© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Соңку 50 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн 16%ы жоголду. Бүткүл чөлкөм кургакчылык коркунучунда

Акыркы жылдары Кыргызстанда мөңгүлөрдүн саны 1795ке жетти. Бирок бул жаңы мөңгүлөр пайда болду дегендик эмес. Чоң мөңгүлөр эрип, майдаларга бөлүнгөн үчүн алардын жалпы саны өсүп отурат. Элүү жылга жетпеген аралыкта Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарган.


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматында, 2050-жылга барып Кыргызстандагы мөнгүлөрдүн жарымы, 2100-жылда толугу менен жок болуп кетиши мүмкүн.  Божомол мындан да тез аралыкта ишке ашышы ыктымал. 

Апрелдин аягында өткөн “Борбор Азиядагы гидроресурстардын таңкыстыгы:суу көйгөйлөрүн аймактык жана эл аралык деңгээлдерде чечүү жолдору” деп аталган эл аралык концеренцияда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 1970-2016-жылдар аралыгында өлкө аймагында мөңгүлөрдүн 16%ы жок болгонун билдирди. 

«Мен Кыргызгидрометтин 2016-жылга чейинки маалыматтарын изилдеп чыктым, андан кийин сандар жаңыланбаптыр. Учурда маалыматтарды жаңылоо иштери жүрүп жатат», — деди чиновник. 

Анын айтымында, 2013-2016-жылдарда Кыргызстанда 9 миң 957 мөңгү эсепке алынган. Алардын жалпы аянты 6 миң 683 чарчы километрге барабар эле. Бирок СССРдин 20-кылымдын 40-70-жылдары түзгөн мөңгү каталогуна таянсак, Кыргызстанда 8 миң 166 мөңгү бар эле, жалпы аянты 7 миң 945 чарчы километр болчу. Башкача айтканда, мөңгүлөрдүн саны өстү, бирок жалпы аянты кыскарды. 

8100 чарчы километр аянтты ээлеп жаткан мөңгүлөр жана түбөлүк карлар  Кыргызстандын жалпы аянтынын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Мөңгүлөрдүн өзү өлкө аймагынын 4%ын ээлейт. Аларда 580 миллион куб метр суу сакталуу. Мындай көлөм бүткүл Кыргызстанды үч метрлик суу катмары менен жаба алмак. 

Мөңгүлөрдүн ыкчам эришинин себептери, келечекке божомолдор жана буга каршы чаралар тууралуу  CABAR.asia журналисттери Мөңгүлөрдү байкоо боюнча бүткүл дүйнөлүк кызматтын улуттук корреспонденти, Жерди прикладдык изилдөө боюнча борборазиялык институттун (ЦАИИЗ) «Климат, суу жана геоэкология» бөлүмүнүн башчысы, гляциолог Рыскул Усубалиев жана эколог, медицина илимдеринин кандидаты Калия Молдогазиева менен баарлашты. 

CABAR.asia: Рыскул Абдыжакыпович, мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарышына кандай факторлор таасир этет? Алардын ар биринин таасир этүү күчү канчалык? 

Рыскул Усубалиев. Сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков

Усубалиев: Негизги фактор — аба температурасы. Жайында мөңгүлөр эрийт, кышында кайрадан нымдуулукту чогултат. Мурда ушундай болчу. Бирок акыркы кезде климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу мөңгүлөр ыкчам эрип жатат. Бүткүл планетада жылуулануу жүрүүдө. Бийик тоолуу аймакта температуранын көтөрүлүшү – эрүүнүн негизги себеби. Интенсивдүүлүк болсо температуралык режимдин маанисинен жана узактыгынан көз каранды. 

Эрүүнүн башка себеби – мөңгүлөрдүн бетинин ар кандай нерселер менен булганышы. Борбор Азиянын мөңгүлөрү –  Тянь-Шань менен Памир континенттин ичинде жайгашып, негизинен чөл жана кургак аймактар менен курчалган. Аларда чаң бороондору көтөрүлүп, тоолордун мөңгү аймагына жетет да, мөңгүлөрдүн бетине түшөт. Ошентип, мөңгүлөрдүн бети кирдейт. Төмөндөгөн күн радиациясы кайрадан космоско аз чагылышып, мөңгү аймагында кошумча жылуулукту жаратат. Мындай процесстер мөңгүлөрдүн эришинин интенсивдүүлүгүнө таасир этет. 

Дагы бир себеп – климаттын өзгөрүшүнөн улам бийик тоолуу аймактарда жаан-чачындын түшүү мүнөзү да өзгөрөт. Тянь-Шань, Памирдин бийлик тоолуу аймактарында жаан-чачындын азаюу тенденциясы байкалууда. Мөңгүлөрдүн массасынын балансы эрүүдөн жана атмосфералык жаан-чачындын аз болушунан улам жылдан жылга азайып жатат. Кайсы жерде жайгашканына карап мөңгүлөр түрдүү ылдамдык менен чегинүүдө. 

CABAR.asia: Мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарышы боюнча кандай божомолдор бар? 

Усубалиев: Бүткүл дүйнөдө климаттын жылуулануу тенденциясы сакталып турган чакта мөңгүлөрдүн аянты жакынкы келечекте кыскара берет. Тянь-Шань мөңгүлөрүнө токтолсок, окуянын өнүгүшү боюнча түрдүү моделдер бар, бирок божомолдордун баарында климаттын азыркы жылуулануу шартында мөңгүлөрдүн аянты кыскара турганы айтылат. 

Процесстин интенсивдүүлүгү аймактан жана тоо кыркаларынын бийиктигинен көз каранды – ал канчалык бийик болсо, мөңгүлөрдү сактап калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору. Бийиктиги 4500-4600 метрден аз кыркаларда мөңгүлөр жок болот. Андан бийигирээк кыркаларда мөңгүлөр бир топ эле жакшы сакталат. Тянь-Шандын бийиктик мүнөздөмөлөрүндө алар абдан айырмаланат. Мисалы, Кыргызстандын түштүк райондорунда, айрыкча Фергана кыркаларында, Тянь-Шандын түндүк аймактарында, Талас, Кыргыз, Күңгөй-Ала-Тоо кыркаларында мөңгүлөр аябай азаят. 2050-60-70-жылдарга барып ушул аймактарда мөңгүлөр 70%га чейин кыскарат. Борбордук Тянь-Шань же Чоң-Алай сыяктуу бийик тоолуу мөңгүлөр Тянь-Шань же Памир-Алайдын башка аймактарына салыштырмалуу азыраак эрийт. 

CABAR.asia: Бул процессти азайтуунун жолдору барбы, абал өтө оорлоп кетпеш үчүн ким тарабынан кандай чаралар кабыл алынышы керек? 

Усубалиев: Адам күчү менен мөңгүлөрдүн эрүү процессин токтотуу мүмкүн эмес. Эрүүнүн интенсивдүүлүгүн токтотуунун жалгыз жолу – абанын булганышын азайтуу. Биринчи кезекте СО2. Эгер биз абага углеводородду аз таштаган болсок, мөңгүлөрдү сактоого кандайдыр бир салым кошо алабыз. Себеби көптөгөн божомолдорго ылайык, климаттын жылууланышына биринчи кезекте атмосферада СО2`нин ашыкча көп болушу себеп. Эгер кандайдыр бир жол менен углеводороддун санын азайтып же жок дегенде азыркы көрсөткүчтө кармап калсак, балким, жылуулануу процесси токтойт. 

Ушундай жол менен гана мөңгүлөрүбүздү коргой алабыз. Эрүү процессин токтотууга жөндөмдүү болгон башка ыкмалар азыркы учурда жок. Мөңгүлөрдү пленка менен жабуу же мөңгүлөрдүн үстүнөн жасалма жаан-чачын түшүрүү сыяктуу ар кандай сунуштар айтылып жүрөт. Бул теориялык жактан ишке ашышы мүмкүн, бирок иш жүзүндө муну жасаш өтө кыйын, себеби  чыгымы аябай көп. 

CABAR.asia: Мөңгүлөрдүн эриши эмнелерге кандайч таасир этет?  

Усубалиев: Мөңгүлөрдүн эриши экологияга, суунун запасына жана экономикага таасир этет. Эгерде алар жок болсо, экологиялык баланс бузулат. Алар дарыялардагы суу көлөмүнө, экономиканын түрдүү секторлоруна таасир этет. Мөңгүнүн эриген суусу көптөгөн дарыялардын чоң үлүштөрүн түзөт. Нарын дарыясында эриген суунун үлүшү 7,5%га барабар. Сугат маалында алардын үлүшү климаттык шартка жараша 30-40%га чейин өсөт. Ошондуктан мөңгүлөрдүн эришинин ролу абдан чоң. 

Бир чектен экинчисине урунуунун кажети жок. Эгерде мөңгүлөр таптакыр жок болуп кетсе, дарыялардагы суу жок болуп кетпейт. Дарыяларды азыктандыруу үчүн жаратылыштын башка процесстери күч алат, жаан-чачын, кар көп түшө башташы ыктымал. Мөңгүлөрдүн ролу ушунда – алар жай мезгилинде суу берет. Мааниси айрыкча кургакчылык жылдарда өсөт. Башкача айтканда, мөңгүлөр кургакчылык кезде керектүү сууну берип турат. Алар коопсуздук жаздыкчасы болуп берет. Албетте, көптөгөн дарыя бассейндери мөңгү суусунан абдан көз каранды. Мисалы, Сарыжаз дарыясы толугу менен мөңгү суусунан куралат. 

Калия Молдогазиева. Сүрөт  Facebook`тагы жеке баракчасынан алынды

Молдогазиева: Кардан, мөңгүдөн, түбөлүк тоңдон эрип түшкөн суу Борбор Азиядагы дарыялардын жалпы агымынын 80 пайыздайын камсыздайт. Мөңгүлөр сугат суу үчүн, электр энергиясын өндүрүү үчүн маанилүү булак болуп саналат. Жакынкы келечекте жай айларында айрым мөңгү дарыяларында суунун агымынын бир аз көбөйүшү күтүлүүдө, себеби мөңгүлөр менен түбөлүк тоңдордун эриши күчөдү. Бирок узак мөөнөттүү келечекте айрым мөңгүлөр таптакыр жоголуп, суу агымы азаят. 

Эксперттердин божомолунда 2050-жылда мөңгүлөр менен түбөлүк тоңдордун жоголушу, температуранын көтөрүлүшү, суулардын бууланышынын күчөшү Аму дарыясынын агымын 7-15%га, Сыр дарыянын агымын 5%га кыскартышы мүмкүн. Кичи мөңгүлөрдөн азыктанган кичи дарыяларда суунун азайышы жогору болуп, бир нече он жылдык аралыгында алар толугу менен солушу ыктымал. 2100-жылга барып суу мындан да азаят. Бирок суулардын бир аз эле азайышы да агымдын ылдыйындагы аймактарда олуттуу кесепеттерди жаратышы мүмкүн. Суу  таңкыстыгы азыр эле байкалып жатпайбы.  

Жакынкы он жылдыктарда Борбор Азияда суу таңкыстыгы курч болот. Мөңгүлөрдүн эришинин кесепети ушуну менен чектелбейт. Экосистемалар, айлана-чөйрө да зыян тартат. Климаттын өзгөрүшү жерди “жылаңачтап”, биологиялык ар түрдүүлүктү кыйратат. Ошондой эле ал суу ташкыны, жер көчкү, мөңгү көлдөрүнүн жиреп чыгышы сыяктуу табигый кырсыктарды шарттайт. Климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөрдүн эриши чанда кездешчу, жоголуп бараткан биологиялык түрлөрдүн тыптыйпылын чыгарат, тоолуу аймактарда жер пайдаланууну өзгөртөт, а бул жагдай социалдык-экономикалык шарттарга, адамдын жашоо ишмердүүлүгүнө таасир этет. 

2014-жылдагы кургакчылыктын кесепетинде айрым өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү кескин кыскарып, азык-түлүктүн баасы 20%га жогорулаган. Баалардагы ушундай эле секирик 2021-жылы байкалды. Климаттык өзгөрүүлөр айыл чарба азыктарына, тамак-ашка болгон баанын мындан ары да өсүшүн шарттайт. Эл аралык эксперттер дүйнөдөгү массалык ачкачылык, айыл чарбасында жаңы инфекциялардын жана зыянкечтердин пайда болушу сыяктуу божомолдорун айтып, коңгуроо кагууда.

CABAR.asia: Мөңгүлөрдүн эриши Кыргызстандын эле көйгөйүбү же бүткүл Борбор Азиянынбы? 

Усубалиев: Мөңгүлөрдүн эриши Кыргызстандын же Борбор Азиянын гана көйгөйү эмес, ал азыр планетардык масштабга ээ. Эгерде чөлкөм тууралуу сөз кылсак, эки ири дарыя – Аму дарыя менен Сыр дарыя суу корунун булагы болуп саналат. Кыргызстан менен Тажикстандагы мөңгүлөр кыскарса, маселе бүткүл Борбор Азияны кучагына алат. Баары бири-бири менен байланышта, биздин көптөгөн дарыялар транс чек аралык, алар бардык кошуна өлкөлөргө таасир этет. Биз бири-бирибизден көз карандыбыз, ошол себеп маселелерди чогуу чечип, сууну да биргелешип рационалдуу пайдаланышыбыз керек. Ошондо гана чөлкөмдө туруктуу, чыр-чатаксыз өнүгүү ишке ашат. 

Молдогазиева: Кыргызстан Борбор Азиядагы муз баскан ири аймак болуп саналат. Тянь-Шань жана Памир мөңгүлөрүнүн эриши бүткүл чөлкөмдө суу таңкыстыгын жаратат: сугат жана ичүүчү суунун көлөмү чукул азайышы мүмкүн, азык-түлүк коопсуздугу күн тартибине чыгышы ыктымал, республикалардын гидроэнергетикалык потенциалы азаят. Жыйынтыгында социалдык-экономикалык абал чыңалышы мүмкүн. Ушунун баары аймактагы калктын санынын өсүшү менен коштолот. Суу ресурстарынын таңкыстыгынын биринчи белгилери Борбор Азиядагы эң узун дарыя – Сыр дарыянын мисалында көрүндү. Ал Фергана өрөөнүнөн башат алып, Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын аймагын аралап өтүп, 25 миллион киши жашаган аймакты азыктандырат. Тилекке каршы, дарыянын суусу баарына жетпей калды. Арал деңизине эч нерсе артпай жатат. 

БУУнун маалыматында, Борбор Азиянын калкынын саны 2019-жылы 74 миллион 5 миң 626 кишини түздү. Бул – Жер планетасындагы адам санынын 1 пайыздайына барабар. 2020-жылы чөлкөмдөгү элдин саны 1 миллион кишиге өстү. Мындан сырткары Борбор Азиянын аймагынын 25%ын чөлдөр түзөт. Суу –өтө баалуу, стратегиялык ресурс. Күрүч, пахта сыяктуу суу көп иччү өсүмдүктөрдү өстүрүүгө абдан керек. Аны менен бирге сугат иштери көп көлөмдөгү сууну керектейт, дарыяларды кургатат. Калктын санынын жана ар кандай экономикалык долбоорлордун өсүшү менен сууну керектөө да өсүүдө. Бул тенденция Борбор Азия аймагына гана мүнөздүү эмес, ал бүткүл дүйнөлүк көйгөй. 

Бтүткүл дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө ылайык, орточо алганда Борбор Азия дүйнөнүн башка аймактарына караганда тезирээк ысып жатат. Бул эффект айыл чарбасында, энергияны өндүрүүдө маанилүү булак болгон мөңгүлөрдүн эриши менен тездеп жатат. Изилдөөчүлөр белгилегендей, мындай өзгөрүүлөр болочокто жаан-чачындын, буулануунун жана сууга болгон суроо-талаптын мүнөзүн өзгөртөт. 

Мындай чакырыктарга жооп кайтаруу кыйын. Чөлкөмдөгү дарыялар мамлекеттик чек араларды кесип өтөт, а суу сактагычтар бир нече өлкөнү камтыйт. 

Синьцзян экологиялык жана географиялык институтунун окумуштуулары да Борбор Азияда суу кризиси күчөп жатканын белгилешет. Алар Өзбекстан менен Түркмөнстанды суу таңкыстыгы өтө курч өлкөлөргө кошсо, Тажикстанды болсо суу стрессинин жогорку деңгээлинде деп аныктаган. Кыргызстан менен Казакстандагы кырдаалды болсо орточо деп баалашты. Илимий топ Борбор Азияда айыл элине шаар тургундарына караганда таза суу жеткиликсиз экенин кошумчалайт. Бирок кытайлык окумуштуулар Дүйнөлүк банктын эксперттеринен айырмаланып, суу каатчылыгынын негизги себеби деп климаттын өзгөрүшүн эмес, адам ишмердүүлүгүн эсептейт. 

FrontierView аналитикалык тобу Борбор Азия жана Түштүк Кавказды изилдеп, каатчылыкты өзгөрүп жаткан климат, калктын жогорку темпте өсүшү, толук кандуу эмес инфраструктура жана геосаясий чыңалуу шарттаганын белгилеген. 

Башкы сүрөт: В. Ушаков

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: