Кара алтын уюган Кара-Кечеге барып, мөңгүдөн аккан суу тунук эмес кара өңдө болгонун, ал эми карагайлар ар тараптан куурап жатканын көрүүгө болот. Жергиликтүүлөр бул көрүнүшкө улам сайын коңгуроо какканы менен жыйынтык болбой жатканын айтып, кейишти.
Бул материалда кара алтын кантип экологияны эңшерип жатканын баяндап беребиз.
*Кара-Кече” көмүр кени Нарын облусунун Жумгал районунун борборунан 40 чакырымдай алыс. 1913-жылы ачылган кара алтын кени Токсон-Теке жана Кара-Кече сууларынын жээгинин түндүк-батышында, деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктикте жайгашкан. Кендин узундугу 52 км, туурасы 15 км, аянты 785 квадрат километрди түзөт. Аталган кен Байзак жана Баш-Кууганды айылдарына карайт.
Учурда Кара-Кече көмүр кенинде “Кара-Кече” көмүр филиалынан тышкары дагы “Акжол”, “Демилге”, “Бурана плюс” жана “Шарбон” компаниялары көмүр казат. Алардын ичинен “Кара-Кече” ишканасы борбордук участокто кен казат.
Калдык төгүлгөн дөңсөдө Байзак жана Баш-Кууганды айылынын тургундары чогулуп, мөңгүдөн түшкөн таза суунун түсү улам өзгөрүп жатканына нааразы.
Жергиликтүү тургундардын бири буга чейин бийликке кайрылып келгенин, бирок андан эч кандай жыйынтык чыкпаганын айтат. Элеттиктер бир кезде жашыл болуп жайкалган жайыттар акырындык менен тарып, карагайлар жылдан жылга куурап жатканын айтышууда. Алар Кара-Кечедеги ачык көмүр казуу иштери мамлекет үчүн ири энергетикалык ресурс болгону менен экологиянын талкаланышына кабыргасы кайышканын айтышты.
“Суу тосулуп, көлмөгө айланды”
Байзак айылынын тургуну жана айылдык кеңештин депутаты Талгат Молдалиев Кара-Кечедеги суу жана жайыттардын абалын ири экологиялык көйгөй деп баалайт. Ал аймактагы суунун нугу бурулуп, түсү дагы өзгөргөнүн, талааларга зыяндуу суулар чыгып жатканын айтат.
“Боз-Айгыр жайлоосун Токой чарба [мамлекеттик агенттиги] Кара-Кечеге берип коюптур деп атат. Андан бери жайытыбыз тарыды. Суу маселеси дагы курч. Азыр жаан жаап жатканындыктан, суу кичине көбөйүп калды. Болбосо талаа иштерине суу жетпей, бөгөттөлүп калган. Элдин көйгөйү чечилбей келет. Бул жерде тоо кулап, сууну тосуп калган. Чөп, буудай жакшы чыкпай атат. Буга чейин буудайды кенен алчубуз. Үч жылдан бери айтып атабыз, жыйынтык жок”, – деп ачууланды ал.
Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын экологиялык мониторинг бөлүмү 2022-жылы агын сууларды химиялык лабораториялык текшерүүдөн өткөргөн. Жыйынтыгында “Кара-Кече”, “Демилге”, “Шарбон” жана “Ак-Жол” ишканалары кен казган аймактардагы суунун курамы канаттандыраарлык эмес деген бүтүм чыгарган.
Байзак айылынын дагы бир тургуну Молдобек Эгембердиев 1990-жылга чейин дал ушул жерде мал баккан. Ал учурунда жайыттар абдан жакшы болгонун, бирок акыркы үч-төрт жыл ичинде көмүрдүн калдыктары ар кайсы аймакка төгүлүп, суу булганып, ал гана эмес, суу тосулуп көлмөгө айланганын айтат.
“Жайытыбыз тарып, суубуз тосулуп атат. Ишканалар калдыктын баарын төгүп атышат. 2020-жылга чейин түзүк болчу. Акыркы үч жылдан бери суубуз [айылга] барбай калды. Бул жерге түтүк коюп, суу жиберип атышат. Ал эми ары жактан суу чыкпай атат. Мына өзүңөр көрүп тургандай, бул жерде деле, тигил жерде деле көлчүк”, – дейт ал колун шилтеп.
Карама-каршы жарлыктар
2023-жылы Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кара-Кече” көмүр кенинин борбордук участогуна барып, кара алтын казууга керектүү оор техникаларды тапшырган. Жапаров кен казууда техникалык жана экологиялык талаптар так сакталышы керектигин эскерткен.
Байзак айылдык кеңешинин депутаты Мээрим Молдалиева кара алтын кенине байланыштуу тиешелүү кызматтарга бир нече жолу кайрылганын айтат.
“Ар кайсы жерден көмүр каза беришип, Кара-Кече кыштоосунун кебетеси кетти. Айыл башчы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макулдугусуз Боз-Айгыр жайлоосунан “Кыргызкөмүргө” берип койду. Бир жылга жетпей Боз-Айгыр калдыктарга толуп, ал аз келгенсип, сууга калдыктарды төгүп жатышат”, – дейт Молдалиева.
“Керек болсо чабандарга барчу жолду дагы бөгөттөп салышты. Байзак айылынын эли бул кендин жабылышына кызыктар эмеспиз. Болгону “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы экологиялык техникалык коопсуздукту сактоо эрежелери менен иш алып барышсын деп талап кылып жатабыз. Бул 1050 гектар жер кичинекей эле жер эмес да. Жер кыртышын бузганы аз келгенсип, карагайлар куурап жатат. Боз-Айгырда эки булак бар болчу. Жерден чыккан суу калдыктарга сиңип олтуруп, көчкү жүрүп атат”, – дейт Молдалиева.
Молдалиева Кара-Кече жайлоосунун экосистемасынын бузулушун жүйө кылып, “Кара-Кече” көмүр филиалынын, “Акжол”, “Демилге”, “Бурана плюс” жана “Шарбон” компанияларынын үстүнөн арыз жазып, Экология жана техникалык көзөмөл кызматына кайрылган.
Арызда Кара-Кече, Боз-Айгыр жана Токсон-Теке капчыгайларынан агып түшкөн суунун түбүнө чейин калдыктар төгүлүп атканы айтылат. Мындан тышкары, “Кара-Кече” филиалынын экологиялык паспортунун корутундусунда сууну коргоо зонасы так жазылбаганы да белгиленген.
Экология жана техникалык көзөмөл кызматы “Ишкерлик субъектилерге убактылуу тыюу салуу” тууралуу токтомун жүйө келтирип, текшерүүдөн баш тарткан.
Үстүбүздөгү жылдын 9-январында президент Садыр Жапаров бизнес-чөйрөнү андан ары өнүктүрүү максатында “Ишкерлерге текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө” жарлыгына кол койгон.
Ал эми 2021-жылы президент “Кыргызстандын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” дагы жарлыкка кол койгон эле.
Анда экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, улуттун саламаттыгын сактоо, тургундардын жана келечек муундардын кызыкчылыгында өлкөнүн жаратылыш байлыктарын коргоо керектиги айтылган. Мындан тышкары, курчап турган чөйрөнү жакшыртуу, климаттык тобокелдиктерди азайтуу керектиги дагы белгиленген.
Чуулгандуу окуяларда аты аталган кен
Кара-Кече кенинде көмүрдү ачык казуу ыкмасы колдонулат. Бул аймакта ар кандай кырсыктар болуп келген. Бул гана эмес социалдык жана саясий маселелерге байланыштуу байма-бай чыр чыгып, атүгүл ок атылган учур катталган.
2020-жылдын сентябрь айында Дыйкан-Кара-Кече жолунда ири тоо көчкөн. Көчкүнүн көлөмүмү 900 миң кубометрди түзгөн. Көчкүнүн айынан мөңгүдөн түшкөн суу бөгөттөлүп, электр зымдары зыянга учураган. Мындан тышкары унаа өтчү жол тосулуп калган.
2020-жылдын октябрь айында көмүр кенди топ кишилер басып алганы кабарланган. “Кыргызкөмүр” ишканасы кенди басып алууну “Саяк” деген каймана аты бар кримавторитет Кадыркуловдун ысымы менен байланыштырган. Филиалдын кассасынан акча жана көмүр иштетүүдөн түшкөн жарым миллион сомдон (ошол кездеги курс менен 6200$) ашык каражат тартылып алынганы айтылган.
2021-жылдын октябрь айында УКМКнын атайын даярдыктагы “Альфа” аскерлери аталган көмүр кенин кайтарууга тартылган. Курал-жаракчан жоокерлер касса жана тараза турган жерлерге жайгаштырылган. Ошол эле жылдын декабрь айында көмүр кенинде айдоочулар менен кенди кайтарган “Альфа” кызматкерлери ортосунда кагылыш орун алып, ок атылган.
Ал эми ноябрь айында Кар-Кечеде кайрадан көчкү жүргөн. Көчкүнүн көлөмү 50 миң кубометрди түзүп, экскаваторду басып калган. Кырсык учурда техниканын ичинде айдоочусу болгон эмес.
- 2021-жылы Кара-Кечедеги көчкү. Сүрөт: издание Turmush
2022-жылдын Кара-Кечеде кайрадан жер көчкөнү кабарланган. “Кыргыкөмүр” мамлекеттик ишканасы көчкүнүн көлөмү болжол менен 30-40 миң кубметр топурак көчкөнүн кабарлаган.
“Иликтесек, абдан көп мыйзам бузуу аныкталат”
- Токсон-Теке капчыгайы. “Шарбон” компаниясына тиешелүү экскаватор. Сүрөт: CABAR.asia
Элеттиктер Кара-Кеченин Токсон-Теке капчыгайынын төрүндө кен казган “Шарбон” менен “Акжол” компанияларынын жабылышын талап кылууда. Тургундардын айтымында учурда калдык төгө турчу жер толуп калгандыктан, аталган компаниялар калдыктарды жолдорго, ал тургай сууга да төгүүдө.
- Булганган суу. Сүрөт: CABAR.asia
“Бул карьерге каршыбыз, ал жабылышы керек. Биз келаткан капчыгайдан бери калдык төгүп салышкан. Мына өзүңөр көргөндөй, суунун ичинде карагайы жатат, менден башкасынын баары жатат. Чабандар өтө турчу көпүрөнү дагы алып салышыптыр”, -деп ачууланды элеттик активист Жеңишбек Сапаров.
Илимдер академиясынын илимий кызматкери Адилет Усупбаев буга чейин Кара-Кечедеги экологиялык маселелерге байланыштуу текшерүү тууралуу бир дагы тиешелүү кызматтан кайрылуу түшпөгөнүн билдирди. Ал ошол эле Кара-Кеченин экологиясы абдан солгундаганын белгилеп, эгер текшерүү болсо, мыйзам бузуулар аныкталарын кошумчалады.
“2019-жылы Кара-Кечеге баргам. Ошол кезде эле экологиялык бир топ маселелерди байкагам. Тиешелүү кызматтарга айтканбыз. Азыр кандай чаралар көрулүп жатканын билбейм. Эгер бизге кайрылуу түшсө, эксперттер чогулуп, текшерип чыгабыз. Негизи кен казган ар бир ишкана экологиялык экспертизадан өтүшү керек. Экспертизада карагай, жаныбар, суу жана башкалардын ар бири эсептелип чыгат. Аларды калыбына келтире аларын талдап чыгып, анан уруксат берилет. Кара-Кечеде кайсы компания кандай иштеп жатарын иликтесек, абдан көп мыйзам бузуу аныкталат. Ар бир компания ошол жерди казгандан кийин кайра ордуна келтиргенге милдетүү”, – деди ал.
- Токсон-Теке капчыгайы. Сүрөт: CABAR.asia
Бирок “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы тургундардын айткандары менен макул эмес. Аталган мекемеден редакцияга көмүр казуу процессинде бардык эрежелер так сакталарын билдиришти. Мындан тышкары, айлана чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жыл сайын республикалык бюджетке акча төгүп турарын маалымдашты, бирок так суммасын айтышкан жок.
Эске алынбаган эрежелер
Негизи КРнын мыйзамдарында “Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казуунун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу жөнүндө атайын эрежелер” бекитилген.
Аталган документтин 14-пунктунда бузулган жер тилкелерин андан ары пайдаланууга жарактуу абалга келтирүү талабы жазылган.
Ал эми 35-пунктунда калдыктар жана таштандылар жер алдынан чыккан суулардын тосулушуна жол бербей турган жерге төгүлүшү керектиги айтылат.
Мындан тышкары, 46-пунктта айлана-чөйрөнү коргоо боюнча коопсуздук эрежелери дагы так жазылган.
Эми Кара-Кече аймагын Google Earth издөө системасы менен 2019-жылдан баштап 2023-жылга чейинки өзгөрүүнү салыштырып көрөлү. Картада көрүп тургандай бул аймактын экосистемасында айырмачылыкты байкоого болот. Аймакта бир топ жашыл аймактар бузулуп, суу тосулуп калган.
Экология жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын Тоо-кен тармагын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Жыргалбек Муратов президенттин ишкерлерди текшерүүгө тыюу салуу токтомуна байланыштуу текшерүү жүргүзө албай жатышканын билдирди.
“Быйыл дагы тургундар кайрылган, текшерүүгө экономика министрлиги уруксат берген жок. Ал эми буга чейинки болгон көчкү кырсыктары боюнча текшерүү жүргөн, тиешелүү айып пулдар салынган. Азыркы учурда пландык текшерүү жүргүзөлү десек, бизге чектөө болуп атат”, – деди Муратов.
Кара-Кече көмүр кенинде көмүрдүн 400 млн тоннадан ашык кору бар. “Кара-Кече” ишканасы түштүк жана батыш аймагынан көмүр казуу үчүн 2042-жылга чейин лицензия алган. Аталган ишкана жылына орто эсеп менен млн тонна көмүр казат.
2023-жылдын январь айында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Кара-Кеченин Токсон-Теке капчыгайында кен казган “Шарбон” ишканасын текшерген. Аталган компанияга “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 243-беренесине ылайык, 28 миң сом (ошол кездеги курс менен 316$) айып пул салынып, эскертүү берилген.
Ошол эле жылдын сентябрында “Кара-Кече” көмүр филиалы менен “Акжол”, “Шарбон” ишканалары текшерилип, жалпы жонунан 334 миң сом (ошол кездеги курс менен 3795$) айып пул салынган.