чечилген көптөгөн башка жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги демилгелер да арбын. Жыйынтыктап айтканда, жогоруда айтылгандардын баары коомдун ар кандай деңгээлдеринде жана мамлекет бутактарында аялдардын үнү жана көз карашы болушунун оң таасирлерин жана натыйжаларын ачык чагылдырылган.

Гендердик квоталар: тоскоолдуктарбы же артыкчылыктарбы?

Гендердик квоталарды талап кылган мыйзамдар кабыл алынгандан бери көптөгөн эл аралык уюмдар, жарандык коом уюмдары, гендердик эксперттер жана активисттер жер жерлердеги аял талапкерлер жана лидерлер үчүн «лидерлик мектептери» деп аталган демилгелерди көтөрүп чыгышкан. Мындай мектептердин негизги максаттарынын бири квота жана анын берген мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу, ошондой эле аялдарды шайлоого катышууга даярдоо болгон.

Квоталардын көптөгөн түрлөрү бар болсо да, бүгүнкү күндө көпчүлүк өлкөлөр төмөнкү үч негизги категорияны колдонушат: 1: резервдик орундар (конституциялык жана/же мыйзамдык), 2: Мыйзамдуу талапкерлердин квоталары (конституциялык жана/же мыйзамдык) жана 3: Саясий партиялардын квоталары (ыктыярдуу). Биринчи квота системасы улуттук мыйзамдар тарабынан бекитилет жана адатта аялдар мыйзам чыгаруучу талапкерлердин белгилүү бир пайызын түзүшүн же мыйзам чыгаруучу органында белгилүү сандагы орундарды ээлешин талап кылат. Талапкерлерге тиешелүү квоталардын кийинки эки түрү мыйзамдуу талаптын (2-тип) же партияга тиешелүү уставда камтылган жобонун (3-тип) натыйжасында талапкерлердин тизмелериндеги аялдардын үлүшүнүн минималдуу өлчөмүн белгилейт. Кыргызстанда жогоруда айтылган квоталардын жок дегенде эки түрү колдонулууда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кеңештеринин арасында аялдар мурдагыдан да көбүрөөк санга жетишти.

Бирок, аялдар саясий лидер болуу жолунда бир катар кыйынчылыктарга туш болушат. Кыргызстанда ар кандай саясий жана административдик кызматтарды ээлеген аялдардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө маалыматтар бар болгону менен, ЕККУнун жакынкы изилдөөсүнө чейин саясатта аялдарга карата зомбулук жөнүндөгү маалыматтарга өзгөчө көңүл бурулган эмес. Изилдөө “аял саясатчыларга карата сексуалдык асылуунун кеңири таралганын, саясаттагы аялдарга карата зомбулук басымдуулук кылаарын респонденттердин 97% мындай учурларды билишкенин билдиришкен, ал эми сурамжылоого катышкан айымдардын 32% психологиялык басымдын бир түрү катары түздөн-түз коркутууларга дуушар болгонун” аныктаган.

Анын үстүнө, жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка келгенине карабастан, лидер аялдар өздөрүнүн коомдук милдеттерин натыйжалуу аткарууда дагы эле олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болууда. Негизги тоскоолдуктардын арасында жамаат лидерлери катары аялдарда «жумшак көндүмдөрдүн» жоктугу (б.а. лидерлик жөндөмдөр, чечкиндүүлүк жана эл алдында сүйлөө көндүмдөрү), ошондой эле мыйзамдар жана аны ишке ашыруу боюнча теориялык билимдердин жетишсиздигин белгилешкен. Мындан тышкары, чектелүү кесиптик компетенттүүлүк, өзүнө ишенбөөчүлүк, чектөөчү социалдык нормалар сыяктуу факторлор, айрыкча айыл жеринде алардын алга илгерилешине ого бетер кедергисин тийгизүүдө. Натыйжада жергиликтүү лидер аялдар өздөрүнүн билимдериндеги жана лидерлик жөндөмдүүлүктөрүндөгү кемчиликтерди толтуруу үчүн күрөшүп жатышат, бул алардын төрт жылдык мөөнөттөрүн натыйжалуу жана ишенимдүү аткарууга тоскоол болууда.

Жогоруда айтылган көйгөйлөрдүн баары квота аялдардын саясаттагы өкүлчүлүгүн жогорулатууга салым кошкону менен, аялдардын чечимдерди кабыл алуу процесстерине жана коомдук турмушка сапаттуу катышуусуна, ошондой эле натыйжалардын узак мөөнөттүү туруктуулугуна жетишүү үчүн көбүрөөк күч-аракеттерди жумшоо зарыл экендигин көрсөтүп турат.

Аялдардын саясий турмушка катышуусун илгерилетүүдөгү кыйынчылыктар

Жетишкендиктерге карабастан, саясаттагы аялдарга карата зомбулук, лидерлик жөндөмдөрүнүн жетишсиздиги, ошондой эле “айнек шып” сыяктуу көрүнбөгөн тоскоолдуктар аялдардын лидерлик кызматтарга же саясаттагы өкүлчүлүккө баруусуна кыйынчылыктар жаратууда. Буга чейин айтылгандай, аялдар улуттук деңгээлде да, жергиликтүү деңгээлде да аз кездешет.

Министрлер кабинетинин 21 мүчөсүнүн арасында саналуу гана аял бар болсо, 40 райондун башчыларынын жана Президенттин 7 облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арасында бир дагы аял жок. Жадагалса өлкөнүн 32 шаар мэрлеринин арасында да аялдар жок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген аялдардын көптүгүнө карабастан, өлкөдөгү 452 айыл аймактарынын 22син гана аялдар (АО башчылары) жетектейт.

Жогоруда келтирилген статистикалык маалыматтар кыргыз саясатынын жүзүн көрсөтүү үчүн гана чагылдырылган. Бүткүл өлкө боюнча аялдардын активдүү кыймылы аялдардын кыйынчылыктарга карабай белгилүү бир деңгээлге жеткенде жигердүү лидерлик милдеттерди аткарууга жана маанилүү лидерлик кызматтарды ээлөө үчүн умтулганын көрсөтсө, «айнек шып» аларды артка тартып турат. Өлкөдөгү парламенттик шайлоонун азыркы системасы жетекчилик кызматтарда аялдардын өкүлчүлүгүнүн жетишсиздигине алып келди. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамда партиялык тизме боюнча гана квота талап кылынат, ал эми бир мандаттуу округтар боюнча андай талаптар коюлган эмес. Бул саясий партиялар мыйзам тарабынан белгиленген талаптарды аткаруу үчүн гана аялдарды өз тизмесине киргизип жатканын, бирок ошол эле учурда шайлоо алдында гендердик сезимтал демилгелерди алып чыгууда же аялдардын мыйзам чыгаруучу катары келечектеги ишин камсыз кылуу үчүн сөзсүз түрдө күч-аракет жумшайт дегенди билдирбегендигин баса белгилеп кетүү керек.

Мындан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга аялдарды дайындоо үчүн квота системасы да бекилтилген эмес. Аялдар менен эркектердин өкүлчүлүгүндөгү эң айкын дисбаланс саясий позициянын деңгээлинде байкалат, мында 2021-жылдын 1-январына карата аялдардын үлүшү 24,3%ды гана түзсө, ал эми административдик кызматта аялдардын үлүшү 39,9%ды түздү. «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамда көрсөтүлгөн азыркы катаал талаптарга ылайык, жетекчилик кызматтарга ат салышуу үчүн талапкерликке потенциалдуу аялдардын катышуусун камсыз кылуу дээрлик мүмкүн эмес, анткени мыйзам атайылап «аялдарды мэрдин же муниципалитеттин башчысынын кызматынан четтеткени түзүлгөндөй.

Бирок, келечекке үмүт бар. 2030-жылга карата өлкөдө гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча Улуттук стратегия жана аракеттер планы (УАП) чечимдерди кабыл алууда гендердик паритетти илгерилетүү жана аялдардын саясий турмушка катышуусун жогорулатуу максатын камтыйт. 2022-2024-жылдарга УИП атайын чараларды, анын ичинде квоталарды иштеп чыгуу максатында мамлекеттик администрациялык жана муниципалдык кызмат орундарында гендердик паритетти камсыз кылуу боюнча чараларды камтыйт. Бул аракеттер келечекте аялдардын жетекчилик кызматтарда адилеттүү жол менен дайындалышына алып келиши мүмкүн.

2025-жылга карай рекомендациялар/ сунуштар:

2025-жылы боло турган шайлоодо кырдаалды жакшыртуу үчүн саясий жана административдик кызматтарда гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча бир катар чаралар көрүлүшү керек. Бул багытта төмөнкү иш- чаралар сунуш кылынат:

  • Саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда жана административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына гендердик талдоо жүргүзүү, аялдардын өкүлдөрү аз болгон чөйрөлөрдү аныктоо жана абалды оңдоо боюнча чараларды көрүү.
  • АӨ жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын кызмат орундарына аялдарды ишке орноштуруу боюнча азыркы учурда аялдардын бул кызматтарга укугун чектеген талаптарды кайра карап чыгуу жана/же алып салуу.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоодо/ дайындоодо аялдар үчүн 30% квотаны белгилөө жана квотанын аткарылышын камсыз кылуу.
  • Аялдардын карьерасында өсүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн мамлекеттик гендердик саясаттын принциптерине ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кадрлардын резервин түзүү.
  • Аялдардын акыркы мезгилдеги улуттук жана муниципалдык деңгээлдеги шайлоо процессиндеги тажрыйбасын талдоо, алардын саясий турмушка катышуусундагы тоскоолдуктарды аныктоо жана аларды четтетүү боюнча чараларды көрүү.
  • Парламентке жана жергиликтүү кеңештерге депутат болуп шайланган аялдардын жөндөмүн өркүндөтүүгө жана өз округдарында натыйжалуу лидерликти көрсөтүү үчүн дараметин көтөрүүгө жардам берүү.
  • Жеткиликтүү жана ар түрдүү социалдык тармактар ​​аркылуу саясаттагы аялдардын позитивдүү кабыл алынышына көмөктөшүү.
  • Аялдардын улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги шайлоо процесстерине катышуусундагы тажрыйбасын талдоо аркылуу аялдардын саясий турмушка катышуусундагы тоскоолдуктарды аныктоо.
  • Аялдардын 2025-жылы боло турган шайлоолорго муктаждыктарына жараша даярдыгын камсыз кылуу, аларды окутуу жана үгүт иштерин натыйжалуу жүргүзүү үчүн ресурстар менен камсыз кылуу.
  • Саясий партиялар үчүн талапкерлерди көрсөтүүдө жана шайлоо процессине көбүрөөк аялдарды тартуусу үчүн улуттук деңгээлдеги саясий стимулдарды киргизүү.

Системалык, структуралык тоскоолдуктар жана социалдык нормалар аялдардын чечимдерди кабыл алуу процесстериндеги укуктарына чектөө коюп жатканын моюнга алуу маанилүү. Ошондуктан, гендердик сезимтал жана инклюзивдүү саясий чөйрөнү түзүү үчүн бул маселелерди чечүү өтө маанилүү. Бул кадамдарды жасоо менен аялдардын саясатка катышуусуна бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү жана алардын чечим кабыл алуу процесстерине олуттуу салым кошуусун камсыздоого болот.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: