Кыргызстанда калдык сактагычтарды рекультивациялоо жөнүндө сөз жүрүп жатканына 10 жылдан ашты. 2023-жылы Миң-Куш айылындагы уран калдыктарын сактоочу 4 жайды калыбына келтирүү иши башталды, бирок бул процесс жергиликтүү калктын кооптонуусун жаратууда.
Миң-Куш айылы Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан. Айылда 4 миңге жакын киши жашайт. Алардын көбү мал чарбачылыгы менен тиричилик кылат.
Айылда төрт бала бакча, үч мектеп, бир оорукана, бир кесиптик лицей жана уран калдыктарын сактоочу төрт жай бар – «Талды-Булак», «Туюк-Суу», «Как» жана «Дальнее».
Миң-Куш Советтер союзунун тушунда “шаар тибиндеги кыштак” макамына ээ болчу. Шаарча экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Сталиндин буйругу менен түзүлгөн. СССР бийлиги атомдук бомба даярдоо максатында Борбор Азияны изилдеп жүрүп, Москвадан түз каржыланган Миң-Кушту курган.
Бир кезде айылда уран казылып, жашоо кайнап турду. 1969-жылы кендер жабылып, урандын өндүрүштүк кору түгөндү. Кийин мында гектограф, механикалык калемдерди, фломастерлерди жана шариктүү автокалемсаптар үчүн өзөктөрдү чыгарчу “Оргтехника” жабдуу заводу ачылган.
Кыргызстан эгемендүүлүк алган соң, Миң-Куштагы тургундардын көпчүлүгү өлкөнүн башка аймактарына көпчүп кетти да, он миңдей калктын саны эки эсеге кыскарды.
Азыр элеттеги жыгач үйлөр, кароосуз ташталган имараттар советтик өтмүштү эске салып турат. Советтик өтмүштү эстеткен дагы бир жагдай – жашоочулардын ден соолугу. Миңкуштук дарыгерлердин айтымында, мындагылардын дээрлик баарынын кан басымы жогору, жүрөк оорулуулар абдан көп. Мунун болжолдуу себеби – күчтүү радиация, – деп боолгошот алар. Шарт мыкты болбосо да, эски ооруканада ак халатчандар бейтаптарга колдон келген жардамын бергенге аракеттенишет.
2004-жылы “Туюк-Суу” калдык сактоочу жайына жакын аймакта жер титиреп, тоо этегиндеги жарака беш метрге жетип, жер көчкү коркунучу жаралды. Адистердин айтымында, эгерде жер көчсө, Миң-Куш дарыясынын жолун тороп калышы мүмкүн. Андайда суу уран калдыктарын агызган бойдон Нарын дарыясына куюшу турган кеп. Мындай кырсык Борбор Азиянын башкы көйгөйүнө айланышы толук ыктымал.
Ошол кезде Туюк-Сууга жакын жердеги 23 үйдө радиациянын күчү 120 микрорентгенден ашып, өкмөт алардын ар бирине 200 миң сомдон кенемде төлөп берип, көчүрүү чечимин кабыл алды.
2013-жылы КМШ өлкөлөрүндө «Уран өндүрүшүнүн таасиринде калган мамлекеттердин аймагын рекультивациялоо» программасы ишке ашырыла баштаган. 2023-жылы болсо «Росатом» Кажы-Сай жана Миң-Куш айылдарындагы калдык сактоочу 5 жерди рекультивациялоого каржы ажыратты.
Уран калдыктарын сактоочу жайды башка жакка көчүрүү маселеси дээрлик он жылдан ашык убакыттан бери талкууланып келет. Көчүрүү иши жергиликтүү элдин тынчын алууда. Калдыктардын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан, аны айылдыктар жүргөн жол аркылуу ташып баратканда, кооптуу заттар түшүп, зыянын тийгизиши мүмкүн, – деп кооптонуп турушат миңкуштуктар.
“Тээтиги жол менен ташылат экен. Ал жолдон балдарым мектепке каттайт. Зыяны тийсе, балдарымдын ден соолугу эмне болот, билбейм. Ташуу иштери башталса, Миң-Куштан көчүп кетем го. Бирок каякка барарымды билбейм”, – дейт 42 жаштагы Кумарбек Аманалиев. Ал Миң-Кушта туулуп-өскөндөрдүн бири.
“Уран калдыгы көчүрүлөт” деген кабар Кумарбектин гана эмес,башкалардын да үрөйүн учуруп турган кез. Айылдын дагы бир тургуну Самат Асанов элге маалымат толук жетпей жатат деген пикирде.
“Бир жыл мурда айылдын клубуна элди топтоп, жыйналыш өткөрүшкөн. Орустун экологдору, врачтарынан бери келген. Ал жерде миңкуштуктарды эки жылга айылдан чыгып тургула деген сөздөр болгон. Эки жыл каякка барабыз, ошондой да болмок беле?” – деп суроо салат ал.
Айылдыктар уран калдыктарын ташуу иштерин көзөмөлдөө үчүн комиссия түзгөн. Курамына жергиликтүү тургундар, айыл өкмөттүн кызматкерлери жана райондук мекемелердин өкүлдөрү болуп 17 киши кирген. Алар элдин коопсуздугун камсыздоо милдетин алышкан.
Ушул күндөрү Талды-Булак аймагындагы уран калдыктары коопсуз деп саналган аймакка ташылып жатат. ӨКМдин маалыматында, жакынкы күндөрү айылдын үстүндө жайгашкан “Туюк-Суудагы” уулуу заттар көчүрүлө баштайт. ӨКМ кызматкерлери калдыктарды көчүрүп чыгуудан жергиликтүү эл зыян тартпай турганын байма-бай түшүндүрүп келет.
“Уран ташууда элге эч кандай зыян болбойт. Орусиядан атайын автоунаалар келет. Жүктөгөн машине да, аны ташыган машиненин айдоочусу да түшпөйт. Кнопка менен гана иштейт”, – дейт ӨКМдин кызматкери Бакытбек Асанкулов.
Бирок экологдордун пикири башкачараак, алар калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо тургундар үчүн таптакыр зыянсыз ишке ашат деп айтуудан алыс.
“Уран калдыктарын зыяны жок көчүрүп кетүү мүмкүн эмес. Алардын долбоору менен таанышып көрүш керек. Нан кескенде деле күкүмү дасторкондо калат да. Анын сыңарындай элге таасири тийбей койбойт. Калдык сактоочу жайды ташып чыгыш шарт эмес, болгону Миң-Куш суусунун нугун кеңейтип коюш керек”, – дейт эколог Рудбек Абдраев.
Кыргызстанда жалпысынан уулуу жана радиоактивдүү заттар сакталган 92 жай бар. Алардын 36сы өлкөнүн түштүгүндөгү Майлуу-Суу шаарында, а калгандарында тоо породаларынын калдыктары, оор металлдар жана цианид көмүлгөн. Уулуу жана кооптуу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт.