Кыргызстанда жашыл туризмди өнүктүрүү үчүн комплекстүү чаралар керек дешет эксперттер. Анын ичинде таштандыны кайра иштетүүнү жөндөгөн система менен институттарга, жарандык коом менен иштей турчу байкоо уюмдарына муктаждык бар.
БУУнун Башкы Ассамблеясы 2027-жылды Туруктуу туризмдин эл аралык жылы деп ушул жылдын башында жарыялады. Резолюция Уюмдун мүчөлөрүн туруктуу туризмди өнүктүрүүгө иштиктүү чараларды жана экологиялык туризм жаатында демилгелерди кабыл алууга милдеттендирди. Бул демилге Кыргызстанга да тиешелүү.
Республикада туризм – артыкчылыктуу багыттардын бири. Жашыл күн тартибинен артта калбай, өлкө бийлиги өткөн жылы нормативдик-укуктук актыларга бир топ өзгөртүүлөрдү киргизди. Тагыраак айтканда, «Туризм жөнүндө» мыйзамына «туруктуу туризм» деген түшүнүк киргизилди. Ошондой эле Жашыл экономика концепциясы кабыл алуу баскычында турат. Анда жакынкы келечекте жашыл туризм кайда багыт алары боюнча да айтылат. Азырынча документ ачык булактарда жеткиликсиз.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына кайрылсак, акыркы 5 жылда туристтердин саны өскөнү байкалат. 2023-жылы эс алгандардын саны 2,8 млн кишини түзгөн, бул 2022-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп. Көрсөтүлгөн туристтик кызматтардын басымдуусу Ысык-Көл облусуна туура келген. Мында 1639 эс алуу жана туризм уюму, анын ичинде конок үйлөрү туристтерди кабыл алып, тейлеген.
Кыргызстанга негизинен КМШ өлкөлөрүнөн туристтер келишет, башка өлкөлөрдүн жарандары азыраак үлүштү ээлейт. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, былтыр 8,7 миллион чет элдик турист Кыргызстандын чек арасынан өткөн, алар негизинен Өзбекстандын, Казакстандын жана Россиянын жарандары.
Мыйзам эмне дейт?
Кыргызстандын туризм тармагы «Туризм жөнүндө» мыйзамы менен жөндөлөт. Документте айлана-чөйрөнүн сакталышына жоопкерчилик туристтик ишмердүүлүктүн субъектилерине жүктөлгөн.
«Журналисттердин бирлиги» коомдук уюму белгилегендей, мыйзамда туруктуу туризмди өнүктүрүү багыты жок.
«Туристтик ишмердүүлүктүн субъектилеринин укуктары жана милдеттери» деген 5-беренеде да, «Туристтин укуктары жана милдеттери» деген 6-беренеде да туруктуу/экологиялык туризмдин нормаларынын жана принциптеринин сакталышын камсыздаган базалык талаптардын тизмеси жок. Бул жаатта «курчаган табигый чөйрөгө, тарыхый жана маданий эстеликтерге, сыйынчу жерлерге жана өзгөчө коргоодогу объектилерге этият мамиле кылуу» деген пункт баштапкы гана талап болуп саналат», – деп белгиленет баяндамада.
«Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, экологиялык укук бузууларга жол бергени үчүн физикалык жана юридикалык жактар дисциплинардык, административдик, кылмыш жана жарандык-укуктук жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Келтирилген зыяндын суммасы Кыргыз Республикасындагы айлана-чөйрөнү булгоо үчүн төлөмдү аныктоо методикасына ылайык эсептелет. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылы флора жана фаунаны коргоо жаатында 4,6 млн сомдук 300 бузуу аныкталган.
Коңшуларда жашыл туризм кантти?
Коңшу өлкөлөрдө жашыл туризм ыкчамдык менен өнүгүүдө, ал эми айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу жоопкерчилиги жана принциби мыйзам деңгээлинде бекитилген.
Казакстандын жаңы Экологиялык кодексинде корук аймактарына экскурсияларды уюштурууда туроператорлор аткарууга тийиш болгон милдеттенмелер каралган. Документ туроператорлордон турларды пландаштырууну жана турларды уюштурууда жаратылышка эң аз зыян келтирген транспорт каражаттарын колдонууну талап кылат, ошондой эле аларга таштанды үчүн жоопкерчилик да жүктөлгөн.
Казакстандын экологиялык уюмдарынын ассоциациясы иштейт, ал туруктуу туризмди уюштуруу боюнча жергиликтүү тургундар менен иш алып барат.
Өзбекстанда да туруктуу туризмди өнүктүрүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлүүдө. Өлкөдө 2019-2030-жылдарга карата «жашыл» экономикага өтүү стратегиясы, ошондой эле жаңы Өзбекстандын 2022-2026-жылдарга карата өнүгүү стратегиясы кабыл алынган, анда «жашыл» экономикага өтүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Республиканын Конституциясынын жаңы редакциясында айлана-чөйрөнү сактоо боюнча ченемдер камтылган.
Тажикстанда да жашыл туризмди өнүктүрүү мыйзам деңгээлинде белгиленген. Өлкөдө өткөн жылы 2023-2037-жылдарга карата «жашыл» экономиканы өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынган. Мында «жашыл» экономика принциптерин киргизүүгө багытталган иш-чаралар каралган.
Кыргызстанда экотуризмди өнүктүрүүнүн так концепциясы жок
«Экологиялык туризм – бул экологияга зыян келтирбеген жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасаган туризм. Туризмдин экологиялык түрүн өнүктүрүүнүн так концепциясы болгон эмес, бирок азыр ал 2024-2028-жылдарга карата жашыл экономиканы өнүктүрүү программасына киргизилген», – дейт «Кыргызстандын жашыл альянсы» ЮЖБ башкармалыгынын төрагасы Арстан Кадыров.
Анын айтымында, бул багытты өнүктүрүү үчүн төмөнкү чараларды көрүү зарыл:
1. Экологияга зыян тийгизбөө жана калдыктар менен күрөшүү.
«Тилекке каршы, муну чет элдик туристтер эмес, өзүбүздүкүлөр жасашат, анткени чет элдиктер таштандысын ала кетип, керектүү жерге таштаганга үйрөнүшкөн. Ошондуктан таштандыларды иргөө, кайра иштетүү керек. Таштандыны тоодон алып түшүп, полигондорго жиберүү зарыл», -дейт Кадыров.
2. Ресурстарды үнөмдөө жана көмүр кычкыл газынын абага ташталышына каршы күрөшүү. Туристтик объектилер генераторлорду зыянсыз күн электр станцияларына же чакан кубаттуулуктагы майда ГЭСтерге алмаштырышы керек.
3. Тазалоочу курулмаларды көлгө гана эмес, тоолорго да орнотуу.
4. Жашыл технологияларды колдонуу. Мисалы, энергиянын кайра жаралуучу булактары, жылуу суу алуу үчүн күн коллекторлору, чакан ГЭСтер.
«Жашыл Альянстын» башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө чет элдик туристтерди тейлөө жаатында оң өзгөрүүлөр байкалып жатат.
«Туризм департаменти Туризмди өнүктүрүү фонду менен биргеликте кандайдыр бир чараларды көрүүгө аракет кылып жатат, бирок азырга чейин алардын аракеттеринде байланыш жок. Ошентсе да жылыштар бар. Быйыл рейт-пойнттарды (туристтик тейлөө борборлорун) куруу долбоору ишке ашты, мында туристтер ажатканага кирип, чайканып алса болот, керектүү маалыматтарды ала алышат. Бул абдан жакшы демилге, аны ар тараптуу колдоо керек, анткени ар бир турист биринчи кезекте ушундай шарттарды карайт», – деди ал.
Арстан Кадыров кошумчалагандай, жашыл багыттагы бизнеске жардамды жергиликтүү бийликке караганда эл аралык уюмдар көбүрөөк көрсөтүп жатат.
«Ушул жылдын июнунда биз Нарын облусунда туристтик фестиваль өткөрдүк, ошондо жергиликтүү администрация жана айыл өкмөтү бизге уюштуруу маселелеринде көмөктөштү, жолдорду оңдошту. Жалпысынан «жашыл» багытта эл аралык уюмдар көбүрөөк көмөктөшөт, мамлекет тарабынан жардам алууга мүмкүн болбой жатат. Ошондуктан биз ар түрдүү акселерациялык программаларга катышып, инвестициялык долбоорлорду жазабыз. Accelerate Prosperity программасына катышып, экологиялык чакан мейманкананы куруу боюнча долбоорду утуп алдык, азыр бул долбоор 70%га жыйынтыктылды. Долбоор толугу менен энергоэффективдүү, мында жалаң жашыл технологиялар гана колдонулган. Эл аралык программалардан жана Өнүктүрүү фондунан келип жатат», – дейт Арстан Кадыров.
Жашыл туризмдин душманы – таштанды
Фотожурналисттер бирлигинин жетекчиси Владислав Ушаковдун айтымында, Кыргызстанда жаратылыш жана инфраструктура бар, бирок туризм маданияты жок.
«Бизде таштанды – чоң маселе. Тилекке каршы, Кыргызстандагы таштанды полигондорун эл аралык стандарттар боюнча карасак полигон дегенге да болбойт. Алар мыйзамдаштырылган таштанды талаалары. Бүгүнкү күндө бир дагы полигон санитардык жана экологиялык стандарттарга жооп бербейт. Экотуризмди жолго коюш үчүн инфраструктураны жөндөш керек. А биздин негизги ыкмабыз – рекультивация, башкача айтканда, таштандыны жерге көөмп салышат. Натыйжада жер астындагы суулардын булгануу коркунучу бар. Биз сөз кылып жаткан экотуризм чындап келсе экотуризм эмес. Бирок биздин миссиябыз – ушул тууралуу көбүрөөк айтуу», – дейт ал.
Ушаковдун пикиринде, өлкөдө таштандыларды кайра иштетүүгө жооптуу система жана институттар, ошондой эле жарандык коом менен биргеликте иш алып барган мониторинг органдары керек.
«Азыр глэмпингдерди кое алышат, бул жакшы жана кооз, бирок таштандыны эмне кылышат? Кайда барат? Бул суроону биз бербей жатабыз. Биздин миссиябыз – алар акча таап жаткан бизнес экенин, жаратылыш жакшы абалда сакталышы керектигин элге жеткирүү. Туристтер тоого таштанды үймөгүн көрүш үчүн келбейт. Туризм тармагында иш алып барган адамдар бул маселелерди көтөрүп, өкмөттөн аларды чечүүнү талап кылышы керек», – дейт экоактивист.
Кыргыз Туроператорлор ассоциациясынын башчысы Сергей Глуховеров айлана-чөйрөгө зыянды азайтыш үчүн таштандыны жерге таштаган эс алуучуларга айып пул салууну сунуштайт.
«Бүгүнкү күндө бардык туроператорлор турларды уюштурганда пластикти болушунча аз колдонууну, маршруттарды туура түзүүнү окуулардан үйрөнүп жатат. Бирок бул аздык кылат, жергиликтүү калк арасында үгүт жүргүзүү зарыл. Таштандыны жаратылышка таштагандарга, от жаккандарга айып пул салуу керек. Ошондо гана адамдар түшүнө башташат», – дейт ал.
Эксперт Арстан Кадыров болсо мамлекет экологиялык туризм боюнча максаттуу пропаганда жүргүзүшү керектигин белгилейт.
«Экологиялык туризм кандай өнүгөрүн кийинки 5 жыл көрсөтөт. Анткени адамдардын аң-сезими өзгөрүүдө. Бул маселеде массалык ишембиликтер аң-сезимди өзгөртүүгө жардам берет. Бирок мамлекет экологиялык туризмди максаттуу түрдө пропагандалашы зарыл. Айталы, таштандыны жыйнап кетиш керектигин, аймактагы ишкерге жардам берүүнү жайылтуу зарыл, себеби ошолор туристтердин чоң агымын алып келишет. Мындан сырткары мектеп программасында бул боюнча өзүнчө сабак киргизилиши абзел», – деди ал.
Туристтик бизнес жашыл технологияларды киргизүүгө даяр
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бизнес объекттерин, анын ичинде туристтик объектилерди өз ишмердүүлүгүндө жашыл технологияларды колдонууга чакырган көптөгөн долбоорлор ишке ашырылууда.
Кыргыз Туроператорлор ассоциациясынын башчысы Сергей Глуховеровдун айтымында, туристтик бизнес ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө даяр жана көптөгөн конок үйлөр, мейманканалар, боз үй шаарчалары энергиянын жаңыланма булактарына өтүүдө. Алар жаратылышка келтирилген зыянды минималдаштырууга аракет кылып жатат, күн батареяларын колдонууда, генераторлорду өзгөчө муктаж болгондо гана колдонушат.
Туризм департаментинин мурдагы башчысы Максат Дамир уулунун айтымында, жашыл туризмди өнүктүрүү үчүн комплекстүү чараларды колдонуу зарыл, анын ичинде:
- Кызмат көрсөтүүчүлөрдү экологияга аяр мамиле жасоого, ресурстарды болушунча аз колдонуу менен кирешени көбөйтүүгө окутуу.
- Энергияны жана ресурстарды керектөөнү азайтууга жардам бере турган инновациялык жана жашыл технологияларды колдонууга бүт жактан колдоо көрсөтүү.
- Туристтер жаратылышка (экологияга) зыян келтиргени үчүн жазалоо мыйзамдарын күчөтүү.
- Экологиялык туристтик объектилерди колдоогоо көбүрөөк каржы тартуу. Экологиялык стандарттарды киргизүү, анан балким экологиялык жыйымдарды колдонуу. Бирок алар экологиялык жана туристтик инфраструктура маселелерин чечүү үчүн даректүү колдонулушу шарт.
«Биздеги туризмди өнүктүрүүнүн таянычы экотуризм болушу керек. Бул нерсе туризмдин негизги ресурстарынын бири болгон айлана-чөйрөнү сактоого жардам берет. Анткени чет элдик туристтер бизге жаратылыш үчүн келишет», – деп эсептейт ал.