Без рубрики

Кыргызстандын абактарындагы саламаттыкты сактоо – бул системдүү көйгөйлөрдүн бүтүндөй комплекси. Анын ичинде адистердин жетишсиздиги, ооругандарды которуудагы кыйынчылыктар, жазасын өтөп жаткандарга дары-дармектердин жеткиликсиздиги бар. (more…)

«Балаңызда Даун синдрому болушу мүмкүн». Бул сөздү уккан ар бир ата-эне өзүн жоготот. Төрөт үйүндөгү дарыгерлер “балаңды таштап эле сал” деп сунуштаган учурлар аз эмес, ага энелер да макул болушат. Себеби бул синдромду азырга чейин көптөгөн жаңылыш пикирлер коштоп келет, алардын ичинен эң негизгиси – бала сүйлөй албайт, окуп, жаза албайт.  (more…)

Anara Abdullaeva 21.02.22

Советтик доордо далилдүү медицина пайда болгонго чейин көпчүлүк альтернативдүү медицина ыкмаларын пайдаланчу. Бул ыкмалар жеткиликтүү жана арзан эле. Курч мүнөздөгү вирустук ооруларга каршы тюбаж, жылыткыч менен дарылоо, сары кычы (горчица) күкүмү же физиотерапиянын айрым түрлөрү колдонулган. Бүгүн болсо далилдүү медицинанын принциптерин бүткүл дүйнө тааныды, дарыгерлер альтернативдүү медицина процедураларын колдонууну четке кагып, физиотерапия процедураларын да арткы планга сүрүп жатат. Ошентсе да, мурдагы советтик мейкиндиктеги адамдар азырга чейин деле организмди тазалоо үчүн өсүмдүк майын колдонуп, ысык картошканын буусуна ингаляция жасоону токтоткон жок.

(more…)

Olga Kovaleva 11.02.22

Кары аз, жылуу кыш бир караганга «табияттын белегиндей» сезилиши мүмкүн. Көпчүлүк жылуу күрмө албаганына сүйүнүп жаткан чакта экологдор чоочулап, дыйкандар болсо олуттуу көйгөйлөргө бет келүүдө.

Түйшөлткөн маселелердин катарында күзгү эгиндин түшүмүн жоготуу, жазгы суу таңкыстыгы жана кийинки кургакчылык бар. Дыйкандар өткөн жылкы абал кайталанат деп кооптонушат, былтыр арпа-буудайдын түшүмүнүн жарымынан кол жуушкан эле.

Жылуу кыш кыргызстандык дыйкандарды эмне үчүн түйшөлтөт?

Күздүк эгинди айдаган дыйкандар жылуу кыш менен жаанга кубанбайт. Эгер кар өсүмдүктү төшөнчөдөй жаппаса, жаан менен суук түшүмдү өлтүрөт.  

Мындан сырткары кардын эриши сугат сууга, жазгы айдоонун алдындагы жердин абалына түздөн-түз таасир этет. Дыйкандар быйыл суу тартыш болот деп тынчсызданууда.

 

Күзгү эгиндин азыр абалы кандай?

Агроном, үрөн боюнча адис Кубанычбек Чериков белгилегендей, азыр талаалардагы өсүмдүктөрдүн биринчи жалбырактары пайда болду. Эгерде кар жок болгон азыркы шартта аба температурасы минус 10 градустан ылдый түшпөсө гана түшүмдүүлүк жакшы болот. Болбосо, эгиндин 10-15%ы жабыркашы ыктымал.

 

Синоптиктер февраль-мартка кандай аба ырайын убадалап жатышат?

Кыргыз гидрометеорологиялык борборунун метеоболжол бөлүмүнүн башчысы Асылбүбү Маткеримова белгилегендей, өлкө боюнча аба ырайы суук температурадан жетишерлик жылуу деңгээлге чейин термелип турат.

“Февралдын айрым күндөрүндө аба табы 7-12 градуска чейин жогорулайт, бирок төмөндөшү да күтүлөт, башкача айтканда, аба ырайы чукул өзгөрөт. Түнкүсүн температура -10-12 градуска чейин түшөт. Декабрь менен январда республиканын ар кайсы райондорунда түшкөн жаан-чачындын көлөмү норманын 60-80 пайызын түздү”, – дейт ал.

 

Күзгү эгиндин түшүмүн сактап калыш үчүн эмне кылыш керек?

Агроном, үрөн боюнча адис Кубанычбек Чериков белгилегендей, адатта тийиштүү чаралар эгинди айдаганга чейин көрүлүшү керек.  

“Дыйкандар үрөндү суукка туруктуу кылган атайын реагент менен иштеп чыкса болот. Азыр бул жөнүндө ойлонууга кеч”, – дейт ал.

 

Жазгы талаа иштерине камынып жаткан дыйкандар эмне кылышы керек?

Кар жокпу, демек, эриген кардын суусу да жок. Дыйкандардын айтымында, жазгы үрөн себүүнүн алдыда жер кургак болот.

Кыргызстандагы дыйкандар азыр “эгин айдоого киришсемби же жокпу” деген суроонун үстүндө баш катырууда. Өткөн жылы алардын көпчүлүгү кургакчылыктан улам олуттуу зыян тарткан.

Республиканын дыйкандары 3-февралдагы пресс-конференцияда билдиргендей, 2021-жылы Айыл чарба министрлиги ирригациялык системаларды калыбына келтирүү боюнча убадаларын аткарган жок.  

Ошентип, дыйкандар жазгы жаан-чачынга гана үмүт байлап отурат.

 

Мамлекет кырдаал тууралуу эмне дейт?

29-январда Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, өлкөнүн эгемен тарыхында биринчи жолу ирригациялык системаларды оңдоого 1 миллиард сом (1 млн 176 миң доллар) бөлүндү. Каражат ирригациялык түйүндөрдү тазалоого жана оңдоого багытталды.

Дыйкандар болсо чоң акча бөлүнгөнү менен, каржы дарегине жетпей жатканын айтышат. Тазалоо, калыбына келтирүү менен алектенген аткаруучулар акчаны аларга которушпай, “үлүш” талап кылып жатышканына даттанышты.

 

Кыргызстандык дыйкандарды дагы кандай көйгөйлөр күтүп жатат?

Кургакчылыктан сырткары, дыйкандар күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлгөнүнө даттанышат. Улуттук стастикалык комитеттин маалыматында, акыркы жылда Кыргызстанда бензиндин наркы 70 пайызга өстү. Россиядагы нефтини кайра иштетүүчү заводдордо баа жогорулаган үчүн Кыргызстандын нефтетрейдерлери ички рыноктогу күйүүчү майга болгон бааны мындан ары да көтөрүүгө мажбур.

Эксперттер белгилегендей, бензин менен дизелдик отунга болгон баанын өсүшүнөн улам дыйкандар өндүргөн продукциялардын наркы болжол менен 30 пайызга жогорулайт. Албетте, бул айыл чарба продуктуларынын чекене баасынын өсүшүн шарттайт.

 


Данная публикация подготовлена в рамках программы наставничества проекта «Развитие новых медиа и цифровой журналистики в Центральной Азии», реализуемого Институтом по освещению войны и мира (IWPR) при поддержке Правительства Великобритании. Содержание публикации не отражает официальную точку зрения IWPR или Правительства Великобритании.

 

Кыргызстанда аутист балдарды дарылоо үчүн мамлекеттик борборлор жок. Бул жалгыз көйгөй эмес. Ата-энелер дасыккан дарыгерлердин жоктугуна, дары-дармектин кымбаттыгына жана коомдун кодулоосуна даттанышат. (more…)

Anara Abdullaeva 21.01.22

Батышта 90-жылдардын аягында zero waste багыты өнүгө баштады. Анын башкы максаты — таштандынын көлөмүн азайтуу. Кыймыл беш негизги принципке таянат: азык-түлүктү керектөөнү кыскартуу, жаратылышка зыян келтирүүчү азык-түлүктөн баш тартуу, колдонулбай калган буюмдарга жаңы жашоо берүү, мүмкүнчүлүккө жараша буюмдарды кайра колдонуу жана органикалык калдыктарды керекке жаратуу. (more…)

Дасыккан дарыгерлердин жоктугу, дары-дармектин кымбаттыгы жана аларды алуудагы кыйынчылыктар. Булар – Кыргызстандагы талмасы бар балдардын ата-энелери бет келген көйгөйлөрдүн бир чети гана. (more…)

COVID-19 пандемиясынын кесепеттери саламаттыкты сактоо тармагын реформалоонун маанилүүлүгүн көрсөттү. Ошондой эле ооруканалар менен дарыгерлердин жетишсиздигинен тарта жалпы эле системаны каржылоого чейинки бардык кемчиликтерди ачыкка чыгарды. Акысыз медициналык жардам жана дары-дармек каражаттарын жеңилдетилген баа менен алуу негизги маселеге айланды. 2006-жылдан тарта республикада Мамлекеттик кепилдиктер программасы иштейт. Ал акысыз же жеңилдетилген шартта көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын түрлөрүн аныктайт.

(more…)

Anara Abdullaeva 08.12.21

2021-жылдын 28-ноябрында өлкөнүн бир палаталуу парламентине – Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы эсеби боюнча,  шайлоо жарышына 21 саясий партия жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан 284 талапкер катталды.

(more…)

Zlata Teter 03.12.21

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, Кыргызстанда 2020-жылы 9 миңден ашык жубайлар ажырашууга арыз беришкен. Бул процесс жалпы мүлктү гана эмес, балдарды да бөлүштүрүүдөн улам татаалдашат. (more…)