Без рубрики
Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн, козу карындардын жана жаныбарлардын бир катар түрлөрү жоголуп кетүү коркунучунда турат. Айрымдары тукум курут да болуп кеткен. Негизги себеби – адам ишмердүүлүгү. (more…)
Кыргызстандын борбор калаасынын бийлиги он жылдан ашык убакыттан бери таштанды талаасын бир жаңсыл кылуу аракетинде. Экологдор ал жактагы абалды экологиялык апаат деп атап жүрөт.
Тээ 2013-жылы ЕРӨБ менен Евробиримдик заманбап полигон, таштанды иргөөчү заводду курууга жана абалды жакшыртууга 22 млн евро берген. Андан берки он жылдан ашык убакытта жаңы таштанды үкөктөрү жана техника алынганы болбосо, көзгө басар натыйжа жок. Ошол эле маалда насыя жана айып пулдар боюнча миллиондор төлөндү.
Кара алтын уюган Кара-Кечеге барып, мөңгүдөн аккан суу тунук эмес кара өңдө болгонун, ал эми карагайлар ар тараптан куурап жатканын көрүүгө болот. Жергиликтүүлөр бул көрүнүшкө улам сайын коңгуроо какканы менен жыйынтык болбой жатканын айтып, кейишти.
Соңку бир нече жылда Бишкектин түштүк кичи райондорундагы бак-дарактар тилкеси жок кылынды. Борбор калаанын экологиясында маанилүү роль ойногон жашыл аймакты башкы пландагы талаптар да сактап кала алган жок. Азыр ал жакта көп кабаттуу үйлөр турат. Аткаминерлердин айтымында, башкы планды бузуу үчүн мыйзамда жаза каралган эмес. Көз карандысыз эксперттер болсо чукул чаралар кабыл алынышы керек дешет. (more…)
Кыргызстанда малдын башы көбөйгөндүктөн жана мал жаюу башаламан жүргөндүктөн жайыттардын абалы начарлап жатат. Адистердин айтымында, айрым тилкелердин деградацияланышы 70-80 пайызга жетет. (more…)
Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте колдонгон суу ресурстары эки өлкөнүн тең айыл чарбасы үчүн абдан маанилүү. Эки тарапты аралап өткөн каналдардагы сууну колдонуп, дыйканчылык менен күн кечирген айылдардын биринен CABAR.asia атайын репортаж даярдады.
Кыргызстанда жашыл туризмди өнүктүрүү үчүн комплекстүү чаралар керек дешет эксперттер. Анын ичинде таштандыны кайра иштетүүнү жөндөгөн система менен институттарга, жарандык коом менен иштей турчу байкоо уюмдарына муктаждык бар.
Акыркы жылдары Кыргызстанда мөңгүлөрдүн саны 1795ке жетти. Бирок бул жаңы мөңгүлөр пайда болду дегендик эмес. Чоң мөңгүлөр эрип, майдаларга бөлүнгөн үчүн алардын жалпы саны өсүп отурат. Элүү жылга жетпеген аралыкта Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарган.
Аярлуу топторду коргоо жана ыңгайлаштыруу чаралары кагаз бетинде гана калып, ишке ашпай жатат, – дешет эксперттер. (more…)
Тоолордун кучагындагы Караколдо Go Viral фестивалы жемиштүү жыйынтыкталды. Бул жолу көңүл борборунда туризмди өнүктүрүү болуп, калаанын негизги киреше булагына төп келип турду. Катышуучулар жаратмандар жана эксперттер менен чогуу туризмди илгерилетүүнү фестивалдын салттуу төрт багыты: медиа, бизнес, маданият, технология менен айкалышта талкуулашты.