Кыргызстанда малдын башы көбөйгөндүктөн жана мал жаюу башаламан жүргөндүктөн жайыттардын абалы начарлап жатат. Адистердин айтымында, айрым тилкелердин деградацияланышы 70-80 пайызга жетет.
Көйгөйлөр көп
Кыргызстанда 9 миллион гектардан ашык жайыт жерлери бар. Табигый жайыттар тоют булагынын эң ириси жана арзаны бойдон калууда. Бирок жерлерге ашыкча күч келип, камкордук да жок болгон үчүн деградация, эрозия процесстери орун алууда. Натыйжада тоют жылдан жылга азайып жатат.
Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун жайыт жана тоют бөлүмүнүн башчысы Наталья Килязованын айтымында, табигый жайыттар жана чабындылар анда өскөн өсүмдүктөрдүн мүнөзү боюнча чөл, жарым чөл, талаа, шалбаа талаалары жана шалбаа (бийик тоолуу, субальпы жана альпы) болуп бөлүнөт.
Анын маалыматы боюнча эң чоң аянтты талаа жайыттары (3,1 миллион га) ээлейт, андан кийин шалбаа талаалары (2,4 миллион га), шалбаа (1,3 миллион га), чөл (1,8 миллион га) жана салыштырмалуу азыраак аянтты бийик тоолуу тундра түрүндөгү жайыттар (0,15 миллион га) ээлейт.
Өсүмдүктөр жаңыланып туруш үчүн жайыттын ар бир түрүндө мал жаюунун нормалары болот. Мисалы, шалбаа жайыттарында мал отогондон кийин 6-7 см бийиктиктеги чөп калышы керек, талаа жайыттарында болсо бул норма 2 сантиметрден кем болбошу кажет.
«Тамыр системасы канчалык жакшы калыптанса, ошончолук жакшы түшүм берет, андыктан өсүмдүктөр кайра жаңыланыш үчүн жерди такыр болуп кеткенче пайдаланбаш керек, ошондой эле жерлерди ротациялоо зарыл», – дейт Наталья Килязова.
Бирок чөптөр жетилгенче, анда азыктандыруучу заттар тийиштүү өлчөмгө жеткенче эле малды эртелеп жайып салган учурлар көп. Чөп тамырына чейин желип, топурак көрүнүп калганча малды кое берип койгондор да кездешет.
Кыргызстандын Жайыт пайдалануучуларынын «Кыргыз жайыты» улуттук ассоциациясынын башчысы Абдималик Эгембердиевдин айтымында, жер-жерлерде жайыттарды башкаруу пландары иштелип чыкты, мал жаюунун графиги түзүлгөн, кайсы жерге качан мал жайса болору аныкталган.
«Тилекке каршы, көпчүлүк бул эрежелерди сактабайт: эрте жазда бир жерди тандашат да кеч күзгө чейин чейин ошол жерди пайдалана беришет. Муну менен жайыттарга чоң зыянын тийгизишет. Жайыт пайдалануучуларга жер алмаштыруунун мааниси тууралуу айтып келебиз», – дейт ал.
Мурда жайыт которуунун эң жөнөкөй схемасы колдонулган. Жер төрт бөлүккө бөлүнөт, анын үчөөсү жайыт мезгилинде колдонулат, бир бөлүк эс алат. Эс алган жерде өсүмдүк жакшы өсүп, уруктанат. Кыш оор болгон учурда бул жерлерди чөп чабык үчүн колдонууга болор эле. Бирок Союз тарагандан кийин жайыттарды эч ким башкарган эмес, аларды пайдалануу жөнгө салынбады, жайыт которуу деген нерсе унутулду. Кесепети – көптөгөн жерлер деградацияга кабылды.
«Айрыкча айылга жакын жайыттар олуттуу деградацияга туш болду, мында мал жаюу графиги бузулган. Бул жерлерге малды дээрлик жыл бою жайышат, ал тургай кышкысын да мал-жандыктар кар алдынан чөп таап жегенге мажбур. А буга элдин тоютту жетиштүү деңгээлде камдабай койгону себеп», – деп белгиледи Наталья Килязова.
Ошол эле маалда алыскы жайыттар пайдаланылбай калган учурлар бар. Совет доорунда малды мамлекеттин колдоосу менен айдашчу. Азыр болсо инфраструктура бүлүнгөн, аны кайра калыбына келтирүү керек. Эң башкысы – суу булагы жок болсо, бир да чабан малын айдап кетпейт.
Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнөн улам жыл мезгилдери жылып жатат. Жайыттарда чөп эрте чыгып, эрте жетилүүдө. Мунун айынан августта эле жерлер такырданат, мал жегидей эч нерсе калбайт. Малды башка жайыттарга айдоо зарылдыгы жаралат. Ар кандай оорулар жана зыянкечтер пайда болууда.
Жайыттарды пайдаланбай коюунун да кесепети бар
Наталья Килязованын айтымында, айрым жайыт жерлери 70-80%га чейин деградацияланган. Бирок бул нерсе жалпы көрсөткүч ушундай деңгээлге жетти дегенди билдирбейт.
Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин башчысы Мыктыбек Каландаровдун айтымында, Кыргызстанда 137 миң гектар жайыт жери деградацияга кабылган, дагы 614 миң гектар жер (басымдуусу айылга жанаша жайыттар) аз түшүмдүү деп саналат.
Эксперттер эскертишет: жайыттардын начарлашын токтотуп калбаса, кесепети өтө оор болот да, алардын түшүмдүүлүгүн көтөргөнгө эч нерсе жардам бербей калат.
Деградациянын кандай кесепеттери бар? Биринчи кезекте биологиялык ар түрдүүлүк жоголот. Кыргызстандын жайыттарында өсүмдүктөрдүн 3,5 миңден ашык түрү кездешет, анын ичинде жайыт чөптөрү гана эмес, дары чөптөр, отоо чөптөр, кызыл китепке кирген чөптөр бар. Эрте жайып салса, мал туягы менен жаш чөптөрдү топуракка ныктап салат, мындан улам чөп өсүшүн токтотот. Экинчиден, тоют базасы азаят, демек, айыл чарба жаатындагы өндүрүшчүлөрдүн кирешеси төмөндөйт.
Адистердин айтымында, жайыттарды жетиштүү деңгээлде пайдаланбай коюунун да зыяны бар. Андан да жаманы – жайыттардын таптакыр пайдаланылбай калышы. Мындайда жерде «жаздыкча» пайда болот: чөптөр топтолот, өлөт, кайра топтолот. Убакыттын өтүшү менен анын арасынан эң күчтүү, отоо өсүмдүктөр гана суурулуп чыга алат. Ошондуктан бардык жерлер системалуу түрдө бөлүштүрүү менен пайдаланышы кажет.
Отоо чөптөрдүн капташы
Отоо чөптөр да олуттуу көйгөйдү жаратат. Министрлер кабинетинин маалыматында, 470 миң гектардан ашык жайыт жери бар Суусамыр өрөөнүнүн акыркы жылдары алтыгана (карагана) каптап жатат. Мунун айынан тоют чөптөрүнүн айрым түрлөрү жоголууда. Быйыл өрөөндө азыктуу чөптөрдү жок кылчу чегирткелер пайда болду.
Жайыттардагы отоо чөптөрү менен күрөштө биринчи кезекте алдын алуу чаралары турат, башкача айтканда, тоют эмес чөптөр каптап кетпешине жол берилбеш керек. Отоо өсүмдүктөрү менен күрөштө механикалык, биологиялык жана химиялык ыкмалар колдонулат.
Наталья Килязова белгилегендей, отоо чөптөр жана бадалдар каптаган жайыттарда гербициддерди (химиялык ыкма) жана айыл чарба техникаларын (механикалык ыкма) колдонуу натыйжалуу жана жеткиликтүү.
Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун жайыт жана тоют бөлүмү Суусамырда жүргүзгөн изилдөөсүнүн алкагында уулуулугу аз эки гербицид – глифосат менен гарлон ДХ сыноодон өткөрүлдү. Глифосат алтыгананы 70-80%га жок кылары, бирок аны менен кошо жайыттагы бүт өсүмдүктөргө да кесепети тиери аныкталды. Ал эми гарлон ДХ дарысы (тандалмалуу таасир этүү) жогорку натыйжалуулугун көрсөттү – алтыгананын 90-95%ы жок болду. Тоют чөптөрү, ал тургай зым тосмодон кокусунан өтүп кеткен мал да гербицидден жабыркаган жок, а алтыгана болсо куураган.
Дары сепкенден кийинки жылы да алтыгана куураган бойдон турду, бирок дагы бир жыл өткөн соң топуракта калган уруктардан, тамырлардан кайрадан чыга баштады. Тикенектердин өзү болсо бешинчи жылы гана бузула баштаган. Бирок дарыны канча жолу пайдалануу керектиги изилденбей калып кетти. Бул үчүн кийинки жылы же жыл өткөрүп дагы бир ирет дарылаш керек эле, бирок долбоор жыйынтыкталып, институттун кызматкерлери муну ишке ашырып, жыйынтыгын так белгилей алышкан жок.
Жайыт департаменти алтыгана менен механикалык ыкма аркылуу күрөштү. Бул көп күч алган, кымбат жол. Анда кийин тоют чөптөрүн сөзсүз түрдө кошумча себиш керек. Мындан сырткары тазаланган тилкелерде күчтүү отоо чөптөрү чыгат. Ири жайыттарда химиясыз жыйынтыкка жетүү мүмкүн эмес.
Ресурстар чексиз эмес
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, республикада 6 миллиондон ашык кой-эчки (майда жандык), 1,8 миллиондон ашык ири мүйүздүү мал, 500 миңден ашык жылкы бар. Малдын башы жыл санап өсүүдө.
Мыктыбек Каландаров белгилегендей, Кыргызстанда мал-жандыктын саны көп, бирок өнүмдүүлүгү төмөн. Ошол үчүн департамент асыл тукум малдарга басым жасап жатат.
Абдималик Эгембердиев да аны пикирин макул көрөт.
«Малдын санына эмес, сапатына көбүрөөк көңүл буруш керек. Ошондо продукция да көп болот, жайыттар да сакталат», – дейт ал.
Мындан сырткары жайыт акысын көбөйтүү боюнча иш жүрүп жатат. Бааны жергиликтүү кеңештер бекитет.
Мыктыбек Каландаровдун айтымында, айрым жерлерде койдун бир башына 10-15 сом (0,12-0,18 АКШ доллары) алынат. Бул өтө төмөн баа экенин белгилеген ал кеминде 20 сом (0,23 АКШ доллары) алынышы керек деп эсептейт. Айрым жерлерде 30-40 сомго (0,35-0,47 АКШ доллары) көтөрсө болот. Ири мүйүздүү мал жана жылкылар үчүн 120 сомдон (1,45 АКШ доллары) аз эмес нарк аныкталышы керек.
«Ар бир жылдын жыйынтыгы менен төлөмдөрдү көбөйтүү милдетин коюп жатабыз», – деп кошумчалады Мыктыбек Каландаров.
Бул акча жайыт жерлеринин абалын жакшыртууга, көпүрөлөрдү курууга жана оңдоого, сугаруу жайларын уюштурууга колдонулат.
Министрлер кабинетинин токтому менен жайытка мал жүктөмүнүн нормасы бекитилген. Ага ылайык, бир гектарга шарттуу түрдө бир баш ири мүйүздүү мал же 5 кичи жандык туура келет. Бирок бул нормалар сакталбайт.
«Эгерде жайылган малдын башы жайыттын аныкталган сыйымдуулугунан жогору болсо, деградация жүрөрү турган кеп», – дейт Наталья Килязова.
Ал түшүндүргөндөй, жайыт туура жүктөм менен пайдаланылса, анын түшүмдүүлүгү сакталат, ботаникалык курамы турукташат. Ошол эле маалда жайытка малдын жүктөмү – бул өзгөрүлмө чоңдук, аны нормалдуу климаттык жылдар менен кургак жылдардын кезектешиши аныктайт.
Демек, жүктөм анык бир шарттарга жараша жайытта чөптүн чыгышына карап өзгөрөт.
Эмне кылыш керек?
Наталья Килязованын айтымында, эң башкысы – жайыттарды системдүү колдонуу. Бул үчүн фермерлерди окутуу абдан маанилүү. Илимий институт брошюра, буклеттерди чыгарып келет, көчмө окутуу иш-чараларын уюштуруп турат.
Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун жайыт жана тоют бөлүмү жайыттарды жакшыртуу системасын иштеп чыккан. Ар бир жайытка жекече мамиле болушу керек. Кайсы бирин сугаруу жетиштүү, а башка бирине жер семирткич керек, үчүнчүсүндө болсо жайыттарды алмаштыруу (ротация), малды кашаага жаюу системасы, кошумча чөп себүү кажет болушу мүмкүн.
Институт өлкө боюнча изилдөө өткөргөн. Анын алкагында атайын тилкелер тикен зым менен тосулуп, малдын кириши чектелген. Топуракта урук сакталган үчүн кийинки жылы эле чөптүн өсүшү жакшырган.
«Башкача айтканда, жайыттарды жакшыртуунун жана калыбына келтирүүнүн эң эле натыйжалуу жолу — бул аларды эс алдыруу», – деп белгиледи Наталья Килязова.
Жакшыртуу жолундагы биринчи кадам болуп жайыттардын абалын байкоо жана баалоо саналат. Ошондо деградация болгон жерлер аныкталат. Жер-жерлерде көзөмөлдү калк жүргүзүшү керек, себеби ошол жерди тургундардан башка эч ким жакшы билбейт.
Айыл чарба министрлигинин тапшырмасы менен жергиликтүү бийлик органдары үчүн жайыттардын абалын байкоо жана баалоо боюнча жаңы колдонмо иштелип чыкты. Наталья Килязова – авторлордун бири. Анын айтымында, бул жөнөкөйлөштүрүлгөн мониторинг, аны жайыт пайдалануучулар өздөрү жүргүзө алышат. Бирок жайыттарды башкарууга мамлекеттин катышуусу абдан маанилүү.
Колдонмодогу таблицаны толтуруу менен кайсы көрсөткүчтүн эсебинен жайыт начар же өтө начар абалга кептелгени түшүнүктүү болот. Ошол көрсөткүчтүн үстүнөн иштеш керек. Параметрлер чөптүн ботаникалык курамын, топуракта эрозия, таш, отоо жана зыяндуу чөптөрдүн, кашектин бар-жоктугун, эрозия процесстерин баалоого мүмкүндүк берет.
Мындан сырткары тоютту камдоону жакшыртуу зарыл. Тоют жетиштүү камдалса, жайыттагы чөптөр жетилгенче эле малдын туягынын алдында тебеленбейт.
Алдыңкы жайыт пайдалануучулар жайыттардын өнүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн биологиялык жер семирткичтерди, гумус топтомун пайланышат, зарыл учурда кошумча чөп себишет. Башкысы – ошол тилкеде өскөн гана чөптөр себилиши кажет.
Көп жылдык чөптөр менен иштөөнүн кыйынчылыгы – көп күтүш керек. Жайыттардагы чөптөрдүн көбү дандуу, а алар болсо өсүп-өнүгүүнүн баштапкы баскычтарында абдан алсыз жана назик болушат да, үч жыл дегенде гана жакшы жетилишет. Башкача айтканда, биринчи жылы түшүм болбойт, экинчи жылы өсүмдүктөр дагы да алсыз болот, үчүнчү жылы гана алар жакшы жетилип, андан кийин жакшы түшүм бере баштайт. Ошондуктан ал жайыттарга бир жыл бою мал жайганга тыюу салынышы керек.
Мыктыбек Каландаровдун маалыматында, деградация болгон 137 миң гектар жердин 10 миң гектарынын абалы былтыр жакшыртылды. Быйыл 30 миң гектар жерди жакшыртуу мерчемделген. Жайыт жерлеринин абалын жакшыртуу үчүн жайыт чөптөрүн кошумча себүү, тилкелерди ротациялоо, жерлерди эс алдыруу ишке ашып жатат.
Айталы, 2023-жылы 350 миң гектар жайыт пайдаланылган жок, 2024-жылы 371 миң гектар жайыт эс алууда.
«Жакында айылга жакын жайыттарды эс алдыруу тууралуу нормативдик-укуктук акт кабыл алынды. Фермерлерде бир аз алысыраактагы жерлерди пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар», – дейт ал.
Мыктыбек Каландаровдун айтымында, 2023-жылы жайыт жерлерин жакшыртууга 30 миллион сом (болжол менен 347 миң АКШ доллары), 2024-жылы 85,7 миллион сом (991 миң АКШ доллары) ажыратылды. Негизинен акча чөп уруктарын сатып алууга, анын ичинде Россиядан урук сатып алууга кетет.
Жайыттардын деградацияланышы менен күрөшүүгө жасалма мөңгүлөр кандайдыр бир деңгээлде жардам берүүдө.