© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстандагы АЭС: пайдасы да, тобокелдиги да чоң

Кыргызстанда атомдук электр станциясын куруу маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Долбоорду ишке ашыруунун пайдасы да, зыяны да бар дешет эксперттер.


«Росатом» Кыргызстандын аймагында аз кубаттуулуктагы атомдук станцияны куруу боюнча долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдаганы май айынын этегинде белгилүү болду. Мурдараак, 2024-жылдын мартында Сочиде өткөн «АТОМЭКСПО-2024» форумунда Кыргызстандын энергетика министринин орун басасы Таалайбек Байгазиев КР аз кубаттуулуктагы атомдук станциянын курулушу тууралуу макулдашууга барарын жана толугу менен “жашыл” электр энергияга өтөрүн билдирген

Анын айтымында, Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана базалык атомдук станцияларды куруу аркылуу ички энергетикалык кубаттуулугун өстүрүүгө багыт алды. 

«Биз муну дароо кура албайбыз. Бирок тармактык инфраструктурабызды эске алуу менен бул кубаттуулуктарды изилдөөгө жана жайгаштырууга багыт алдык», — деп белгиледи Байгазиев.

Кыргызстанда АЭС куруу тууралуу кабар 2022-жылдын январында тарады. Россиянын мамлекеттик корпорациясы болгон «Росатомдун» сайтында Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен аз кубаттуулуктагы атомдук станцияларды куруу жаатында кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлганы айтылган. Кийинчерээк КРнын Энергетика министрлиги мунун баары план экенин, акыркы чечим жалпы элдик талкуудан кийин кабыл алынарын билдирди.  

Ушундан кийин курулуш темасы бир нече жолу көтөрүлүп, бирок өлкө бийлиги так бир маалымат берген жок. Азыр деле долбоор боюнча мөөнөттөр, инвестициянын көлөмү, куруунун шарттары, объектинин болжолдуу аймагы жөнүндө эч нерсе белгисиз. 

CABAR.Asia ресурсуна энергетика министри Таалайбек Ибраев комментарий берип, АЭСти куруу ниети бар экенин, бирок мунун баары «узун сөз» экенин белгиледи. 

«Азыр биз ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын өнүктүрүүгө басым жасап жатабыз. Бирок кээде шамал болбой калат, кээде суу аз болот, ошондуктан бизге альтернатива керек. А атомдук станция аба ырайы кандай болбосун жылына 365 күн, суткасына 24 саат электр энергиясын берет. Болочокто электр энергиясы менен кантип камсыздай турганыбызды азыртан ойлонушубуз керек», — дейт Ибраев.  

Чиновник кошумчалагандай, Кыргызстанда аз кубаттуулуктагы – болжол менен 55 мегаваттык АЭСти куруу каралууда, бирок бул азырынча талкуу этабында. 

«Бул биз үчүн жаңылык, ошол үчүн эртең эле АЭСтин курулушу башталат деген нерсе жок. Калкты даярдап, талкуу жүргүзүшүбүз керек. Коомчулуктун макулдугусуз биз эч нерсе кыла албайбыз», — деп ишендирди министр. 

Калктын пикири

 2023-жылы «Жашыл Кыргызстан» демилгелүү тобу кыргызстандыктардын арасында өлкө аймагында АЭС куруу темасында сурамжылоо өткөргөн. Ага бардык облустан 25-75 жаштагы, ар кандай социалдык макамдагы 3 миңден ашык киши катышты. Жарандарга 28 суроо сунушталган. 

Суралгандардын көпчүлүгү – 89 пайызы АЭСтин курулушун электр энергиясынын тартыштыгы менен байланыштырды. Калк өлкөдө суунун тартыштыгын, ГЭСтер иштеп чыккан энергия бүт республикага жетпей жатканын белгилеген. Ошол эле маалда энергетикалык каатчылык эмнеге байланыштуу болуп жатканын дээрлик эч кимиси айта алган эмес. 

 Сурамжылоого катышкандардын жарымынан көбү – 78,9 пайызы өлкө өз аймагында АЭСти курууга даяр эмес деген пикирин айткан. Негизинен бул атомго байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу үчүн мамлекеттин иш-аракетинен калк бейкабар экенине барып такалат. Ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талкууларда ачыктык жок. 

Респонденттердин 65,9 пайызы эгер чет өлкөлүк адистер тартылса, АЭСти курууга жана иштетүүгө макулдугун бербей турушканын айтышты. Чет элдиктерге ишенимдин жоктугунун себеби – алар станцияны коопсуз иштетүү боюнча бардык тобокелдиктерге баш оорутпайт, курулушу бүтөрү менен кетип калышат. 

Суралгандардын жарымы атамекендик адистерге ишеним артууга даяр. Бирок көпчүлүгү белгилегендей, адистерди пландуу даярдоо жана алардын ишин улантуу боюнча система болгондо, ишеним пайызы жогору болмок. 

Суралгандардын 88,9 пайызы АЭСке кооптуу объект катары мамилесин дүйнөдөгү АЭС аварияларынын кесепети тууралуу терс маалыматтардын көптүгү менен байланыштырды. Мындан сырткары жогорку сейсмикалык активдүүлүк, станцияны экстремисттер колдонушу мүмкүн экендиги боюнча кооптонуулар бар. 

Ошондой эле кыргызстандыктардан “Электр энергиясынын тартыштыгын алдын алуу үчүн атом энергиясын тынч максатта пайдаланууну колдойсузбу?” деп сурашкан. Пикирлер экиге бөлүндү. Бир жагынан атомду ар тараптуу изилдөө ишке ашып, Кыргызстан дүйнөдөгү алдыңкы өлкөгө айланат деген сыймык турса, экинчи жагынан изилдөөнүн өзү тобокелдиктер менен коштолот. Буга каршы чыккандардын саны 53,4 пайызды түздү. 

Сурамжылоого катышкандардын 60 пайыздан ашыгы АЭСти курууга мораторий киргизүүнү колдоду. Бирок жарымынан көбүрөөгү сабаттуу маалыматтык жумуш жүргүзүлсө, пикирин өзгөртүүгө даяр. 

Кемчилиги менен артыкчылыгы

Аналитик Марат Мусуралиев CABAR.asia ресурсуна берген маегинде атомдук электр станциянын көзгө басар артыкчылыгы абага зыяндуу заттар ташталбай турганында дейт. Башкача айтканда, мындай объектилер ГЭС, күн жана шамал станциялары менен катар эле энергетиканын «жашыл чарчысына» кирет. 

«Мындан сырткары аларда коопсуздуктун деңгээли бир топ жогору. Бардык АЭСтерди Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) көзөмөлдөйт. Ал бардык электр станцияларын көзөмөлдөөгө абдан олуттуу мамиле жасайт», — дейт эксперт.

Марат Мусуралиев. Сүрөт жеке архивден

Мусуралиевдин айтымында, АЭСте жүз берген ар бир авариядан кийин агенттик андай кырсыктардын жүз берүү тобокелдигин азайтуучу чараларды иштеп чыгат. АЭСти долбоорлоодон тарта ишке киргизүү, аны чыгарып кетүү жана аймакты рекультивациялоого чейинки өндүрүштүк процесстин баары илимий деңгээлде тыкыр изилденет. 

«Ошол үчүн атомдук электр энергиясынан коркуунун кажети жок. МАГАТЭ анын курулушу жана иштеши боюнча катуу талаптарды коет», — дейт эксперт.  

Ошол эле учурда АЭСтер жылуулукту көп өлчөмдө бөлүп чыгарат. 

«Мисалы, бир энергоблок саатына 55 мегаватт электр энергиясын өндүрөт, ошол эле маалда 190 мегаватт жылуулук энергиясын да берет. Жылуулукту колдонуу жагы татаалыраак», – деп белиглейт Мусуралиев.

АЭСтен ашыкча жылуулук градирня (технологиялык жабдуудан жылуулукту бөлүп алууда колдонулуучу, айланма сууну муздатуу үчүн түзүлүш – ред.) аркылуу абага чыгарса же суу сактагычка өткөрсө болот. Мусуралиевдин айтымында, бул ондогон жылдар бою иштеп-сыналган классикалык ыкма. 

«Ошол эле маалда мөңгүлөрдүн Бишкекке жакындыгын эске алуу менен АЭСтен жылуулуктун бөлүнүп чыгышы – мөңгүлөрдүн бүлүнүшүн шарттаган тобокелдиктердин бири болуп калат», — деп эсептейт эксперт. 

Кыргызстандагы АЭСтин ыктымалдуу куруучусу болгон «Росатом» компаниясына келсек, эксперт мында да артыкчылык жана кемчиликтер бар экенин белгилейт. Анын айтымында, «Росатом» – АЭСти өндүрүү боюнча дүйнөдөгү ири компания, жаңы ядердик энергоблоктордун дүйнөлүк рыногунун 60 пайызга чейинкисин көзөмөлдөйт.  

«Аймагына АЭС курулуп жаткан мамлекет аскердик бөлүк жана абага каршы коргонуу системасы түрүндө станциянын физикалык коопсуздугун камсыздап бериши керек. Муну Кыргызстан жасай алат. Анын үстүнө  “Росатом” АЭС курууну пландап жаткан өлкөнүн мыйзамдарын тодуктап иштеп чыгат. Ошентип, бардык мыйзамдар менен нормативдик-укуктук актылар МАГАТЭ кабылдай турган деңгээлге жеткирилет», — дейт Мусуралиев. 

Ошол эле маалда аналитик бул маселедеги бир катар саясий тобокелдиктерди белгилейт. Анын айтымында, Кыргызстан ансыз да Россиядан өтө көз каранды: күйүүчү майдын 90 пайызы ошол жактан ташылат, Кыргызстанда тигилген кийим-кеченин басымдуу бөлүгү Россияга экспорттолот, кыргызстандык эмгек мигранттарынын 90 пайызы ошол жакта иштейт жана жылына мекенине 2,5 миллиард доллар которот. 

«Ошого кошул-ташыл болуп өлкө Россиядан ого бетер көз каранды болуу тобокелдигине барып жатат, тизмеге жылуулук жана электр энергетикасы кошулат. Бул Батыштын кошумча санкциясына кошулууга чейинки тобокелдиктерди күчөтөт», – дейт Мусуралиев.

Санкциялар АЭС долбоорунан улам болбойт, мында эч бир мыйзам бузуу жок деп тастыктоо киргизди эксперт. Мааниси – айрым компаниялар Кыргызстандын Россиядан экономикалык көз карандылыгынан пайдаланып, өз кызыкчылыктарын ишке ашырышы мүмкүн. 

«Башкача айтканда, алар Россиянын Украинага басып киришинен улам Батыштын РФке карата санкцияларын кыйгап өтүп, Кыргызстан аркылуу түрдүү операцияларды жүргүзүү аракетин көрүшү ыктымал», — деп түшүндүрдү ал.

Энергетика жаатындагы көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев болсо Кыргызстанда АЭСтин курулушуна терс жана пессимисттик көз карашта. 

«Кыргызстан суу артерияларынын ири энергетикалык ресурсуна ээ. Тагыраагы, 140-160 миң мегаватт. Ошондуктан мен гидроэнергетиканы өнүктүрүүнү сунуштайм, себеби ал электр энергиясын иштеп чыгуунун экологиялык, коопсуз жана арзан түрү», — дейт ал. 

Умбеталиев белгилегендей, АЭСти курууда жана иштетүүдө уран колдонулат. Демек, уранды казып, кайра иштеп чыгыш керек. Андан ары ядердик чыгындыларды утилизациялоо маселеси жаралат. 

«Кошуна өлкөлөр аларды кабыл алуудан баш тартат. Демек, бизде көмүлүшү керек же башка жакка ташып кетүү зарыл, бирок акыркысы кымбатка түшөт. Анан да соңку жылдары жер титирөөнүн жыштыгы жана амплитудасы күчөдү, муну АЭСти курууда эске албай койгонго болбойт», — дейт Умбеталиев. 

Владимир Гребнев. Сүрөт жеке архивден

Бул пикирди эколог Владимир Гребнев макул көрөт. Анын айтымында, жалпысынан алганда атомдук энергетика эң таза, энергетикалык көйгөйлөрдү чечүүдөгү позитивдүү тренд болуп саналат. 

«Бирок атомдук энергетиканын чыгындылар жана технологиялык процесстин бузулушундагы жогорку коркунуч сыяктуу терс жагы да бар. Аймактын сейсмикалык активдүүлүгүн жана калктын жыш жайгашканын  эске алганда, биздин өлкө үчүн кошумча тобокелдиктер жаралат», – дейт эксперт. 

Аналитик Марат Мусуралиев белгилегендей, «Росатом» пайдаланылган ядердик отунду кайра иштеп чыгуунун түрдүү технологияларын өз аймагында киргизген. 

«Андыктан алар пайдаланылган ядердик отунду Россияга алып чыгып кетип, ал жактан кайра иштетиши ыктымал, себеби Кыргызстанда андай ишканалар жок», — дейт ал. 

Дагы бир маанилүү маселе – бул адистердин жоктугу дейт эколог Владимир Гребнев. 

«Кыргызстанда эле эмес, жалпы эле Борбор Азияда азыркы убакта атомдук электр станциясын куруп, иштете ала турган адамдар жок. Демек, узак мөөнөттүү келечекке карап, АЭСти куруунун бардык кемчиликтери менен артыкчылыктарын таразалап, чечим кабыл алууда таяна турган адистер жок», – деп кошумчалады эколог. 

Аналитик Марат Мусуралиев АЭС өтө олуттуу объект экенин, жумушка кесипкөй эместерди тартууга болбой турганын белгилейт. Анын айтымында, атомдук электр станциясын тургузуу узак мөөнөттүү иш, биринчи блогу эле 8 жылда курулат, калган жумуштар да убакытты алат. 

«Андыктан адистерди даярдоо курулуш башталганга чейин алдын ала жүргүзүлүшү кажет. Алсак, Өзбекстан Ташкентте “МИФИ” Улуттук ядердик изилдөөчү университетинин филиалын ачты. Ал жакта болочоктогу АЭС үчүн студенттер окутулууда. АЭСти “Росатом” Жизакта куруп жатат. Бизде да ушундай эле кадамга барса болот», – дейт аналитик. 

АЭСти курууда дагы башка чараларды көрүш керектигин эксперттер белгилешет. Марат Мусуралиевдин пикиринде, калктын азыркы күнгө карата так жан актуалдуу пикирин билүү биринчи кезекте турат. 

«Элдин ою АЭСке карата оң болмоюн, мындай долбоорлор ишке ашпайт», — дейт ал. 

Экинчиден, болочоктогу атомдук энергоблоктордун таасир этүү деңгээлин баалаш үчүн айлана-чөйрөгө таасирин жок дегенде алдын ала изилдеп чыгыш керек. 

Үчүнчүдөн, ядердик технологиялар – бул энергетика гана эмес, бул дагы башка бир топ тармактар. Ага медицина, анын ичинде диагностика менен радиодарылоо; азык-түлүктөгү зыянкечтерди жок кылуу үчүн нурлантуу аркылуу иштеп чыгуу (бул түшүмдүн көп бөлүгүн сактап калууга, азык-түлүктүн сактоо мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берет); геология – бөлүнүүчү изотоптор кендерди издөө жана чалгындоодо колдонулат ж.б. кирет. 

«Жумуш чындыгында өтө көп. Мунун баары тыкыр жана салмактуу ойлонулушу кажет, ошондон кийин гана акыркы чечим кабыл алынышы кажет», — дейт эксперт. 

Эколог Владимир Гребнев болсо курулуш үчүн калктуу конуштардан эң эле алыс жана сейсмикалык таасирге азыраак кирептер болгон платформаны издеш керектигин айтат. Мындан сырткары жылулук алмашуу жана атомдук реакторлорду муздатуу үчүн суу керек, суу артерияларынын чек аралык структурасын эске алганда, кандай гана авария болбосун, чек аралык таасирге ээ болорун белгилейт. 

«Анча чоң эмес кубаттуулуктагы кичи реакторлорду куруу – чындыкка жакын, бирок ири курулуш – биз үчүн жакшы чечим эмес», — деп сөзүн жыйынтыктады Гребнев.  

Башкы сүрөт: Freepik

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: