Кыргызстан Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Беш-Арал коругу аркылуу жол салууну көздөп жатат. Андан кийин ГЭС курулуп, алтын казылмакчы. Бул үчүн 2023-жылы Министрлер кабинети коруктун 200 гектар жерин трансформациялоо токтомун чыгарды.
Учурда жергиликтүү тургундардын арасында бул демилгени колдогондор да, ага каршы чыккандар да бар. Биринчи топ жол салынса, андан кийин ГЭС курулат деп кубаттаса, каршылар бул иштин артында алтын казылып, экосистемага зыян келет деп тынчсызданышат.
Жергиликтүү бийлик ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине киргизилген Беш-Арал коругундагы алтын мамлекеттик үлүш менен казылат деп ишендирүүдө. Бирок экологдор мындай аракеттердин оор кесепеттерин эскертип жатат.
Беш-Арал коругу Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан. Аянты 100 миң гектардан ашуун. Ага барчу жол татаал, кышы узун – сегиз ай кар жатат.
Ал 1979-жылы түптөлүп, 2016-жылы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, «Батыш Тянь-Шань» транс чек аралык бүткүл дүйнөлүк жаратылыш мурас объектиси Борбор Азиядагы Тянь-Шань тоо системасынын бир бөлүгү болуп саналат, ал дүйнөдөгү эң чоң жети тоо кыркаларынын бири. Бул жер – биологиялык ар түрдүүлүк менен мүнөздөлгөн ар кандай ландшафттардын мекени. Тянь-Шань мөмөлүү өсүмдүктөр жаралган, өтө бай жер катары дүйнөлүк мааниге ээ.
Дал ушул Беш-Арал аркылуу Чаткал районунан Ташкентке түз жол салуу демилгеси менен былтыркы жылы коруктагы 200 гектар жердин багыты «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» деген категорияга которулган.
Өлкө бийлигинин түшүндүргөнүнө караганда, чек аралаш жайгашкан корук аркылуу Ташкентке жол салынгандан кийин чек арачылар үчүн тозот курууга, ГЭС салууга жол ачылат. Токтомдо бул иштерди аткаруу үчүн «Мурас Синтез» компаниясынын аты аталган.
Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаевдин айтымында, былтыр «Мурас Синтез» компаниясы корукка техника кире тургандай кылып жол ача баштаган. Бирок, учурда корукта кар жаткандыктан курулуш иштери токтоп турат.
«ГЭС куруу үчүн алгач корукка жол салыш керек. Ага чейин ошол аймактагы алтынды казуу иштери турат. ГЭС салынса, баары бир алтынды алыш керек. “Мурас Синтез” компаниясы уруксат алган соң, мамлекеттик үлүш менен алтынды казат. Муну менен бирге Чаткалдан корук аркылуу Ташкентке жол салат. Бул жол салынса туризм өнүгөт. А ГЭС үчүн дагы кошумча жер трансформация кылыш керек», — дейт район акими.
Бирок эколог Гамал Сооронкулов Өзбекстандын борборуна алып барчу башка жолдор деле бар экенин, аны корук аркылуу салуу негизсиз болорун айтат. Бул иштердин артында алтын кендерин казуу амалы турушу мүмкүн деп тынчсызданат.
«Ташкентке барчу башка жолдор жетиштүү болчу. Беш-Аралда 8 ай кар жатат. Ал жакта кандай жол болот? Бул жерде маселе башкада болууда. Беш-Арал коругундагы эң мыкты жерлердин зонасында Найза жана Арап деген эки чачыранды алтын кени бар. Буга чейин жергиликтүү тургундар менен активисттер аны казууга каршы чыгып, токтотуп калышкан. Ал жердеги алтындардын көлөмү көп эмес. Азыр ошону казганы турушат. Аз алтынды казуу менен экологияга чоң зыян келе турганын түшүнбөй жатышат. Чачыранды жайгашкан алтын кенинен түшкөн акча Чаткалдын бюджетин толтурбайт. Жакшы каражат алып келбейт», — дейт эколог.
Деген менен жергиликтүүлөр арасында ГЭСтин курулушун кубаттагандар да бар. Алардын бири корукка жакын жайгашкан Акташ айылынын тургуну Эрген Кошонбаев. Ал жол салууну, ГЭС курууну гана колдобостон, коруктан элге жайыт үчүн жер бөлүнүп бериши керек дейт.
«Чаткалдын суусу кылымдар бою бекер эле агып жатат. ГЭС курулса, жалпы Кыргызстанга пайдалуу эмеспи. Чек ара дагы бекем болот. Корук деп айта беребиз, ал жерге 1979-жылдары эл көчүрүлүп барып жайгаштырылган. Кийин шарты оор болгондуктан, кайра кайтып кетишкен. Анан корукка айландырып салышты. Биздин район мал чарбачылыгы менен күн кечирет. Тоют жетпейт, кышы катаал. Мурда ошол корукта элдин жерлери бар эле. Мен буга чейин курултайда да ошолорду элге кайтарып бергиле деп кайрылгам», — дейт айыл Кошонбаев.
Расмий бийлик өкүлдөрү коруктун аянты кыскарып, жол салганда жер кыртышына зыян болгону менен, ГЭСти куруу стратегиялык жактан маанилүү экенин айтат. Район акими коруктун багыты өзгөргөн 200 гектар жер аянты кайра эле жанаша жайгашкан башка жерден толукталарын кошумчалап жатат.
Бирок, «Германиянын табиятты коргоо уюмунун (NABU-Кыргызстан)» түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Ысабек Аматовдун айтымында, дарактар кайра тигилген күндө да кыйылгандардын ордун толуктоо үчүн 100 жылдай убакыт кетет.
«Дарактар 100 жылда жетилет. Башка жерге жаңгак, арча эгип койгондо деле ал өздөрү чыккан жапайы дарактардын ордун баса албайт. Кыйылган, бузулган жерлерде жапайы шилби, бадалдар болушу мүмкүн. Аларды кантип башка жерге отургузат? Дарактардан сырткары, жер асты менен үстүндө жашаган жаныбарлар дүйнөсү деген бар . Жылан, курт-кумурска дегендерди кантип алып барышат? Токой деген бир эле дарак эмес да. Жаныбарлар, өсүмдүктөрдүн түрлөрү кошулуп токой деп аталат. 200 гектар эмес, 10-50 сотыхты кайра ордуна келтирүү кыйын. Табияттын өзүндө болгон нерсе маанилүү. Башка жерден толуктаганда да, бузулган жерди калыбына келтире албайбыз», — дейт Аматов.
Экологдор учурда климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суу азайып жаткан шартта ГЭС куруу үчүн токойлорду кыюу карама-каршы келе турган жагдай деп эсептешет.
«Дарыянын нымдуулугунун жакшы болушу токойго көз каранды. Анткени токойлордо жыш бадалдар көп болсо, тоолордо суунун булактары ошончолук жакшы сакталат. Тоолордо дарак, бадалдар жок болуп кетсе, булактар соолуйт. Алардын соолушу дарыялардын соолушуна алып келет. Ошондуктан суу көп болушу үчүн токой көп болуш керек. ГЭСти сууну үнөмдөп, сактап туруу, анан энергияга байланыштуу курабыз деп жатышса керек. Бирок, бул эффективдүү эмес. ГЭС куруу климаттык шартты өзгөртөт, нымдуулук алып келип, жер астындагы суунун чыгып кетишине алып келет», — дейт Ысабек Аматов.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун адистери Чаткалда ГЭСтердин пландалган каскадын куруунун натыйжасында коруктун гидрологиялык режими олуттуу өзгөрөрүн, бул коруктун аймагындагы кызыл китепке киргизилген өсүмдүктөргө жана жаныбарларга олуттуу зыян келтире турганын белгилешкен.
«Мензбир сууру ал жерден башка жерде жок. Өрүк, алма, узун акмат жапайы жүзүмү да кызыл китепке кирген. Азыр, тилекке каршы, 2 миң гектарга жакын жер рекультивация болбой, аңырайып жатат. Аларды ким калыбына келтирет? Баары бир ал жерлерге рекультивация жасатыш керек. Ошол жерде мурда өсүп жаткан өсүмдүктөр кайра өсүшү керек. Жаныбарлар кайра келиши керек. Бул экологияга чоң зыян», — деп кошумчалайт эколог Гамал Сооронкулов.
«ГЭС – энергиянын “жашыл” булагы эмес»
«Чек арасыз дарыялар» эл аралык экологиялык коалициясынын эксперттери ушул жылдын февраль айындагы жаңы баяндамасында жашыл энергиянын «локомотиви» катары ГЭС тууралуу мифти жокко чыгарышкан. Уюмдун расмий сайтында жарыяланган маалыматта ГЭСтин бир катар терс кесепеттери мисал келтирилген.
- ГЭСтер күн же шамал энергиясына караганда сууну 10-500 эсе көп керектейт;
- Гидроэлектрдик суу сактагычтар дарыя өрөөндөрүндөгү түшүмдүү жерлердин чоң аянттарын каптап, биологиялык ар түрдүүлүккө жана жергиликтүү калкка терс таасирин тийгизет;
- ГЭСтер эң аз жана жок болуп бара жаткан биологиялык ар түрдүүлүктү– тузсуз суу экосистемаларын жок кылууда.
Ушул эле уюмдун өкүлдөрү февраль айында Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугуп, аларды Чаткалга ГЭС курулушун көзөмөлдөөгө чакырышкан. Мындан сырткары ЮНЕСКОго кайрылуу жолдошкон.
Анда «Чаткал дарыясынын корголгон гидроэнергетикасын өнүктүрүү пландары экологиялык уюмдардын жана илимий коомчулуктун олуттуу тынчсыздануусун жаратууда», — деген «Чек арасыз дарыялар» коалициясынын Борбордук Азия боюнча координатору Александр Колотов.
Ал белгилегендей, Кыргызстан Чаткалдагы ГЭСтин курулушунун экономикалык пайдасы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги жерлерге кирүүдөн келтирилген экологиялык чыгымдардан канчалык жогору экенин дагы бир жолу кылдат талдап чыгышы зарыл. Анын үстүнө зыянды өлкө өзү эле эмес, кошуна Казакстан менен Өзбекстан да тартат.