Аярлуу топторду коргоо жана ыңгайлаштыруу чаралары кагаз бетинде гана калып, ишке ашпай жатат, – дешет эксперттер.
Кырсык күч алды
ӨКМден Cabar Asia`га билдиришкендей, Кыргызстанда быйылкы жылдын апрелинен июлга чейин 240 сел катталды. Алардын кесепетинде бери дегенде 17 киши каза болду, көпчүлүгү – жаш балдар.
17-июнда сел Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы баланын, 24-июнда Баткен облусунда 5 жашар баланын өмүрүн алды.
28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрдү. Кырсыкта 10 адам каза болду, алардын көпчүлүгү балдар. 14-июлда сел өлкөнүн экинчи борбору болгон Ош шаарын бутага алды. Кесепетинде бир аял үч кызы менен, андан сырткары базарда иштеген дагы бир аял мерт кетти.
Сел суулары жолдорду, көпүрөлөрдү бузуп, үйлөрдү, короолорду каптап, тургундар олуттуу зыянга учурды. 20-апрелден 1-июлга чейин селден 170 миллион сом (дээрлик 2 млн АКШ доллары) чыгым болду.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Cabar Asia`га билдиргендей, селди шарттаган негизги себеп болуп климаттын өзгөрүшү жана катуу жаан-чачын саналат. Кыргызстан тоолуу өлкө экенин, аймактарда сел коркунучундагы тилкелер көп экенин эске салды ал.
«Мурдагы жылдарга салыштырмалуу сел көп катталууда. Сандарды карасак, өткөн жылы 33 сел катталса, быйыл болсо 240тан ашты», – дейт Мазарипов.
КРдин Илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун жер үстүндөгү суу ресурстары боюнча лабораториясынын башчысы Ольга Стрижанцева белгилегендей, ар кайсы аймактардагы, анын ичинде Кыргызстандагы климаттык өзгөрүүлөр тууралуу окумуштуулар 70-жылдардын ортосунда эле коңгуроо кага баштаган. Анын айтымында, изилдөөлөр аба температурасы жана атмосфералык жаан-чачындын өзгөрүп жатканын көрсөттү.
«Метеорологиялык маалыматтар 1990-жылы, андан кийинки XXI кылымдын башында абанын орточо жылдык температурасы Кыргызстан боюнча 1,5-2,5 градуска жогорулаганын көрсөттү», – дейт эксперт.
Стрижанцева сөзүн улап, Кыргызстанда жылуу күндөрдүн саны өсүп, кышкы мезгил 2-2,5 айга чейин кыскарганы байкалып жатканын белгиледи. Ошентип, климаттык сезондордун жылышы орун алууда.
«Аймагыбызда биз алып жаткан жылуулук көбөйдү. Бул, биринчиден, вегетациялык мезгилдин узарышын шарттайт, экинчиден, суулардын эртерээк киришине алып келет. Жылуу мезгилдин узарышы, мезгилдерден жылышы – климаттын өзгөргөнүнүн белгиси», – дейт ал.
Ысык мезгилге караганда кышкысын жана жазгысын жаан-чачын көбөйүүдө. Стрижанцеванын айтымында, мунун жакшы жагы – тоолордо кар жана дарыяларда суу мол болот. Бирок жазгы жаан-чачын, ага кошо тоолордо карлардын бат эриши селдин жүрүшүн шарттайт.
«Албетте, анын кесепетинде калк жабыркайт, кээде трагедияларга алып келет. Бул – климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу эң көп каттала баштаган кооптуу кубулуштардын бири. Бирок мурда бизде сел болгон эмес дей албайбыз, алар болуп эле келген. Азыр сел көп катталууда, анан да байланыш өнүккөн үчүн кырсык тууралуу тез-тез кабардар болуп жатабыз», – дейт эксперт.
Климаттын өзгөрүшүндө аялдар менен балдар эмне үчүн аярлуу?
Адистер белгилегендей, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери жана ар түрдүү кырсыктардын көбөйүшү баарына бирдей таасирин тийгизбейт. Аялдар менен балдар аярлуу келет. Мунун себептери бир топ.
БУУнун Өнүктүрүү программасынын Адамдык өнүгүү тууралуу улуттук доклады үчүн гендердик маселелер боюнча улуттук эксперти Акылай Муктарбек кызынын айтымында, адатта аялдар менен балдарга жаратылыш кырсыктары тууралуу маалыматтар тийиштүү деңгээлде жеткиликтүү болбойт. Аялдардын үй-бүлөлүк жана жамааттык деңгээлде чечим кабыл алууга катышуусу төмөн.
«Мындай теңсиздик аялдардын климаттык катаклизмдерге даярдануу, эффективдүү реакция кылуу жана ар кандай кырсыктардан кийин калыбына келүү жөндөмүн азайтат», – дейт Акылай.
Адистин айтымында, дүйнөлүк изилдөөлөр жана Кыргызстандын өзүндө өткөрүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдар менен балдар климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу ден соолук коркунучуна көбүрөөк кептелет.
Мисалы, температуранын жогорулашы жана жылуулук, тамак-аш жасоо үчүн зыяндуу отунду колдонуудан улам үйдүн ичиндеги булганган аба респиратордук жана жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келип, ошондой эле кош бойлуулук менен түйүлдүктүн өнүгүүсүнө терс таасир бериши ыктымал. Кыргызстанда калктын 70 пайыздайы отундун булганыч түрлөрүн, негизинен көмүрдү колдонорун айта кетели.
Акылай сөзүн улап, сел, жер көчкү сыяктуу кырсыктарда аялдар менен балдардын мобилдүүлүгү чектелгенин белгиледи.
«Маданий нормалар көп учурда аялдардын мобилдүүлүгүн чектейт. Аялдар адатта кичинекей балдар менен карыган адамдарды караганга жооптуу. Бул жагдай өзгөчө кырдаалдарда аялдардын ыкчам жана коопсуз эвакуациясын кыйындатат», – дейт ал.
Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын эл аралык долбоорлорундагы кеңешчиси Анна Архангельскаянын айтымында, климаттын өзгөрүү шартында түшүмдүүлүк төмөндөшү ыктымал.
«Азык-түлүк тартыш учурда аялдар балдарынын, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн курсагын тойгозууга аракеттенип, өздөрү болсо жакшылап тоюнбай, ден соолугун начарлатарын көрсөткөн изилдөөлөр бар», – дейт эксперт.
Архангельская кошумчалагандай, аялдар кош бойлуулук, төрөт, ымыркайды багуу сыяктуу шарттарда климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттеринен көбүрөөк жабыркашат. Ушул учурларда аларга өзгөчө камкордук жана жайлуулук талап кылынат, энергия менен азык-түлүк жеткиликтүү болушу шарт.
Аялдардын аярлуулугун экономикалык теңсиздик ого бетер күчөтө турганын эксперттер белгилешет.
«Адатта аялдарда эркектерге салыштырмалуу экономикалык ресурстары, чогулткан акчасы аз. Мындан улам алардын климаттык жоготуулардан кийин калыбына келиши кыйыныраак, турак-жай шарттарын жакшыртуу же туруктуу айыл чарба тажрыйбалары өңдүү климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу чараларына инвестиция кыла алышпайт», – дейт Акылай Муктарбек кызы.
Анна Архангельская кошумчалагандай, Кыргызстандагы көпчүлүк аялдар үй жумушу менен алек. Табият кырсыктарынан жана алардын кесепеттеринен алар кирешесин жоготот, ошондой эле алган насыясын төлөй албай калуу тобокелдигине кептелишет. Жалгыз бой энелер, үй чарбасын жетектеген аялдар бүтүндөй бир үй-бүлөнүн, анын ичинде өзгөчө кароого муктаж балдардын, карыган ата-энесинин жана туугандарынын бакубаттыгына жооптуу болуп, ого бетер аярлуу абалга туш болушат.
Балдар – өзүнчө маселе. Архангельскаянын айтымында, балдар калыптана элек иммунитетке ээ, алар экстремалдык аба ырайынын таасиринен же булганган чөйрөдөн батыраак ооруга чалдыгышы мүмкүн. Мындан сырткары балдар чоңдордон көз каранды, кризистик кырдаалдарда өздөрүн эптей алышпайт.
«Суу тартыштыгы болгондо балдарда курч мүнөздөгү ичеги-карын оорулары пайда болот. Башкача айтканда, аларда туруктуу гигиеналык көндүмдөр калыптанбайт, себеби суу жетишсиз. Бала ичеги-карын инфекциясына кабылса, аны кароо түйшүгү кайра эле аялдардын мойнуна түшөт», – дейт Анна.
Акылай Муктарбек кызы болсо жаратылыш кырсыктары балдардын окуу процессин үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн экенин белгилейт. Окуучулар сабактарын калтырууга аргасыз болот. Климаттын өзгөрүшүнө аярлуу аймактарда жашаган балдар билим жана көндүмдөрү боюнча өз курдаштарынан артта калышы мүмкүн. А бул алардын ЖОЖго тапшырышына, ишке жайгашуусуна терс таасирин тийгизет.
Ошол эле маалда болочок үчүн божомолдор көңүл жубатарлык эмес. Анна Архангельскаянын айтымында, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу табият кырсыктарынын саны мындан ары көбөйө берет.
Сандар эмне дейт?
Климаттын өзгөрүшүнүн алдында кыргызстандык аялдар менен балдар аярлуу экенин көрсөткөн толук кандуу маалыматтар жок. Изилдөөлөрсүз, дата-маалыматтарсыз чечимдер тууралуу айтууга болбойт.
«Климаттын өзгөрүшү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашырууда гендердик маселелерди эске алуу Кыргызстан үчүн актуалдуу. Ошол эле маалда аялдар жана эркектер үчүн климаттын өзгөрүшүнө аярлуулукту, адаптациялоо маселелерин көрсөткөн маалыматтар өтө аз», — деп айтылат «Климаттын өзгөрүшү жана Баткен облусундагы гендерлик көйгөйлөр» изилдөөсүнүн отчетунда.
Климаттын өзгөрүү шартында гендердик аспектидеги изилдөөлөр менен маалыматтар таңкыс экени КРдин Улуттук деңгээлде аныкталган салымында белгиленет.
Улуттук деңгээлде аныкталган салым — бул глобалдык жылууланууга каршы күрөшүү боюнча Париж макулдашуусунун алкагында ар бир өлкө парник газдарынын чыгышын азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча өз алдынча иштеп чыккан максаттары жана иш-аракеттеринин планы.
Кыргызстан мына ушул документти иштеп чыкканда төмөндөгү көйгөйлөрдү белгилеген: жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча жергиликтүү органдарда аялдардын катышуусу төмөн, климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттери боюнча гендердик анализдин жетишсиз. Бул тобокелдиктерди бөлүштүрүүнү кыйындатат. Жаратылыш жана социалдык ресурстар адилеттүү түрдө жеткиликтүү болбосо, чыр-чатактар чыгышы ыктымал. Улуттук деңгээлде аныкталган салым ушул жана башка көйгөйлөрдү 2030-жылга чейин чечүүнү максаттаган.
Кантип коргосо болот?
Адистердин айтымында, тобокелдиктерди азайтып, калкты, айрыкча аярлуу топторду кырсыктардан коргоо үчүн комплекстүү мамиле керек. Ага мамлекет да, жарандар да катышышы зарыл.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазариповдун айтымында, биринчи кезекте ар бир адам ӨКМ менен куткаруучулардын сунуштарына кулак салышы талап.
«Эгер биз байланышуунун ар кайсы каналдары аркылуу шашылыш билдирүү жарыяласак, адамдар андагы кеңештерге кулак салып, сел, кар көчкү, таш кулоо күтүлүп жаткан кооптуу аймактарга барбашы керек», – деп белгилейт ал.
Экинчиден, Мазариповдун айтымында, ар бир адам жаратылыш кырсыктарына болгон мамилесин өзгөртүп, өзүнүн жоопкерчилигин, өз ролу маанилүү экенин түшүнүшү кажет.
«Мисалы, үйдү сел тобокелдиги бар жерден алыс, коопсуз аймакта курушу керек. Башында үйдү куруп алып, анан мени коргогула деген талап жарабайт. Эң биринчи кезекте адам өзү коопсуздуктун бүт чараларын сакташы керек», – дейт Мазарипов.
Ал белгилегендей, жер-жерлерде тийиштүү кызматтар дайыма иш алып барып, тигил же бул айылдын, райондун же тилкенин тургундарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн жергиликтүү органдарга сунуштарын беришет.
«А мында башкысы – ошол сунуштарга көңүл бөлүп, аткаруу маанилүү», – деп белгиледи ал.
БУУнун Өнүктүрүү программасынын Адамдык өнүгүү тууралуу улуттук доклады үчүн гендердик маселелер боюнча улуттук эксперти Акылай Муктарбек кызынын айтымында, калктын маалымдуулугун жана даярдыгын көтөрүш үчүн климатттык тобокелдиктер жана ыңгайлашуу чаралары тууралуу билимди коомдук борборлор, мектептер жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу таратуу зарыл.
«Андай программаларды иштеп чыкканда жана ишке ашырганда гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алуу маанилүү, себеби маалыматтар менен ресурстар баарына, анын ичинде кыз-келиндерге жеткиликтүү болушу кажет», – дейт ал.
Мындан сырткары туруктуу айыл чарбасы жана айыл жерлерин өнүктүрүү программаларын күчтөндүрүүнүн зарылдыгын адис бегилейт. Бул дыйкандарды өзгөрүлүп жаткан климаттык шарттарга түзүгүрөөк ыңгайлашкан заманбап ыкмаларга үйрөтүүнү, уруктун туруктуу сортторун берүүнү, суугаруу технологияларын камтышы мүмкүн.
Дүйнөлүк банктын жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын эл аралык долбоорлордогу кеңешчиси Анна Архангельская болсо жашоонун туруктуу шарттарын камтыган атайын мамлекеттик программаларды иштеп чыгып, киргизүү зарыл экенин айтат. Ал программа таза суу менен санитариянын жеткиликтүүлүгүн; энергиянын, жылуулуктун таза булактарынын жеткиликтүүлүгүн, тамак-аш жасоонун таза технологияларынын жеткиликтүүлүгүн; ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга даярдануу боюнча агартуучу жана маалыматтык кампанияларды камтышы зарыл.
«Климаттык стратегияларды пландаштырууга, чечим кабыл алууга аялдардын катышуусун көтөрүү керек. Бул аялдардын билим-тажрыйбасын тобокелдиктерди натыйжалуураак башкарууга, туруктуу жамааттарды курууга мүмкүндүк берет», – деп түшүндүрдү ал.
Дагы бир маанилүү жагдай – жер, кредит, билим сыяктуу ресурстар аялдарга жеткиликтүү болушун камсыздоо зарыл. Бул аркылуу алардын ыңгайлашуу жөндөмү бекемделет, жакырчылык жана теңсиздиктин деңгээли азаят.
Акылай Муктарбек кызынын айтымында, жумуш орундарын түзүү боюнча программалар, чакан ишкердикти колдоо чаралары болушу мүмкүн. Чакан кредиттик программаларды, кооперативдерди түзүү аялдардын экономикалык туруктуулугун бекемдөөгө жардам берет.
Мунун баары эмне үчүн маанилүү?
Эксперттердин айткандарын жалпылаштырсак, климаттын өзгөрүшүнө ыйңгайлашуу саясатында гендердик өлчөөнү киргизүү көңүл борборуна чыгып жатат, бирок аны ишке ашыруу жагы аксап келет. Анна Архангельскаянын айтымында, климаттын өзгөрүшүнүн жана табият кырсыктарынын аялдар менен балдарга таасири деген тема Кыргызстанда мындан аркы изилдөөнү, көбүрөөк көңүл бурууну талап кылат.
Ал кошумчалагандай, көйгөйдү так түшүнүп, аярлуу топторду коргоо боюнча натыйжалуу стратегияны иштеп чыгыш үчүн изилдөөлөрдү улантуу маанилүү. Климаттын өзгөрүшү көбүрөөк таасир эткен тармактардагы аялдар менен эркектердин ролун тереңирээк түшүнүү тийиштүү программаларды иштеп чыгууга бекем негиз болуп берет.
«Аялдар климаттык өзгөрүүлөргө көбүрөөк кирептер болорун, бирок алар ошол эле маалда «өзгөрүүлөрдүн агенти» боло алары боюнча ири маалыматтык кампания, пропаганда жүргүзүү зарыл. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдар ресурстарды сарамжалдуу, үнөмдүү колдонууга көбүрөөк ыктайт, андыктан алардын бул сапатын коомдук жыргалчылык үчүн колдонуу керек», – деп эсептейт Анна.
Өз кезегинде Акылай Муктарбек кызы чечимдерди кабыл алуу жана тобокелдиктерди башкаруу процесстеринде аялдардын ролун бекемдөө коомдун жалпы эле туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзө аларын белгилейт.
«Аялдар коомдун пассивдүү мүчөсү, климаттык өзгөрүүлөрдүн “курмандыгы” гана эмес, аларда чоң потенциал бар. Ошону колдонуш керек. Балдардын ден соолугун жана бакубаттыгын коргоо өлкөнүн келечегине инвестиция, себеби алар – кийинки муунду түзүүчүлөр», – деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.