Акыркы он жылдын ичинде Кыргызстанда эле жол кырсыгынан 10 миӊ киши каза тапкан. Бул бүтүндѳй бир айылдын жок болушу менен барабар. Бийлик тарабынан тийиштүү чаралар кѳрүлүп жатса да, коркунучтуу статистика тѳмѳндѳгѳн жери жок.
«Алайдагы үрѳй учурган жол кырсыгы. Курман болгондордун саны тѳрткѳ жетти». «Автоунаанын жарымы жок, 7 адам кѳз жумду», «Ысык-Кѳлдѳгү жол кырсыгынан эки кызы менен келин кѳз жумду», «Ноокатта жол кырсыгынан тѳртѳѳ каза тапты. Унааны он беш жаштагы ѳспүрүм башкарып бара жаткан» – булар кыргыз медиаларында чагылдырылган жайында болгон жол кырсыктарынын аз гана бѳлүгүнүн темалары.
Сүрѳттѳ 33 жаштагы Аида Үмѳталиева менен кыздары. Алар жолдун четинде токтоп турган унаанын ичинде отурушкан. Унаанын айдоочусу – Аиданын жолдошу – талаадагы сугатын кѳрүп келиш үчүн түшүп кеткен. Ошол учурда катуу ылдамдыкта келе жаткан Mercedes-Benz токтоп турган автоунааны артынан келип сүзгѳн. «Мерседестин» айдоочусу менен жанындагы жүргүнчү келин – РИИБ кызматкери – мас абалында болушкан.
Жаш келин кыздары менен ошол жерден жан берип, уулу аман калган.
Бул каргашалуу окуя 12-июнда Ысык-Кѳл областында болгон. Бир үйдѳн үч сѳѳк чыгып, жакындары кайгы тартып отурганда, сот шектүүлѳрдү үй камагына чыгарып жибериптир. Курман болгондордун туугандары кылмышкер тийиштүү жазасын албай кутулуп кетет деп тынчсызданып жатышат.
«Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин директору Чынара Касмамбетова жакындарынан айрылган жарандардын тынчсызданууларын жакшы түшүнѳт. Анын айтымында, кѳп жылдан бери эреже бузулган жерден тааныштарына телефон чалуу, паралоо, жоопкерчиликтен качып кетүү, достору менен туугандарынын жардамынан пайдалануу аркылуу маселени чечүү адатка айланып калган.
«Жол эрежесин бузган кѳп адамдар эч кандай күнѳѳсүн сезбей, жоопкерчиликке тартылбай эле кутулуп кетишет. Буларга дагы укук коргоо органдарынын, тергѳѳ же сот кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз ишин кошсок, анда жолдогу абалдын жакынкы убакта ѳзгѳрүшүн күтпѳй эле койсо болот», – деп эсептейт эксперт.
Жай мезгилинин үч айында эле автокырсыктан 93 киши кѳз жумган. Бул цифралар коркунучтуу кѳрүнгѳнү менен, Кыргызстан үчүн «кѳнүмүшкѳ» айланып баратат – күн сайын жол кырсыгынан орто эсеп менен эки адам каза табат.
«10 жылдын ичинде 10 000ден ашуун адамдын ѳлүмүн калкынын саны ушуга барабар бир айылдын жок болуп кетиши менен салыштырса болот. Тынч мезгилде ушундай абал. Бул цифралар - күч-кубаты ашып-ташып турган жигиттердин, чоӊ кишилер менен аялдардын, кары адамдар менен жаш балдардын кыйылган ѳмүрлѳрү», - Кыргызстандагы жол кырсыгына байланыштуу абалды эксперттер мына ушундайча сыпатташат.
Медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун маалыматына ылайык, соӊку үч жылда жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 1131 киши майып болуп калган. Алардын 63ү – жаш балдар. Ошондой, жылына орто эсеп менен 350-400 жаран эмгекке жарамсыз абалга түшѳт. Мындан тышкары, канча деген ѳмүрлѳр кыйылып, республиканын адам ѳмүрүндѳгү потенциалы азаюуда, ошондой эле мамлекеттик бюджет ири экономикалык зыянга учуроодо. 12 млрд 761 млн сом (150,66 млн АКШ доллары) же болбосо ИДП 3,64%ы – бир жылдагы жол кырсыгына байланыштуу материалдык чыгымдардын кѳлѳмү мына ушунча, - деп айтылат Улуттук стратегиялык изилдѳѳлѳр институтунун изилдѳѳсүндѳ.
Аталган документтин авторлорунун бири, техника илимдеринин доктору Жыргалбек Шаршембиев адам ѳмүрү менен ден соолугунан кымбат нерсе жок экенин белгилейт.
«Мисалы, кѳз жумган 35 жаштагы жигит жок эле дегенде дагы 20 жыл иштемек, анын экономикага кошкон салымы миллиондорду чапчымак. Ал эми эмгекке жарамдуулугунан ажыраган жаранына мамлекет пенсия тѳлѳѳгѳ тийиш. Адамдардын ѳмүрү менен кош айтышышы же жаракат алышы жол кырсыгынан улам келип чыккан чыгымдардын маанилүү бѳлүгүн түзѳт. Мындан башка, унааларды же жол объектилерин оӊдоп, калыбына келтирүү милдети да бар», - дейт Шаршембиев CABAR.asia порталына берген маегинде.
Ѳткѳн он жылдык мезгилдин ичинде ѳлкѳ боюнча 68 миӊ жол-транспорт кырсыгы катталган. Мындай окуялар 2013-жылы эӊ кѳп болгон. Андан кийинки жылдары анча-мынча азайган, ошентсе да кѳрсѳткүчтѳрдѳ кескин ѳзгѳрүүлѳр болгон жок.
ДСУ маалыматтарына ылайык, жолдогу ѳлүм деӊгээли боюнча рейтингде Кыргызстан 175 ѳлкѳнүн ичинен 92-орунда турат. Борбор Азиянын башка мамлекеттеринде деле абал ушундай.
Жол кырсыктарынын 80%дан кѳбү - айдоочунун күнѳѳсү
Быйылкы жылдын 6 айында эле айдоочунун күнѳѳсүнѳн улам болгон жол кырсыктарынын саны 2,9 миӊге жеткен. Бул катталган кырсыктардын жалпы санынын 84%ын түзѳт. Башкы себептери – жогорку ылдамдык, манёвр эрежелерин бузуу жана каршы тилкеге чыгуу.
Мунун баары автомектептердеги даярдоонун начардыгы жана айдоочулук күбѳлүк берип жаткандагы коррупциялык схемалар менен түшүндүрүлѳт. Жогорку Кеӊештин депутаты Марлен Маматалиевдин айтуусу боюнча, айдоочулук күбѳлүктү 5-10 миӊ сомго (59-118 АКШ долларына) сатып алса болот.
«Биринчи категориядагы күбѳлүктѳр 5 миӊ сомго, экинчи категориядагылар – 10 миӊ сомго сатылат. "МККда расмий катталган, эч кандай маселе жаралбайт. 50% - алдын ала, калганы - документ алганда тѳлѳнѳт" деп айтышат. Мамлекеттик органдарда деле бекер катташпайт да, демек, ал жерлерде да коррупциялык схема иштейт», - деп билдирди эл ѳкүлү «Коопсуз шаар» долбоору боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында.
Кыргызстанда 235 автомектеп бар. Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповдун берген маалыматы боюнча, акыркы жолу бул мектептер үч жыл мурун текшерүүдѳн ѳткѳн экен. Ал автомектептерди текшерүүнүн системасы менен критерийлерин кайра карап чыгууну сунуштады.
«Белгиленген талаптарга жооп бербеген автомектептер толугу менен лицензиясынан ажыратылып, «кара тизмеге» киргизилиши керек», - дейт Улукбек Марипов.
Автомектептер боюнча ИИМдин жеке кѳз карашы бар. Ѳздѳрүнүн позициясын жакында эле «Коопсуз шаар» долбоору боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында министрдин орун басары Октябрь Урманбетов билдирди.
«Автомектептер Билим берүү министрлигине карайт. 235 мектептин ичинен 119 мекемеге эскертүү берилди. 14 мектепке айыппул салынса, дагы 13 мекеме жабылды. Мунун баары мектептердин талаптарга жооп бербей жатканынын белгиси. Алардын санын кыскартып, ар бир областка айдоочуларды даярдап чыгуу боюнча 3-4 мамлекеттик мекемеден ачыш керек. Ошондо аларды кѳзѳмѳлдѳѳ жеӊилирээк болот», - деп түшүндүрдү Урманбетов.
Автоунаа кѳп, ал эми жолдордун инфраструктурасына каражат жетишпейт
Ѳлкѳдѳ интенсивдүү автомобилдештирүү процесси жүрүүдѳ. 2020-жылдын аяк ченине карата жалпысынан 1,5 млн автоунаа катталган.
«Бул фактор жергиликтүү жолдордун да, республикалык маанидеги автожолдордун да абалына олуттуу таасирин тийгизет. Айрым тилкелер болсо, колдонууга жарабайт. Баштан аяк реконструкция жасоо талап кылынган жолдор, финансылык каражаттын жетишсиздигинен улам, чуӊкурларды жамап чыгуу менен гана чектелип калууда. Мындай абал жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн белгилүү коркунуч жаратат», - деп билдирди ѳкмѳттүн жыйынында Транспорт жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева.
Дээрлик ар бир экинчи жол кырсыгы республикалык маанидеги жолдордо катталат. Учурда 123 авариялык жактан кооптуу тилке бар, алар дагы эле жоюла элек. Мындан тышкары, кыймыл кѳп трассаларга тосмолорду орнотуш керек. Баары финансыга барып такалууда. Дайыма эле акча жетишсиз болуп келген, ал эми пандемиядан кийин Транспорт министрлигинин бюджетин кыскартып салышты. Эл аралык донорлор жардам берүүгѳ даяр, бирок тийиштүү органдар жолдорду текшерип чыгып, стратегия даярдашы керек. Азырынча авариялык тилкелерди жоюу үчүн канча каражат керек экенин жана стратегия качан даяр боло турганын жооптуу кишилер ѳздѳрү билишпейт.
«2018-жылы водомство аралык жумушчу топ КР жолдорунун коопсуздугун жогорулатуу боюнча кыска мѳѳнѳттүү улуттук стратегияны иштеп чыгууга киришкен. Кээ бир учурларды аягына чыгаруу эле калган, бирок пандемиядан улам иш токтотулган. Жакында эле ИИМ бул ишти кайра улантты», - дейт Транспорт жана коммуникация министрлигинин Автожол башкармалыгынын юристи Канатбек Бейшеев.
Жолдогу коопсуздук үчүн жооптуулар кѳп, бирок координация жок
«Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин директору Чынара Касмамбетова CABAR.asia порталына берген маегинде жолдордо коопсуздукту камсыздоо үчүн биринчи кезекте бул багытта менеджменттин жѳнгѳ салынышы талап кылынарын белгилеп кетти.
«Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча маселелерди башкаруу жана координациялоо жаатында кайсы орган башкы болуп саналат? Бул кѳп министрликтердин милдетине кирген комплекстүү суроо. Бардык структураларды координациялап, жетектей турган туруктуу иштеген орган түзүлүшү керек. Акыркы ѳзгѳрүүлѳргѳ чейин ЖКК (ЖККК) боюнча Ѳкмѳткѳ караштуу комиссия бар болчу, бирок ал тийиштүү деӊгээлде иштебей жатат. Комиссиянын алдында ишти толугу менен координациялай турган туруктуу иштеген орган - Катчылыкты түзүш керек», - деп түшүндүрѳт эксперт.
Анын айтымында, эреже бузгандар жоопкерчиликтен кутулуп кетпей тургандай шарттар түзү Бул маселеде ишти чечүүнү санариптештирүү жана автоматташтыруу күчѳтүлүшү керек. Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мыйзамдарды карап чыгуу, анын ичинде күнѳѳлүүлѳр менен эреже бузгандардын жоопкерчиликтен кутулуп кетишине жол берген мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жоопко тартуу зарыл.
«Жол коопсуздугу» коомдук бирикмеси 2012-жылы түзүлгѳн. Жыл сайын бир нече долбоорду ишке ашырышат. 2019-жылы бирикме коопсуздук куру менен балдар үчүн автокреслолорду колдонуу боюнча долбоорду киргизген. Азыркы учурда мектептер менен калктуу конуштарда ылдамдыкты 30 км/саатка чейин түшүрүүнүн үстүнѳн иштеп жатат. Мындан тышкары уюм жол кыймылынын катышуучуларынын арасында маалыматтык жана профилактикалык иш-чараларды байма-бай ѳткѳрүп, жооптуу органдардын ѳкүлдѳрү үчүн окуу курстарын уюштуруп келет.
Жолдогу абалды жакшыртууга арналган чаралар азырынча кагаз жүзүндѳ гана калууда
Быйылкы жылы ѳлүм менен коштолгон жол кырсыктары кѳп болуп жаткандыгына байланыштуу президент Садыр Жапаров 14-июнда жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу чараларынын комплексин күчѳтүүнү тапшырып, бир ай ѳткѳн соӊ мас абалындагы айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды кѳбѳйтүүгѳ буйрук берген.
КР ИИМ жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык президенттин тапшырмасы менен ведомство аралык жумушчу топ 2021-2025-жылдарга карата план иштеп чыккандыгын билдирди. Бул эмне план жана анда кандай чаралар чагылдырганын так айта алышкан жок.
Ѳздѳрү жактан жол кырсыгына алып келген аракеттери, кырсык болгон жерден качып кетүүсү, мас абалында транспорт каражатын башкаруу, транспорт башкарууну мас абалындагы же айдоочулук күбѳлүгү жок адамга ѳткѳрүү үчүн айдоочунун жоопко тартылышын күчѳтүү боюнча демилге кѳтѳрүлгѳн. Мыйзам долбоору азырынча коомдук талкуу стадиясында.
Ошол эле учурда министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов «Коопсуз шаар» долбоорунун 2-этабын ишке киришин тездетүүгѳ тапшырма берди. Бул этапта камералар республикалык маанидеги трассаларга, анын ичинде Бишкек-Ош жана Бишкек-Чолпон-Ата жол тилкелеринде орнотулмакчы. Ѳлүм менен аяктаган жол кырсыктарынын кѳпчүлүк бѳлүгү дал ушул жолдордо болот.
Санариптик чечимдердин дагы бир багыты – жол кырсыктарын каттоо системасын - 102.kg ишке киргизүү. Долбоор «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Авторлору ачык маалыматтардын келечекте жарандардын коопсуздугун жогорулатуу, жол кыймылын оптималдаштыруу жана кооптуу тилкелерди аныктоо максатында анализ жүргүзүүгѳ мүмкүндүк берет деп ишенишет. Мындан тышкары, сайттан жол кырсыгынын себеби менен сыпаттамасын, ошондой эле областтар менен шаарлардагы кырсыктардын санын кѳрүп турууга болот.
Жолдордо коопсуздукту камсыздоо багытында мамлекет тарабынан кѳрүлүп жаткан чаралар негизги деп эсептелгени менен, бардык катышуучулар ѳз жоопкерчилигин сезүүгѳ тийиш.
«Ар кайсы ѳлкѳдѳ кѳйгѳйдү чечүүнүн ар кандай жолу бар. Ийгиликтүү натыйжаларга жеткен мамлекеттерде бул маселени жакшы координациялаган орган, жетиштүү финансылык булактар, мыйзамга баш ийген жарандар, жолдо жүрүү маданиятынын жогорулугу, ЖКК боюнча билим, айдоочулардын мыкты даярдыгы, жолдогу коррупция менен күрѳшүү, сот жана башка укук коргоо органдарынын мыкты иш алып барышы, кампаниялар менен үгүт иштери сыяктуу ѳзгѳчѳлүктѳрү бар», - дейт эксперт Чынара Касмамбетова.
Башкы фото: car.ru
Материал Норвегия ТИМ колдоосунда «Amplify, Verify, Engage: Information for Democratisation and Good Governance in Eurasia» аттуу IWPR долбоорунун жана Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосунда Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR, Норвегия ТИМ же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.