Советтик доордо далилдүү медицина пайда болгонго чейин көпчүлүк альтернативдүү медицина ыкмаларын пайдаланчу. Бул ыкмалар жеткиликтүү жана арзан эле. Курч мүнөздөгү вирустук ооруларга каршы тюбаж, жылыткыч менен дарылоо, сары кычы (горчица) күкүмү же физиотерапиянын айрым түрлөрү колдонулган. Бүгүн болсо далилдүү медицинанын принциптерин бүткүл дүйнө тааныды, дарыгерлер альтернативдүү медицина процедураларын колдонууну четке кагып, физиотерапия процедураларын да арткы планга сүрүп жатат. Ошентсе да, мурдагы советтик мейкиндиктеги адамдар азырга чейин деле организмди тазалоо үчүн өсүмдүк майын колдонуп, ысык картошканын буусуна ингаляция жасоону токтоткон жок.
Мурдагы СССР аймагында дарылоонун кайсы түрлөрү кеңири жайылган? Алардын кайсы бири четке кагылып, далил таба алган жок? Кандай коркунучтары болушу мүмкүн? Ушулардын баарын карточкалар аркылуу талдап көрөлү.
Спирт процедуралары сасык тумоону дарылоодо аябай популярдуу болгон, азыркы кезде да кеңири колдонушат. Бул ыкма үчүн спирт же аракка чыланган марли керек. Аны моюнга коюп, үстүнө полиэтилен жабылат да, жылуу жоолук менен оролот.
Дарылоонун мындай түрү жылытуучу натыйжага ээ жана ооруну басаңдатышы мүмкүн. Бирок төмөндөгү учурларда компресс жасаганга болбойт:
– бейтаптын дене табы Цельсий боюнча 37 градустан жогору болсо,
– 3 жашка чейинки балдарга,
– кош бойлуу аялдарга,
– эмизген аялдарга,
– онкологиялык оорулууларга,
– отитте жана ангинада ириң пайда болгондо,
– бронхитте,
– жүрөк ооруларында,
– кан басым жогору болсо,
– тери ооруларында, анын ичинде аллергияда.
Йодго малынган вата таякчасы менен бейтаптын аркасын торчолойт. Бул кан айланууну күчтөндүрүп, эми эле башталган курч мүнөздөгү жугуштуу вирусту айыктырып же жөтөлгө жардам берчү.
Йодду пайдалануунун жол-жобосунда болсо бул зат антисептик катары колдонулуп, дарттын жугуштуулугун токтотууга көмөктөшөт деп жазылган.
20-кылымдын башында йод торчосу менен дарылоону орус дарыгери Колбасенко И.С. кеңири сүрөттөгөн. Анын пикиринде, йод торчосу жогорку дем алуу жолдору ооруганда жардам берет. Негизги эреже: йод торчосун ичке сызык менен 1,5 сантиметр аралыкты сактап тартыш керек. Болжолдуу түрдө аптасына 3-4 жолу. Болбосо бейтап күйүк алышы ыктымал. Дагы бир маанилүү жагдай: бейтаптын дене табы 38 градустан жогору болсо, йод торчосу таптакыр болбойт.
Мындан сырткары калкан бези ооруганда, анын ичинде тиреотоксикоздо жана гипертиреоздо, ошондой эле йодго аллергия бар болсо йод торчосун жасоого тыюу салынат.
Курч мүнөздөгү респиратордук ооруга кабылса, бейтаптын байпагына сары кычынын (горчицанын) күкүмүн салышкан. Ал бутту жылытып, бат айыгууну шарттачу. Дарылоонун бул ыкмасы постсоветтик алкакта азыр да колдонулат. Бирок анын терс таасири – тери дүүлүгөт, бутка кандын келиши күчөйт. Бирок сары кычы вирус менен бактерияларга таасир этпейт.
Сары кычы бутту жылытууга гана эмес, дененин башка бөлүктөрүнө да коюшкан. Бул үчүн сары кычынын күкүмүнө буланган кагаз бейтаптын көкүрөгүнө же арка тушуна төшөлөт. Дарылоонун бул ыкмасы жөтөлдөн, деги эле сасык тумоодон арылууда эң мыкты деп саналган.
Бүгүнкү медицина сары кычы курч мүнөздөгү вирустук инфекциялардын белгилерин жеңилдетет дегенге макул. Себеби ал кандын келишин күчөтүп, дененин керектүү жерлерин жылытат. Ошол эле учурда бронха жана өпкө сезгенгенде, дене табы жогору болгондо сары кычы менен жылытуу коркунучтуу. Мындан сырткары сары кычы бейтапта аллергияны пайда кылышы мүмкүн.
Мурдагы Союз өлкөлөрүндө банкалар менен дарылоо кеңири колдонулат. Тумоологондо, курч вирустук инфекцияга кабылганда, ангина кармаганда арка тушка ысык банкаларды коюу бат айыгууга жардам берет деп эсептелинген. Бул үчүн ватаны спиртке чылап, күйгүзүшкөн. Ошол отко банканы жылытып, бейтаптын аркасына коюшат. Банка терини өзүнө тартып, аны жылытат. Денеде анын изи калат.
Бирок дарыгерлердин пикиринде банка менен дарылоону оору эми башталган кезде гана колдонсо болот. Дарт күчөп калган кезде – какырык бөлүнүп, сезгенүү башталса же дене табы көтөрүлсө, бул ыкма зыянын тийгизип, бейтаптын абалын оорлотушу ыктымал.
Лампа менен жылытуу кулак ооруларында, айрыкча балдарда отит пайда болгондо мыкты ыкма катары саналган. Отиттин биринчи белгилери пайда болгондо, кулакты шам, көк лампа же кагаз билик менен жылытышкан.
Дарыгерлер өт коопсуздугу максатында бул ыкманы колдонбогула деп кеңеш берет. Мындан сырткары ириңдүү отитте угуу каналын жылытууга болбойт деген көрсөтмө бар. Себеби ириң жарылып, баш мээге жетип, менингитке алып келиши ыктымал.
Жогорку дем алуу жолдорун тазалаш үчүн ингаляция катары картошка буусун колдонуу кеңири жайылган ыкма болчу. Ал үчүн картошканы сууга кайнатат, суу кайнап чыкканда бейтап башын казанга тосуп, ысык буудан 15 мүнөт дем алышы керек. Бул техника бүгүнкү күндө коркунучтуу деп эсептелинет, себеби күйүк, шишик же аллергия болушу ыктымал.
Ошол эле учурда медицинада курч вирустук инфекцияларды дарылоо үчүн ингаляция натыйжалуу ыкма катары кеңири колдонулат. Бирок аны колдонуунун башкы принциби – бейтап дем алган буу күйгүзбөгүдөй болуп, өпкөгө кирбеши керек.
Электрофорезди же ток менен дарылоону советтик дарыгерлер бел оорусунан тарта ичеги-карын ооруларына чейинки ар кандай учурларда колдонушкан. Анын өзгөчөлүгү – дарыны ийнесиз, электр тогу аркылуу ооруган жерге киргизүү. Ошол эле учурда токтун таасири тери катмарынан терең кирген эмес.
Дарылоонун бул ыкмасы оорунун булагын жок кылбай эле, кыска убакытка ооруну басаңдатуучу таасирин тийгизип, анестетик катары иштеген.
Электрофорез алакан менен таман ашыкча тердегенде жардам берерин бүгүнкү медицина моюндайт. Бирок анын кемчилиги – процедура көп убакытты алат. Аптасына бир нече жолу 30 мүнөттөн кетет.
Мыдан сырткары ириңдүү сезгенүү ооруларында, жүрөк кемтигинде, гипертониялык ооруларда, бронхиалдык астмада, тери ооруларында, ракта электрофорезди колдонууга болбойт.
Термотерапия ыкмалары ооруну басаңдатуу үчүн азыр да колдонулат. Мисалы, остеоартритте муундарды грелка менен жылытып, жанды жай алдырышат.
Жылуулук булагы катары ар кандай нерселер колдонулат: жылуу суулуу грелка, ысытылган парафин, тоо мону, баткак, чопо, кум же буу.
Далилдүү медицина булардын баары пайда алып келбей турганын айтат, а баткак менен чопо кадимки грелкадай эле жылытат дешет. Алардын пикиринде, жылытуу адамды тынчтандырат. Ошондуктан 100 жылдай мурун булчуңдарга таасир этүү үчүн бул ыкманы колдонушкан.
Курч вирустук инфекцияларды дарылоонун бул ыкмасы мурдагы советтик өлкөлөрдө
арзан жана зыянсыз альтернатива деп саналат. Бирок анын далилденгени боюнча илимий эмгектер өтө аз. Себеби изилдөөгө салыштырмалуу аз сандагы топ катышкан.
Галотерапия бүгүнкү күндө СПА-салондордо жогорку дем алуу жолдорундагы оорулардын алдын алуу ыкмасы катары кеңири колдонулат. Бронхит, гайморит, астма, аллергия, ашыкча салмак, жүрөк ооруларынын алдын алуу үчүн галотерапия сунушталат. Бирок дарыгерлер галотерапия жардам берүүчү эффектке гана ээ экенин, оорунун өзүн жок кылбай турганын эскертет.
Бүткүл дүйнөдөгү дарыгерлер курч мүнөздөгү вирустук инфекцияларды антибиотиктер менен дарылоого каршы. Себеби антибиотиктер вирустарга эмес, бактерияларга таасир этет. Вирустук инфекцияга бактериялар кошулган учурда гана антибиотик жазышат.
Дарыгерлер тумоо башталганда вируска каршы дарыларды ичип, эң жөнөкөй эрежелерди сактоого чакырат: суусундуктарды көп ичүү, тамакты жана мурунду чайкоо.
Иммунитет алсыз болгондо организм вируска туруштук бере албай, бактериалдык инфекция да кошулушу ыктымал. Ушул учурда дарыгерлер бейтаптын организмине карап анык бир антибиотикти жазышат.
Тюбаж (колколотуу) ыкмасы өттөгү ташты чыгаруу үчүн колдонулат. Мындай процедураны жасаш үчүн бейтап өсүмдүк майы менен лимон ширесинин аралашмасын ачкарын ичет. Кээ бирөөлөр аралашмага магнийдин сульфатын же цитратын кошушат.
Далилдүү медицинанын пайда болушу менен, организмди тазалоонун бул жолу сынга кабылды. Себеби өсүмдүк майын ачкарын ичүү ичти оорутат, адамдын көңүлү айланып, кусат. Кээлердин дене табы көтөрүлөт. Далилдүү медицинаны кубаттагандардын пикиринде, бул белгилер боордогу сайгылашууну жана калькулездик холециститтин пайда болгонун ырастайт.
Магнитотерапия физиотерапиянын ыкмаларына кирет. Магнит талаалары остеохондроз, омуртка ооруларын дарылоодо колдонулат. Бул ыкманы кубаттагандар магниттик талаалар зат алмашууну жакшыртып, иммунитетти, нерв процесстерин көтөрөт деп эсептешет.
Бирок дарыгерлер эскертет: магнит менен дарылоо профилактика катарында гана кызмат кылышы мүмкүн, тигил же бул ооруну дарылоонун негизги ыкмасы боло албайт.
Магнитотерапия мындайча таасир этет: бейтап керебетке жатат. Аны атайын жабдууга киргизишет, башы сыртта калат. Дарылоо канча убакытка созуларын дарыгер аныктайт. Адатта процедура 5-40 мүнөткө созулат, дарылоо курсу – орточо 10 күн.
Гипертониядан тарта варикозго чейинки ондогон ооруларга бул дарылоо ыкмасы такыр болбойт.
Жатын моюнчасынын эктопиясы же эрозиясы – төрөт жашындагы аялдардын арасында өтө кеңири тараган оору. Ал төрөгөн да, төрөй элек да аялдарда пайда болушу мүмкүн.
Бул оорунун негизги себептери:
- жатын моюнчасынын жаракат алышы – төрөттөр жана аборттор,
- жыныс жолдорунун инфекциясы,
- дисбактериоз,
- эрте курактагы жыныстык жашоо,
- гормоналдык көйгөйлөр.
Совет доорунда бул дартты ток менен же диатермоэлектрокоагуляция ыкмасы менен дарылашчу. Бул үчүн жогорку жыштыктагы ток колдонулат, ал соо ткандарга тийбей, жараланган жерди жок кылышы керек. Жаңы ткандар операциядан 1,5-2 аптадан кийин калыбына келет. Бул ыкма дээрлик бир кылымдан бери колдонулганына карабай, өтө олуттуу кесепеттери бар, анын ичинде:
- кан кетүү,
- цервикалдык каналдын жыйрылышы,
- экдометриоздун пайда болушу,
- тукумсуздуктун өрчүү ыктымалдуулугу,
- бойдон түшүү,
- айына жетпей төрөө,
- тукумсуздук.
Эрозия жатын рагына алып келиши мүмкүн деген негизде бул дарт токтоосуз дарыланчу. Бирок бүгүнкү күндө дарыгерлер жатын моюнчасынын рагына эрозиянын өзү эмес, адамдын папиллома вирусунун айрым түрлөрү алып келерин белгилешет. Адамдын папиллома вирусунун 14 түрү жогорку тобокелдик категориясына киргизилген.
Дарыгерлер жатындын эрозиясын оорулардын катарына кошпойт, бул нормалдуу абал дешет. Буга Дүйнөлүк саламаттык уюму 1990-жылы кабыл алган Ооруларды эл аралык статистикалык классификациялоо да макул.
2017-жылы жатын эрозиясын дарылоого байланыштуу жаңы эрежелер кабыл алынды. Анын ичинде “Эрозияны деструкциялоону жүргүзүүгө кеңеш берилбейт, себеби жатындын эрозиясы – бул нормалдуу эле көрүнүш жана дарылоону талап кылбайт” деп айтылган.
Жалпысынан жатын эрозиясын дарылоо үчүн жеңилирээк ыкмалары бар. Бирок так диагнозду коюп, дарылоо ыкмасын тандоо үчүн кольпоскопия процедурасын жүргүзүү – жатын моюнчасын микроскоп менен көрүү керек. Ошондой эле флорага, адамдын папиллома вирустарына жана жыныстык инфекцияларга мазок тапшыруу талап.
Бул макала Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Бейпилдикти жана бейкуттукту чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү»долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Басылманын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.