© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Go Viral фестивалы Караколдо биринчи жолу өтөт

21-июнда Караколдо алгач жолу Go Viral фестивалы өтөт. Ал АКШнын Бишкектеги Элчилигинин колдоосунда уюштурулууда. Иш чара медиа, бизнес, маданият жана технология жаатындагы эксперттер менен активисттердин башын бириктирет. Кенен программа шилтемеде. 

Фестивалда иш чаранын уюштуруучулары креативдүү индустрияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Идеялар, ошондой эле бизнес жана маданий инновациялар менен алмашууга аянтча түзүлөт. 

Go Viral чогулткан спикерлер менен эксперттер төрт тармактын призмасы аркылуу туруктуу туризмди өнүктүрүү жана илгерилетүү маселелерин талкуулашат. Караколдун ишкерлери креативдүү бизнести жүргүзүү боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Катышуучулар Сабина Темиралиева менен биргеликте бизнести, жеке брендди социалдык тармактарда илгерилетүүнүн заманбап стратегиялары тууралуу маалымат алышат. НАСАнын мурдагы окумуштуусу, Arusha Space LLC компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору, доктор Камилла Уордроп Аллейн менен бирге шыктандыруучу сессияга сүңгүшөт. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен “галстуксуз” баарлашышат. 

Баарыңыздарды ушул уникалдуу иш чарага катышып, идея-тажрыйбаңыздар менен бөлүшүүгө чакырабыз! 

Күнү жана убактысы: 21-июнь, саат 13:00 

Өтүүчү жайы: Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Тыныстанов көчөсү 32, Каракол, Кыргызстан. 

Go Viral Festival & Network — бул жыл сайын өтүүчү аймактык фестиваль жана Борбор Азия өлкөлөрүндө медиа, бизнес, маданият, технология тармактарынын өкүлдөрүнүн нетворкингин жана жамаатын түзүү үчүн аянтча. Долбоор АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланууда жана АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Дипломатиялык миссиялары тарабынан колдоого алынган. 

2021-жылдын октябрынан тарта долбоорду Борбор Азиядагы Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) ишке ашырууда.

Байланыш үчүн маалымат: 

Аты-жөнү: Хуршида Расохан

Телефону: +996 777 556646

Электрондук дареги: khurshidabanu@iwpr.net

Go Viral долбоорунун расмий веб-сайты: www.goviral.kz

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: