Кыргызстандын борбор калаасынын бийлиги он жылдан ашык убакыттан бери таштанды талаасын бир жаңсыл кылуу аракетинде. Экологдор ал жактагы абалды экологиялык апаат деп атап жүрөт.
Тээ 2013-жылы ЕРӨБ менен Евробиримдик заманбап полигон, таштанды иргөөчү заводду курууга жана абалды жакшыртууга 22 млн евро берген. Андан берки он жылдан ашык убакытта жаңы таштанды үкөктөрү жана техника алынганы болбосо, көзгө басар натыйжа жок. Ошол эле маалда насыя жана айып пулдар боюнча миллиондор төлөндү.

Иргелбеген таштанды тоодой үйүлүп жатат, кай бир жери түтөөдө. Асманда топ карга айланып, жемин издейт. Жерде болсо келемиштер менен жолбун иттер ары-бери чуркайт. Темир-тезек, бөтөлкө издеген балдар, чоң кишилер жүздөп саналат.
Бул – апокалипсистен кийин тартылган илимий-фантастикалык тасманын сценарийи эмес. Бул – Бишкектин түндүк четиндеги расмий муниципалдык таштанды талаасы. Ал калаанын борбордук бөлүгүнөн 10-15 чакырым аралыкта эле жайгашкан. Полигон 1972-жылы түзүлгөн жана 10 жыл гана кызмат кылышы керек эле.

Бишкектеги жападан-жалгыз таштанды талаасына турмуш-тиричилик, медициналык, химиялык, курулуш калдыктары, нефтепродуктулар жана башка балээнин баары төгүлөт.
«Медициналык, ветеринардык калдыктардан, ошондой эле базардан чыккан бузулган тамак-аш калдыктарынан, кооптуу тиричилик калдыктардан башкасынын баары өз-өзүнчө аныкталбайт да, тиричилик калдыктарынын жалпы агымы менен топтолот», — деп айтылат Бишкек мэриясынын буюртмасы менен даярдалган 2012-жыл үчүн таштандынын экологиялык жана социалдык таасири деген отчетто.
Ошол эле документте белгиленгендей, медициналык, ветеринардык калдыктар жана базарлардан чыккан тамак-аш таштандылары алдын ала мекемелерде иргелгени менен, жыйынтыгында баары бир башка чыгындылар менен чогуу талаага төгүлөт.
Убакыттын өтүшү менен таштанды талаасы чоңое берди, эч ким аны жапканга ашыккан жок. Бишкек мэриясынын расмий маалыматы боюнча азыркы кезде талаанын аянты 46,5 гектарга жетти. Бул Ватикан мамлекетинин аянтынан чоң, а таштанды күн санап көбөйүп жатат.
2022-жылдын декабрындагы парламенттик талкууда депутат Мирлан Самыйкожо таштанды талаасынын аянты акыркы 10 жылда 45 гектардан 75 гектарга жеткенин же болбосо 40 футболдук аянтка чоңойгонун белгиледи. Күн сайын таштанды ташуучу 300 техника ошол талааны аралап өтөт. Таштанды талаасы улам кеңейген сайын анын калктын саламаттыгына жана экологиялык жагдайга ыктымалдуу терс таасирине байланыштуу тынчсыздануулар да өсүп жатат.
Талаага канаатташ жашаган калктын санынын өсүшү эң көп тобокелдикти жаратат. Акыркы он жылда мында 9 жаңы конуш түзүлдү, анын үчөөсү таштанды талаанын санитардык аймагында. Бул жерлерде борбор калаага жакшы жашоо издеп келген миңдеген ички мигранттар жашашат. Алардын туруктуу жумушу жок, ошол эле таштанды арасын термелеп, тиричилик өткөрүшөт.

Төрт баланын атасы Мирлан келемиш байырлаган таштанды тоосунан беш эле мүнөт аралыктагы ылай тамда жашайт. Бетин шамал алган, колун чор баскан. Анын айтымында, акчасына ушул жактан гана үй келмек, аргасыздыктан таштандынын ден соолукка зыянычы деген ой артка сүрүлдү.
«Албетте, кооптуу, бирок биз бул жакта айла жоктон жашайбыз. Сиз 150 000ге [сомго] ($1,770) башка эч жерден жер ала албайсыз», – дейт ал.
Мирлан жерди тээ 2000-жылы басып алган, андан бери үй тургузду. Үй-бүлөсү таштанды талаасын термелеп жүрүп күн көрөт.
Салыштыра кетсек, Кыргызстанда 2023-жылдын январына карата эң төмөнкү айлык 2,337 сомду ($27) түздү, бул ошол жылдын жашоо минимумунан (7,681 сом — $89) 3 эсе аз. Албетте, орточо айлык-акы бир топ жогору, бирок расмий маалыматтар боюнча 2023-жылы 2,1 млн адам жакырчылык чегинде жашады. Дагы 1,4 млн киши жакырчылыкка жакын шартта күн көрдү. Бул экөөнү кошсок, өлкө калкынын жарымын чапчыйт.
Таштанды талаасы айланадагы жерлерди жеткиликтүү кылып тим болбой, айласын таппай тургандарга нан да берет. Эгер сизге акча керек болсо, калдыктардын арасынан темир-тезек, желим чогултуп, ортомчуларга өткөрсөңүз болот. Алар чогулгандын баарын кайра иштетүүчү жеке ишканаларга жеткиришет. Ошентип, жергиликтүү эл күнүнө биртке тыйын табат.
Бишкектин таштанды талаасы, 2023. Сүрөт: М. Казама«Акча түгөнүп баратса, бирөөдөн сураштын кажети жок. Талаага барып, иштесең болот. Бөтөлкө, желим баштык, металл чогултасың. Бир жакка ташыштын да кереги жок, ошол эле жерде кабыл алышат. Акчаны чөнтөккө саласың да, үйгө кайтасың. Мен да кээде балдарды калтырып, ошол жакка чыгам», — деп кеп салды көп балалуу эне Айгүл.
Ошентип, таштанды талаасында жүздөгөн адамдар туруктуу негизде же маал-маалы менен иштешет. Негизинен эч кандай коргоочу каражаттарды колдонушпайт. Курсакты тойгозуш үчүн ар бир сомду чоң мээнет менен таап жатканда беткап жана колкап тууралуу ойлонбойсуң деле.
Экологиялык апаат
Калаага жакын жерде таштандылардын үймөктөлүп жатышын экологдор так ушинтип аташкан. Талаа расмий деп саналып, ал тургай санитардык полигон деп аталганына карабай, бул жай жер-сууну зыяндуу калдыктардан коргоо системасы менен жабдылган эмес. Таштандылар деңиз деңгээлинен жогору карай кеткенине көп болду, жыты жака-белин каптап, калаага да жетет.
«Бизде де-юре таштанды талаасы деп айтылган жерлер де-факто эч кандай параметрлерге – эпидемиологиялык, санитардык, экологиялык талаптарга жооп бербейт. Бул тек мыйзамдаштырылган талаалар», — дейт эколог, «Экомир» долбоорунун эксперти Влад Ушаков.

Таштандынын жытынан сырткары калдыктар бөлүп чыгарган метан да жыттанат. Метан – жердеги климаттын өзгөрүшүн шарттаган парник газы. БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасынын маалыматына ылайык, бүгүнкү глобалдык жылууланууну шарттаган таасирлердин бери дегенде төрттөн бири дал ушул газдын үлүшү болуп саналат.
«Эгерде сиз азыр [таштанды талаага] барсаңыз, бери жактан эле метанды түзүүчү газ, сасыган жумуртка, күкүрт жыттанат. Негизи ошол жыттарды чыгарып кетүүчү атайын түтүкчөлөр болушу керек эле», — дейт Ушаков.
Метан өрттү тутантат, ошол үчүн талаанын ар жери түтөп жатат. Шамал ал түтүндү жакынкы конуштарга, андан ары шаарга айдайт.
Экоактивист Дмитрий Ветошкиндин айтымында, түтөгөн таштандынын жыты «уулуу аралашманы» жаратат. Талаадан жакын же алыс жашаганына карап тургундар аздыр-көптүр ошол уу менен дем алышат.
Активисттин «уулуу аралашма» деп айтканында жан бар. Бишкекте калдыктар талаага төгүлгөнгө чейин иргөөдөн өтпөйт. Ошондуктан тиричилик таштандылары гана эмес, химиялык, биологиялык жана башка калдыктын баары талаага төгүлөт.
«Өлкөбүздө таштандыларды өз-өзүнчө чогултуу деген нерсе жок. Өзгөчө кооптуу калдыктарды кабыл алчу жайлар да кездешпейт. Мисалы, кооптуу калдыктарга эски дарылар, фармацевтикалык компоненттер, сымапты камтыган заттар – эски градусниктер, люминесценттик лампалар кирет», — деп түшүндүрдү эколог.
Көрсөткүчтөрү өзгөрүлмө болгону менен, Бишкек маал-маалы менен абанын начардыгы боюнча IQAir швейцариялык компаниясынын дүйнөлүк рейтингинин сап башына чыгып турат. Соңку айларда Бишкектин булганган абасы «өтө начар» жана «кооптуу» деген деңгээлге жетти. Активисттердин пикиринде, абаны булгаган башкы себептер автоунаалар жана башаламан курулуш болгону менен, таштанды талаасы да салымын кошот.
Аба эле эмес, топурак да ууланат. Талаа жер астындагы сууларга бай Чүй өрөөнүндө орун алган.
«Уулуу аралашма жаан-чаачын менен чогуу жер алдындагы сууларга сиңет, суу сактагычтарга жетет», — дейт Ветошкин.
Суу, топурак ууланат. Демек, ошол жерде өстүрүлүп, жергиликтүү базарларга чыккан продукциялар да ууланат.
Асманда калкыган пландар, чачылган акчалар жана кылмыш иштери
Бийлик таштанды талаасы курч көйгөй экенин түшүнөт, ар кандай демилгелерди көтөрүп жүрөт. Кайсы бир чакан долбоорлор ийгиликтүү болду: шаарда жаңы таштанды үкөктөрү коюлду, алар турган аянтчалар жасалды, таштанды жыйноо үчүн техника алынды, таштандыны кайра иштетүүчү жайлар ачылды. Бирок ушунун баары жалпысынан алганда абалды өзгөрткөн жок.
Көп жылдар бою бийлик таштандыны иргөөчү, кайра иштетүүчү заманбап ишканаларды куруу пландарын айтып келди. Бул иштер экологияга таасирди азайтмак. Макулдашууларга, меморандумдарга кол коюлду, инвесторлор миллиондогон долларларды салууну убадалашты, бирок баары кагаз бетинде кала берди.
Ошондой долбоорлордун бири – «Катуу калдыктарды башкаруу системасы». Ага Европа биримдиги менен Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстанга 22 миллион евро берди: жарымы насыя, жарымы грант.
Акчанын негизги бөлүгү азыркы таштанды талаасын жаап, рекультивациялоого жана жаңы таштанды талаасын курууга сарпталышы керек эле. План боюнча жаңы полигон өрт тутанбагандай, уулуу заттар сууларга кошулбагандай курулуп, калдыктарды иргеп, кооптууларын утилдештирүү үчүн өзүнчө бөлүп алууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү зарыл болчу. Мындан сырткары биогазды чогултуу жана утилдештирүү системасы да кошулган.
Долбоор борбор калааны куткарып калмак. Бирок коррупциялык жаңжалдар, кылмыш иштери менен коштолду.
Тээ башында эле көйгөйлөр жаралган. Баштапкы макулдашууга 2013-жылы кол коюлган менен, 2015-жылга чейин парламент аны ратификациялабай жатты. А бул милдеттүү шарт эле. Буга карабай кредит боюнча туумдар эсептеле берди. Эсеп палатасынан биздин редакцияга билдиришкендей, долбоор боюнча эч бир жумуш жасала электе эле 2016-жылдын январында шаар кредиттин пайызы боюнча 38,9 миң евро төлөдү.
Эсеп палатасынын бизге берген жообунда айтылгандай, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү үзгүлтүккө учураган үчүн ЕРӨБ Кыргызстанга дагы 102 миң еврону өздөштүрүлбөгөн каражат үчүн комиссия катары кошту. Долбоор абдан жай ишке ашып жатты, айып пул, убагында төлөнбөгөн кредит үчүн үстөктөр болсо көбөйө берди.
Ал ортодо Кыргызстанда текшерүү, аудиттер жасалып, ашыкча иштетилген каражаттар аныкталып, кылмыш иштери ачылды.
Мисалы, «Тазалык» муниципалдык ишканасын өзүн актабай турган чыгымдарга жол берген деп көп эле жолу айыпташты. Эсеп палатасынын маалыматына ылайык, 2016-2020-жылдар аралыгында ишкана белгиленгенден төрт эсе көп акчаны амортизациялык чегерүүлөргө жумшаган.
Прокуратуранын тергөөчүлөрү «Тазалыкты» жетекчилерге негизсиз сый акы жана бонустарды төлөгөн, мамлекеттик түзүмдөр үчүн кызмат акысын негизсиз жогорулаткан деп айыптады. Ишкананын өнөктөш мекеме – Бишкек санитардык полигону менен алакасы каржылык апаатка жетти. Баса, Бишкек санитардык полигону – таштанды талаасын башкаруу үчүн атайын түзүлгөн муниципалдык мекеме.
2020-жылы Бишкек санитардык полигону акчасыз калды. Анын башчысы Болот Асаналиевге карата кызматтык абалынан кыянат пайдаланган, 304-«Сууну булгоо» жана 306-«Топуракты бузуу» беренелери менен эки кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын CABAR.asia`нын суроо-талабына берген жообуна ылайык, эки иш тең Бишкектин райондук сотторуна өткөрүлгөн.
Жалпысынан прокуратура ЕРӨБдүн долбоорун ишке ашыруу боюнча алты кылмыш ишин козгогон. Айыпталуучулардын катарында мурдагы мэр Албек Ибраимов жана долбоорду тескеген мэрдин кеңешчиси Алмира Гинятуллина да бар. Экөө тең качып жүрөт. Башкы прокуратуранын маалыматында, аларга сыртынан айып тагылган, тергөөнү УКМК алып барууда.
Чоң акча – чоң көйгөй
Долбоордун чыгымдарынын негизги беренеси – жаңы таштанды талаасы. Ага 7,5 млн еврону сарптамай болушкан. Баштапкы кредиттик макулдашууга ылайык, жаңысын куруу, эскисин рекультивациялоо иштери 2016-жылдын аягына бүтүшү керек эле. Андан бери сегиз жыл өттү, бирок таштанды баягы эле эски талаага төгүлүп жатат.

Жаң санитардык полигонду 2013-жылдын октябрында куруп бүтүштү.
«Жаңы талаа коммуналдык кызматтарды, калаадагы абанын сапатын бир топ жакшыртып, Бишкекке экологиялык жактан тазараак болууга көмөктөшөт», —деди Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси Мэрилин Йосефсон.
Бирок «Бишкек санитардык полигонунун» жетекчиси Нурдан Жумалиев Shaman TV`га берген маегинде жаңы полигонду иштетүү үчүн аларга ушул кезге чейин өткөрүп бербей жатышканын айткан.
Жаңы полигонду эмне үчүн эксплуатацияга берише элек, качан беришет, таштандыны иргөөчү заводдун тагдыры эмне болду – азырынча баары түшүнүксүз. Мэрия эч себебин айтпай туруп, редакцияга интервью берүүдөн баш тартты.
Глобалдык маселе
Бишкектин таштанды талаасы — өлкөдөгү 400 полигондун бирөөсү эле. Ушул көйгөй бардык аймактарда кездешет. Метанды бөлүп алуусу жок, топурак-сууларды эч коргобой туруп, таштандынын баары чуңкурлага төгүлүп жатат.
Таштандылар 600 гектардан ашык жерди ээлеп жатат. Бул – Чүй облусунун үчтөн бир бөлүгү. Калдыктарга көмүлүп жаткан аянттардын 82%ы айыл чарба багытындагы жерлер. Алар өсүмдүк эгип, мал жаюуга каралган эле. Мунун ордуна топурак менен аба ууланып жатат.
«Керектөөчүлүк калдыктары негизинен кооптуу деп саналат, алардын курамында адамдардын саламаттыгына жана курчаган чөйрөгө түз же потенциалдуу коркунучту жараткан уулуу заттар бар», — деп айтылат БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасы, мамлекеттик мекемелер жана активисттер түзгөн Кыргызстандагы калдыктарды жайгашытруу жайлары боюнча анализде.
Бишкекте жаңы полигондун курулушу, эскисин жаап, рекультивациялоо өлкөдөгү таштанды маселесин кантип чечиш керектигин айгинелеген алгачкы прецедент, көрсөтмө кейс болуп калышы керек. Долбоор качан бүтөрү белгисиз. Азыр эски талааны рекультивациялоо жүрүп жатат, ал жакта да жумуш шыр кеткен жок, көйгөйлөр бар.
Көңүл жубатпаган божомолдор
Рекультивациялоонун алкагында метанды бөлүп кетүүчү система курулуп, таштандынын үстүнө түшүм берүүчү топурак төгүлүп, талаа айыл чарба жерине жана токой тилкесине айлантылышы керек.
Азырынча топурак төгүү менен чектелишти. Бирок ушул иш өткөн жылдын майында таштанды талаасындагы 10 жылдан ашык убакыттан бери түтөп келген чоң өрттү өчүрүүгө көмөктөштү. Өрт ушунчалык чоң болгон үчүн спутник сүрөттөрүнөн да көрүнчү.
Төлүгөн топурак көйгөйдү толугу менен чече албаса да, калаадагы абанын сапатын бир кыйла жакшыртты. Активисттердин айтымында, мэрия бул кадамга бери дегенде сегиз жылда жетти. Бирок жакынкы аралыкта талааны жаап, таштанды төгүштү токтотушпаса, аракеттин баары текке кетет.
Метанды бөлүп алгычтар курулбаган үчүн газдын баары таштандынын арасына чогулуп, түтөй берет. Полигон жабылбаган үчүн төгүлгөн топурактын үстүнө калдыктарды таштай башташты. Эртедир-кечтир жаңы ташталган калдыктар түтөй баштайт.
Влад Ушаковдун айтымында, талааны жабышпаса, түтөгөн таштандынын дагы чоңураагы пайда болот да, бардык жумушту башынан башташка туура келет.
«Эски талаага баарын төгө берсек, ал түтөп, кеңее берет. Ишти баштаган арттагы чекитке кайра эле барып калабыз», — дейт эколог.