© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кѳмүрдѳн баш тартуу: Кыргызстандын шарттарында бул мүмкүнбү?

Кыргызстан 2050-жылга карата кѳмүртек нейтралдуулугуна жетүү милдетин алган. Ѳлкѳдѳ кѳмүрдү керектѳѳ жана казып чыгуунун кѳлѳмү тездик менен ѳсүп жатат.


Кѳмүр жагуу – климаттын жылышына кѳмѳкчү болгон кѳмүр кычкыл газынын чыгындыларынын негизги булагы. Эл аралык коомдоштук электр энергетикасында кѳмүрдѳн акырындап баш тартуу – температуранын глобалдык жогорулашын 1,5 градуста кармап туруудагы эӊ маанилүү кадам экенин моюнга алды. Октябрдын аягында старт ала турган Климаттын ѳзгѳрүшү боюнча БУУнун COP26 конференциясында кѳмүр энергетикасынан баш тартууну тездетүү иш-аракети талкуулана турган негизги тема болуп саналат.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин пикири боюнча, 2030-жылга карата электр энергиясын ѳндүрүү үчүн кѳмүрдү пайдалануу 2010-жылга салыштырмалуу 80%га кыскарууга тийиш.

«Мен жалпы ЭКѲУ ѳлкѳлѳрүн 2030-жылга чейин, ал эми ЭКѲУ кирбеген мамлекеттерди 2040-жылга чейин кѳмүрдѳн баш тартууга милдеттенүүгѳ чакырам. Илимий ѳӊүттѳн алганда, бул Париж макулдашуусунун максаттарына жетүү жана келечек муунду коргоо үчүн зарыл», – деп билдирди Гутерриш СОР26 конференциясынын алдында жасаган кайрылуусунда.

Бул чечимдердин баары Климаттын ѳзгѳрүшү боюнча БУУ Алкактык конвенциясынын Париж макулдашуусунан келип чыгат. Аталган документти Кыргызстан 2019-жылы ратификациялаган.

Мындан тышкары, республиканын президенти Садыр Жапаров БУУ Генералдык ассамблеясынын 76-сессиясында Кыргызстан 2050-жылга чейин кѳмүртектин нейтралдуулугуна жетүүгѳ аракет кыла турганын билдирген. Ал басымды гидроэлектр станциясына жасоодо.

Кѳмүр казып чыгуу жана керектѳѳ кѳлѳмүнүн туруктуу ѳсүшү

Республиканын отун-энергетикалык балансынын жарымынан кѳбүн  кѳмүр түзѳт. Энергетика жана ѳнѳр жай министрлигинин эсеби боюнча, бүгүнкү күндѳ ѳлкѳнүн кѳмүргѳ болгон бир жылдык муктаждыгы 3 миллион тоннадан кѳбүрѳѳк. Акыркы он жылда муктаждык 4 эсе ѳскѳн.

Кыргызстанда кѳмүр казып чыгаруунун эӊ жогорку кѳрсѳткүчтѳрү 1979-1990-жылдарга таандык болуп, жылына 4 миллион тоннага чейин жеткен. Советтер доорунда республиканы «Орто Азиянын кочергаркасы» деп аташкан. 90-жылдардын башында эгемендүүлүккѳ жетип, рынок экономикасына ѳткѳн учурдан тарта таш кѳмүр ѳндүрүшү да негативдүү трансформацияларга дуушар болду.

1990-жылдан 1995-жылга чейинки мезгил аралыгында кѳмүр казып чыгаруу 8 эсе тѳмѳндѳп, дээрлик 2008-жылга чейин жогорулаган эмес. Эксперттер  кѳмүр казып чыгаруунун жана пайдалануунун тѳмѳндѳшүнүн себептеринин катарына аны казып чыгаруу жана жеткирүүдѳгү чыгымдардын жогору болушун, электр энергиясы жеткиликтүү жана тарифтер тѳмѳнүрѳѳк болгондуктан, турак-жайлар менен башка объектилерди жылытуу үчүн электр энергиясын пайдаланууга ѳтүүнү, ошондой эле кенди казып чыгуу технологиянын эскилиги жеткендигин киргизишет.

Бирок акыркы он жылда аталган сектордо кѳмүр казып чыгуу кѳлѳмү туруктуу ѳсүп келе жатат. 2020-жылы ѳлкѳдѳ 2,5 млн тонна кѳмүр казылып алынган.

Ошентсе да кѳмүрдү казып чыгуу кѳлѳмүнүн ѳсүү темптеринин жогору болушу ѳлкѳдѳ таш кѳмүр ѳнѳр жайынын ѳркүндѳп жатканын билдирбейт. Аталган сектор бүгүнкү күндѳ кризис абалында жана инвестицияга муктаж. Казылып чыккан кѳмүрдүн атаандаштык жѳндѳмдүүлүгү импорттук кѳмүргѳ салыштырмалуу кыйла эле тѳмѳн.

«40-50 жыл мурун түптѳлгѳн таш кѳмүр шахталары менен разрездеринин кѳпчүлүгүнѳн дүйнѳлүк практикада жалпы тарабынан кабыл алынган критерийлер боюнча (аз кубаттуулук, тик кулоо, күлдүн кѳп чыгышы ж.б.) технологиялык деп эсептелбеген таш кѳмүр запастарын казып чыгышат. Шахта фонду эски, колдонулган жабдуулар кѳбүнчѳ азыркы технологиялык стандарттарга туура келбейт» - деп айтылат Кыргыз Республикасынын туруктуу энергетика боюнча Улуттук иш-аракеттер планында.

Кѳмүргѳ альтернативалар азырынча жетишсиз 

Кыргызстанда таш кѳмүрдүн запасын баалап чыгуу –  татаал тема. Бул жерде кѳрсѳткүчтѳр бир топ эле айырмаланып турат, эксперттер 2,2 млрд тоннадан 8 млрд тоннага чейинки түрдүү цифраларды кѳрсѳтүшѳт. Запастардын мамлекеттик балансында 29 ири жана 20дан ашык майда кен чыккан жерлер менен тилкелер орун алып, запастын жалпы кѳлѳмү 1,3 млрд тоннанын айланасында экендиги белгиленген.

Албетте, ѳлкѳдѳгү энергетикалык жана экономикалык каатчылык кѳмүр ѳнѳр жайынын бүтүндѳй потенциалын пайдаланууну талап кылууда. Экономика илимдеринин кандидаты Темирбек Акматалиевдин айтымында, теориялык жактан алганда, алдыдагы он жылда Кыргызстан коӊшу Кытай мамлекетине болжол менен 64 млн таш кѳмүрдү 3,84 млрд АКШ долларына экспорттой алмак.

Дүйнѳ жүзү боюнча казылып чыккан кѳмүрдүн дээрлик жарымына жакынын дал ушул Кытай жагат. Our World in Data порталынын маалыматына ылайык, 2019-жылы бир эле Пекин атмосферага 10,2 млрд тонна CO2 таштаган. Бул болсо, дүйнѳлүк чыгындылардын үчтѳн бир бѳлүгүн түзѳт.

БУУ Генералдык ассамблеясынын 76-сессиясында КЭР тѳрагасы Си Цзиньпин билдиргендей, Кытай планетадагы парник газдарынын чыгынды деӊгээлин тѳмѳндѳтүү үчүн таш кѳмүр долбоорлорун инвестициялабайт.

Темирбек Акматалиев. Photo: erkintoo.journalist.kg

«Дагы ондогон жылдар бою таш кѳмүр Кытай үчүн негизги энергоресурс бойдон калат.  Жакынкы 50 жылда альтернативалуу энергия булактары дүйнѳлүк отун-энергетика балансында маанилүү роль ойной албай калат. Эксперттер «таш кѳмүр кылымы» келе турганын божомолдошууда. Мындан Кытайга кыргыз кѳмүрү дайыма, болгондо да барган сайын кѳбүрѳѳк кѳлѳмдѳ керек болот деген жыйынтык чыгара алабыз», - деп ишенимдүү билдирди Темирбек Акматалиев.

«Дагы ондогон жылдар бою таш кѳмүр Кытай үчүн негизги энергоресурс бойдон калат.  Жакынкы 50 жылда альтернативалуу энергия булактары дүйнѳлүк отун-энергетика балансында маанилүү роль ойной албай калат. Эксперттер «таш кѳмүр кылымы» келе турганын божомолдошууда. Мындан Кытайга кыргыз кѳмүрү дайыма, болгондо да барган сайын кѳбүрѳѳк кѳлѳмдѳ керек болот деген жыйынтык чыгара алабыз», - деп ишенимдүү билдирди Темирбек Акматалиев.

Сергей Криворучко. Photo: sputnik.kg

Эколог Сергей Криворучко таш кѳмүр энергетикасынан тез аранын ичинде баш тартуу аракетине ишенбѳѳчүлүк менен карайт. Анын айтымында, күн тартибин белгилеп жаткан ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдѳ дагы альтернатива даяр эмес.

«Алдыдагы климаттык ѳзгѳрүүлѳрдү, түрдүү ѳлкѳлѳрдүн экономикалык ѳнүгүүсүнүн темптерин эске алганда, бул идеяны утопиялык жана акылга сыйгыс деп эсептейм. Экономикасы абдан эле оор кичинекей ѳлкѳнү мындайча айтканда «ѳзүн жарга түртүп», колундагы жана бүтүндѳй ѳлкѳнүн жашоосун камсыздоо үчүн колдонууга боло турган  энергиядан баш тартууга аргасыз кылган макулдашуулар менен милдеттенмелерди таптакыр колдобойм», - дейт эколог.

Кѳмүрдѳн баш тартуу – убакытты талап кылган маселе. Кандай аракет кылуу керек

Климаттык катастрофанын алдын алуу боюнча глобалдык аракеттерге карабастан, Кыргызстандын бийлиги максатка сыйбаган чечимдерди кабыл алган. 2017-жылы Бишкек ЖЭБун модернизациялоо толугу менен аяктаган. ЖЭБ бир жылда 1,6 млн тонна кѳмүр жагат. Салыштыруу үчүн: ѳлкѳнүн калкы 1,1 млн кѳмүр керектейт.

Акыркы маалыматтарга ылайык, борбор калаанын атмосферасындагы зыяндуу заттардын 15%ы ЖЭБ үлүшүнѳ түшѳт. Буларга кошумча Бишкекти тегеректей жаӊы конуштар орун алып, алардын баарына эле газ ѳткѳрүлгѳн эмес, борбордук жылытуу болсо таптакыр жок. 2020-жылы карантин маалында транспорттук агым дээрлик токтогон учурда «МувГрин» экологиялык кыймылы абанын сапатына анализ жүргүзгѳн. Экологдордун жыйынтыгы: таш кѳмүр жагуу Бишкекте РМ2.5 булактарынын негизгиси болгон.

Энергетикалык каатчылык шарттарында  Кыргызстандын 2050-жылга карата ѳлкѳнү кѳмүртек нейтралдуулугуна жеткирүү жѳнүндѳгү билдирүүсү  азырынча кѳп суроолорду пайда кылууда. Энергетика жана ѳнѳр жай министрлигинин берген маалыматы боюнча, учурда бир нече – Токтогул, Үч-Коргон жана Ат-Башы гидроэлектр станциясынын реконструкциясы жүрүп жатат. Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи агрегатын ишке киргизүүдѳн электр энергиясынын кубаттуулугунун жогорулашы күтүлүүдѳ.

Ал эми республиканын президенти Садыр Жапаров БУУ Генералдык ассамблеясынын 76-сессиясында климаттын ѳзгѳрүшүнүн алдын алууда тоолуу ѳлкѳлѳргѳ колдоо кѳрсѳтүү боюнча атайы глобалдык фонд түзүү сунушун киргизген.

«Кыргызстан ѳз аймагында энергиянын экологиялык жактан таза булагы деп эсептелген ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорду этап этабы менен ишке ашырууну пландап жатат. Инвесторлорду суу-энергетика комплексинде, анын ичинде мамлекеттик-жеке менчик ѳнѳктѳштүк принциби боюнча Париж макулдашуусунун духунда ѳз ара пайдалуу кызматташуу үчүн чакырам», - деп билдирди Жапаров.

Эксперттер энергиянын башка альтернативалуу булактарын да эске алууну сунушташат. Эколог Сергей Криворучко CABAR.asia порталына берген маегинде тийиштүү мамлекеттик орган тарабынан калдыктарды энергетикалык утилдештирүү сунушу киргизилгенин айтты.

«Бүгүнкү күндѳ дээрлик таштандыга толуп калган Кыргызстандын шарттарында регулярдуу ѳндүрүлүп турган калдыктардан туруктуу кѳлѳмдѳ электр энергиясын ала алмакпыз. Бул жерде процесс күндѳн да, шамалдан да, кѳмүртек булактарынын болушунан да кѳз каранды эмес. Биздин эсептерибиз боюнча, Бишкектин (таштанды) полигонунда ѳндүрүлүп чыккан электр энергиясынын кѳлѳмү 360 мегаваттка барабар болмок. Бул болсо Бишкек ЖЭБнун электр кубаттуулугу», - деп түшүндүрдү эксперт.

Бирок таштанды полигонун рекультивациялоо маселеси биринчи эле жыл кѳтѳрүлүп чыккан жери жок. Борбор калаанын бийлиги аны жаап, таштанды ѳрттѳѳчү завод курууну жана айыл чарба жерлерине айландырууну убадалап келет.

Башкы сүрѳт: economist.kg


Материал Норвегия ТИМ тарабынан каржыланган «Amplify, Verify, Engage: Information for Democratisation and Good Governance in Eurasia» аттуу IWPR долбоорунун жана Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR, Норвегия ТИМ же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.  

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: