Ош шаарында креативдүү экономикага арналган Go Viral фестивалынын биринчи күнү жемиштүү жыйынтыкталды. Иш чара 700дөн ашык катышуучулардын, медиа, бизнес, маданият жана технология жаатындагы кесипкөйлөрдүн башын бириктирди.
Go Viral – Борбор Азиянын беш өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү аймактык ири фестиваль. Быйылкы жылдагы Кыргызстан үчүн өзгөчөлүк – Ташкенттен (Өзбекстан) башат алган эстафетаны Бишкек эмес, Ош шаары тосуп алды. Муну менен түштүк борбордун жаратмандары, активдүү жаштары үчүн тажрыйба жана тааныш арттырышына, жеке жана кесиптик жактан такшалышына кайталангыс аянтча түзүлдү.
Биринчи күнү катышуучулар санарип доору маданиятка алып келген жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, технология башкарган дүйнөдөгү кесиптердин келечегин жана жасалма интеллект жараткан жаңы чакырыктарды талкуулашты. Ошондой эле бизнеске, IT-дүйнөсүнө кирүүнүн жолдору, экологиялык маселелер, искусствонун санариптешүүсү жөнүндө сөз болду.
Go Viral фестивалы алгач жолу 2017-жылы Алматы шаарында өткөн. Беш жыл аралыгында ал Борбор Азиянын беш өлкөсүндөгү медиа, бизнес, маданият жана технология жаатындагы адистердин башын бириктирген чоң аянтчага жана жамаатка айланган. Долбоорду 2021-жылдан бери Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу институту АКШнын Борбор Азиядагы өлкөлөрүндөгү дипломатиялык миссияларынын колдоосунда ишке ашырып келет. Оштогу иш чарага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери мырза катышты. Ал өз сөзүндө экономикадагы эң чоң потенциал кыргыз элинин жаратмандыгында, билиминде жана тапкычтыгында экенин белгиледи.
«Бүгүнкү күндө ачылып жаткан алтын кендери жер астында эмес, эл ичинде – сиздердин идеяларыңыздар, талантыңыздар, энергияңыздар. Сиздер Кыргыз Республикасынын келечектеги экономикасын негиздеп, аны дүйнөлүк рынок менен байланыштырып жатасыздар. Америка Кошмо Штаттары бул өсүштү колдоого жардам бере ала турган эң жакшы жолдордун бири – Go Viral сыяктуу демилгелерге көмөктөшүү», – деп кошумчалады Лесли Вигери.
Тынчтыкты жана согуштуу чагылдыруу институтунун (IWPR) программалык менеджери Бегайым Аджикееванын айтымында, негизги басым туризмге, айыл чарбага жасалып, бул секторлорду экономикалык өнүгүүгө жана динамикалык жамааттарды түзүүгө колдонуу жөнүндөгү талкуулар фестивалдын өзөгүн түзөт.
«Баарыңыздарды өз байланыштарыңыздарды кеңейтип, окутуу жана кесиптик өсүү үчүн ушул мүмкүнчүлүктү колдонууга чакырам. Келгиле, актуалдуу жана шыктандырган суроолорго жооп издеп, пикирлештер менен жолугуп, коомдук жана жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издеп, катарыбызды кеңейтели», – деп чакырык таштады Аджикеева.
Жаштарды АКШда билим алуу жолдору кызыктырат
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жаштар менен «галстуксуз диалог» форматында баарлашты. Студенттерди дипломатиялык карьера куруунун сырларынан тарта АКШда бизнес ачууга чейинки түрдүү маселелер кызыктырды. Эң көп суроо Америкада билим алуунун жолдоруна байланыштуу болду. Элчи мырза алардын ар бирине жооп берүү менен гана чектелбей, жаштарга жол көрсөтө алчу ресурстар, булактар менен да бөлүшүп жатты.
Бүткүл Кыргызстанга «English апаке» катары таанымал болгон блогер Барчынай Омарбек кызы айыл жергесинде англис тилин үйрөтүүнү көздөп жатканын айтып, АКШнын элчисинен ресурстук колдоо сурады. Барчынай тилди алып жүрүүчү ыктыярчылар алыскы аймактарга келсе дейт. Ушул эле маселеге дагы бир катышуучу кайрылып, АКШ элчилиги Ош аймагы үчүн кандай долбоорлорду пландап жатканына кызыкты.
Лесли Вигеринин айтымында, Ош шаарында англис тилин окуткан мугалимдерге жакын арада методикалык колдоо көрсөтүлөт. Тил үйрөтүү гана эмес, түрдүү багытта келген ыктыярчыларды алыскы аймактарга жиберүү назарда болорун кошумчалады элчи мырза.
Тоскоолдук сырткы чөйрөдө эмес, адамдын башында
Атайын конок Аиша Боу менен маек фестивалдын топ жарган бөлүгү болуп калды. Аиша Боу – АКШнын Улуттук аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө агенттигинин (NASA) мурдагы ракета илимпозу, IT-жаатындагы ишкер, мотивациялык спикер жана келечектеги космонавт. Ал быйыл тийиштүү машыгуулардан өтүп, 2024-жылы космоско учууга белсенип жатат. Аиша Боу катышуучуларды, айрыкча кыздарды бизнес баштоого, STEM багытында билим алууга шыктандырып, тажрыйбалары менен бөлүштү. Ошондой эле бизнес алып баруудагы социалдык тармактардын, андагы тренддердин, контенттин ролуна токтолду. Санариптик маркетингдин эбегейсиз чоң мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу керектигин белгиледи.
«Менин айланамда NASA`да иштеген тааныштарым же туугандарым болгон эмес. Ушул тармакка келем деп өзүм чечкем. Мен өзүмө ишенгем. Башында баары мага коркунучтуу сезилген. Кимден, эмнени үйрөнөм деп коркком. Бирок, баары бир жакшы окусам, баарын туура үйрөнсөм мени жакшы жашоо, жаркын келечек күтүп турат деп кыялдандым. Сиз дагы максатыңызга жетем десеңиз, колуңуздан келген жана келбеген ыкмалардын баарын колдонуп көрүңүз», – деди ал.
Аиша Боу он жыл мурун IT-тармагындагы бизнесин түптөгөн. Ишкердикке таптакыр тажрыйбасыз аралашып, алгачкы ийгиликтер төртүнчү жыл дегенде гана жаралды, бүгүнкү күнгө келип жүздөн ашык филиалдарын ачканга жетишти.
«Эч нерсе оңой ишке ашпайт. Анализ жүргүзүп, иш баштасаңыз, 5 жылда жемишин көрөсүз. Биз бири-бирибизге ийгиликтерди айтып, бири-бирибизден бир нерсе үйрөнүшүбүз керек. Эң башкы тоскоолдук – бул сиздин өзүңүздүн башыңыздагы ой. Колумдан келбей калат десеңиз, келбей калат, ишкер позитивдүү ойлонушу керек. Ката кетирүүгө жол бериңиз. Тааныш арттырыңыз, алардын кызматтары керек болуп калышы мүмкүн», – деген кеңештери менен бөлүштү спикер.
Аиша Боу космосту багындыргандан кийин Кыргызстанга келүүнү убадалап, фестивалдын катышуучуларына жаңы шык-дем менен кайтып келем деп сөз берди.
Бизнести көчүрүүдөн коркпогула
Бизнесте идеяны уурдоо – кадыресе көрүнүш, ошол эле маалда креативдүүлүктү жана чыгармачылыкты көчүрүү мүмкүн эмес. Ишкердикке арналган панелдик талкуунун негизги тыянагы ушундай болду. KIYIZGROUP негиздөөчүсү Сардор Салимов, сүрөтчү, режиссер жана Metr Group, Merri Garden Qaarman компанияларынын негиздөөчүсү Тумар Ибраимов, соода, консалтинг жана логистика жаатындагы ишкер Жазгүл Жунусбаева жана Фергана өрөөнүндө стартаптарды өнүктүрүү менен алектенген Бахрам Рахманкулов катышты.
Сардор Салимов Кыргызстанда заманбап ишкерлер көп болушу керек деп эсептейт.
«Заманбап дегенде мыкты идея жараткан, ишти өзү баштап, жолго салган адамды элестетсек болот. Ал эми идея уурдоо, көчүрүү бизнес практикада норма деп эсептелет. Дүйнөдө баары көчүрөт. Мисалы, дүйнө өзгөрөт, чемпиондор өзгөрөт дегендей. Спортту, футболду ала турган болсок, тарыхта кимдер гана чемпион болгон жок. Бизнесте да дал ошондой. Болгону чемпиондукка кадам гана ташташ керек. Өзгөчөлөнүш үчүн креативдүүлүктү, амбицияны ала жүрүш зарыл», – дейт ал.
Жазгүл Жунусбаева да «бизнесте боштук калган жок, баарын ээлеп бүтүштү» деп ишкерликке кадам таштоодон кармануу жарабай турганын белгиледи.
«Мисалы, айылда эл аралык уюмдарга долбоор жаза турган 4 аялдын идеясы окшош болуп калды, алардын баары тоок чарбасын түптөйм дешти. Ошол төртөө биригип, долбоор жазса болот. Себеби ар кимиси ар кандай ойлонот, ар биринин ыкмасы ар түрдүү болушу мүмкүн. Ар бири өзүнүн артыкчылыгын кошуп жазса болот. Бизнес идеялары канчалык окшош болсо да, анын бир өзгөчөлүгү, артыкчылыгы болот», – деп ой бөлүштү Жунусбаева.
By Alay компаниясынын негиздөөчүсү Нурипа Файзиеванын сессиясы да панелдик талкуудагы негизги тезистерге үндөш болду. Анын айтымында, Кыргызстанда этнобуюмдарды жасагандар абдан көп, ошолордун арасынан алар брендди түзүү менен суурулуп чыга алышкан.
»Кантип башкалардан айырмалансак болот деп, акыры брендди иштеп чыктык. Септерди жана башка буюмдарды жасаганда өзүбүздүн этикеткабызды жармаштырабыз. Элди тартыш үчүн, мисалы, фестиваль, иш-чараларда колдо жасалган буюмдар салынган баштыкчаларды белекке беребиз. Эл аралык жарманкелерге чыгабыз. Апалардын мээрими менен жасалган эмгектер дүйнөгө таанылышын каалайм», – дейт Мидинова.
Жасалма интеллект жашообузду жеңилдетеби же наныбызды тартып алабы?
Бүткүл дүйнө баш катырып жаткан бул суроо ар бир сессияда берилип жатты. Дата-журналист Алтынай Мамбетова жумуштун натыйжасын көтөрүш үчүн жасалма интеллектти кантип колдонсо болот деген темада презентация жасады. Анын айтымында, жашоонун бардык чөйрөлөрүндө адамдар жасалма интелектти өз пайдасына колдоно алат.
«Мисалы, үндөр. Алиса, Siri – булардын баары жасалма интеллект. Сүрөттөрдү жасаган түрдүү программалар бар. Жасалма интеллект бир эле учурда көптөгөн маалыматтарды иштеп чыга алат. Жасалма интеллектти эки лагерге бөлүп карагандар бар. Биринчи топтогулар жасалма интеллектти адамдарды ишсиз калтырып жаткан коркунуч катары эсептешет. Экинчилер, тескерисинче, аны активдүү колдонуп, жомоктогудай нерселерди жарататат. Мен экинчи топтогуларга кошулам. Туура колдонгонду үйрөнсөк, ал тескерисинче жашообузду жеңилдетет», – деди Мамбетова.
Журналист кошумчалагандай, адамдар жасалма интеллект менен туура сүйлөшкөндү, ага суроо-талапты туура бергенди билиши шарт.
IT академиясынын Оштогу филиалынын башкы менеджери Абдулкадыр Муса уулу болсо жасалма интеллект IT-адистерин ишсиз калтырат деген кептин кайсы бир деңгээлде чындыгы бар экенин танбайт. Бирок ушул шылтоо менен бул тармакка аралашпай койгонго болбой турганын айтты. Технология турмушубузга канчалык терең кирген менен, ошонун баарын адам башкарат, адам мээсин, адам эмгегин жүз пайыз алмаштыруу мүмкүн эмес.
Академиянын өкүлдөрү Эдзен Ойчиев менен Кайрат Курбаналиев IT-дүйнөсүнө оңой кирүүнүн жолдору, Backend иштеп чыгуунун, HTML,CSS, JavaScript`негиздери боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү. Аудиторияны бул кесипти өздөштүрүүдөгү тилдик тоскоолдуктар, «ЖОЖго барайынбы же курста эле окусамбы» деген классикалык маселе, жасалма интеллект IT-адистерине канчалык деңгээлде атаандаштык жаратат деген суроолор кызыктырды.
Эдзен Ойчиевдин айтымында, бүгүнкүдөй аянтчалар сапаттуу маалыматтарды жана сапаттуу окутуу борборлорун иргеп алууга, ошондой эле байланыш арттырууга мүмкүнчүлүк берет.
«Азыр «IT жаатында 3 ай окуп, миң доллар кирешеге чык» деген инфоцыгандык сунуштар көп. Бул караандай калп. Өздөштүрүп, тажрыйба топтоп, жогоруда айтылгандай маяналуу жумушка орношуу үчүн бери дегенде 2-3 жыл убакыт керек болот. Дагы бир маанилүү жагдай – аларга ишенген жаштар кесиптик жактан такшалбай туруп, чет жактагы жумуш берүүчүлөргө кайрылышат да, өз деңгээли аркылуу жалпы эле кыргызстандык IT-адистердин беделин түшүрүп жатышат», – деген ою менен бөлүштү Ойчиев.
Спикерлер көпчүлүктүн IT чөйрөгө байланыштуу стереотиптерин да төгүндөдү. Эдзен Ойчиевдин айтымында, IT-адистер компьютерге эле үңүлүп отура берчү кишилер эмес. Алар үчүн да жумшак көндүмдөр, байланыштарды түзүү, нетворкинг абдан маанилүү. «Бардык нерсе байланышка барып такалат», – дейт ал.
Кайрат Курманалиев болсо бул тармакта көпчүлүк ойлогондой математиканы мыкты билиш негизги шарт эмес экенин белгиледи.
«Бизде математика эмес, чыгармачылык, элестетүү, фантазия маанилүү. Ушул жердеги он киши бир эле маселени чечүү боюнча код жазса, он башка жазат. Демек, чыгармачылык талап кылынат», – дейт ал.
Салттуудан санарипке: Көркөм чеберчилик кантип өзгөрдү?
Санариптешүү салттуу искусствого да жаңы чакырыктарды, мүмкүнчүлүктөрдү алып келди. Сүрөтчү Татяна Зеленская ушул маселеде ой бөлүшүп, искусство кантип санарипке өтүп жатканын өз тажрыйбасында түшүндүрүп берди. Спикер искусствонун өнүгүү тарыхынан баштап, азыр популярдуу болуп жаткан нейрондук тармактарга чейинки жолдогу урунттуу учурларга токтолду.
Зеленская катышуучулардын «чыгармачыл адамдардын ордун жасалма интеллект алмаштырат» деген тынчсыздануусун жокко чыгарды.
«Мен чыгармачылыкка, искусствого кызыккандыктан, Татьянанын тренингин тандагам. Өзүм да UX/UI дизайнеримин. Анын лекциялары абдан мазмундуу болду. Жасалма интеллектти өз ишинде кандайча пайдаланганын көрсөтүп берди. Ошондой эле, алар биздин ордубузду басып, алмаштырат деп коркпош керектиги тууралуу мисалдарга токтолду. Чыгармачылык, ошондой эле акыркы он жылдыктагы искусствону санариптештирүү боюнча көз карашы менен бөлүштү. Мага анын AI жардамы менен жараткан иллюстрациялар жыйнагын көрсөткөн бөлүгү жакты», – деди катышуучулардын бири Айдай Данияр кызы.
Ош шаарындагы Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Бактыгүл Мидинова глобалдашуу, технология ыкчам өнүгүп жаткан доордо музейлер тармагына жаңы каалга ачылып жатканына токтолду. Бул – локалдык, жергиликтүү тарыхка болгон чоң кызыгуу.
«Жер-жерлерде чакан музейлер ачылып, ал жерде бардык экспонаттардын тарых-таржымалы да жеткиликтүү болушу шарт. Мындай жергиликтүү, чакан музейлерге зор кызыгууну биз Сары-Моголдо ачкан этно-музейдин мисалында көрдүк. Ушул жакка көңүл буруш керек. Заман миң санариптешип, цивилизацияланып кетсе да, нукуралуулук, иденттүүлүк бааланат», – деди ал.
Шыктандыруучу маалыматтарга жана жаңы таанышууларга толгон биринчи күн жагымдуу нотада жыйынтыкталды. Катышуучулар үчүн ырчы Тамга баштаган өнөрпоздор өз таланттарын тартуулашты. Эртең жаратман жаштарды фестивалдын экинчи күнү – жаңы спикерлер, жаңы таанышуулар күтүп жатат.