© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Караколдогу Go Viral фестивалы: жаштарга шык-дем берген окуялар, жаңы билимдер жана мүмкүнчүлүктөр

Тоолордун кучагындагы Караколдо Go Viral фестивалы жемиштүү жыйынтыкталды. Бул жолу көңүл борборунда туризмди өнүктүрүү болуп, калаанын негизги киреше булагына төп келип турду. Катышуучулар жаратмандар жана эксперттер менен чогуу туризмди илгерилетүүнү фестивалдын салттуу төрт багыты: медиа, бизнес, маданият, технология менен айкалышта талкуулашты. 

Иш чарага 300дөй катышуучу келди, басымдуусу – өзүн жана курчаган чөйрөсүн өзгөртүүгө умтулган жергиликтүү жаштар. Программа мазмундуу болду: катышуучулар бизнес менен жеке брендди социалдык тармактарда илгерилетүүнүн ыкмаларын талкуулашты; жергиликтүү ишкерлер креативдүү бизнестин сырлары менен бөлүштү. Фестивалдын эң эсте калган окуясы – NASA`нын мурдагы окумуштуусу, Arusha Space LLC компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору доктор Камилла Уордроп Аллейн өткөргөн сессия болду. 

Адамдардын креативдүүлүгү жана билими – экономиканын эң чоң таянычы

 Go viral фестивалын АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери ачты. Ал Кыргызстандын экономикасынын эң чоң таянычы болуп мындагы элдин креативдүүлүгү, тапкычтыгы жана билими саналат деп белгиледи. 

 «Искусство, кол өнөрчүлүк жана туризмдин мекени болгон Караколдо өнүгүү үчүн абдан чоң потенциал бар. Санариптик жана креативдүү секторлордун өнүгүшү жаңы жумуш орундарынын жаралашын шарттап, Кыргызстандын экспортун жогорулатып, чет элдик инвестицияны тартышы мүмкүн. Өлкөнүн санариптик жана креативдүү экономикасын мындан да жогору деңгээлге көтөрүү үчүн АКШ Кыргыз Республикасын колдоону уланта берет», – деди ал. 

Сүрөттө: Лесли Вигери

 Андан кийин Лесли Вигери жаштар менен “галстуксуз” форматта баарлашты. Эркин аянтчада катышуучулар олуттуу суроолор менен чектелбей, элчи мырзадан бир шиңгил ыр суранышты, бала-чакасы, сүйүктүү китеби, кыргыз ашканасындагы сүйүктүү тамагы, жашоодо чалынган учурларын сурашты. Жеке жагдайлардан сырткары, жаштар глобалдык маселелер – экология, жашыл экономика, ыктыярчылыктын ролу, АКШда билим алуу, STEM багытын өнүктүрүү, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы алаканы бекемдөө тууралуу да пикир алышышты.

Катышуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, Лесли Вигери чоң дүйнөнүн ачкычы билим менен англис тилин өздөштүрүүдө экенин белгиледи. Себеби дүйнөлүк контенттин 70%ы англис тилинде. 

Элчи мырзанын айтымында, англис тилин үйрөнүү үчүн ресурстарды, ошондой эле АКШда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарды өлкө аймактарындагы, анын ичиндеги Караколдогу Америка бурчтарынан тапса болот. 

Өз максатыңды таап, артынан түш 

Кариб деңизиндеги Тринидад жана Тобаго деген кичинекей өлкөдө кичинекей кыз жашачу. Ал үйдөгү электрондук буюм-тайымдын баарын бузуп, кайра чогулткандын устасы эле. Математиканы сүйчү. Көп кыздар сыяктуу эле ага мугалим же медайым кесибин таңуулагандар четтен чыкты. Бирок кичинекей кыз учак кураштырам деген кыялынан кайткан жок. Бүгүн ал Американын аэрокосмикалык тармагындагы жетекчи, ишкер жана инженер-ракета куруучу. Космосту изилдөөгө жана STEM билим берүүгө эбегейсиз салым кошкон инсан. Анын ысымы – доктор Камилла Уордроп Аллейн. Сөзүн ал жаштарга шык-дем берүү менен баштады: «Ишениш кыйын, бирок менин колумдан келди, сиздин да колуңуздан келет».

NASA`дагы ийгиликтүү карьерасынан кийин окумуштуу бизнеске кетти. Ал бизнес куруу космосту өздөштүрүүдөн да кыйын экенин айтат. Учурда Камилланын компаниясы спутник сүрөттөрү менен иш алып барат. Бул аркылуу алар климаттын өзгөрүшү, айыл чарбасындагы чакырыктар өңдүү глобалдык маселелерди чечүүгө көмөктөшөт. Ошондой эле ал кыз-келиндердин илим менен техникага аралашуусу үчүн көп эмгек жасап жүрөт. 

Сүрөттө: Камилла Уордроп Аллейн

Ал кичинекей шаарчадан чоң жылдыздарга алып барган өз жолундагы турмуш сабактары менен бөлүштү. 

«Көзүңүздү жандырган максатты таап, ошонун изине түшүү абдан маанилүү. Көпчүлүк сиз ишенген нерсеге ишеним артпашы мүмкүн. Биринчи кезекте өзүңүз ишениңиз. Жолумда көп насаатчылар болду, максатыңызга жетүүгө, өзүңүзгө ишенүүгө жардам берчү адамдарды табыңыздар», – деди окумуштуу. 

Камилла айым жаштарды эр жүрөк, чечкиндүү болууга, комфорт зонасынан чыгып, кайда барышпаса да, ошол ишке өзүн бүтүн арноого чакырды. Катышуучулар доктор Камилла Уордроп Аллейндин өмүр таржымалынан шыктанышты. Айрымдар фестивалга окумуштуу менен жолугушуу үчүн атайын келгенин, аны менен бүгүн бир аянтта турганына ишене албай жатканын айтышты. Студенттер инженер кесиби, NASA`дагы карьера, илим дүйнөсүндөгү мүмкүнчүлүктөр боюнча суроолоруна жооп алышты.  

Бизнес — акча эле эмес, бул философия жана чыгармачылык

Конок катары келген ишкерлердин негизги чакырыгы окшош болду: өзүңдү, өзүңдүн продукцияңды, өзүңдүн жолуңду издөө зор мааниге ээ. Бизнесте кеп акча тууралуу гана эмес, бул – баалуулукту жаратуу, коомго салым кошуу жана жеке потенциалыңды өнүктүрүү. Ушул нерселерди түшүнүү адамдардын жүрөгүнөн орун тапкан продуктуну же кызматты жаратууга, ар бир идеяга жан киргизүүгө жардам берет.  

«Макароннаянын» негиздөөчүсү Сабина Темиралиеванын сессиясы бүйүр кызытты. Зал толо киши. Жарымы кошуна өлкөлөрдү да багындырып жаткан ийгиликтүү ишкер менен таанышуу үчүн баш бакса, жарымы спикерге анык суроолору менен келген. Алар – өз ишин баштоого аракеттенип жүргөндөр же бизнесте алгачкы кадамын жасап жаткандар.  

Сабина Темиралиеванын сессиясы

Сабина бизнес-маркетингдин жана продукцияны социалдык тармактар аркылуу илгерилетүүнүн сырлары менен бөлүштү. Биринчи кезекте адам көзүн каныктырышы керек дейт ал. Мисалы, өзүнө жаккан, шык-дем алган 4-5 адамга же брендге жазылат, анын бүт контентин калтырбай көрүү абзел. Ошолордун маркетинг ыкмаларын, креативдүү чечимдерин кайталаш керек. Адамдын көзү каныккан соң, ал идеяларды китептен, тасмадан, ал тургай табияттан да таба баштайт. 

Ишкердин айтымында, маркетинг тынымсыз өзгөрүп турат: бүгүн актуалдуу болгон ыкма эртең иштебей калышы мүмкүн. Туюм менен толкунду сезип, ыкчам ыңгайлашып кетүү абдан маанилүү. Ал жаңыдан бутка туруп жаткан бизнес үчүн блогерлер менен кызматташууну сунуштады. Бул аркылуу брендди таанытып, элдин ишенимине кирүү мүмкүн. Маркетингдин дагы бир натыйжалуу ыкмасы – продуктунун айланасында ажиотаж жаратуу. Мисалы, чектелүү сандагы продукция, эксклюзивдүү сунуштар. 

 «Биздин маркетинг бөлүм – санариптик бөлүм эмес. Аны санариптештирүү абдан кыйын. Маркетинг  – бул чыгармачылык, бул психология, бул руханият. Ушундай ыкмалар менен маселе чечилет», – деп ой бөлүштү «Макароннаянын» негиздөөчүсү

Ошол эле маалда ишкер маркетингдин эң бир чебер ыкмаларын колдонсо да, жарнамага көп акча салса да, продуктунун сапаты болбосо баары текке кетет, өнүгүү болбойт, – деп сөзүн жыйынтыктады Сабина Темиралиева. Ушул сөздү «Креативдүү индустрия: Караколдогу ишкердик» панелдик талкуусунун бардык спикерлери айтышты. 

Караколдо «ашар» аркылуу санариптик маданий хаб ачылат

«Ашар» — бул фандрайзингдин кыргызча формасы. Эл көптөп бир маселени чечет, кайсы бир курулушту бүткөрөт. Бул ыкманы жергиликтүү ишкер, Hillside Karakol конок үйүнүн негиздөөчүсү Ахмет Макаев социалдык ишкердикте ийгиликтүү колдонуп келет. Ал ошондой эле «Дем» долбоорунун башатында туруп, негиздегендердин бири. Башкы принциби – бизнес социалдык жактан жоопкерчилик алып, жергиликтүү элге пайдасын тийгизиши керек. 

«Дем» — Кыргызстанда ашар жолу менен курулган алгачкы социалдык креативдүү китепкана. Катардагы жарандардын күчү менен акчасын колдонуу аркылуу кароосуз жаткан жертөлө жаштарды өзүнө тарткан кайталангыс аянтчага айланды. Мында 4000ден ашык китеп чогултулган, окуу залы, кофеканасы бар, креативдүү атмосфера келген жанды кайдыгер калтырбайт. Жылына китепканада жүздөгөн иш чаралар өткөрүлөт. 

Кийинки кадам – «Digi Yurt» санариптик маданий хабын ачуу. Ахметтин айтымында, Караколго туристтер, алардын ичинде санарип көчмөндөр – IT-адистер менен фрилансерлер көп келишет. Иштегенге жай таба албай калышат. Хаб ушул көйгөйдү чечет. Бул жай коворкинг кызматын эле аткарбай, мында IT-курстар, кыргыз маданиятын өнүктүрүүчү аянтча орун алат, эл аралык китепканалар жеткиликтүү болот. Долбоордун баасы – 100 миң АКШ доллары, акчанын 20%ы табылды. 

«Биз эми «Ашарды» тиркемеге айлантабыз. Ал ачык-айкындуулукту, мобилдүүлүктү жана көпчүлүктүн катышуусун камсыздайт. Бул – санарип дүйнө талап кылган шарт. Ашар – бул бүт дүйнөдөн акча чогултуу гана эмес, бул өз убактың, сүйүүң, энергияң менен да бөлүшүү», — дейт Ахмет.

«Бир айыл – бир продукт». Кыргызстандын тажрыйбасы Борбор Азияга жайылтылат 

«Бир айыл – бир продукт» – Кыргызстандын улуттук экономикалык долбоору. Ал атамекендик ишкерлерге жергиликтүү ресурстардан сапаттуу, сертификацияланган продукцияны өндүрүүгө жардам берет. Экономика министрлигинин маалыматында, 2023-жылга карата долбоорго катышкан ишкерлер (90 пайызы аялдар) жалпы суммасы 238 млн сомдук 167 экспорттук келишим түзүшкөн. Бал, нукура шире жана кыям, кийиз буюмдары ж.б. товарлар өндүрүлүп, сатыкка чыгарылат. 

Кыргызстанга бул тажрыйбаны Жапония үйрөттү. Долбоор Ысык-Көл облусунан башат алып, бүт өлкөнү камтый алды. Азыр ар бир облустун өз бренди бар. Бизнес куруунун ийгиликтүү модели кийинки бачкычка өттү – туруктуулукка жетип, кирешени көбөйтүү. 

«Бир айыл – бир продукт» ассоциациясынын башкы директору Наргиза Эркинбаеванын айтымында, ушул моделди азыр Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө жайылтуу иши жүрүп жатат.  

Айылдык жигит деле дүйнөлүк фэшн-индустрияны багындыра алат

Тилек Сапарбаев бизнестин ар тармактарында күчүн сынап көрүп, 28 жашында биринчи миллион долларын тапкан. Бүгүн Тилек – «Green» тигүү фабрикасынын негиздөөчүсү жана тигүү жабдыктарына адистешкен бир нече компаниянын ээси, орусиялык белгилүү бренддерди, WBдагы алдыңкы сатуучуларды тейлейт.

Ишкер сүйүнчү кабары менен бөлүштү: анын компаниясы Нью-Йоркко алгачкы кийим партиясын жөнөттү. Ишкердин негизги насааты мындай болду: чоң акча издегенге чейин өзүңдү табышың керек. Тилек ошондой эле жаштарды жөнөкөй болууга үндөдү. Анткени бул нерсе азыр жашоодо да, бизнесте да трендде. Сапарбаевдин окуясы катышуучуларды шыктандырды, анткени ал алыскы айыл жеринен чыгып, мода индустриясын багындыра алды. 

Онлайн-каналдардагы сатуулар

Назира Мийнекееванын сессиясы Каракол үчүн актуалдуу болду, себеби мында конок үйлөр абдан көп. Ал отельер катары мейманкана бизнесиндеги онлайн сатуу жөнүндө айтып берди.

Сүрөттө: Назира Мийнекеева

Назира ага жана бул тармактагы башка ишкерлерге сатууну көбөйтүүгө жана туристтерди тартууга жардам берген стратегиялар менен бөлүштү. Анын презентациясы онлайн туризм бизнесин түзүү боюнча табылгыс маалыматтарга толо болду. 

Пайдалуу, кызуу сессиялардан, шыктандырган маектерден кийин катышуучуларды жагымдуу кеч күтүп турду – музыкалык бөлүк жана белектер. Фестивалды социалдык тармактарда активдүү жана кызыктуу чагылдыргандар Go viral мерчтерине ээ болду. 

 Go Viral`дын Кыргызстандагы амбассадору Хуршида Расохандын айтымында, фестиваль уюштуруучулар күткөндөн да жогорку деңгээлде өттү. 

«Туризм жана креативдүү индустрия темасы Каракол үчүн дайыма маанилүү экенин көрдүк. Себеби калаа уникалдуу туристтик жай болуп саналат. Фестивалыбыз маданияттар менен тармактар ортосундагы кызматташтыкка көпүрө болгонуна сыймыктанабыз. Себеби дал ушундай көп түрдүүлүктө, жаңы идеяларга ачыктык орун алган жерде эң ийгиликтүү долбоорлор менен демилгелер жаралат», – деп белгиледи ал. 

Сүрөттө: Хуршида Расохан

Go Viral Festival & Network — бул жыл сайын өтүүчү аймактык фестиваль жана Борбор Азия өлкөлөрүндө медиа, бизнес, маданият, технология тармактарынын өкүлдөрүнүн нетворкингин жана жамаатын түзүү үчүн аянтча. Долбоор АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланууда жана АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Дипломатиялык миссиялары тарабынан колдоого алынган. 

2021-жылдын октябрынан тарта долбоорду Борбор Азиядагы Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) ишке ашырууда.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: