Кыргызстандагы айылдардын 65 пайызы ичүүчү суу менен тийиштүү деңгээлде камсыздалган эмес. Бийлик маселени 2026-жылга чейин чечүү ниетин билдирди. Бирок калк буга ишенбей турат, себеби убадалар мурун деле берилип келген. Анын үстүнө программаны ишке ашыруу үчүн керектүү акчанын үчтөн бири табыла элек.
Күтүүдөн тажаганда
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Суу айылында суу түтүгү эзели болгон эмес. Он миңдей калк бардык муктаждык үчүн сууну дарыя-арыктардан ташучу. «Жазында дарыядагы суу кумга толуп калса, кышында тоңуп калчу. Сууну дарыядан ташып ичүү кооптуу жана түйшүктүү эле», – деп эскерет айыл тургуну Махабат Бердикулова.
Мамлекеттен жардам болбогон соң, аксуулуктар таза суу маселесин өз алдынча чечүүнү колго алышты. Ашар ыкмасы менен алар 2023-жылы суу кампасын куруп, түтүктөрдү тартышты.
«Ар ким колунан келген жардамын көрсөттү. Бирөө акчасын берди, экинчиси техникасын, дагы бирөө кара жумушту жасаса, башкасы жумушчулардын курсагын тойгозду. Мен өзүм жүк ташуучу унаам менен райондон цемент ташып турдум. Мына эми таза суу чыгып, эл жыргап калды», – дейт айылдын дагы бир тургуну Абдырахман Ниязов.
Суу түтүгүн тартууга жергиликтүү казынадан 1,7 млн сом (19 миң АКШ доллары) бөлүндү, айыл элинин салымы 4 млн сом (45 миң АКШ доллары) деп бааланды. Жыйынтыгында, Ак-Суу айыл аймагынын башчысы Рустамбек Кудаяровдун айтымында, суу көйгөйүн 90 пайызга чече алышты.
Минтип үмүтүн үзүп, демилгени колго алган айылдар ондоп саналат. Буга медиага чыккан материалдар далил. Өлкөдөгү канча айыл суу маселесин өз алдынча чечип алганын Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги айтып бере алган жок. Демек, тургундар суу тартуу иштерин канчалык сапаттуу жасашканы белгисиз.
«Мамлекеттик программаны узакка күтүш керек, мындан улам эл көйгөйдү өз алдынча чечкенге аракет кылат – инвестор табат өздөрү акча чогултушат. Бирок бул да машакаттуу, себеби жеке аткаруучулар ишин сапатсыз жасашы ыктымал. Бизде ушундай учурлар болду. А мамлекет андай чатактарды жөндөбөйт», – дейт Айзирек Алмазбекова, «Ашар» долбоорунун өкүлү.
«Суусуз отурган айылдардын дээрлик баары тийиштүү мамлекеттик программага киргизилген. Бирок каржы тартыштыгынан улам айылдар сууну он жылдап күтүшү мүмкүн. Башкача айтканда, мампрограммага кошулуу “жакында таза суу ичип каласың” дегенди билдирбейт. Бизде ошондой эле суу чыгарылып, бирок аз өтпөй эле система бузулган же булакта суу жок болуп калган мисалдар болду», – деп белгиледи Айзирек Алмазбекова.
Өкмөттүн так эсеп-чоту жок
Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү мамлекеттик программасы 2020-жылы кабыл алынган. Анын негизги максаты – 2026-жылга шаар калкынын 95%ын жана 2 млн айылдык тургунду борбордоштурулган, коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо. А азыр – 2024-жылдын босогосунда өлкөдөгү абал кандай?
Толук жана так маалыматтар жок, жооптуу түзүмдөрдүн жана тийиштүү документтердин сандары түрдүүчө. Улуттук статистикалык комитет калктын 95%на ичүүчү суунун коопсуз, туруктуу булактары жеткиликтүү дейт.
Бирок Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги CABAR.asia ресурсуна билдиргендей, бүгүнкү күндө ар бир бешинчи калктуу конушта суу менен камсыздоо системасы таптакыр жок – бул 1903 калктуу конуштун 363ү. Дагы жүздөгөн айылдар эскилиги жеткен тармактарды пайдаланат, алардын баары оңдоого муктаж, бирок мекемеден так сандарды беришкен жок.
Мамлекеттик программада абал башкачараак сүрөттөлөт: мында жалпы айылдардын саны 1819 деп көрсөтүлсө, алардын 65%да же жаңы инфраструктура куруш керек, же эскини оңдош керек.
Мамкурулуштан ишендиришкендей, учурда суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тармагынын маалыматтык базасынын үстүндө жумуштар жүрүп жатат. Дүйнөлүк банк сунуштаган «SIASAR» деген жаңы база ишке киргизилүүдө. Ал жакка суу менен камсыздоо боюнча бардык айылдардын маалыматтары киргизилген. Ушул тапта маалыматтар Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) серверинен өтүп жатат, ал жумуш бүткөндө «SIASAR» системасы Мамкурулушка өткөрүлөт.
Жаңжалы дымагынан ашкан «Таза суу»
Тоолуу дарыялары, көлдөрү жана мөңгүлөрү көп Кыргызстанда ичүүчү суу көйгөйү алигүнчө чечилбегени көбүн таң калдырат. Өлкөнүн суу менен камсыздоо системасы 1990-жылга чейин курулган. Советтер союзу ыдыраган соң, жер-жерлерде суу инфраструктурасы 10 жылдан ашык ээсиз, кароосуз жатты. Мунун айынан системалардын техникалык абалы өтө начарлады же такыр эле иштен чыкты.
2000-жылдарда гана бийлик “Таза суу” деген чоң долбоорду баштап, маселени чечүүгө белсенди. Азия өнүктүрүү банкынын жана Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосунда (жалпы сумма 69,5 млн АКШ доллары) 2001-2013-жылдарда 545 айылда суу түтүктөрү курулуп, оңдолду. Бирок баары ойдогудай болгон жок, долбоор чыр-чатактын чордонуна айланды – коррупциялык схемалар ачыкталды, курулуш иштери жана коюлган жабдуулардын сапаты талаптарга жооп берген жок. Акыйкатчы институтунун отчетуна ылайык, акча каражаттарын максатсыз жумшоо фактысы боюнча 26 кылмыш иши козголгон. Азия өнүктүрүү банкы алгач долбоордун масштабын азайтып, кийин абал каражатты тоңдурууга чейин жетти.
Анын үстүнө суу менен камсыздоо жаатындагы мамлекеттик саясат ырааттуу жана натыйжалуу болгон жок. «Таза суу» улам бир мекемеден экинчисине өткөрүлүп жатты. Аткаруучусу беш жолу алмашкан соң, долбоор АРИСке (Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине) берилди. Программа башталгандан бери 20 жыл өтсө да, менеджмент жагы азыр да аксайт.
АРИСтин аткаруучу директору Марс Наспековдун айтымында, ушул тапта суу менен камсыздоо жаатындагы мамлекеттик саясатты Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жүргүзөт, а АРИС аткаруучу катары айыл жерлериндеги инфраструктуралардын курулушу менен алектенет, шаарларда бул милдет мэрияларга жүктөлгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин пикиринде, бул эки түзүмдүн ортосунда милдет менен жоопкерчилик так бөлүштүрүлгөн эмес, жумушту ушундан башташ керек.
«Маселени изилдеп жатканда улуттук стратегиялар адатта мурункусун эле кайталай турганын, суу менен камсыздоо департаментин башкаруу бир түзүмдөн экинчисине улам өтө бергенин аныктадык. Ошондой эле бул темага байланыштуу коррупциялык жаңжалдар өтө көп катталган. Биз ушул темада суу менен камсыздоо департаментинен жана АРИСтен бардык документтерди ала албай койдук. Ким, кайда жана кайсы акчага суу чыгарып жатканын аныктаганга аракет кылдык, бирок андай маалыматтарды ала алган жокпуз. Департаментте маалыматтар жок сыяктанат, а АРИС мамлекеттик түзүм болбогон үчүн бизге жооп бербей да кое алмак”, – деп белгилейт «Ашар» долбоорунун өкүлү Айзирек Алмазбекова.
Программа жаңы, максаттар эски
Коррупциялык жаңжалдар жана убадалар менен чейрек кылым убакыт өттү, донорлордон грант-насыялар миллиондоп келди. Бирок Борбор Азиянын сууга бай өлкөсүндөгү эл коопсуз ичүүчү сууга болгон негизги укугу үчүн күрөшүп жатат. Мамкурулуштан билдиришкендей, 2001-2013-жылдары 545 айылда суу түтүктөрү курулуп-оңдолуп, 1 млн чакты адам таза сууга жетти. 2014-2022-жылдары 244 айылдын суу камсыздоо системасы курулуп, жыйынтыгында 684 миң адам коопсуз ичүүчү суу менен камсыздалды. 2023-жылы 50 айылда тийиштүү инфраструктура курулду.
«Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттердин жана түрдүү фонддордун эсебинен 40 айылдын суу менен камсыздоо системалары оңдолгон», – деп белгилешти Мамкурулуштан.
Алардын эсебинде, азыркы программаны ишке ашырууга 70,21 млрд сом (78,6 млн АКШ доллары) керек, анын ичинде: 68 млрд 215 млн сом (76,4 млн АКШ доллары) тышкы инвестиция, 2 млрд сом (22,4 млн АКШ доллары) – республикалык бюджеттин каражаты. Бүгүнкү күндө 524,9 млн АКШ долларлык же азыркы курс менен дээрлик 47 млрд сомдук инвестиция тартылган. Демек, алдыда дагы 23 млрд сом (257,5 млн АКШ доллары) табыш керек.
Долбоорду ишке ашырып жатканда өкмөт каражаттардын максаттуу иштетилишине, жасалган иштерди кабыл алганда көзөмөлдү күчөтүшү керек,- дейт Акыйкатчы институту. Ошондой эле жер-жерлерде иштин баарына көзөмөл жүргүзүүгө жарандык коомдуу тартуу зарылдыгы айтылат.
Курганды сактап калуу керек
Эксплуатацияга кабыл алынган суу менен камсыздоо системаларын сактап калуу – өтө курч көйгөйлөрдүн бири экени программада белгиленет. Бул милдет ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелерине (ИСКАКБ) жүктөлгөн. Бирок алардын саны жыл санап азаюуда. Мамкурулуштун маалыматында, 525 ИСКАКБдын 68%ы гана өзүн камсыздап, иштеп келе жатат, калгандары каржылык жактан өтө оор абалда.
«Биз “Кыргыз Суу” мамлекеттик ишканасын түзүүнү демилгелеп жатабыз. Анын техникалык оңдоо иштерди мойнуна алган аймактык башкармалыктары болот. Алар жер-жерлерде адистер жана техника менен камсыздалышы керек. Бул маселеде Мамкурулуш эл аралык донорлордон каржы тартууну караштырууда», – дейт Мамкурулуштун башчысынын орун басары Самат Жантелиев.
Дагы бир маанилүү жагдай – натыйжалуу тарифтик саясаттын жоктугу.
Тарифтерди монополияга каршы уюмдар менен макулдашуу аркылуу жергиликтүү кеңештер бекитет. Мисалы, Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында суунун бир кубометри үчүн 16 сомдон (0,17 АКШ доллары) төлөшөт. Бишкекте суунун бир кубометри калкка 10,45 сомдон (0,11 АКШ доллары). Элетте суунун өз баасы кымбатыраак, себеби чыгым жашагандардын жалпы санына бөлүнөт.
«Көп учурда тарифтер суунун чыныгы баасынын 30-40%на барабар өлчөмдө бекитилет. Бул жаатта жергиликтүү органдар калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйт. Мамкурулуш азыр “Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жөнүндө” мыйзам долбоорун толуктап иштеп жатат. Ал башка жагдайлар менен бирге суу тарифтерин өздүк наркынан кем эмес бекитүүнү карайт», – деп кошумчалады Жантелиев.
Кыргызстандын жашоочулары коммуналдык кызматтарга болгон баанын көтөрүлүшүн өтө оор кабылдайт. Суу ресурстарына бай өлкөдө суу бекер болушу керек дегендер четтен табылат. Андыктан калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөсө, тариф саясатын өзгөртүү кыйынга турат.