© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Элмира Ногойбаева: Эс-тутум – өзүңдүн иденттүүлүгүңө кайтуунун күчтүү куралы

Кыргызстанда деколониалдаштыруу академиялык жана илимий чөйрөдөн кеңири коомчулукка чыкты: теманы ар түрдүү онлайн жана офлайн аянтчаларда талкуулап жатышат, инфлюенсерлер тил маселесине жаңы боёк кошууда, а чыгармачыл адамдар болсо чыныгы суверендүүлүктү өз туюму, өз тили менен чагылдыруунун үстүндө.


CABAR.asia “Эсимде” изилдөө аянтчасынын жетекчиси Элмира Ногойбаеваны кепке тартып, колониалдык аң-сезим менен иштөөнүн оош-кыйышы жана мамлекеттин, элдин иденттүүлүгүн курууда оозеки тарыхтын ролу тууралуу баарлашты. 

«Эсимде»– тарыхтагы жана элдин эсинде көмүскөдө калган окуяларды, фактыларды, процесстерди изилдөө жана аңдап түшүнүү боюнча талкуу аянтчасы. XX-XXI кылымдардагы Кыргызстандын тарыхын жана элдин эсинде калган окуяларды аңдап түшүнүүгө байланыштуу тарыхый-агартуучулук ишмердүүлүк жүргүзүүнү көздөйт. 

Элмира Ногойбаева. Жеке архивден алынган сүрөт

Кыргызстанда өз тарыхын жана иденттүүлүгүн аңдап түшүнүү качан башталды? Бул тууралуу кеп кечээ жакында эле козголгондой туюлат, же деколонизация процесси мурда коомдун көңүлүн мынчалык бурбай жүргөнбү? 

Эгерде биз совет доорун колонизация катары карасак, ошол кезде эле диссиденттер деп атай алчу кишилер болгон. Алар улуттук маданиятты, искусствону сактап калууну айтып чыгышкан. Бул үчүн аларды улутчулдукка айыпташкан. 

Диссиденттик – бул өзүнүн улуттук иденттүүлүгүн коргоп калуу аракеттеринин бири. 

Деколониалдаштыруу – академиялык термин. Биринчиден, бул эмне экенин баары эле түшүнө бербейт. Экинчиден, айрымдар муну кандайдыр бир катып калган субстанция, селейип калган жагдай катары көрөт. 

А бирок деколониалдаштыруу – бул өзүңдүн өтмүшүңдү аңдап түшүнүү, өзүңө кайтуу процесси. Ошол үчүн колониалдаштыруу маалында колония/метрополия алардын тарыхын бүт бойдон кайра жазат – ал эмне маанилүү, эмне маанисиз экенин; ким баатыр, ким каракчы, мисалы, басмачы экенин аныктайт. 

Метрополия Үркүндү (1916-жылкы падышалык Орусияга каршы Борбор Азиядагы улуттук боштондук күрөшү. – Авт. кыст.) байлар менен кедейлердин ортосундагы класстык кармаш катары сүрөттөгөн. Колониалдаштыруу караңгы элге тынчтыкты, цивилизацияны, модернизацияны алып келди деп көрсөтүлгөн, а мунун баасы ошол элдин иденттүүлүгүнө, өздүгүнө тете болуп жатпайбы.

Постколониалдык теориялар, постколониалдык дискуссиялар 80-90-жылдары эле өнүгүп, актуалдуу болгон. Ал кезде мунун баары академиялык жамааттардын деңгээлинде болгон үчүн биз бул тууралуу көп билген эмеспиз. Советтик академия, кыргызстандык академия толугу менен бийликтен көз каранды институттар экенин түшүнүү керек. Алар бийликтен каржыланышат. 

Илимди колониалдаштыруу деген термин бар, ал жаңы, көз карандысыз теорияларга, изилдөөлөргө каршылык көрсөтөт, айрыкча тайманбаган, жалтактабаган, козголоңдуу иизилдөөлөргө. 

Мисалы, мен буга 7 жыл мурун Амирбек Усманов менен Петр Кокайслдын “Кыргызстан тарыхы: күбөлөрдүн көзү менен” деген китебинин бет ачарында туш болдум (китепте Борбор Азиянын XVIII-XX кк. саясий-экономикалык, географиялык, социалдык абалын чагылдырган архивдик документтер берилген. – Авт. кыст.). Алар архивдердин негизинде документалдык китепти жазышкан. Беделдүү эле тарыхчылар бул академиялык илим эмес, себеби оозеки тарыхка негизделген дешти. 

Чынында мен айраң-таң болдум, себеби кыргыз тарыхы бүт бойдон оозеки. Оозеки тарыхтан баш тартуу менен, биз элдик эс-тутумдан баш тарткан болобуз. Бүткүл дүйнө оозеки тарыхты илимий ыкма катары кабыл алган. Эмне үчүн? Себеби тарыхта үнүнө эч ким кулак салбаган далай адамдар, далай элдер болгон. 

Колониализм доору кетти. Бирок анын таасири күч бойдон. Кыргызстан азыр деколонизациянын кайсы этабында деп эсептейсиз?

Мен ар кандай эпаптарды аныктоону четке кагам, анткени бул сызыктуу өнүгүү концепциясынын уландысы. Эгерде бул концепцияны кубаттасак, анда биз дайыма үчүнчү дүйнө – өнүгүп келе жаткан же өнүгө албай жаткан өлкө болобуз. Дайыма тизменин аягында турабыз. 

Биз 70 жылдык доорду (СССР өкүм сүргөн жылдар, 1922-1991-жж. – Авт.кыст.) басып өттүк. Биринчиден, 1917-жылга чейин “булардын көзгө басар эч нерсеси болгон эмес; жакыр, маданияты, ариби жок караңгы эл эле” деп көп жылдар бою мээбизге сиңиришти. Анан ак адам караңгы элге цивилизацияны алып келип, индустриалдык жактан дүркүрөп өстү дешти. 

Экинчиден, ошол 70 жылда коомдо коркуу калыптанды, себеби советтик тарыхта адатта жеңиш, өндүрүштүн жетишкендиктери тууралуу көп айтышчу. Бирок бул үчүн эл кандай акы бергени айтылбады. Биз депортациялар, Үркүн тууралуу айткан жокпуз. Биз репрессияга кабылган көп сандаган кишилер тууралуу айткан жокпуз. ГУЛАГ тууралуу эч ким үн каткан жок (Түзөтүүчү эмгек лагерлеринин башкы башкармалыгы, СССРдин жазалоо органдарынын системасынын бир бөлүгү болгон. – Авт.кыст.). 

Ал кезде адам абийирдүү, өзүнө, өз укуктарына ишенген кишиден жалтак, кенедей бурама мыкка айланды. Адамдар эс-тутумун жоготту же коркконунан ал жөнүндө ойлонбошко аракет кылышты. 

Айтматовдун метафорасын эле эстейли: адамды эс-тутумунан ажыратканда, ал өз маданиятына, шарттуу түрдө өз энесине ок чыгарууга даяр турган жалтак маңкуртка айланат. 

Көп убакыттан бери эс-тутум менен иштеп жүрүп, эс-тутум  – бул өзүңө, өзүңдүн иденттүүлүгүңө, өтмүшүңө, демек, өзүңдүн кадырыңа кайтуунун абдан күчтүү, маанилүү куралы экенин түшүндүм. Адам өтмүшүн эстей албаса, бүгүнкүсүнө да, эртеңине да ишеним менен карай албайт. 

Мудагы советтик өлкөлөр өз иденттүүлүгүнө карай багыт алганда окшош жолду тандаштыбы?

Эгерде биз мурдагы 15 республиканы алсак, биринчилерден болуп Балтия өлкөлөрү бөлүндү, алар СССРдин курамына кийинчерээк кошулду, ошондуктан өз тарыхы жадында эле. Алар өздүгүнө да эрте кайтышты. Ал эми Борбордук Азиядагы өлкөлөр советтик доорго чейин эле Россия империясынын курамына киргизилген болчу.

Кавказ менен Борбор Азияны салыштыргым келбейт. Факторлор жана себептер ар башка. Кавказдын айрым өлкөлөрүндө – тоолуу жактарында кулакка тартуу болгон эмес деп эсептелинет. А бизде кулакка тартуу орун алган. “Эсимденин” алкагында биз так ушул теманы изилдеп жүрөбүз. 

Мисалы, Ысык-Көл облусун алалы. Ал 1916-жылы баарынан көп жабыркаганы аз келгенсип, мындагы ар бир үчүнчү үй-бүлө кулакка тартуудан жабыркаган. Кимдир бирөөнү Оренбургга, Сибирге, дагы башкасын Украинага айдашкан. 

Россия – чоң өлкө. Бул орустар гана эмес, бул чакан элдер, көпчүлүгү таптакыр жок болуп кетти. Орустардын өзү тууралуу айтсак, алар да кулакка тартуунун чоң соккусуна кабылышкан. 

Эмне үчүн Россия постсоветтик мейкиндиктеги таасирин сактап калууга аракеттенет жана бул канчалык ишке ашып жатат? 

Ельциндин тушунда ачыктык, эркиндик бар эле. Кийин Путин убакыттын өтүшү менен СССРдин баалуулуктар системасын кайра калыбына келтире баштады. Бир кезде Сталин НКВДнын өкүлдөрүнөн мамлекеттик системаны кургандай, Путин ФСБ өкүлдөрүнөн таяныч курду. Ал постсоветтик мейкиндиктеги гана эмес, башка өлкөлөрдү кайтара албаса да, ошондой эле таасир этүүгө аракеттенди. 

Россия өз таасирин сакташ үчүн ЖМКларды колдонду. Кыргызстандагы телевизиондук ЖМКлардын жарымы эле Россияныкы, аларда “СССРде жашоо сонун эле” деген ностальгия, эңсөө идеологиясы курч мүнөздө жүргүзүлөт.

Башкача айтканда, Россия – бул өз таасирин кайрадан жаратууга аракеттенген неоимперия. Бирок мезгилдер алмашат. Эгемендиктин отуз эки жылында адамдар эркиндиктин даамын сезди, маңкуртчулуктан ойгонууда. Кимдир бирөө Кыргызстан менен Тажикстан сыяктуу Россияга карата дагы да лоялдуу. Кимдир бирөө – Грузия, Украина, Балтия өңдүү кайтууну такыр каалабайт. 

Деколонизация процессинде идеологиянын, мамлекеттин ролу канчалык маанилүү?

Бизде Кыргызстандын ар бир жаранынын, ар бир адамдын баалуулугунун идеологиясы болушу керек. Ал бизге кадыр-барк сезимин, укукту, эс-тутумга болгон укукту кайтарып берет. Оруэлл жазгандай: “мыйзам баарына бирдей, а айрымдар үчүн бирдейирээк” эмес, мыйзам кебелбес болушу шарт. 

Коом өнүгүшү үчүн кандайдыр бир жалпы идеологияга ээ болуш кажет эмес, анткени ал кийин туңгуюкка алып барат. Биз муну көрбөдүкпү. Тек гана мамлекет ар бир адамды баалаган укуктук коом болушу шарт. 

Албетте, мамлекет корпой, улам бирөөгө кылчактабашы зарыл. Ошол эле россиялык ЖМКлар жана дипломаттар ушул кезге чейин “Киргизия” дешет. Адамды алып көрөлүчү. Аны Таке, Такин, же толук бойдон Такебай деп чакырышы мүмкүн. Бирок расмий деңгээлде анын толук атын айтышат да. А Кыргызстанды ар ким ар кандайча жөндөп келет. А бул мамлекеттин кадыры эмеспи? Өзүңдү көрсөтүү маселеси атыңдан, аталышыңдан башталат. 

Китептерди алсак, биздин географиябыз, тарыхыбыз советтик доордун концепциясында жазылган. Көп учурда ошол эле колониалдык тилде жазылган. Алар акырындап өзгөртүлүүдө, бирок байкаларлык  деңгээлде эмес. 

