© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан 28-ноябрда парламент депутаттарын жаңы эрежелер боюнча шайлайт. Карточкалар

2021-жылдын 28-ноябрында өлкөнүн бир палаталуу парламентине – Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы эсеби боюнча,  шайлоо жарышына 21 саясий партия жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан 284 талапкер катталды.

2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин «КРнын шайлоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Баса, ошондогу толкундоолордун бирден-бир себеби парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык болгон эле. Эми шайлоо процесси башка тартипте өтөт – депутаттардын саны азыраак болот, добуш берүү болсо аралаш системада ишке ашат – пропорционалдык (партиялык) жана мажоритардык (бир мандаттуу округдар).

Шайлоо процессинде дагы кандай өзгөрүүлөр болот? Жарандар бул ирет кандай тартипте жана кантип добуш беришет? Чоо-жайын карточкалар аркылуу түшүндүрүп беребиз.

Шайлоого канча партия катышып жатат жана алдардын программаларын кайсы жактан карасам болот?

Борбордук шайлоо комиссиясынын ноябрдын башына карата маалыматы боюнча, Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниетин 21 саясий партия билдирген.

Төмөндөгү партиялар катталган:

  • «Бүтүн Кыргызстан»
  • «Ата Мекен»
  • «Ишеним»
  • «Ынтымак»
  • «Улуттар Биримдиги»
  • «Ата-Журт Кыргызстан»
  • «Ыйман Нуру»
  • «Альянс»
  • «Эл Үмүтү»
  • «Азаттык»
  • «Улуу-Журт»
  • «Мекенчил Эл»
  • «Кыргызстанды Бириктирүүчү Патриоттук партия»
  • «Социал-демократтар»
  • « Аруузат»
  • «Ордо»
  • «Багыт»
  • «Кыргызстандын жашылдар партиясы»
  • «Легалайз»
  • «Күчтүү регион»
  • «Жашасын Кыргызстан».

Эрежеге ылайык, ар бир партиянын өзүнүн программасы бар. Анда партиянын максаттары жана милдеттери, ошондой эле шайланып келип калса, ишке ашыра турган пландары жазылат. Ар бир партиянын программасын шилтемеден таба аласыз:  https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/jk2021

Менин округумдан ким талапкер экенин кайсы жактан карасам болот?

24-ноябрга карата маалыматтар боюнча, бир мандатуу талапкерлердин тизмесинде 284 адам калды. Алардын катарында ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, убактылуу жумушсуздар бар. Шайлоо жарышынын башында бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин саны 300дөн ашык эле, бир айда алардын саны азайды. Талапкерлердин толук тизмеси менен кийинки шилтемеден тааныша аласыз:  https://shailoo.gov.kg/ru/news/5934/

 

Кыргыз парламентине ким депутат болуп шайлана алат?

Жаңы конституциялык мыйзам боюнча шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон Кыргыз Респубикасынын жараны парламенттин депутаты боло алат.

Жаңычылдыктардын катарында олуттуу талаптар бар – депутаттыкка талапкерлер сөзсүз түрдө жогорку билимге ээ болушу керек.

Эл аралык республикалык институт (IRI – америкалык эл аралык бейөкмөт уюм) июль айында өлкөдөгү абал жана алдыдагы шайлоо тууралуу социологиялык изилдөө өткөргөн. Сурамжылоонун жыйынтыгында кыргызстандыктардын 38%ы талапкерди тандоодо билим жана сабаттуулук деген факторлор негизги ролду ойной турганын айтышкан. 35%ы болсо чынчылдык менен ак ниеттикти белгилешкен.

 

Депутаттыкка талапкер өз ыйгарым укуктарын токтотушу керекпи?

Мыйзам боюнча депутаттыкка талапкер төмөндөгү кызматтарда иштесе, көрсөтүлгөн күндөн тарта ыйгарым укуктарын токтотот:

  • Жогорку Кеңештин депутатын же президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы;
  • жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы;
  • мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, мамлекеттин (муниципалдык) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашык ишкананын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчиси.

Жаңы эрежелер боюнча потенциалдуу депутат үчүн тыюу салынган ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмесине төмөндөгүлөр да кирет:

  • мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломаттык) карабастан мамлекеттик кызматчы;
  • муниципалдык кызматчы;
  • жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери.

 

Парламентте канча депутат болот?

Парламентте эми 120 эмес, 90 депутат болот. 5 жылга шайланышат. Алардын ичинен:

  • 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система (башкача айтканда, партиялык тизме) боюнча шайланат;
  • 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча шайланат.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугуна ээ тараптар:

–  пропорционалдык система боюнча – саясий партиялар;

– мажоритардык система боюнча – саясий партиялар жана жарандар өзүн-өзү көрсөтүү жолу аркылуу.

Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунун (Бишкекте жайгашкан аналитикалык борбор) анализине ылайык, эки башка шайлоо системасын колдонуу кыйынчылыктарды жаратышы ыктымал, анын ичинде:

  • бир мандаттуу округдарды уюштуруу үчүн өлкөнү 36 округга бөлүү керек, ар биринде калктын саны болжол менен бирдей болушу шарт, ошол эле учурда өлкөдөгү административдик-аймактык чек араларды да сактоого аракет кылуу керек;
  • преференциалдык системада АЭУ үчүн тийиштүү программаларды иштеп чыгып, тестирлөөдөн өткөрүү зарыл, бюллетендерди басып чыгаруу керек;
  • эки системаны тең изилдеп, өздөштүрүп чыгуу зарыл, инструкцияларды жазып, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу талап;
  • анын үстүнө шайлоо жөнүндөгү жаңы мыйзамдын жоболорун натыйжалуу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн шайлоо процессинин катышуучуларынын бардыгынын ишмердүүлүгүн алар мөөнөттөрдү жана процедураларды так аткаргандай уюштуруу керек. Бул БШКнын өзүнө да тиешелүү.

 

Шайлануунун пропорционалдык системасы деген эмне?

Пропорционалдык шайлоо системасы партиялык тизме боюнча добуш берүү  дегенди өзүнө камтыйт.

Шайлоодон кийин ар бир партия алган добуштарынын пайызына пропорционалдуу мандаттардын санына ээ болот. Мисалы, эгер партия добуштардын 25%ын алса, ал парламенттеги орундардын төрттөн бирин алат. Бирок партия Жогорку Кеңешке өтүш үчүн республика боюнча 5 пайыздык чекти өтүп, жети облустун ар биринде жана Бишкек, Ош шаарларында 0,5% добуш алышы керек.

Мыйзамга ылайык, пропорционалдык системада партия 54төн көп эмес талапкерди алып чыгат. Ошол эле учурда талапкерлердин тизмесин түзүп жатканда өкүлчүлүктөрдү эске алышы керек:

– бир жыныстагы талапкерлердин үлүшү 70%дан ашпайт, аны менен катар тизмеде аял менен эркектердин кезектешүүсү үч позициядан ашпашы талап;

– талапкерлердин 15%дан кем эмеси 35 жаштан улуу болбошу керек, алардын үчтөн кем эмеси тизмедеги биринчи 25 талапкердин катарында болушу зарыл;

– ар кайсы этникалык топтордун өкүлдөрү 15%дан кем болбошу керек, алардын үчөөсү тизмедеги биринчи 25 талапкердин катарында болушу зарыл;

– 2ден кем эмес талапкер ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерден болот, бирөөсү тизмедеги биринчи 25 талапкердин катарында болушу зарыл.

А мажоритардык шайлоо системасычы?

Мажоритардык шайлоо системасында эң көп добушка ээ болгон талапкер жеңишке жетет. Мыйзам боюнча бир мандаттуу округдарда талапкерлерди саясий партиялар да көрсөтө алат, талапкер өзүн-өзү көрсөтсө да болот.

Эгер депутаттыкка талапкер өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу аттанса, анда ал БШКга бул шайлоо округу боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирген арызын тапшырышы керек. Эгер өзүн-өзү көрсөткөн адам талапкерлигин чакыртып алса, анда ал шайлоого чейинки 3 күндөн кем эмес убакытта БШКга кабар бериши зарыл.

Эгер бир мандаттуу округ боюнча талапкерлер бирдей санда добуш алса, анда катталуу үчүн документтердин толук пакетин биринчи болуп тапшырган талапкер жеңүүчү деп табылат.

Бир мандаттуу округдарда шайлоо бир тур менен гана өтөт.

 

Парламентте канча аял болот?

Жаңы мыйзам боюнча партия мандаттардын 30%дан кем эмесин шайлоочулардын эң көп добушун алган аял талапкерлердин ортосунда бөлүштүрүшү керек. Эгерде саясий партиянын талапкерлеринин тизмесиндеги аял талапкер шайлоочулардын добушун ала албаса, анда аялдардын квотасы боюнча калган мандаттар партиянын тизмесиндеги аял талапкерлердин жайгашуу тартибиндеги кезек боюнча бөлүштүрүлөт.

Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунун аналитиктеринин пикиринде, ЖК бул норма аркылуу партиянын ичиндеги нааразылык, чыр-чатактарга негиз жаратып койду. Тизмедегилердин 25%ы аялдар, а мандаттар 30%дан кем эмес аял-талапкерлерге бөлүштүрүлүп берилиши керек.

«Ушул пайыздык дал келбестиктен улам шайлоодон кийин партия мандат алса, тизмеде эркектерге салыштырмалуу ылдыйда турган аял-талапкерлер тизмеден өйдө жылдырылып, мандат алышы керек», – деп айтылат анализде.

 

Шайлоо бюллетендеринин көрүнүшү кандай болот? Эки бюллетень берилеби?

Жаңы эрежелерге байланыштуу бюллетендердин формасы да өзгөртүлдү. Добуш берүү күнү шайлоочу эки бюллетень алат.

Биринчисинде саясий партиялардын тизмеси чүчү кулакта аныкталган тартипте жазылат. Партиялардын тизмесинин ылдыйында 54 бош чарчы да болот, чарчынын сол жагында номерлер бар. Бош чарчынын номери талапкердин партиялык тизмедеги катар номерине дал келет.

Экинчиси – бир мандаттуу шайлоо округу боюнча. Мында талапкерлердин аты-жөнү, туулган жылы чүчү кулакта аныкталган кезекте жазылат.

БШКнын маалыматында, бир мандаттуу округ боюнча депутаттарды шайлоодо шайлоочу бюллетенде:

  • талапкерге тийиштүү чарчыга белги коёт,
  • же «Баарына каршы» деген жерге белги коёт.

Бирдиктүү округ боюнча депутаттарды шайлоодо шайлоочу:

  • шайлоо бюллетенинин биринчи бөлүгүндө саясий партияга тийиштүү чарчыга белги коёт;
  • экинчи бөлүгүндө талапкердин катар номерине тийиштүү чарчыга белги коёт;
  • эгерде бир да саясий партияны колдобосо, «Баарына каршы» деген жерге белги коёт.
№2 форма. Менин каттоом Таласта, бирок Бишкекте жашайм. Жашаган жерим боюнча добуш бере аламбы?

Жок. Көп сандаган арыздардан улам өткөн жылы андай мүмкүнчүлүктү жокко чыгарышты.

Эске салсак, №2 форма  – бул шайлоону өткөрүү маалында шайлоочуга азыркы жашап жаткан жери боюнча шайлоо дарегин алмаштырууга мүмкүнчүлүк берген документ.

Бирок өткөн шайлоолордо добуштарды сатып алуу учурлары аныкталды, себеби жогорудагы документ боюнча каттоосуз эле добуш берүүгө шарт түзүлөт. Бул факт добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этиши ыктымал.

2020-жылы Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизип, №2 форма деген түшүнүктү жокко чыгарган.

 

БШК жеңүүчүлөрдү кантип аныктайт?

Жаңы мыйзамда 5%дык босого чеги аныкталган. Партия талапкерлерин парламентке алып келүү үчүн дал ушул чекти басып өтүшү керек. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин туңгуюк толкунунда депутаттар шайлоо босогосун мурдагы 7%дан 3%га чейин түшүрүштү. Бирок кийин ал 5 пайызга чейин көтөрүлдү. Аймактык босого ар бир облуста жана Бишкек, Ош шаарларында добуш берүүгө келген шайлоочулардын добушунун 0,5 пайызын түзөт.

 

Мандаттар кандай бөлүштүрүлөт?

Мандаттар төмөндөгүдөй схема боюнча бөлүштүрүлөт:

– биринчи кезекте саясий партия алган жалпы мандаттардын 30%дан кем эмеси шайлоочулардын эң көп добушун алган аял-талапкерлердин ортосунда бөлүштүрүлүшү керек.

– андан кийин жалпы мандаттардын 70%ы башка талапкерлерге салыштырмалуу шайлоочулардын көп добушуна ээ болгон талапкерлердин ортосунда бөлүштүрүлөт.

Шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы санынын 50%дан көп эмеси саясий партияларга пропорционалдык системада берилет.

Бир мандаттуу шайлоо округдарына келсек. Бир мандаттуу шайлоо округунда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эң көп добушуна ээ болгон талапкер Жогорку Кеңештин депутаты болот.

 

Кандай учурларда БШК шайлоо жыйынтыгын жокко чыгара алат?

«Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө» мыйзамына ылайык, БШК төмөндөгү учурларда шайлоо болбой калды деп бүтүм чыгара алат:

1) эгерде башка талапкерге салыштырмалуу эң көп добуш алган талапкерге берилген шайлоочулардын добушунун саны бардык талапкерлерге каршы берилген добуштардын санынан аз болсо. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

2) эгерде талапкерлердин бир да тизмеси мандаттарды бөлүшүтүрүүгө катышууга керектүү добуштардын санын ала албаса;

3) эгерде башка талапкерлердин тизмесине салыштырмалуу көбүрөөк добуш алган талапкерлердин тизмесине берилген добуштардын саны талапкердердин бардык тизмелерине каршы берилген добуштардан аз болсо. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны добуш берүү үкөгүнөн алынган анык формадагы шайлоо бюллетендеринин саны менен аныкталат. Зарыл учурда кошумча көзөмөл катары идентификациядан өтүү тууралуу чектер да каралат.

Кайсы учурларда өлкөдө кайра шайлоо өтөт

Эгерде БШК шайлоону анык эмес жана болбой калды деп таанып, добуш берүүнүн жыйынтыгында талапкер жана саясий партиялар шайланбаса, кайра шайлоо дайындалат.

Кайра шайлоону БШК бир айдын ичинде дайындайт.

Мыйзамга ылайык, шайлоонун болбой калды деп таанылышына айыптуу делген талапкерлер кайра шайлоого катыша албайт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: