Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн, козу карындардын жана жаныбарлардын бир катар түрлөрү жоголуп кетүү коркунучунда турат. Айрымдары тукум курут да болуп кеткен. Негизги себеби – адам ишмердүүлүгү.
Тоону сактап калуу
Болжол менен беш жыл мурда Бишкектин четинде жашаган тургундар борбордун түштүк тарабынан орун алган Боз-Болток тоосундагы кенди иштетүүгө каршы чыгышкан. Жергиликтүү калк ошондон бери маселеге аткаминерлер менен депутаттардын көңүлүн бурдурууга бир нече жолу аракеттенди. Facebook соцтармагынын колдонуучулары «Боз-Болтогубузду куткарып калабыз!» деген атайын тайпа да ачып, ошол жакта иштеген кыш заводдордун терс таасирлери тууралуу маалыматтарды чыгарып турушат. Алардын айтымында, заводдордон чыккан чаң, түтүн жана зыяндуу газдар абаны булгап, адамдардын саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатат.
Экологдор болсо кайталангыс жаратылыш аймагы жок болуп бара жатканын айтып, коңгуроо кагышат.
КРдин Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун улук илимий кызматкери Дмитрий Мильконун айтымында, Боз-Болтоктун батыш этегиндеги Башкарасуу кени тээ 1950-жылдары эле чалгындалган. Чопо-кум аралашмасынын негизги катмарын алып да бүтүшкөн. Азыр тоодо кум-шагыл аралашмасын карьердик ыкма менен чыгарып жатышат.
Боз-Болток тоосундагы ишмердүүлүк. Сүрөттөр Дмитрий Мильконун архивинен
«Лицензиялардын ээлери буга чейин «кен казуу аймагында бадал же дарактар жок, КРдин Кызыл китебине кирген флора жана фаунанын түрлөрү мында кездешпейт» деген бүтүмдү алышкан. Бирок биз андай эместигин далилдедик», – деп CABAR.asia`га кеп салды Дмитрий Милько.
Ал кесиптештери менен чогуу атайын комиссиянын курамында тоого барып, талаада изилдөө иштерин жүргүзгөн.
Окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, КРдин Кызыл китебине киргизилген төмөндөгү өсүмдүктөрдүн түрлөрү Боз-Болток тоосунда бар экенин далилдешти: Грейг, Зинаида, Островский жана Колпаковский мандалактары, Колпаковский чекилдеги. Илимдер академиясынын кызматкерлери карьерлерди иштетүүнүн кесепетинде уникалдуу өсүмдүктөр өскөн жер түздөн-түз жок болуп жатканын белгилешкен.
Боз-Болтоктогу флора жана фаунанын айрым түрлөрү. Сүрөттөр Дмитрий Мильконун архивинен
Улуттук Илимдер Академиясынын Биология институтунун корутундусуна ылайык, “Башкарасуу Түштүк” тилкесинде кум-шагыл аралашмасын иштетүү үчүн лицензия берүүдө мамлекеттик экологиялык экспертиза талаптагыдай жүргүзүлгөн эмес, башкача айтканда, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдар бузулган.
КРдин “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесине ылайык, сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүктөрдүн түрлөрү өзгөчө коргоого алынууга тийиш. Сейрек учуроочу жана жок болуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүктөрдү жана алардын тобун жок кылууга, запастарын кыскартууга же өсүү чөйрөсүн бузууга алып келүүчү иш-аракеттерге жол берилбейт.
«Островский мандалыгынын жергиликтүү популяциясы кептелген жагдай КРдин экологиялык мыйзамдарын, атап айтканда, өкмөттүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 токтомун одоно бузуу катары бааланат. Анда келтирилген зыянды өндүрүү суммасын эсептөө үчүн такса каралган», – деп айтылат 2019-жылдагы талаа изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча бүтүмдө.
Андан бери Боз-Болтоктогу экологиялык абал өзгөргөн жок. Жергиликтүү тургундар кыш заводдорунун иши жана абанын булганышы боюнча коңгуроо какэгып эле келет. 2024-жылдын декабрь айында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы карьерлерде жана кыш заводдорунда пландан тышкаркы масштабдуу текшерүүлөрдү жүргүздү. Кызматкерлер экологиялык стандарттар одоно бузулганын аныктап, айып пул салышты жана бир нече компаниянын ишин убактылуу токтотушту.
Мораторий жардам береби?
Тилекке каршы, Боз-Болток флора жана фаунаны кыйратуунун жалгыз мисалы эмес.
Дмитрий Мильконун айтымында, жазында адамдар чырышты (эремурусту) сатык үчүн теришет. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы эл жапайы пияз же ышкын териш үчүн тоонун алыскы жактарына барганга аргасыз, себеби айылга жакын жерлерде өсүмдүктөр калган эмес.
«Пияз сымал өсүмдүктөрдүн ар кандай түрлөрү эч көзөмөлсүз, ашыкча терилип жатат. Өзүң үчүн канча керек болсо, ошончону ал. Бирок муну бизнеске айлантууга болбойт. 2019-жылы Хужантта өткөн симпозиумга катыштым, ошондогу банкетте консервацияланган ири жапайы пиязды да тамак катары сунуп жатышыптыр. Көрсө, Тажикстанда бул өсүмдүктүн запастары калбай калып, биздин Баткенден сатып алышат экен. Бул жагдай абдан капалантат, себеби түштүк облустарда ири жапайы пияз чанда кездешүүчүлөрдүн катарына кошулууда», – дейт Дмитрий Милько.
Ал кошумчалагандай, жазында жана жайдын башталышында Бишкек–Ош жолун бойлой же базарларда ышкынды сатышат. «Кечинде сатылбай калган боолорду жөн эле ыргытып салышат. Адамдар мыйзам жол бергенден алда канча көп өлчөмдө өсүмдүктү жулушат, бирок бул эч кимге кызык эмес», – деди илимий кызматкер.
Жоголуп бара жаткан өсүмдүктөрдү Кыргызстандан башка өлкөлөргө чыгарып кетүүгө аракет кылган учурлар бар. 2023-жылдын күзүндө Мамлекеттик салык кызматы аткезчилик жүк – азайып жана жоголуп баратат деген категорияга киргизилген эндик өсүмдүгүнүн тамыры кармалганын билдирген.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы коргоодогу өсүмдүктөрдүн түрлөрүн өлкө сыртына мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча 20дан ашык учур катталган.
2024-жылдын декабрь айында министрлик бир катар өсүмдүктөрдүн түрлөрүн ташууга, сатуу-сатып алууга, колдонууга 2027-жылга чейин убактылуу тыюу салуу (мораторий киргизүү) боюнча минкабдын токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Анда төмөнкү өсүмдүктөр камтылган: макротомия (Macrotomia), арнебия (Arnebia), ясенец (Dictamnus), аконит (Aconitum), афлатун пиязы (Allium aflatunense), родиола (Rhodiola) жана Самарканддын өчпөс гүлү (Helichrysum maracandicum).
Документтин негиздемесинде белгиленгендей, дары чөптөрдү даярдоого жана жыйноого мурда киргизилген мораторийге карабастан, Кыргызстандагы өсүмдүктөрдү коргоо маселеси дале курч бойдон калууда. Өсүмдүк сырьесунун тыюу салынган түрлөрүн (чанда кездешчү жана жоголуп бара жаткан өсүмдүктөрдү) экспорттоо токтобой жатат. Бул флоранын уникалдуу түрлөрүн жоготуу коркунучун күчөтүүдө.
Жаратылыш министрлиги бул документти кабыл алуу сейрек жана жоголуу коркунучунда турган өсүмдүктөрдүн түрлөрүн натыйжалуу коргоону камсыздап, аларды көзөмөлсүз колдонууну, сатууну жана экспорттоону азайтат дейт. Бул өз кезегинде табигый ресурстарды сактоого жана аймактын туруктуу экологиялык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү даярдоого гана эмес, ишмердүүлүктүн башка түрлөрүнө, айталы, ташууга, сатып алууга жана сатууга, экспортко тыюу салууга жол ачат. Документте өсүмдүктөрдү кайра иштетүү, сырьену өндүрүү иштеринде колдонулган жабдууларды (өндүрүш цехтери, барабандар, кургаткычтар, транспорт жана башка жабдуулар) конфискациялоо каралган.
Өсүмдүктөрдү жок кылуудан тышкары, жаныбарларды мыйзамсыз атуу жана балыкты мыйзамсыз кармоо учурлары да орун алууда. Жаратылыш министрлиги мыйзам бузган адамдар колго түшкөнү боюнча күн алыс кабар чыгарып турат.
Биоартүрдүүлүккө түздөн-түз зыян. Сүрөттөр Дмитрий Мильконун архивинен
Министрликтин маалыматында, эл аралык келишимдер боюнча коргоо алынган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарларды мыйзамсыз кармоо, алып чыгып кетүү, ташуу, сактоо, сатуу үчүн физикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүчтө (20 миң сом же 229 АКШ доллары), юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүчтө (65 миң сом же 743 АКШ доллары) айып салынат.
Артыкчылыктар жаңыланууда
Кыргызстанда айлана-чөйрөнү коргоо жаатында ар кандай деңгээлдеги нормативдик-укуктук актылардын кеңири топтому бар. Алар – КРдин Кылмыш-жаза, Суу, Жер жана Токой кодекстери, «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө», «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө», «Өзгөчө коргооодогу жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзамдары жана бир катар өкмөттүк токтомдор.
Өкмөттүн 2014-жылкы «Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун 2024-жылга чейинки мезгилге карата артыкчылыктары» деген токтомунда адам ишмердүүлүгүнүн кесепетинде өсүмдүктөр менен жаныбарлардын айрым түрлөрү тукум курут болгону, кээ бирлери жоголуу коркунучунда экени айтылат.
Ири жана орто сүт эмүүчүлөрдүн фаунасында 3 түр тукум курут болуп, 15 түр жоголуу коркунучунда; канаттуулардын фаунасында 4 түр жок болуп, 26 түр жоголуу коркунучунда; өсүмдүктөрдүн арасында жоготуулар азыраак: 1 түр жок болгон, бирок 56 түр жоголуу коркунучунда турат.
КРде биоартүрдүүлүктүн азайышынын негизги себеби – чарбалык ишмердүүлүктүн кесепетинде өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жашоо чөйрөсүнүн бузулушу, алардын жашоо чөйрөсүнүн жалпы аянтынын кыскарышы жана адамдардын аларды кыргынга учуратышы. Документке ылайык, биоартүрдүүлүктү инвентаризациялоо жана мониторинг жүргүзүү системалуу түрдө эмес, негизинен өзүнчө топтор боюнча жүргүзүлөт.
Ошол эле маалда биологиялык ар түрдүүлүк адам жашап, цивилизация туруктуу өнүгүш үчүн зарыл болгон экологиялык кызматтарды камсыздоого жана экосистемалардын иштешине керектүү шарттарды жаратууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүүгө, Миң жылдыктын максаттарына жетүүгө, анын ичинде жакырчылык деңгээлин азайтууга салым кошот.
Артыкчылыктар Кыргыз Республикасында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жаатындагы стратегияны, программаны, принциптерди жана негизги багыттарды аныктап келген.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев CABAR.asia`га билдиргендей, учурда 2030-жылга чейинки биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча улуттук стратегия жана артыкчылыктар иштелип чыгууда. Алдын ала каржылык план түзүлгөн, бирок канча каржы керектигин ал так айткан жок.
«Кыргызстан – жаратылышты коргоо боюнча бир катар конвенциялардын катышуучусу. Анын ичинде КР Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенцияны ратификациялаган. Биз ар кандай терс таасирлерге кабылып жаткан биоардүүлүктү, өзгөчө тоо экосистемаларын сактап калууда дүйнө коомчулугунун алдындагы жоопкерчиликти сезип турабыз», – деди ал.
Кумар Мамбеталиевдин айтымында, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун эталону деп өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактары (ӨКЖА) саналат. Республикадагы ӨКЖА тармагы өлкөнүн жалпы аянтынын 7,38 пайызын ээлейт жана 10 мамлекеттик жаратылыш коругун, 13 мамлекеттик жаратылыш паркын, 64 корукчаны, ошондой эле Бишкектеги Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакты жана Караколдогу зоологиялык паркты камтыйт.
Жаратылыш ресурстары министрлиги өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарын 10 пайызга чейин кеңейтүү боюнча иш жүргүзүүдө. Мисалы, Ош облусунда «Чоң-Алай» мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү демилгеленген. Анын аянты болжол менен 67 миң гектарды түзөт.
Кумар Мамбеталиев биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгилеп, бирок ресурстар жетишсиз экенин моюнга алды.«Штаттык расписаниени эле карай турган болсок, кээ бир жерлерде кыйынчылыктарга туш болуп жатабыз. Инспекторлор, егерлер жетишпейт», – деп билдирди ал.
Адистер белгилегендей, биологиялык ар түрдүүлүктүн кыскарышы биотанын туруксуздашын шарттап, Жердеги жашоо үчүн зарыл болгон биосферанын бүтүндүгүнүн жоголушуна алып келиши мүмкүн.
Ал калктын маданияты боюнча иш алып баруу маанилүү экенин белгилейт. Жаш муундарды тарбиялоо, туризм тармагындагы кызматкерлерге биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун жана табиятка этият мамиленин маанисин түшүндүрүү кажет деп эсептейт. Ошондой эле бир катар экологиялык мыйзам бузуулар үчүн жазаларды күчөтүүнү сунуштайт.
Кумар Мамбеталиевдин айтымында, 2024-жылы жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн такса өлчөмдөрү жогорулатылган. Мисалы, ак илбирсти мыйзамсыз атуу үчүн 2 миллион сом (22,9 миң АКШ доллары), күрөң аюу жана марал үчүн 1,5 миллион сом ( 17,1 миң АКШ доллары) айып пул каралган.
Бекитилген тартипке ылайык, КРдин экологиялык мыйзамдарын бузууну жана браконьерлик фактыларды аныктаган жарандар жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн деп өндүрүлгөн каражаттын 50 пайызын сый акы катары ала алышат.