© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстандагы акысыз меджардам: жарандар эмнеге таяна алышат? Түшүндүрмө

COVID-19 пандемиясынын кесепеттери саламаттыкты сактоо тармагын реформалоонун маанилүүлүгүн көрсөттү. Ошондой эле ооруканалар менен дарыгерлердин жетишсиздигинен тарта жалпы эле системаны каржылоого чейинки бардык кемчиликтерди ачыкка чыгарды. Акысыз медициналык жардам жана дары-дармек каражаттарын жеңилдетилген баа менен алуу негизги маселеге айланды. 2006-жылдан тарта республикада Мамлекеттик кепилдиктер программасы иштейт. Ал акысыз же жеңилдетилген шартта көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын түрлөрүн аныктайт.

Кыргызстандыктар меджардамдын кайсы түрлөрүн акысыз ала алышат? Кайсы учурларда стационардагы дарылануу үчүн акы төлөнбөйт? Кайсы дарыларды кайсы дарыканалардан жеңилдетилген баада алууга болот? Ушунун баарын карточкалар аркылуу түшүндүрүп беребиз.

 

Кыргызстанда медициналык жардамды акысыз алса болобу?

Ооба, Кыргызстанда Мамлекеттик кепилдиктер програмамасынын алкагында медициналык жардамды акысыз алса болот. Анда кыргызстандыктарга көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамдын кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары аныкталат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебинде, республика боюнча 64 үй-бүлөлүк медициналык борбору, 28 жалпы дарыгерлер практикалык борбору калкка баштапкы медициналык-санитардык жардамды көрсөтөт. Мында үй-бүлөлүк дарыгерлердин 696 тобу, үй-бүлөлүк дарыгерлердин өз алдынча юридикалык 17 тобу жана 1010 фельдшердик-акушердик топ иштейт.

Мамлекеттик кепилдиктер программасында дары-дармектерди жеңилдетилген шартта ала ала тургандардын тизмеси да жазылган. Ага ылайык, милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Мамлекеттик кепилдиктер программасынын жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасынын аткарылышына карата келишим түзүшкөн саламаттык сактоо мекемелери менен дарыкана мекемелери тарабынан  медициналык жана фармацевттик кызматтар көрсөтүлөт.

Акысыз меджардам алыш үчүн кайсы документтер керек?

 Акысыз же жеңилдетилген шартта меджардамды алыш үчүн кыргызстандыктар бир катар документтерди көрсөтүшү керек:

– паспорт, 16 жашка чейинки балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

– баланын төрөлгөнү тууралуу маалымат кат (балдар үчүн);

– пенсиялык күбөлүк;

– милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (ОМС);

– багыттама.

 

Демек, менде ОМС полиси болсо, амбулатордук деңгээлдеги меджардамды акысыз ала аламбы?

Ооба, эгер ОМС полисиңиз болсо, сиз амбулатордук деңгээлдеги медициналык жардамды акысыз ала аласыз. Сиз милдеттүү медициналык камсыздоо төлөмдөрүн өз алдыңызча төлөп жүрсөңүз да, ушундай эле укукка ээсиз.

Мындан сырткары төмөндөгү тараптар меджардамды акысыз ала алышат:

  1. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү төлөп жаткан иштеген жарандар.
  2. Ай сайын социалдык жөлөк пул алуучу адамдар.
  3. Дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрү.
  4. Курагы 70 жашка чейинки пенсионерлер.
  5. 16 жашка чейинки курактагы балдар (жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары – окууну бүткөнгө чейин, бирок алар 18 жашка чыкканга чейин).
  6. Калкты иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик кызмат органдарында расмий катталган жумушсуздар.
  7. Орто жана жогорку окуу жайларынын күндүзгү окуу бөлүмдөрүнүн 21 жашка чейинки студенттери.
  8. Аскер кызматчылары.
ОМС полисинин баасы канча жана аны кайдан алса болот?

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыктарынан же баштапкы деңгээлдеги уюмдардан – Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан же Үй-бүлөлүк медицина борборунан алса болот.

ОМС полисин алганда, Сиз камсыздандырылган деген макамга жана мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызматтарды алуу укугуна ээ болосуз. Бирок полис чектелген мөөнөткө – алган күндөн тарта 12 айга берилет, баасы – 1200 сом.

ОМС полисин алыш үчүн төмөндөгүдөй талаптар бар:

1-кадам. Полисти алууга арыз жазасыз.

2-кадам. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыгына ОМС полисинин акысын төлөп, эсеп дүмүрчөгүн аласыз.

3-кадам. Эгер сизде Соцфонддун идентификациялык номери жок болсо, бирок Сиз Кыргызстандын жараны болсоңуз, анда жеке идентификациялык номерди (ПИН) алууга кошумча арыз жазышыңыз керек.

Мага ОМС полисин берүүдөн баш тартып коё алышабы?

 Ооба, төмөндөгү учурларда Фонд ОМС полисин берүүдөн баш тартышы ыктымал:

– 18 жашка чейинкилерге;

– арыз берүүчүнүн өздүгүн ырастаган аныкталбаган үлгүдөгү документтер (кемтиги, оңдолгон, сызылган жерлери бар) келип түшсө;

– жаранда башка бир жарандын атынан аракет кылууга ыйгарым укук жок болгон учурда (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат, туугандыгын ырастаган документтер);

– ОМС алууга акы төлөнгөнүн ырастаган кириштөө ордеринин дүмүрчөгү жок болгон учурда.

Эгер мен иштеп, социалдык чегерүүлөрдү төлөп жатсам, акысыз меджардам ала аламбы?

 Ооба, Социалдык фондго акча каражатын чегерген (же алар үчүн иш берүүчүсү чегерген) иштеген жарандар Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагындагы меджардамдын ар кандай түрлөрүн алууга укуктуу.

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" мыйзамына ылайык, иш берүүчү жалдаган кызматкерлеринин пайдасына 17,25% өлчөмүндөгү төгүмдөрдү ай сайын төлөгөнгө милдетүү. Бул көлөмдөгү каражаттар төмөндөгүдөй системада бөлүштүрүлөт:

Пенсиялык фондго - 15 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.

Эгер Сиз жеке ишкер катары иштесеңиз, патенттин түрүнө жана ишмердүүлүктү жүргүзүү максатына карап социалдык чегерүүлөрдү жасайсыз:

Милдеттүү патент боюнча – 10% ;

Ыктыярдуу патент боюнча – 6%.

 

Оорубасам, иштеп, бирок жеңилдиктерди албасам, жардамдын кандай түрлөрү мага жеткиликтүү болот?

Мыйзам боюнча, эгер Сиз ай сайын социалдык чегерүүлөрдү төлөсөңүз, бирок сизде ОМС полиси жок болсо, анда Сиз Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында меджардамдын төмөндөгүдөй түрлөрүн акысыз ала аласыз:

– баштапкы медициналык-санитардык жардам;

– амбулатордук шартта шашылыш/кечиктирилгис медициналык жардам;

-шашылыш/кечиктирилгис консультативдик медициналык жардам (санитардык авиация);

– эгер Сиздин өмүрүңүзгө коркунуч жаралса, стационардык жардам. Оор абалдан чыгарылгандан кийин стационардагы дарыланууну төлөйсүз;

– стоматологиялык жардам;

– профилактикалык  жана эпидемиологиялык көрсөтмөлөр боюнча эмдөөнүн улуттук календарынын алкагындагы эмдөө.

 

ОМС полисим болсо, мен көбүрөөк артыкчылыктарга ээ боломбу?

Ооба, дарыланууда, анын ичинде стационарда көбүрөөк жеңилдиктерди аласыз. ОМС полисин алган соң, сиз ошондой эле дени сак иштеп жаткан жаран катары да меджардамдын бардык түрлөрүнө укуктуу болосуз. Бирок бул тизмеге төмөндөгү жеңилдиктер да кирет:

–  үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда жана жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунда лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү акысыз жасата аласыз;

– калыбына келтирүүчү жана физиотерапиялык жардамга муктаж болсоңуз, медкызматтын баасынын 50%ын гана төлөйсүз;

– стационардык-ордун алмаштыруучу жардам көрсөтүлсө, прейскуранттагы баанын 50%ын төлөйсүз;

– багыттамаңыз болсо, стационарлардын амбулатордук-диагностикалык жана лабораториялык-диагностикалык бөлүмдөрүндөгү изилдөөлөрдүн акысынын 50%ын төлөйсүз;

-багыттамаңыз болсо, пландуу стационардык дарылануу үчүн, айталы, терапевтте дарылануу үчүн орто деңгээлдеги кошумча төлөмдү – 840-1160 (9,9 – 13,6 доллар, эгер дарылоо республикалык ооруканада болсо, баасы кымбатыраак) сомду төлөйсүз . Хирургда дарыланып жатсаңыз, анда кошумча төлөм 1090 – 1510 сомду (12,8 – 17,8 доллар) түзөт;

– онкологиялык жардам көрсөтүлгөн учурда стационардагы дарылануу үчүн орточо деңгээлдеги кошумча төлөм жүргүзүлөт. Бекитилген бааларга ылайык, терапевтте дарылануунун акысы  2099 – 4198 сом (24,7 – 49,5 доллар), хирургиялык профилде – 12 220 – 3 055 сом (144 – 36 доллар – баа күндүзгү же толук стационар экенинен көз каранды);

– стационардагы пландуу гематологиялык жардам үчүн орто деңээлдеги кошумча төлөм жүргүзүлөт – 1190 сом(14 доллар);

– Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча дарыгердин рецепти болгон учурда дарыканалар аркылуу дары-дармекти жеңилдетилген шартта сатып алууга мүмкүнчүлүк бар.

Эгер менин каттоом жок болсо, акысыз меджардамды ала аламбы?

 

Жок. Жеңилдиктерге укугу бар экенине карабай, катталбаган калкты тейлөө үчүн баалардын прейскурантына ылайык акы алынат.

Өз кезегинде калыбына келтирүүчү жана физиотерапиялык жардам камсыздандырылган калкка акысыз көрсөтүлөт, калктын калган категорияларынан акы алынат.

 

Адам көчөдө өзүн жаман сезип калды. Ага шашылыш медициналык жардам акысыз көрсөтүлөбү?

Ооба, мыйзам боюнча бардык кыргызстандыктар шашылыш медициналык жардамды акысыз ала алышат, анын ичинде дары-дармек жана медициналык багыттагы каражаттар менен камыздоо каралган. Ыкчам медициналык жардам көрсөтүүгө өмүргө коркунуч жаралган жана токтоосуз медициналык кийлигишүүнү талап кылган учурлар себепчи болот (кокустук, жаракат, уулануу, башка абалдар жана оорулар). Аны төмөндөгү мекемелер көрсөтөт:

– медициналык тез жардам кызматы;

– меничигинин түрүнө карабай, саламаттыкты сактоо уюмдары;

– шашылыш консультативдик медициналык жардам.

Ыкчам жардам күнү-түнү жана кечиктирилгис шартта берилет.

 

Кайсы учурларда стационардагы дарылануу үчүн акы төлөнбөйт?

 

Эгер адам шашылыш көрсөтмөлөр менен түшсө, стационардык жардам аны өмүрүнө коркунуч келтирген абалдан чыгарганга чейин акысыз көрсөтүлөт. Андан кийин бейтап бир катар шарттар менен дарыланууга которулат.

Стационардык жардамды бир катар адамдар гана акысыз ала алышат.

Минималдык деңгээлдеги кошумча төлөм жүргүзүү аркылуу төмөндөгү адамдар стационардык жардамды ала алышат:

– 70 жашка чейинки пенсионерлер;

– “Эмгектин ардагери” медалы менен сыйланган жарандар;

– социалдык жөлөк пул алган тараптар.

Орто деңгээлдеги кошумча төлөм жүргүзүү аркылуу төмөндөгү жарандар стационарда жеңилдик менен дарыланышат:

– милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандар, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү өз алдынча жүргүзүп келген ОМС полиси барлар.

Эгер сизде ОМС полиси жок болсо, анда Сиз кызмат акысын толугу менен төлөйсүз.

 

Эгер жаран аз камсыздардын катарында болсочу? Алар да стационардык дарылануу үчүн акча төлөшөбү?

Жок, эгер алар социалдык коргоо органдарынан же айыл өкмөтүнөн маалымат кат алып келсе, дарылануу үчүн акы төлөшпөйт.

Дарылоо-көзөмөлдөө комиссиясынын чечими менен төмөндөгүлөр кошумча төлөмдөн бошотулат:

  • анык бир жашаган жери жок адамдар;
  • документи жок түшкөн адамдар;
  • мөөнөттүү аскер кызматкерлери.

Булардын дарылануусу саламаттыкты сактоо мекемесинин бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.

Адам психикалык жактан ооруйт. Ал кеп-кеңеш жана стационардагы дарылануу үчүн акы төлөөгө милдеттүүбү?

Жок. Эки учурда тең анын дарылануусу кайтарымсыз негизде жүргүзүлөт. Мындан сырткары бул багыттагы лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жана консультативдик-дарылоо жардамы төмөндөгүлөргө акысыз көрсөтүлөт:

– 18 жашка чейинки балдарга;

– келишим боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлерине (офицерлер, прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана катардагы курам)  жана мөөнөттүү аскер кызматкерлерине;

-аскердик кызмат өтөөнүн кесепетинде майып болуп калган интернационалист-аскерлерге;

-Ченобыль атомдук электростанциясындагы авариянын кесепеттерин жоюудан улам майып болуп калган тараптарга;

– сот же тергөө органдарынын чечими менен баштапкы психиатриялык күбөлөндүрүүдөн, соттук-психиатриялык экспертизадан, баштапкы соттук-психологиялык жана баштапкы соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизадан өтүп жаткан тараптарга;

– ай сайын социалдык жөлөк пул алган тараптарга.

Башка категориядагы адамдарга, ошондой эле  психиатриялык күбөлөндүрүүдөн кайталап өтүп жаткан тараптарга кеп-кеңеш берүү жана дарылоо акылуу негизде көрсөтүлөт.

Психиатриялык жардам көрсөтүү учурунда стационардык дарыланууга келсек, анда кошумча төлөмдөн психикалык оору менен жабыркаган жарандар гана бошотулат. Бул тизмеге психосоматика жана наркология бөлүмдөрүнө жаткырылгандар кирбейт.

Онкологиялык жана гематологиялык жардам кимдер үчүн акысыз?

Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жана консультативдик-дарылоо жардамы төмөнкүлөргө акысыз көрсөтүлөт:

– каттоодо турган адамдарга;

– 18 жашка чейинки балдарга;

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, Ленинград блокадачыларына, концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;

– келишим менен кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына (офицерлер, прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана катардагы курам) жана мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына;

– аскердик кызмат өтөөнүн натыйжасында майып болгон интернационалист аскерлерге;

– Чернобыль атомдук электростанциясындагы авариянын кесепеттерин жоюга катышкандарга жана анын натыйжасында майып болгондорго;

– 16 жашка чейинки балдары бар, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун ай сайын алуучу адамдарга;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана эмгектик майып болуунун, кесиптик же жалпы оорунун кесепетинен I топтогу майыптыгы бар адамдарга;

– курч кармаган жана өнөкөт лейкоз менен ооругандарга;

– гемофилия менен ооругандарга;

– залалдуу лимфомалар, анын ичинде лимфогранулематоз менен ооругандарга;

– апластиялык анемия менен ооругандарга;

– миелодиспластикалык синдромдор менен ооругандарга.

Эгерде онкологиялык жардам алуу үчүн стационардык дарылоо талап кылынсачы?

Стационардык шарттагы пландуу адистештирилген онкологиялык жардам төмөндөгү адамдарга акысыз көрсөтүлөт:

– 18 жашка чейинки курактагы балдарга;

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, Ленинград блокадачыларына, концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;

– аскердик кызмат өтөөнүн натыйжасында майып болгон интернационалист аскерлерге;

– Чернобыль атомдук электростанциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга жана анын натыйжасында майып болгондорго;

– 12 айдын ичинде кайталап операцияга жүргүзүүгө жана кайталап нур менен дарылоого муктаж болгон адамдарга;

– мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына.

Минималдык деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен:

– пенсионерлерге жана 70 жаштан ашкан эмгек ардагерлерине;

– бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга;

– 16 жашка чейинки балдары бар, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун ай сайын алуучу адамдарга;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана эмгектик майып болуунун, кесиптик же жалпы оорунун кесепетинен I топтогу майыптыгы бар адамдарга;

Орточо деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен:

– милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камсыздандырылган жарандарга;

– келишим боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына (офицерлер, прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана катардагы курам).

Бейтап химиотерапиядан өтүп жатат. Ал стационарга акча төлөшү керекпи?

Жок. Химиотерапия жана паллиативдик жардам бөлүмдөрүндө дарыланып жүргөн бейтаптардан стационардык дарылануу үчүн кошумча төлөм алынбайт.

Бейтапка гематологиялык жардам керек, бирок ал ОМС боюнча камсыздандырылган. Анын дарылануусуна акы төлөнобү?

Ооба, ал 1190 сом (14 доллар) өлчөмүндө орточо деңээлдеги кошумча төлөмдү төлөшү керек. Гемотологиялык жардам төмөндөгү учурларда гана акысыз көрсөтүлөт:

– курч кармаган жана өнөкөт лейкоз менен ооругандарга;

– гемофилия менен ооругандарга;

– залалдуу лимфомалар, анын ичинде лимфогранулематоз менен ооругандарга;

– апластиялык анемия менен ооругандарга;

– миелодиспластикалык синдромдор менен ооругандарга.

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, Ленинград блокадачыларына, концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;

– аскердик кызмат өтөөнүн натыйжасында майып болгон интернационалист аскерлерге;

– Чернобыль атомдук электростанциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга жана анын натыйжасында майып болгондорго;

– мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына.

Минималдык деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен:

– Чернобыль атомдук электростанциясындагы кыйроонун кесепетинен жабыр тарткан адамдардын балдарына (18 жашка чейинки);

– пенсионерлерге жана 70 жаштан ашкан эмгек ардагерлерине;

– бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга;

– ай сайын социалдык жөлөк пул алуучу адамдарга;

Орточо деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен:

– милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камсыздандырылган жарандарга;

– келишим боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына (офицерлер, прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана катардагы курам).

 

Кыргызстандыктар стоматологиялык жардамдын кайсы түрлөрүн акысыз ала алышат?

Үй-бүлөлүк медициналык жана жалпы дарыгерлик практика борборлорунан бардык жарандар стоматологиялык жардамдын төмөндөгү түрлөрүн ала алышат:

– калкты тиш жана ооздун ичинин былжырлуу кыртышына камкордук көрүү боюнча санитардык-гигиеналык таалимдерге окутуу;

– мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги балдардын, жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулардын, кош бойлуулук боюнча каттоого турган аялдардын оозунун ичин алдын алуучу текшерүү иштери;

– шашылыш стоматологиялык жардам, зарыл болгон дары-дармектик камсыздоо менен бирге;

– ооздун ичинин санациясы – 10 жашка чейинки балдарды кошо алганда, 70 жаштагы жана андан улуу курактагы пенсионерлерге, кош бойлуулук боюнча чыныгы жашаган жеринде каттоого (приписка) турган аялдарга.

 

Адам көптөн бери инсулинге муктаж кант диабетинен жабыркап келет. Ал дары-дармекти жеңилдетилген шартта ала алабы?

 Ооба. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын шарттары боюнча узак же дары каражаттарын такай колдонууну талап кылган өнөкөт оорулуу бейтаптар үчүн дары-дармек жагынан жардам төмөнкү ооруларда бекер берилет:

– инсулинге муктаж кант диабети;

– инсулинге муктаж эмес кант диабети;

– гемофилия;

– кургак учук.

Гемофилия оорусунан жабыркаган 16 жашка чейинки балдар амбулатордук деңгээлде дары-дармектер менен бекер камсыз болушат.

Дарыканага барып эле ушул дарылардын баарын ала берсе болобу?

 Жок. Нормативдерге ылайык, дары-дармектер жана медициналык каражаттар үй-бүлөлүк медициналык борборлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, жалпы дарыгерлер практика борборлору, Бишкек шаарында – шаардык эндокринологиялык диспансер аркылуу акысыз берилет.

Кыргызстанда 2012-жылдан тарта Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча кошумча программанын алкагында амбулатордук деңгээлде калкты жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо тууралуу жобо иштейт. Бул жободон кайсы адамдар кайсы дарыларды жеңилдетилген шартта ала аларын биле аласыз.

Дарыны жеңилдетилген баада сатып алыш үчүн бейтап дарыканага дарыгердин рецептин көрсөтүшү керек. Ал дарынын баасынын бир бөлүгүн гана төлөйт, калган бөлүгү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражатынан же мамлекеттик бюджеттен төлөнөт.

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында төмөндөгү тараптар дарыканалардан дарыны жеңилдетилген шартта ала алышат:

– параноиддик шизофрения оорулуулар;

– ар кыл генездеги аффективдүү бузулуулар менен ооругандар;

– талма оорулуулар;

– бронханын астмасы менен ооругандар;

– гипертониялык оору менен ооругандар;

– терминалдык баскычтагы онкологиялык оорулуулар.

ОМС кошумча программасы аркылуу төмөндөгү тараптар дарыларды жеңилдетилген шартта ала алышат:

  • Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган гана жарандары,
  • иш берүүчүлөрү Социалдык фондго камсыздандыруу чегерүүлөрүн жүргүзгөн иштеп жаткан жарандар,
  • пенсионерлер,
  • социалдык жөлөк пул алган тараптар,
  • 16 жашка чейинки балдар,
  • Социалдык фондго камсыздандыруу чегерүүлөрүн жүргүзгөн дыйкандар жана дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү,
  • ОМС полиси бар жарандар.
Дарыларды кайсы дарыканалардан жеңилдетилген баа менен сатып алса болот?

 Милдеттүү медциналык камсыздандыруу фондунун сайтында дарыларды жеңилдетилген баада сатып алса боло турган дарыканалардын тизмеси жайгаштырылган. Дарыканалардын толук тизмеси жана алардын даректери менен бул жактан тааныша аласыз.

ОМС кошумча программасы боюнча калктын камсыздандырылган категориясы жеңилдетилген шартта сатып алса боло турган дары-дармектердин тизмесин бул жактан карай аласыз.

ОМС кошумча программасы боюнча дары-дармек алууга эки шарт негиз болуп берет:

  • Камсыздандырылган жарандар Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталган болушу керек.
  • Иштеген жарандарда жана дыйкандарда Социалдык фонд тарабынан берилген жеке идентификациялык номер (ПИН) болушу керек.

Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жарандар Үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер тобуна катталышы керек, ПИН номери болушу керек жана диспансердик каттоодо турушу шарт.

Медициналык-санитардык жардамды кимдер акысыз жана жеңилдетилген шартта ала алышат?

 Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча тизмеге төмөндөгү тараптар киргизилген:

  1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары.
  2. Улуу Ата Мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын майыптары.
  3. Эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча согуштук иш-аракеттердин жүрүшүндө жабыр тарткан жана майып болгон жарандар.
  4. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы күжүрмөн эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган жарандар.
  5. Концлагерлердин мурдагы туткундары.
  6. Ленинград шаарынын блокадачылары.
  7. 70 жаштан жогорку эмгек ардагерлери.
  8. “Баатыр эне” ордени менен сыйлангандар.
  9. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында күч менен мыйзамсыз түрдө жумушчу колонналарына (эмгек армиясына) тартылып, кийин реабилитацияланган жарандар.
  10. Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин 3-даражасы менен сыйлангандар.
  11. Социалисттик Эмгектин Баатырлары.
  12. “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку наамына ээ болгон, I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган жарандар.
  13. Башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштук иш-аракеттердин катышуучулары.
  14. Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен жабыр тарткан жарандар (радиациялык авариялардын кесепеттеринен улам пайда болгон оорулардан жапа чеккендер);
  15. Аскердик кызматтын милдетин аткаруу учурунда жаракат алып, майып болуп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер.
  16. Курман болгон жана дайынсыз жоголгондордун үй-бүлө мүчөлөрү (ата-энелери (атасы, энеси) пенсиялык куракка жеткенде, эгерде курман болгон адам алардын жалгыз баласы болсо; балдары он сегиз жашка чыккыча), ден соолугуна өтө оор, анча оор эмес жеңил зыян тартып, анысы соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу менен ырасталгандар; 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы, 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек жана Нарын шаарларындагы, 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусундагы жана 2010-жылы Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы июнь окуяларында алган травмалардын кесепетинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары таанылгандар.
  17. Эмгектик, ошондой эле кесиптик же жалпы оорунун кесепетинен I жана II топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
  18. Көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
  19. Бала кезинен тартып ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
  20. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдар.
  21. 6 жашка чейинки курактагы балдар.
  22. Мамлекеттик балдар үйүндө, үй-бүлөлүк балдар үйүндө (кабыл алган үй-бүлөлөрдө), жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугунан ажыраган балдар үчүн үй-интернаттарда жашашкан жетим балдар.
  23. Карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн үй-интернаттарда жашашкан жарандар.
  24. Чыныгы аскер кызматына чакырылуучу жана амбулатордук деңгээлде же стационардык шарттарда дарылоо үчүн аскердик-дарыгерлик комиссия тарабынан медициналык текшерүүгө жөнөтүлгөн жарандар.
  25. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, эгерде аскер кызматын өтөп жаткан мезгилде ведомстволук саламаттык сактоо мекемелеринде квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жок болсо.
  26. ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдар.
  27. Жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары окууну бүткөнгө чейин, бирок алардын 18 жашка чейинки курагында гана, аз камсыз болушкан үй-бүлөдөгү 16 жашка чейинки курактагы балдар, социалдык өнүктүрүү органдарынан алынган маалым катты көрсөтүү менен.
  28. 70 жаштан жогору курактагы пенсионерлер.
  29. Баштапкы тергөөдөгү адамдар, ошондой эле жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар, бейтаптын өмүрүнө коркунуч жаратуучу кечиктирилгис абал пайда болгон учурларда, эгерде аларга пенитенциардык системанын медициналык кызматтарында, КР УКМКнын тергөө изоляторунда, КР ИИМдин убактылуу кармоочу изоляторунда медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүн болбосо.
  30. Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар үйүнүн, үй-интернаттардын 23 жашка чейинки бүтүрүүчүлөрү.
Клиникалык көрсөтмөлөр боюнча амбулатордук да, стационардык да деңгээлдеги меджардамды кимдер акысыз ала алышат?

Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча бул тизмеге 17 категориядагы жарандар киргизилген:

  1. Кош бойлуулук боюнча каттоодо турган аялдар.
  2. Кош бойлуулук патологиясы бар, стационардык дарылоодогу аялдар (негизги диагноз боюнча).
  3. Социалдык жана медициналык көрсөткүчтөр боюнча бойдон алдыруу үчүн келишкен аялдар.
  4. Төрөө үчүн келген аялдар.
  5. Төрөттөн кийинки татаалдашуудан жапа чеккен аялдар, төрөттөн кийинки 10 аптанын ичинде.
  6. Кургак учук менен ооругандар.
  7. Бронханын астмасы менен ооругандар.
  8. Терминалдык баскычтагы онкологиялык оорулуулар.
  9. Психикалык бузулуу менен ооругандар (параноиддик шизофрения, өнөкөт жөөлүү менен байланышкан оорулар, ар кыл генездеги аффективдүү бузулуулар).
  10. Эпилепсиядан жабыр тарткандар.
  11. Кант диабетинен жабыр тарткандар.
  12. Канттык эмес диабеттен жабыр тарткандар.
  13. Өзгөчө жана карантиндик инфекциялардын (ич келте, паратиф, күйдүргү, чума) негизинде пайда болгон оорулардан жабыр тарткандар жана алар менен карым-катышта болгондор.
  14. Кутурма оорусунан жабыркагандар жана оорулуу менен карым-катышта болуп, кутурма оорусун жуктуруп алуусу мүмкүн болгон адамдар.
  15. Менингококктук менингиттен жабыркагандар.
  16. Гемофилиядан жабыркагандар.
  17. Лабораториялык изилдөө менен ырасталган жана ырасталбаган коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандар жана алар менен карым-катышта болгон адамдар.

 

Жеңилдиктерге карабай, кыргызстандыктар кайсы изилдөөлөр үчүн акы төлөшөт?

Мыйзам боюнча жарандар кымбат изилдөөлөрдүн баасын прейскурант боюнча милдеттүү тартипте төлөшөт, тагыраагы:

–  перифериялык кан тамырлардын, баш мээнин кан тамырларынын жана ички органдардын ангиографиясы:

– жүрөк кемтигинде ангиокардиография;

– гемосорбция;

– гемодиализ;

– компьютердик томография;

– коронарография;

– плазмоферез;

– ядердик-магниттик-резонанстык томография;

– литотрипсия.

Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына кымбат баалуу лаборториялык жана диагностикалык изилдөөлөр, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо уюмдарындагы манипуляциялар акысыз көрсөтүлөт,  тиешелүү адистин багыттамасы болушу керек.

Эгер меджардамды алуу укугум бузулса, кайда кайрыла алам?

 Эгер Сиздин медициналык жардам алууга укугуңуз бузулса, анда Сиз Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишеним телефондоруна чалып, билдирүү калтыра аласыз.

Шарт боюнча Фонддун ар бир бөлүмүндө ишеним телефондору бар. Аларга кайрылып, Сиз Мамлекеттик кепилдик программасына байланыштуу бардык маселелер боюнча, ошондой эле жеңилдиктер тууралуу толук маалымат, кеп-кеңеш ала аласыз. Кыргызстандыктар төмөндөгү номерлер боюнча кайрыла алышат:

Бишкек: 0312 64 41 09, 0312 66 05 29

Чүй: 0312 66 62 66

Ош: 03222 7 16 34

Жалал-Абад: 03722 5 31 82

Талас: 03422 5 24 84

Баткен: 03622 5 06 40

Ысык-Көл: 03922 5 11 72

Нарын: 03522 5 04 67

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун дареги: 720040, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 122

Тел.: (0312) 66 35 51, 66 52 42, 66 05 29

Факс: (0312) 66 06 57, 62 65 01

E-mail: pr@foms.med.kg

Бул макала Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Бейпилдикти жана бейкуттукту чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү»долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Басылманын мазмуну IWPR же Улуу БританияѲкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: