© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан — Өзбекстан: Чек аралаш айылдар сууну кандай пайдаланат?

Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте колдонгон суу ресурстары эки өлкөнүн тең айыл чарбасы үчүн абдан маанилүү. Эки тарапты аралап өткөн каналдардагы сууну колдонуп, дыйканчылык менен күн кечирген айылдардын биринен CABAR.asia атайын репортаж даярдады. 


Ош облусундагы Араван районунун Дөбө-Коргон айыл өкмөтү – Кыргызстандагы эң ысык аймактардын бири. Жергиликтүү калктын басымдуусу дыйканчылык менен алектенет. Талаа иштери февраль айынан башталып, кеч күзгө чейин уланат. Дыйканчылыктагы эң негизги маселе бул — суу.

 Диларам Дөбө-Коргон аймагынынын Нурабад айылында жашайт. Ал учурда экинчи түшүмү – жүгөрүнү жыйноо алдында турат. Биринчисине пияз эгип, анысын сатып түгөттү. Дыйкандын айтымында, быйыл сугат суудан көйгөй жаралган жок, себеби жай мезгили жаанчыл болду. Мындан улам мурдагыдай кезек күтүү деген түйшүк жаралган жок. 

Дыйкандын экинчи түшүмү. Сүрөт: Айдай Беделбек кызы

 «Жазда пиязды жыйнап, сатып алдык. Анан жүгөрү айдадык. Азыр ал да даяр болуп калды. Муну жыйап алып, кеч күздө кайра пияз себебиз. Биз жакта бир жылда эки түшүм алынат. Быйыл, былтыр эгин сугарууда көйгөй болбоду. Анткени суу көп болду. 2-3 жыл мурун кезектешип сугарат элек. Мураб келип, ага кезекке жазылып, белгилүү бир убакытта суугарып алчубуз. Биз тарапта ушундай тартыштык болуп турган. Бирок каналдын аркы бетинде дыйканчылык кылгандарда суу маселеси жок», – дейт ал.

Дөбө-Коргон айыл өкмөтү Түштүк Фергана каналынын эки тарабында жайгашкан үчүн эки өлкөдөн келген суудан пайдаланышат. Канал Араван району аркылуу өтүп, Өзбекстан- Кыргызстан-Тажикстанды камтыйт.

Түштүк Фергана каналы. Сүрөт: Айдай Беделбек кызы

 Түштүк Фергана каналынын ылдый тарабында жайгашкан айылдарга ичүүчү суу да, сугат суу да аталган каналдан тартылат. Ал үчүн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда мамлекеттер аралык келишим бар. Суу атайын өлчөм менен керектүү убакта алынып турат.

 «Эки каналдан суу алып, дыйкандарга жетиштирип бергенге аракет кылабыз. Алар — Фергана жана Аравансай каналдары. Фергана каналынан былтыры 8 млн куб суу алган элек. Быйыл 10 млн куб суу алып жатабыз. Суу чарба башкармалыгы келишим түзөт, биз каалагандай алып, 8 ай  колдоно беребиз. Алар жылына бир жолу август айынын ортосунда пахта теримде сууну токтотуп, каналды кургатышат. Бирок ошол убакта дагы бизге беришет. Коңшу өлкөдөн суу алууда такыр көйгөй жок», —дейт Нурабад айылындагы «Түрк-Ата» Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси Кочкор Мамасалиев.

 Ал эми айыл аймактын жогору тарабына суу Аравансай каналынан тартылат. Каналга суу Папан суу сактагычынан барат. Дыйкандардын айтымында, сел суулары түшкөндө же дагы башка кырсыктар катталган убакта бул каналга көз каранды талааларга суу жетпей, кыйынчылык жаралат. 

 «Быйыл жаан-чачын көп болгонго суу көйгөйү болбоду. Бир да токтогон жок. Бирок буга чейин маселелер болуп  эле келген. Сайды бузуп кетсе, бизге суу келбейт. Талаш болот, кезек болот. Эрте менен мураб келип, тизме түзүлүп, анан кезегиң келгенде суугарып алышың керек. Ал эми Фергана каналынан суу берилген жактарда дыйканчылык кылгандарга көйгөй болбойт. Биз жак жогору болгон үчүн ал каналдан суу чыгара алышпайт», — деп айтып берди дыйкандардын дагы бири.

 Нурабад айылындагы эгин талаа. Сүрөт: Айдай Беделбек кызы

 Дөбө-Коргон айыл аймагынын башчысы Давранбек Шамшидинов суулуу жерлердин 70 пайызына суу Түштүк Фергана каналынан тартыла турганын белгилейт. Калган аймактардагы суу тартыштыгын азайтып, кышында суу камдап алуу үчүн насостук станцияны куруу иштери пландалып жатканын айтат.

 «Сууну Фергана каналынан жана Аравансайдан алабыз. Ичүүү суу үчүн ар бир айылда 2-3 скважина бар. 94 пайызга камсыз болгон. Насостук станция куруу боюнча ишти баштадык. Кышта суу 4-5 ай  жөн эле агып кетет. Ошону биз топтоп алсак, жылда июль-август айларында тартыштык жаралганда ошол сууну ачып берүүнү карап жатабыз», — дейт айыл өкмөт башчы.

Закиржон Мамадалиев. Сүрөт: Айдай Беделбек кызы

Жергиликтүү кеңештин депутаты Закиржон Мамадалиевдин айтымында, союз учурунда бул аймакта насостук станция болгон. Түштүк Фергана каналынан суу алынып, айылдын жогору тарабына да чыгаруу мүмкүнчүлүгү болуп турган.

 «Биз картошка, жүгөрү, буудай, сабиз, пияз баарын эгебиз. Негизинен дыйканчылык менен алекпиз. Мээнет күчтүү. Азыр да буудайдын ордуна сабиз сээп келе жатабыз. Өзбекстандын каналынан жогору жайгашкан айылдарга чыгарыш кыйын. Союз маалында насос болчу, мурда ошондон алат элек. Кийин түтүктөр сатылып, жок болду. Азыр эми долбоор жазганбыз, өтүп калса республика бюджетке жөнөтүлөт деп турабыз. Ал курулуп калса, бул аймактын баарында суу көйгөйү болбой калмак» , —дейт Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Закиржон Мамадалиев.

Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагы – коңшу өлкөнүн каналдарынан суу пайдалануунун бир эле мисалы. Облус аймагында мындан башка айылдар да бар. Кыргызстандын Ош облусу Өзбекстандын Андижан жана Фергана облустары менен чектешет. Эки өлкөнү аралап өткөн бир канча дарыя жана каналдар орун алган. Бул аймактарда атайын келишимдин негизинде эки өлкө ортосунда суу алуу-берүү иштери жүргүзүлөт.

 Алардын дагы бири Кара-Суу районундагы Савай каналы. Бул канал Андижан суу сактагычынан башат алып, Кара-Суу районунун Савай жана Сарай айыл өкмөттөрүн аралап өтөт. 3 миң гектарга жакын жер суу ичет. Эл аралык, мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде атайын лимит менен 45 млн метр куб суу алынат. 

 «Ош облусу биздин аймактан аралап өткөн Өзбекстанга караштуу объекттерден суу алабыз. Мындан тышкары Фергана облусунун Куавасай районунун келген Исфайрам деген канал бар, Каримберди тилкеси деп койот. Бул Исфайрам дарыясынан келген суу. Баткен облусунун Кадамжай районунан Өзбекстандын Ферганасындагы Куавасайга өтөт, анан андан кайра биздин Араван районунун Төө-Моюн зонасына өтөт. Бул жерде кээде бир аз көйгөй жаралат. Анткени Кадамжайдагы суу пайдалануучулардан Өзбекстанга суу өтпөй, алар бизге бербей калат. Анан 3 тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Былтыры да Ферганага барып, бул жакка келип, жолугушуп чечкенбиз», — деди Ош башкы суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Руслан Абибуллаев.

Ал эми Кыргызстандан Өзбекстанга суу Ак-Буура дарыясынан берилет. Пландын негизинде атайын билдирме менен Достуктан өтөт. Мындан барган суудан коңшу өлкөнүн Жалалкудук, Кожоабад райондорунун 10 миң гектарга жакын жери суу ичет. Сел болгондо ташталган суулардын баары агып өтөт. Жайчылык убакта мамлекет аралык келишимдин негизинде Ак-Буура дарыясындагы келген суунун 18%ы Өзбекстанга өткөрүлөт. Аравансайдан графиктин негизинде суу берилет. Бирок Ноокат районунан келген 4-5 дарыя Аравансайга куюп, Ноокат, Араван райондоруна суу жетпеген жайында бул сайдан суу берилбейт.

 Өзбекстан Кыргызстанга март айынан суу бере баштайт. Кыргызстандан коңшу өлкөгө дагы тазалоо, ремонт иштери бүткөн апрель айында берилип келет.

Сейтек Кулубаев. Сүрөт: Араван райондук мамадминистрациясы

Араван районунун акими Сейтек Кулубаевдин айтымында, эки өлкөнүн ортосунда биргелешип суу пайдаланууда азырынча маселе жок. Бирок климаттын өзгөрүшүнүн кесепетиндеги ар кандай өзгөрүүлөрдү эске алуу менен насостук станцияларды куруу иштери жүрүүдө. 

 «Мурда кургакчылык болуп, дыйканчылык убактарында аларда да, бизде да суу тартыштыгы жаралганда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт эле. Эки тараптын суу чарба боюнча өкүлдөрү сүйлөшүп, суу менен камсыздоо дароо чечилип келген. Азыр эми акыркы 2-3 жылдан бери суу мол болуп жатат. Мындан сырткары биз суу тартыштыгын, кургакчылыктык эске алып, бир нече насостук станцияларды курдук. Азыр курулуп жаткандары, пландалгандары да бар. Алар келишимде көрсөтүлгөн өзүбүздүн лимитти алуу үчүн пайдаланылат. Тартыштык жаралып калса, ошол сууларды колдонуу жана суу жетпеген жерлерди камсыздоо үчүн ушул иштер аткарылып жатат»,- дейт Сейтек Кулубаев.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: