© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстанда электр энергиясынын өндүрүшү төмөндөөдө: климаттын өзгөрүүсү жана мөңгүлөрдүн деградациясы энергетика тармагына кандай таасир этүүдө?

Кыргызстанда акыркы жылдары энергетикалык кризис күч алууда. Өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясы калктын керектөөсүн канааттандырбай, энергия тартыштыгы жаралууда. Мындан улам электр энергиясын импорттоо жыл сайын өсүүдө. Ал эми бийлик «жөнгө салуу чарасы катары» электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн экенин айтып келет. 


Өлкөнүн энергетикалык системасы эмнеден турат, эмне үчүн энергетикалык каатчылык күчөп баратат жана глобалдык жылуулук менен мөңгүлөрдүн деградациясы буга кандай таасир тийгизип жатканын карап көрөлү. 

Кыргызстанда электр энергиясын отуздан ашык мамлекеттик жана жеке менчик гидроэлектростанция жана эки жылуулук электр борбору өндүрөт. Өлкөдөгү электр энергиясынын негизги булагы болуп гидроэлектростанциялар саналат. Жалпы өлкө боюнча керектелүүчү электр кубатынын 85 пайыздан ашыгы дал ушул ГЭСтерде иштелип чыгат. Бирок акыркы жылдары ГЭСтердеги өндүрүштүн көлөмү азайып баратат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2018-жылы ГЭСтерде өндүрүлгөн энергиянын жалпы көлөмү 14,3 миллиард кВт/саатты түзсө, 2022-жылы бул көрсөткүч 11,9 миллиард кВт/саатка чейин төмөндөгөн.

Өндүрүш азайып, керектөө көбөйгөндүктөн Кыргызстан электр энергиясын коңшу өлкөлөрдөн импорттоого аргасыз. Ал эми импорттун көлөмү акыркы 2 жылда кескин өскөн. 2022-жылы сарпталган электр кубатынын 16%ы сырттан келген. Төмөнкү графикте Кыргызстандагы электр энергиясынын булактары көрсөтүлгөн.

Эмне үчүн өндүрүш көлөмү азаюуда?

Кыргызстандын Энергетика министрлиги электр энергиясын үнөмдөөгө жана 5 кВт/саат лимиттен ашпоого чакырып, бул көлөм калктын турмуш-тиричилик муктаждыктарына жетиштүү экенин билдирген. Абоненттер чектен ашып кетсе, 1-1,5 саатка өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Ошондой эле министрлик Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү аз болгондуктан, энергия өндүрүү азайганын жүйө келтирип, кыш мезгилинде электр энергиясы менен жылытууга тыюу салууну пландаган. Бирок кийинчерээк министр Таалайбек Ибраев 5 кВт/саат лимиттен ашпай электр энергиясы менен жылытууга болорун айтты:

«Негизинен үйдү электр энергиясы менен жылытууга болот, бирок электр энергиясы эң көп керектелген сааттарда өчүрүү керек. Ал эми чектебесеңер, биз чектейбиз», — деп билдирген Таалайбек Ибраев.

Өндүрүштүн көлөмү эмне үчүн азайып жатканын түшүнүү үчүн Токтогул ГЭСин мисалга алалы. 2018-жылы мамлекеттик ГЭСтер 14,2 млрд кВт/сааттан ашык электр энергиясын өндүргөн, анын 40%ы Токтогул ГЭСине туура келет. Ал эми 2022-жылы ошол эле ГЭСтер 11,8 миллиард кВт/саат электр кубатын иштеп чыгышкан. Анын 36%ы Токтогул ГЭСине туура келет.

Бул суу сактагычтагы суунун деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу. Токтогул ГЭСи Кыргызстандын көпчүлүк ири ГЭСтери сыяктуу эле Нарын дарыясында курулган. Өлкөнүн энергетика системасы бул дарыядагы суунун көлөмүнөн көз каранды.

2019-жылдан бери Токтогул ГЭСине канча суу киргени, чыкканы жана жалпы көлөмү  күн сайын эсепке алынат. Бул маалыматтарга караганда, акыркы беш жылда аталган суу сактагычтагы суунун деңгээли бир топ азайган.

Кыргызстан Борбор Азиядагы эң ири мөңгүлүү аймактардын бири. Өлкөнүн дээрлик бардык тоо кыркаларында мөңгүлөр бар. Бирок ири дарыя жана көл бассейндеринин бардыгында мөңгүлөрдүн аянты кыскарууда. Мөңгүлөрдүн азайышы дарыялардагы суунун азайышына алып келет.

2018-жылы окумуштуулар Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн каталогун ачыкташкан. Бул каталог заманбап спутниктердин жардамы менен түзүлүп, азыр дагы толукталууда. Каталогдогу маалыматтар боюнча, өлкөдө 9959 мөңгү бар. Азыркы каталог менен өткөн кылымдын 40-70-жылдары түзүлгөн СССРдеги мөңгүлөрдүн каталогун салыштырып көрүп, мөңгүлөрдүн саны 1795ке көбөйгөнүн байкадык. Бирок бул жаңы мөңгүлөр пайда болду дегенди билдирбейт. Чоң мөңгүлөр эрип, бир нече майда мөңгүлөргө бөлүнгөндүктөн алардын саны көбөйгөн. Бул жерде көңүл буруучу нерсе – мөңгүлөрдүн аянты: 70 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын мөңгү зонасы 16%га кыскарган.

География илимдеринин кандидаты, гляциолог – муз жана кардын түрлөрүн изилдөөчү адис Рыскул Усубалиевдин айтымында, мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарышы дарыялардагы суунун көлөмүнө терс таасирин тийгизүүдө:

Дарыялардагы суунун азайышы, андан кийин суу сактагычтардагы суунун азайышы көп факторлордон көз каранды. Аларга глобалдык жылуулук, суунун аздыгы жана башкалар кирет. Тактап айтканда, мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарышы мөңгүлөр суунун жетишсиздигин толуктай албай калышына алып келет. Маселен, кээ бир тоо кыркаларында мөңгүлөрдүн деградациясынан улам суунун көлөмүнүн азайышы азыртадан эле байкалууда.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, өткөн кылымдын башынан 2021-жылга чейин Кыргызстанда орточо жылдык температура 2,39 даражага жогорулаган. Төмөндөгү графиктен орточо жылдык температуранын кандай өзгөргөнүн жылдар боюнча көрө аласыз.

Башка суу сактагычтарда да суунун көлөмү азайып жатат

2021-жылдын август айынын аягында Улуттук энергохолдинг менен «Чакан ГЭС» Киров суу сактагычында Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушун баштаган. Долбоорго ылайык, бул станция жылына болжол менен 92 миллион кВт/саат энергия иштеп чыгышы керек. Долбоорду ишке ашыруу үчүн бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнгөн. ГЭС 2023-жылдын аягында эксплуатацияга берилиши керек болчу.

Бирок энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, Киров суу сактагычында суунун көлөмү төмөн болгондуктан ГЭСти ишке киргизүү кечеңдеп калышы мүмкүн:

«Суу жок болсо, анда бул ГЭСти ишке киргизе албайбыз, жаңы жылга чейин эле суу пайда болуп калбаса. Азыр 25 мегаватт эле эмес, 5 мегаватт өндүрүү кыйын», — деп билдирген министр Ибраев.

Чынында эле Киров суу сактагычындагы суунун көлөмү 2023-жылы бир топ кыскарган. Айыл чарба министрлигинин Суу чарба кызматынын маалыматы боюнча, ушул жылдын август айында Кировкада 24,3 миллион метр куб суу болгон. Бул акыркы жети жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч.

Редакция менен болгон маекте министрдин орун басары Талайбек Байгазиев Бала-Саруу ГЭСи вегетация мезгилинде, башкача айтканда, жаз жана жай мезгилинде активдүү иштей турганын белгиледи.

«ГЭСтин курулушу башталганга чейин техникалык-экономикалык негиздемеси түзүлгөн. Ал жерде суунун көлөмү жана божомолдор эске алынган. Бул ГЭС жаз жана жай айларында, суунун деңгээли жогору болгон мезгилде толук кубаттуулукта иштейт. Ал эми кышында суу аз болгондо кубаттуулугу азаят».

Министрдин орун басары бул ГЭС жайкысын толук кубаттуулукта иштейт деп ишендирүүдө. Бирок Рыскул Усубалиевдин айтымында, жайында да Киров суу сактагычында суунун көлөмү боюнча көйгөйлөр жаралышы мүмкүн:

Талас дарыясынын бассейнине кирген мөңгүлөр 70 жылдын ичинде 50%га чейин азайган. Бул мөңгүлөр, климаттык жаан-чачындар сыяктуу эле, суунун көлөмүнө салым кошкон. Анткени бул мөңгүлөр жай мезгилиндеги суу жетишсиздигин толуктап турган. Вегетациялык мезгилде дыйкандар эриген сууларды сугат иштери үчүн колдонуп, калганы суу сактагычка куйчу. Азыр мөңгүлөр азайып, суунун көлөмү да кыскарды. Мөңгүлөр олуттуу роль ойнобой калды. Азыр бардыгы жаан-чачындан гана көз каранды.

Мөңгүлөрдү сактап калышыбыз керек

Ошондой эле окумуштуу мөңгүлөрдү сактоо зарылдыгын жана жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Усубалиевдин айтымында, мөңгүлөрдү сактоо маселеси бир эле Кыргызстанды эмес, бүткүл дүйнөнү түйшөлтүп жатат. Мөңгүлөрдүн деградациясынын ылдамдыгын басаңдатуу үчүн атмосферага көмүр кычкыл газынын эмиссиясын азайтуу же нөлгө жеткирүү зарыл. Ушундай эле позицияны Бириккен Улуттар Уюмунун 78-Асамблеясында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да билдирген:

«Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү мөңгүлөрдүн эришине алып келди. Эгерде мурда 2050-жылга карата Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн аянты эки эсеге кыскарып, 2100-жылга чейин алар толугу менен жок болуп кетиши мүмкүн деп болжолдонсо, азыр бул процесс мындан да тезирээк болот деп айтууга негиз бар».

Климаттын өзгөрүшүн, ошондой эле мөңгүлөрдүн деградациясын басаңдатуу максатында 2019-жылы БУУнун алкагында Кыргызстан Париж келишимине кол койгон жана ратификациялаган. Келишим глобалдык парник газдарынын эмиссиясын олуттуу кыскартууну жана бул кылымда глобалдык температуранын жогорулашын Цельсий боюнча 2 градуска чейин чектөөнү көздөйт. Ал эми 2021-жылы Кыргызстан Париж келишимине улуттук салымдын планын сунуштаган. Бул планга ылайык, Кыргызстан 2025-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 16,6%га кыскартууну көздөп жатат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров мөңгүлөрдүн деградацияланышы суу ресурстарынын кыскарышына алып келерин белгилеген. Бул өз кезегинде өлкөнүн энергетика системасына таасирин тийгизет. Өлкөнүн энергетика системасында терс окуяларды болтурбоо үчүн өкмөт энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү пландаштырууда

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: