© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан мөңгүлөрүн жоготуп, азык-түлүк коопсуздугун коркунучка кептөөдө

Акыркы 70 жылда Кыргызстан мөңгүлөрүнүн 16%ын жоготкон. Бул бир гана Кыргызстандын эле эмес, аймактык деңгээлде азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратат. 


Кыргызстандагы суунун тартыштыгы айыл чарбанын түшүмдүүлүгүн төмөндөтүүдө. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен дан өсүмдүктөрү 250 миң тоннага аз жыйналганын Айыл чарба министрлиги маалымдады. Анын ичинен буудай көбүрөөк жабыр тартып, түшүмү 152миң тоннага аз жыйналган. 

“Негизи былтыр жаз айында аба ырайы суук болуп турду. Ошол учурда жазгы себилген дан эгиндер кечирээк себилди. Күн суук болгондуктан өсүшү кеч болду. Андан кийин июнь айында аба ырайы кескин ысык кеткендиктен сугат суу жетишсиз болуп,  учурунда суу берилбей калды. Ошол себептерден улам түшүмдүүлүк аз болду”, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин башкы адиси Азамат Нарынбеков

Түшүмдүн аз болушу дыйкандарга кедергисин тийгизди. Талас облусунун тургуну Айтбек Кошалиев былтыр 20 гектар жерге сафлор айдаган. Аптаптуу жайдан кийин фермер кеткен чыгымынын 70%ын гана жапты. 

“Сафлор сууну көп талап кылган өсүмдүк – дейт Айтбек Кошалиев.  Былтыр 20 гектардан 20 тонна түшүм алам деп ойлогом. Бирок 5 эле тонна алып калдым”.

Ушундай эле көйгөйгө коңшу Казакстандын фермерлери дагы туш болду. Аномалдуу ысыктан жана кургакчылыктан улам бийлик Жамбыл облусунун алты районуна өзгөчө кырдаал режимин киргизүүгө мажбур болду. Казакстандын чек арага чектеш облустары сугат суусун Кыргызстандагы  Киров суу сактагычынан алат. Өткөн жылы суу аздыгынан улам суу берүү токтотулган. 

02
01

Талас бассейни. Сүрөт Кыргызгидрометтин гляциология жана кар көчкү коопсуздугу башкармалыгына таандык.

Кыргызстан мөңгүлөрүн жоготууда 

Кыргызстандагы суунун булагы мөңгүлөр болуп саналат. Талас бассейниндеги суу Киров суу сактагычына куят. Кыргызгидрометтин гляциология жана кар көчкү коопсуздугу башкармалыгынын кызматкерлеринин жүргузгөн талдоосунун жыйынтыгы акыркы 70 жылдын ичинде мөңгүлөрдүн аянты 60% кыскарып кеткенин көрсөткөн. 

“Эгерде советтер союзундагы маалымат менен салыштырсак, анда Талас бассейниндеги мөңгүлөр 100 чарчы километрге кыскарып кеткен. Аларды сактап калуу үчүн адаптациялоо чараларын көрүшүбүз керек. Эгерде андай кылбасак убакыттын өтүшү менен ички эле эмес, сырткы көйгөйлөр дагы чыгышы мүмкүн”, – дейт гляциолог Султанбек Белеков

A60A6326
locat_naryn_zima (21)
A60A6314

Сүрөт Владислав Ушаковго таандык. 

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун маалыматы боюнча Кыргызстан бардык аймагында мөңгүлөрдүн аянты кыскарган.  Азыр мөңгүлөр 6684 чарчы чакырым аянтты ээлейт. Мындан 13 миң жыл мурун муз катмары 10 эсе көп болгон. Соңку 70 жылда эле өлкө мөңгүлөрдүн 16%ын жоготкон. 

“Учурда Кыргызстанда 7миң чарчы чакырымга чамалаган 10 миңдей мөңгү бар. Соңку 70 жылдын ичинде Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарган. Кылымдын акырына карата биз мөңгүлөрдүн 80 пайыздан ашыгын жоготуп алышыбыз мүмкүн, ал эми анын ичинен ирилеринин өзүнчө бөлүктөргө талкаланышынан улам алардын саны 22 пайызга өстү”, – деп билдирди президент Садыр Жапаров 2023-жылы Парижде өткөн “Бир планета” экологиялык саммитинде.

Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарышы бүтүндөй регионго кургакчылык коркунучун жаратат. Республиканын аймагында Борбор Азиядагы суу ресурстарынын дээрлик жарымы калыптанат. Анын 90% дыйканчылыкка колдонулат.  

Алгачкы өзгөрүүлөр сезиле баштады.  Мурда суунун аздыгы, кургакчылык 6 жылда бир кайталанчу. Азыр эки жылда бир кайталанууда. Буга 2021 жана 2023-жылдагы суу тартыштыгы далил. Буга ыңгайлашуу үчүн бийлик ирригация тутумуна көбүрөөк акча салууга аргасыз. Кыргызстанда ирригация тармагына акыркы 3 жылдан бери жылына 11млн 160 миң доллардан бөлүнүүдө. 

“Акыркы 2,5 жылда 2миң чакырым канал тазаланып, оңдолду. 150гө чукул агрегатты насостук станцияга алмаштырдык. Бул дээрлик 40%ды түзөт. 60 скважина калыбына келтирилди”, -деди Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев

Ирригация тутумун жакшыртуу сугат суусунун жоготууларын азайтат. КР Президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маалыматында тазаланбаган каналдар жана эскирген түтүктөрдөн улам суунун 40% эгин талаасына жетпей калууда. Анын кесепетинен 1 гектар жерге кургакчыл Египет менен Пакистанга караганда 30%га көбүрөөк суу сарпталууда.

agraria_poliv (5)
FAO (801)
agraria_poliv (11)

Сүрөт Владислав Ушаковго таандык. 

Мөңгүлөрдүн эриши жана ирригация көйгөйлөрүн чечүү 

“Мурда суу көп болуп, ирригация тутумунун абалына көңүл бурбай коюуга мүмкүн болсо, азыр сөздөн ишке өтүүгө мезгил жетти. Мамлекет алдын ала суу боюнча туура божомолдорду бериши керек. Мисалы, Айыл чарба министрлиги дыйкандарды колдоону уюштуруп, алардын арасында сурамжылоо жүргүзүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн сунушташы керек. Башкача айтканда, бир убакта сугаруу керек болгон өсүмдүктөрдү массалык себүүгө жол бербөө керек”, – деп эсептейт Суу маселелери институтунун илимий кызматкери Гүлбара Оморова. 

Анын баамында, мөңгүлөрдүн эриши Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизет. Суунун көлөмүнүн азайышы айыл чарбасы үчүн гана эмес, калктын ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгүнүн  азайышына да алып келет. 

“Сырдарыя, Нарын, Чүй, Ысык-Көл сыяктуу ири дарыялар кар жана мөңгүлөрдөн эрип чыккан суу менен калыптанат.  Мөңгүлөрдүн эришинен улам сугат суунун жеткиликтүү көлөмүнүн азайышы айыл чарба түшүмүнүн төмөндөшүнө жана аймактарда азык-түлүк кооптуулугун жаратышы мүмкүн. Бул азык-түлүктүн жетишсиздигине жана мындан улам баалардын  кымбатташына алып келиши мүмкүн”

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айыл чарба, токой чарба жана балык чарба продукциясынын эң көп өндүрүлүшү – 25%дан ашыгы Чүй облусуна туура келет. Ал эми эң азы – Бишкек шаарында – 0,2% гана (жалпы дүң продукциянын) өндүрүлгөн. Айыл чарба продукциясы (2023-жылдын январь-сентябрь айлары үчүн маалыматтар) төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: мал чарбасы – 44,3%, өсүмдүк өстүрүү – 52,8%, токой чарбасы – 0,1%, балык чарбасы – 0,2% жана кызмат көрсөтүү – 2,5%. Алардын ичинен айыл чарба азыктарынын негизги түрлөрү картошка, дан эгиндери жана жашылчаларды сатуу боюнча боюнча акыркы беш жылда кескин өзгөрүүлөр жана төмөндөө бар. 

Муну менен бирге акыркы беш жылдын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көптөгөн түрлөрү боюнча түшүмдүүлүк төмөндөгөн. Бул айдоо аянттарынын көбөйүшүнө жана соңунда кыртыштын бузулушуна алып келет.

Кыргызстанда дээрлик бардык продукция дыйкан чарбалары жана жарандардын жеке көмөкчү чарбалары тарабынан өндүрүлөт – бул өндүрүштүн жалпы көлөмүндө  95%ды түзөт. Ошондуктан алардын иши жана эмгеги Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун негизи болуп саналат.

agraria_poliv (1)
polia (4)
IMG_20200621_153203
polia (1)

Сүрөт Владислав Ушаковго таандык. 

Мөңгүлөр жөнүндө мыйзам керек 

Бир нече жылдан бери эколог Калия Молдогазиева, гляциолог Рыскул Усубалиев жана геофизик Исакбек Торгоев change.org платформасында “Кыргызстандын мөңгүлөрүн сактап калалы” петициясын жайылтуу аркылуу “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынуусуна аракет кылып келишет. Алар бул мөңгүлөрдү сактап,  кендерге жакын суу ресурстарынын жана айлана-чөйрөнүн булганышын азайтууга жардам берет деп эсептешет. Анткени, кендердин дээрлик 80% мөңгүлөргө абдан жакын жайгашкан. 

“Мыйзам долбоорунда мөңгүлөрдү коргоо жана аларга жакын жерде мөңгүлөрдүн бузулушуна же булганышына алып келе турган чарбалык иштерди жүргүзүүгө толук тыюу салуу каралган. Ошондуктан бир нече жылдан бери мурунку бийлик дагы, азыркы бийлик дагы бул мыйзамды кабыл ала элек”, - дейт Оморова. 

Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун мониторинги жана башка изилдөөлөргө караганда тоолордогу мөңгүлөрдүн деградациясына байланыштуу суунун көлөмүнүн азайышы байкалган. Гляциологдун айтымында, бул энергетика тармагына, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө жана азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизет. Гүлбара Оморова сугат суунун тартыштыгы жаралып жаткандыгына байланыштуу ирригация тутумунун натыйжалуулугун жогорулатууну, анын ичинде суу коргоо чараларын камтыган мыйзамдарды кайра карап чыгууну да сунуш кылат. 

“Депутаттар жана жооптуу институттар суу ресурстарын пландаштыруунун, башкаруунун жана ирригациялык системаларды модернизациялоонун мыйзам  базасын карашы керек”, - дейт Оморова. 

Ал заманбап материалдарды жана технологияларды колдонуу менен учурдагы ирригациялык системаларды жаңылоо жана реконструкциялоо суу коромжусун азайтып, суунун эгин талааларына жетүүсүн жогорулатарын кошумчалады. Ал эми кадимки сугаттын ордуна сугаруунун натыйжалуу ыкмаларына өтүү менен  сууну үнөмдөөгө болот. 

Мындан тышкары, ал климаттын өзгөрүшү жана аба ырайынын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө тийгизген таасири тууралуу фермерлердин маалымдуулугун жогорулатуу зарыл деп эсептейт. 

“Дыйкандар климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашып, туруштук бериши жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну туруктуу ишке ашырышы үчүн айыл чарбанын ылайыктуу тажрыйбалары, инновациялары, адаптация ыкмалары жөнүндө маалымат берүү зарыл”,  - деп эсептейт серепчи. 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: