Батышта 90-жылдардын аягында zero waste багыты өнүгө баштады. Анын башкы максаты — таштандынын көлөмүн азайтуу. Кыймыл беш негизги принципке таянат: азык-түлүктү керектөөнү кыскартуу, жаратылышка зыян келтирүүчү азык-түлүктөн баш тартуу, колдонулбай калган буюмдарга жаңы жашоо берүү, мүмкүнчүлүккө жараша буюмдарды кайра колдонуу жана органикалык калдыктарды керекке жаратуу.
Арадан 20 жыл өткөн менен, бул кыймылдын принциптери экологиялык жашоо образын алып баруу үчүн колдонмо болуп бере алат. Кыргызстанда экологиялык жашоо образы эми гана жайыла баштады. Жаштар арасында жашыл экономика үчүн күрөшкөн «Greenegy» багыты акырындык менен киргизилип жатат. Экологиялык жашоо образын кантип алып барса болот? Кайсы принциптерди жана эмне үчүн кармануу керек? Бул жагдайларды карточкалар аркылуу түшүндүрүүгө аракет кылабыз.
Кыш мезгили келери менен Кыргызстанда абанын сапаты кескин түрдө начарлай баштайт. IQAir сервисинин маалыматына ылайык, 17-декабрга карата Бишкектеги абанын сапатынын индекси 199 AQIнү түзөт. Бул жакшы эмес. Абанын булганышынын себептеринин бири – транспорттук каражаттардан чыккан түтүн. Атмосферага жайылган зыяндуу заттардын жалпы көлөмүнүн 70-80%ын автоунаалардан чыккан түтүндүн үлүшү түзөт.
Аба ырайы мүмкүнчүлүк берсе, велосипед же самокат тебүү аркылуу зыяндуу заттардын абага таралышын азайтууга болот. Муну менен сиз экологияга келтирилип жаткан зыянды гана кыскартпай, ден соолугуңузду да бекемдей аласыз. А эгер сиз автосүйүүчүлөрдүн катарын толуктасыңыз, анда электромобилге же коомдук транспортко өтүү мыкты чечим болот.
Тилекке каршы, Кыргызстанда электрокарлар азырынча популярдуу эмес, мындай унаалардын саны өтө аз. Аны менен катар эле өлкө автопаркынын көпчүлүк бөлүгүн эски унаалар түзөт.
Абанын булганышы:себептери жана кесепеттери жөнүндө эмнени билесиз? Тесттен өтүңүз
Таштандыны иргеп, аны материалына жараша ыргытуу менен сиз абага тараган зыяндуу заттардын кыскарышына салым кошо аласыз. Аны менен бирге дүйнөдөгү эң чоң экологиялык көйгөйлөрдүн бири – климаттын өзгөрүшүн болтурбоого салым кошосуз.
Европада жана башка өнүккөн өлкөлөрдө экологияны сактоо үчүн таштандыларды өзүнчө чогултуу практикасы көптөн бери колдонулат. Статистикага таянсак, желим бөтөлкө чирип жоголушу үчүн 180-200 жыл, алюминий буюмдар үчүн 500 жыл, ал эми айнектен жасалган буюмдар үчүн 1000 жыл керектелет.
Дүйнөлүк бул көйгөйдү чечүү үчүн пластик, айнек, металл, тиричилик таштандыларын жана кагазды бөлүп чогултушат. Андан кийин бул нерселер кайра иштетилип, башка бир пайдалуу буюм катары кызмат кылат.
Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүү маселеси 2018-жылдан бери көтөрүлүп келет, бирок азыркы күнгө чейин чыгындылар үчүн өз-өзүнчө урналарды айрым гана жерлерден көрүүгө болот. 2019-жылы кыргызстандык эки кыз – Айнура Сагын жана Аймээрим Турсуналиева демилге көтөрүп чыгышты. Алар Tazar тиркемесин ишке киргизишти, анын башкы максаты таштанды талаасына ташталуучу калдыктарды азайтуу болуп саналат. Тиркеменин жардамында борбордун жашоочулары Бишкектин картасынан иргелген таштандыларды тапшырса боло турган жерлерди таба алышат. Ошондой эле пластик, айнек бөтөлкөлөрдү, алюминий банкаларды, полиэтилен жана башка нерселерди кабыл алуу жайларын биле алышат.
Дагы окуңуз: Экология боюнча кеңири тараган беш миф (шилтеме)
Пластиктен жасалган бир колдонулуучу бөтөлкөлөрдү пайдалануу экологияга зыянын тийгизет. Себеби анын чирип жок болушуна өтө көп убакыт керек. Иштеп чыгуу технологиясына карап, желим бөтөлкө 400 жылдан 700 жылга чейин жок болбой жүрө берет.
Пластик бөтөлкөнүн ордуна термос же спорттук бөтөлкөнү пайдаланыңыз, ал сиздин дайыма колдонуучу буюмуңузга айланат.
Пластик бөтөлкөнү кайрадан колдонсо болот, бирок анын касиеттерин карап чыгыш керек. Мисалы, «1» маркировкасы бар бөтөлкөнү (PET же PETE) бир жолу гана колдонуу сунушталат. Себеби ал көп убакыт күндө турса же ага кычкылтек кирген учурда уулуу заттар бөлүнүп чыгат.
Эң коопсуз деп 2,4 жана 5 (PP) маркировкалуу бөтөлкөлөр эсептелет. 5 белгиси бар желим бөтөлкө полипропиленден жасалып, аны кайра колдонсо болот. Адатта мындай стандарттагы пластиктен тамак-аш үчүн контейнер жана көп ирет колдонулуучу бөтөлкөлөрдү жасашат.
Полиэтилен баштыктардын зыяны пластиктен кем калышпайт. Полиэтилен баштыктардын чирип жок болуу мөөнөтү — 5 жылдан 15 жылга чейин. Бирок полиэтилен сууга ташталса, анда анын чирип жок болуу убактысы узарып, туруктуу булганууга шарт түзөт.
Орто эсепте желим баштыкты колдонуу убактысы 12 мүнөттү түзөт. Таштанды урнасына түшкөндөн кийин полиэтилен микропластикага бөлүнүп, химиялык жана физикалык ууланууга алып келиши мүмкүн. Анын бөлүктөрүн жаныбарлар жеп алышы ыктымал. Полиэтилен адамдарга да коркунучтуу, ал организмден чыкпай турган диоксин деген зыяндуу затты бөлүп чыгарат.
Бул маселени чечүү үчүн полиэтиленден баш тартып, көп ирет колдонулуучу, кездемеден жасалган экобаштыктарга өтүү зарыл.
Суу, жылуулук жана электр энергиясы сыяктуу жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу керек. Болбосо, бул дүйнөлүк деңгээлдеги экологиялык көйгөйлөргө, ага улай эле ресурстардын тартыштыгына жана тарифтердин жогорулашына алып келиши мүмкүн.
Мисалы, электр энергиясын сарамжалсыз пайдаланганыбыз үчүн көмүр, газ, мунайды керектөө өсүп жатат. Алардан чыккан заттар кара түтүндүн пайда болушуна алып келет. Күйүүчү май жагылып, токой аянттары кыскарганда атмосферадагы парник газынын концентрациясы көбөйүп, табигый тең салмактуулук бузулат. Мунун баары климаттын жалпы өзгөрүшүнө алып келет.
Сиз төмөндөгү жөнөкөй эрежелерди кармануу менен жаратылыш ресурстарын сактоого жардам бере аласыз:
- керек эмес учурда жарыкты өчүрүү;
- электр разеткаларын максатсыз пайдаланбоо;
- күтүү режиминде турган каражаттарды өчүрүү. Мисалы, телевизор сыяктуу күтүү режиминде турган каражаттар 3төн 10 Втка чейин электр энергиясын керектейт. Бир жылда мындай каражаттар 300-400 КВт/с энергияны сарптап коёт ;
- кадимки лампочкаларды светодиоддук түрүнө алмаштыруу. Мындай лапмочкалардын кызмат кылуу мөөнөтү 5 эсе жогору, керектөөсү болсо төмөн. Светодиоддук лампочка сизге кызмат кылган аралыкта чыгымын 10 эсе актайт;
- тиш тазалап же жуунуп жатканда, зарылчылык болбосо сууну өчүрүңүз. Статистикага ылайык, сууну өчүрбөстөн тиш жууганда аптасына 17 литрге чейинки суу ысырап болот;
- суу үчүн эсептегич орнотуу – бул сиздин сууга кеткен чыгымыңызды кыскартат жана сууну үнөмдүү пайдаланууга үйрөтөт;
- чоюн радиторлорду алюминийден жасалганына алмаштырыңыз, себеби алюминий радиторлордун жылуулук бериши эки эсе жогору;
- жогорку класстагы энергоэффективдүү техникаларды сатып алуу – эң жогорку деп А++ саналат.
Курамында щелоч жана парабендер бар тиричилик химиясын колдонуу экологиялык жактан гана зыян эмес, алар адамдын ден соолугуна да терс таасирин тийгизет. Алсак, дүкөндө сатылган кир жана идиш жуучу каражаттардын 90%ынын курамында фосфат, хлор жана башка чирибей турган химиялык кошулмалар бар. Ал адамдын ден соолугуна зыянын тийгизет: териде же мурундун былжыр челинде аллергиялык реакцияны пайда кылышы мүмкүн
Фосфаттар табият үчүн андан да кооптуу – канализация аркылуу суу көлмөлөрүнө кошулса, алар көлмөлөрдү сазга айлантат.
Чечим – үй тиричилигинде экологиялык жана табигый каражаттарды колдонуу керек:
- абаны тазалап, уулуу заттарды сиңирип алчу үй өсүмдүктөрүн отургузуу;
- меламин, алюминий, тефлон, полистирол PS (6), ПВХдан жасалган идиштерди колдонбоо;
- табигый материалдардан – жыгач, керамика, айнек жана чоюндан жасалган идиштерди колдонуу.
Жыл сайын дүйнөдө 80 миллиард кийим-кече чыгарылат, алардын төрттөн бири кайра иштетүүгө жатат. Ошол эле учурда тигүү өндүрүшү табиятты булгаган ТОП -3 булактын катарында. Чечим – кийимдерди акыл менен керектөө керек.
Сиз эски буюмдарга жаңы жашоо бере аласыз. Муну менен таштандынын көлөмү кыскарат. Эски кийимди, мисалы, комиссиялык бөлүмдөргө тапшырып же муктаждарга берсе болот.
Бүгүнкү күндө дүйнөлүк кийим бренддери ушул принциптерди карманууга аракет кылып жатышат. Мисалы, H&M бренди сатып алуучулар атайын жайга таштап кеткен эски кийимдерден топтом чыгарды. Компания кийим тапшырган кардарларга 15% арзандатуу берет.
Экоүйлөр экологиялык коопсуздуктун бардык принциптерин сактоо менен курулат, аларда энергиянын сырткы булактары колдонулбайт. Экоүйлөр курчаган чөйрө үчүн терс таасирин тийгизбейт, жашоо үчүн ыңгайлуу. Мындай турак-жайлардын курулушу үчүн табигый материалдар: жыгач, бетон, таш, металл,айнек колдонулат. Экоүйлөрдө адатта жылуулук кармоо, жылытуу, вентиляция жана жарыктандыруу системалары башкача болот, анын ичинде айнектин да башка түрү пайдаланылат.
Экоүйлөрдү куруп жатканда эске ала турчу бир катар принциптер бар:
- Жылуулукту кармап туруш үчүн экологиялык жылуулук кармоочу каражаттар колдонулат: минералдык кебез жана башка табигый ресурстар. Мындан сырткары экоүйдү жылытуу үчүн төмөндөгүлөрдү колдонсо болот:
- «жылуу пол» системасы,
- фотоэлектрдик күн панелдери, алар күндүн энергиясын электр энергиясына айландырат,
- шамал генераторлору, чарба муктаждыктары үчүн шамал энергиясы колдонулат.
- Терезе үчүн ажыратылган жерлерге жылуулукту сактоочу айнек системалары жана ПВХ рамалары колдонулат. Мындай система жылуулукту кармайт.
- Вентиляция системасы үйдүн ичиндеги жылуулук алмашуусун сактоо механизмин эске алат.
- Жылытуу үчүн жер астындагы жылуулук насостору колдонулат.
- Жылуулук жана ысык суу үчүн табигый ресурстар: күн, шамал жана башкалар пайдаланылат.
- Муздак сууну алыш үчүн кудуктар жана булактар колдонулат.
Дагы окуңуз: Кыргызстандын шартында көмүрдөн баш тартса болобу? (шилтеме)
Табигый жарык электр энергиясына кеткен чыгымды бир топ эле төмөндөтөт, табият ресурстарын сактоого салым кошот. Үйдө же кеңседе андай жарыкты уюштуруу үчүн төмөндөгүлөрдү колдонсо болот:
- жылуулукту сактоочу айнек системалары – бул үч катар айнек, инерттүү газы бар айнек пакеттери, жылуулук чыгаруусу төмөн болгон материалдар болушу ыктымал;
- айнекке тагылган полимердүү пленкалар, алар инфракызыл нурду чагылдырат;
- бөлмө арасындагы айнек тосмолор, алар бир эле учурда жарыкты да өткөрөт, тосмо катары да кызмат кылат;
- мүмкүн болсо түштүк жактагы дубалды тунук материалга алмаштыруу керек.
Бирок электр энергиясын жана жарыкты үнөмдөөнүн эң эле жөнөкөй эрежеси – терезе пардаларын ачуу. Табигый жарык үйгө кирип, жарык менен жылуулуктун табигый булагы катары кызмат кылышы керек. Статистикага ылайык, табигый жарыкты эффективдүү пайдалануу электр энергиясын керектөөнү 50-80%га чейин кыскарта алат.
Ишембилик жана экологиялык акцияларга катышуу менен сиз шаарды таштандыдан, абаны уулуу заттардан тазалоого салым кошосуз.
Кыргызстан 2017-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө катышып келет. Аны «Let’sDoItWorld» эл аралык уюмунун өкүлү – «Эко Деми» фонду уюштуруп келет.
Быйыл республика 190 өлкөнүн ичинен биринчи орунду алды. Кыргызстандыктардын 9,2%ы (530 миң) акцияга катышты. Ал күнү 3 миң тонна таштанды чогултулуп, анын 89 тоннасы кайра иштетүүгө жиберилди.
Бул макала Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Бейпилдикти жана бейкуттукту чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү»долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Басылманын мазмуну IWPR же Улуу БританияѲкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.