Өздүгүбүздү кайрадан аңдап түшүнүү искусство жана чыгармачылык аркылуу кандайча жүрүп жатат? 

Сүрөтчүлөр теоретиктер белгилей элек нерселерди туюму менен сүрөттөөдө. Дал ушул искусство интуитивдүү тил менен биздин сезимдерибизди сүйлөп, көрсөтүп жатат. Бул абдан сонун! Адамдар тигил же бул ыкма, каражаттар аркылуу бир эле нерсе тууралуу сүйлөп жатышат. 

Алматада деколонизация тууралуу конференция өтөт, ушул эле күндөрү биз панелдик талкууларды өткөрөбүз. Борбор Азиядагы ар кайсы аянтчаларда кайрадан аңдап түшүнүү жүрүүдө. Адамдар бул жөнүндө сөз кылып жатат, тема ар кайсы конференц-залдардан коомдук дискурска чыгууда. Өзүнө кайтуу ишке ашууда. Бул бардык жакта – экономикалык, саясий, маданий системаларда көрүнүп жатат.  

Көпчүлүк СССРди колонизатор деп эсептебеген коомдо деколонизация тууралуу айтуу оңой эмес. Сиздер кандай ыкмаларды колдоносуздар?

Бизди, ошол жылдардагы процесстерди аңдап түшүнүүгө аракет көргөн изилдөөчүлөрдү көп эле каралашат. Эмне үчүн? Өзүбүз, өз элибиз тууралуу көбүрөөк билели деген аракетибиз үчүн гана. Биз мындай агрессиядан аябай чарчадык. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” деген позицияны карманам. 

Экинчи жагынан, эмне үчүн мен көз карандысыз мамлекетте жашап жатып өзүмдүн тарыхымды биле албайм? Мени Рязань облусу кызыктырбайт, мени Кыргызстан, Баткен, Нарын кызыктырат. Мен эс-тутумга укуктуумун. Кыргызстанда эч ким тааныбаган, бирок туугандары эстеп жүргөн репрессия курмандыктары да эс-тутум укугуна ээ. 

Өз тажрыйбамдан мисал. Бир үй-бүлө сталиндик репрессия маалында дайынсыз жоголгон атасын бир өмүр күтүп жүргөн. Атабыз тирүү деп ишенишкен, анткени ушундай кат алышкан. А чынында ал 1938-жылы эле өлтүрүлүптүр. Биз Украинадан анын атылуу алдындагы сүрөтүн таап келдик. Туугандары ушунча жылдан соң ал кишинин өлүм алдындагы сүрөтүн көрөбүз деп үмүт арткан да эмес. Баары чогулуп, куран окушту. Өз туугандарыңды эскерүү, кайда, кантип өлгөнүн билүү абдан маанилүү. 

Кулакка тартуу темасы тууралуу сөз кылганда, ар кандай адамдар келет, алардын ичинде улуу муундун да өкүлдөрү. Алар өзүнүн үй-бүлөсүнүн мисалында көп нерседен бейкабар жүрүшкөнүн түшүнүшөт. Өз чоң эне, чоң аталарынын чыныгы окуяларын билип, чындык мурда айтып жүрүшкөндөй же Соловьев телевизордон сайрагандай эмес экенин түшүнүшөт. 

Алар бизге келишет, архивдик документтерди көрүшөт. Болот Абдырахманов (УКМКнын отставкадагы полковниги, изилдөөчү жана И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу. – Авт. кыст.) чыгарган он томдуктан көптөгөн адамдар өз атасын таап жатат. Роза Айтматова (коомдук ишмер, кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун карындашы), мисалы, ушунча жылдан соң агасын – Төрөкул Айтматовдун инисин тапты. Мен башкаларды айтпай эле коеюн. 

Чындыгында деколонизация – бул теория эле эмес, биз аны күнүмдүк жашоодо көптөгөн нерселерден көрөбүз. Ал пропагандага, дүйнөдөгү көптөгөн процесстерге карабай, тигил же бул көрүнүштө жүрүп жатат. 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: