Кыргызстандын бийлиги уранды казууга киргизилген мораторийди алып салууну көздөөдө. Чектөө 2019-жылы Кызыл-Омпол кенинин айланасындагы чатактан улам киргизилген эле.
Мыйзам долбоорун демилгелеп чыккан Жаратылыш ресурстары министрлиги муну кирешенин башка булактарына муктаждык менен негиздеди. Пайдалуу кендерди, анын ичинде уранды казып, экспорт кылуу мерчемделүүдө. Мекемеден ишендиришкендей, эгерде мораторий алына турган болсо, уран менен торийди казуу боюнча катаал экологиялык нормалар жана стандарттар иштелип чыгат. Мамлекеттик орган кен казуунун айлана-чөйрөгө жана калктын саламаттыгына таасирин тынымсыз байкоого алат.
Совет доорунда Кыргызстандын аймагында уранды казуу өлкө экологиясына олуттуу зыянын тийгизди. Республикада уулуу жана радиоактивдүү заттар көмүлгөн 92 калдык сактоочу жай азырга чейин бар. Алардын 36сы түштүктөгү Майлуу-Суу шаарында. Туюккаптардын төрттөн биринде урандын элементтери бар, калганында болсо радиоактивдүү тоотектердин калдыктары, оор металлдар жана цианиддер камтылган.
Эң эле коркунучтуусу – радиация менен жер көчкүлөр. Жер көчкү жүрсө, уулуу заттар жергиликтүү сууларды гана эмес, кошуна Өзбекстан менен Тажикстанды да кулачына алышы ыктымал.
2019-жылдын жазында ондогон жарандар Бишкектеги парламент имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенин казуу иштерин токтотууну талап кылышкан. Ушундан бир аз мурдараак «UrAsia in Kyrgyzstan» («Кыргызстандагы ЮрАзия») компаниясы лицензия алып, геологиялык чалгындоо жумуштарын баштаганы белгилүү болду.
Каршылык акциялары Ысык-Көл облусунда жана борбор калаада өттү. Орто-Токой суу сактагычы менен Ысык-Көл көлүнө жакын жайгашкан кендерди казуу айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн деп тынчызданып турду көпчүлүк. Жыйынтыгында
парламент Кыргызстандын аймагында уранды казууга тыюу салган токтомду кабыл алган.
Бирок арадан беш жыл өткөндө, 2024-жылдын 19-февралында президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын жана Нарындагы Кочкор районунун тургундары менен жолугушууда уранды казуу маселесин көтөрдү. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу менен өлкө экономикалык жактан чоң пайда көрөт.
«Экинчи Кумтөр ачылды десек болот. Ал жерде [ Кызыл-Омпол кенинде]10 чакты кен бар. Бир эле кенден 2 миллиард доллардан ашык таза киреше алабыз. «Кумтөр» былтыр 300 миллион доллардан ашык таза киреше берип, 30 миллиард сомго жакын (335,1 млн доллар) салык төлөдү. Бул кен да иштеп кетсе пайдасы элге, мамлекетке тиет», – деп билдирди Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.
Уранды казууга тыюуну алып салуу аракети Россия менен Кыргызстан аз кубаттуулуктагы атомдук станцияны куруу боюнча кызматташмай болду деген маалыматтар тарап жаткан чакта ишке ашууда. Кызыл-Омполду түздөн-түз мамлекет өзү казат деп айтылып жатат.
Президенттин администрациясынын маалыматында, Кызыл-Омпол кенинде 14,7 млн тонна руда бар: анын 95%ы титаномагнетит, 3% – фосфор, 2% – цирконий, 0,22% – торий жана 0,17% – уран.
Кирешелүү ишканабы?
Тоо-металлургия кесиптик кошуунунун төрагасынын орун басары Алмазбек Жакыповдун пикиринде, баалуулугу бар кендердин бардыгы иштетилиши керек.
«Баарында эле уранды казуу боюнча терс пикир жаралууда. Экология тууралуу айтсак, ал кайра калыбына келүү касиетине ээ. Негизи кендерди иштетип, андан пайда алуу – эстүү чечим, а отуруп алып, кимдир бирөөдөн акча, кредит суроо – жакшы эмес», – деп эсептейт ал.
Экономист Марат Мусуралиев да экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу сакталса, чөлкөмдүн экологиясына эч кандай коркунуч болбойт деп белгилейт.
«Сырье жер бетине абдан жакын жайгашкан. Мындан сырткары чаң менен топурактын жайылышын кыскартууга мүмкүндүк берген технологиялар бар. Эгер шарттар аткарылса, анда коркунуч жок», – дейт ал.
Бирок Мусуралиевдин айтымында, уранды казуу экономикалык абалга анчейин деле таасир эте албайт.
«Бул кен деле эмес да. Бардык ресурстар үстүдө жайгашкан, а жанында темир жолу бар. Жалпысынан сырьену казуу экономикага таасир этпейт жана болгону 500 жумушчу орунун түзөт», – дейт экономист.
Ал кошумчалагандай, уранды казуудан тарта аны байытуу жана АЭС үчүн отун өндүрүүгө чейинки өндүрүш циклин жолго салса гана пайда көрсө болот. Ушундай учурда көп сандаган жумушчу орундар, жогорку рентабилдүүлүк тууралуу айтууга болот. Ансыз Кыргызстандын жер астында жаткан ураны атомдук электр станцияларына туура келбейт.
«Миңдеген тоннанын ичинен энергия бере турчу 1 килограмм уранды иштеп чыгыш үчүн байытуунун үч этабынан өтүш керек. Бирок мындай технология өлкөдө азырынча жок», – дейт Кыргызстандын Тоо-металлургия кошуунун төрагасынын орун басары Алмазбек Жакыпов.
Ал кошумчалагандай, мурда Кара-Балтада ташылып келинген сырьенун негизинде тоотек комбинаты иштеген, анда уранды байытуу боюнча уникалдуу технология колдонулган.
«Ушул тапта жумуш токтотулуп турат, бирок завод каалаган убакта ишке түшүп, миңдеген жумуш ордун түзө алат. Маселе башкада – биздин коомубуздун ашыкча саясатташканында. Баары эле «уран – бул акыр заман» деп ойлошот. Чындап келсе, биз ошол кендердин үстүндө басып жүрөбүз. Тонна сырьедон биз урандын 100 грамм бөлүгүн алабыз, мына ошол коркунуч жаратат. Кара-Балтада иштеп чыгуунун биринчи этабы гана өтүп, кийин ал Казакстанда жана Россияда байытылчу», – дейт Жакыпов.
Же экология, же экономика
Бирок экологдор Кызыл-Омпол кенин иштетүү Ысык-Көлдүн биосфералык корук аймагы үчүн коркунучтуу дешет.
«Кенди иштетүү ЮНЕСКОнун эгидасында турган биосфералык аймактын бузулушуна алып келери талашсыз. Кезинде ал жак биосфералык аймак болсун деп аябай чуркадык, эми кайра өзүбүзгө каршы чыгып, кенди казууну көздөп жатабыз», – дейт эколог Калия Молдогазиева.
Анын пикиринде, бүгүнкү күн эле эмес, келечек муун үчүн да уникалдуу экосистеманы жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калуу керек.
«Биз экономикабызды туруктуу өнүгүүгө багытталгандай кылып өнүктүрүшүбүз керек. Бизде Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук стратегия кабыл алынган. Анда табиятты сактоочу тармактардын баарын өнүктүрүү кажет деп жазылган. Эгер биз кыска кызыкчылыктарга жетеленсек, уникалдуу аймагыбызды жоготуп алышыбыз мүмкүн», – дейт эксперт.
Анын айтымында, өлкөдө туюккаптар ондоп саналган чакта радиоактивдүү элементтерди казууга мораторийди жокко чыгаруу акылга сыйбайт.
Ал кошумчалагандай, кенди казуудан киреше түшкөн менен, ал жерди рекультивациялоодо экономикалык жоготуулар чоң болушу мүмкүн.
«Долбоордун демилгечилери эч кандай сандарды келтирген жок. Алар кенди иштетүүдөн түшкөн киреше 2 млрд долларды түзөт деп жатышат, бирок канча каражат кенди рекультивациялоого кетерин эч ким айткан жок. Ар бир иштетүүдөн кийин рекультивация керек, айрым учурда түшкөн пайдага караганда бир топ көп каражат талап кылынат, а бул экономикалык жоготуу болот. Азыркы учурда техникалык-экономикалык негиздеме, айлана-чөйрөгө таасирин баалоо жок, так сандар да жок», – дейт ал.