Орусия Украинага кол салгандан кийин Кытай үчүн түндүк соода жолу жабылып калганда Борбор Азия Пекин үчүн көбүрөөк жагымдуу болуп калды. Улам жогорулап бараткан таасир боштугун Кытай толтурат деп эсептейт Center for Security Studies (CSS) аналитика борборунун глобалдык коопсуздук боюнча жетекчиси Брайан Карлсон.
Брайан Карлсон —орус-кытай мамилелери жана тышкы саясат боюнча таанымал эксперт, Джон Хопкинс университетинин Center for Security Studies (CSS) эл аралык мамилелер боюнча докторлук даражанын ээси. Анын изилдөөлөрүндө кытайлык жана орусиялык булактарга өзгөчө көңүл бөлүнгөндүктөн, айрыкча алгылыктуу болуп саналат. CSSке келгенге чейин Карлсон эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча Трансатлантикалык постдок (TAPIR) CSS, SWP (Берлиндеги эл аралык иштер жана коопсуздук маселелери боюнча институт) жана Вашингтондо RAND стипендиаты болгон. Анын докторлук диссертациясы постсоветтик учурдагы Кытай менен Орусиянын мамилесине арналган жана бул тармактагы изилдөөсүн дагы улантып жатат.
-Кытайдын Борбор Азия менен мамилесинде Орусиянын Украинага кол салуусунан кийинки бир жылда кандайдыр өзгөрүүлөрдү көрө алдыңызбы?
-Бул суроо Сиандагы Кытай-Борбор-Азия саммитинен кийин көбүрөөк түшүнүктүү болот. (Интервью Сиань саммитине чейин алынган-ред). Анын жыйынтыктарын көрөбүз. Тажик окумуштуулары жаңы демилгелердин жарыяланышын күтүп жатышканын билем. Си Цзиньпиндин Москвага сапарында, ал жана Путин, балким ушул маселени талкуулады болушу керек деп уктум, алардын ортосунда Кытайдын регион боюнча жаңы мамилеси макулдук тапкан болушу мүмкүн, Россия маселени түшүнгөнүн {Кытай таасиринин өсүшүн} билдиргени ал азыр алагды болуп, Кытайдын колдоосуна муктаж. Негизинен биз Кытайдын Борбор Азияда активдүүлүгү күч алып турган мезгилге туш болуп жатабыз деп ойлойм. Бул Россияга жакпашы мүмкүн, бирок фактыны кабыл алууга мажбур болот.
-Сиздин оюңузча Кытай-Борбор Азия саммитинде кандай демилгелер көтөрүлүшү мүмкүн?
-Менин оюмча, алар инфраструктурага негизги көңүл бурууну улантат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору мурда эле сунуш кылынган. Өткөн жылдын сентябрь айында бул долбоордун ишке ашырылышы улантылары айтылган, долбоор улантылат болушу керек. Ошондой эле Кытай-Борбор Азия газ түтүгүнүн Д тилкеси бар, ал Түркмөнстандан Тажикстан аркылуу Кытайга кетет. Кытай Тажикстандагы жол курулушуна чоң каражат салат деп ойлойм. Ошондой эле Кытайда инфраструктуралык долбоорлор боюнча кандайдыр жаңы идеялар болушу мүмкүн. Аны көрө жатарбыз. Кытай региондо Россиянын таасири жоюлуп бара жатканын да сезет болушу керек, Россия региондогу коопсуздуктун кепили да боло албай калууда.
Кытай менен Россия Борбор Азияда таасир чөйрөсүн бөлүшүп жатат деген да пикир бар. Андай пикир боюнча, Россия коопсуздукту камсыз кылууда башкы ролду ойнойт, ал эми Кытай экономикалык өнүгүүнү шарттайт деген. Бирок Россия ал ролду толук аткара албасына Кытайдын көзү жетет жана коопсуздук маселесинде өз функцияларынын кеңейүү жолдорун караштырат. Бул жаатта Кытай Тажикстанда активдүү иштеп жатат. Ал ошондой эле Кыргызстан, Пакистан жана өзүнүн батыш чек арасында башка өлкөлөр менен кызматташууда.
Кытай регионго улам көбүрөөк инвестиция салып жаткандан кийин, ал инвестицияларын коргогусу келет. Ошондой эле Кытай региондо эмне болуп жатканын да жакшыраак түшүнгүсү келет окшойт деп ойлойм. Ал шаштысы кетип калуудан да сак болгусу келет.
Нефть жана газ байлыктарына мүмкүнчүлүк алуу Кытай менен соода байланышын азыктандырып турат
-Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнө Кытайдын тышкы соодасынын жалпы көлөмүнүн 1%ы гана туура келет. Экономикалык көз караштан алганда, Кытай үчүн бул регион канчалык маанилүү? Же Борбор Азия Кытай үчүн Европага транспорттук коридор үчүн гана керекпи?
-Ооба, экономикалык жагынан алганда Борбор Азия салыштырмалуу Кытайга анчалык деле маанилүү эмес. Ошентсе да бул Кытай үчүн жаратылыш газынын маанилүү булагы, пайдалануудагы газдын 40%ы импорттон көз каранды. Импорттун үчтөн бири газ түтүктөрү аркылуу келет жана 3/1 дин 80% га жакыны Борбор Азия аркылуу келет.
Демек, бул Кытай үчүн газдын маанилүү булагы. Мында экономикалык жактан маанилүү болсо дагы, Кытай геостратегиялык жана геосаясат максаттарынан карайт: сиз айткандай, Кытай бул регионду Европага жана Жакынкы Чыгышка карай жол катары карайт. Кытайдын мурдагы “Бир алкак — бир жол” концепциясы негизинен балким, Казакстан аркылуу, андан кийин Россия, Украина, анан Беларусь аркылуу Европага байланышууну көздөгөн.
Украина “Бир алкак -бир жол” долбоорунун эң маанилүү борбору болгон, андан кийин 2014-жылдагы окуя болуп кетти.
Анын кесепетинен алар Беларуска көчүп кетишти, бирок 2020-жылы ал жакта фальсификацияланган шайлоо болуп, кайра Россиянын орбитасына түшүп калды. Андан кийин Россия Украинага, Беларусь аймагы аркылуу кол салды. Андыктан азыр Кытай Европага чыгыш үчүн Россия, Украина же Беларусту пайдалана албайт.
Ошондуктан Кытай үчүн Борбор Азия багыты көбүрөөк жагымдуу болууда. Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу андан ары Өзбекстан, Иран, Түркия, дагы андан ары жылууга мүмкүнчүлүк берет. Ошентип, Борбор Азия Кытай үчүн “Бир алкак — бир жол” демилгесинин алкагында улам көбүрөөк мааниге ээ болууда, бул сөзсүз эле Россиянын кызыкчылыгын эске ала бербейт. Бирок биз Кытай борборазияык транспорт коридоруна көбүрөөк көңүл бурат деп күтөбүз, ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрү мындан белгилүү бир пайда алып кала алышат, мисалы региондо же андан сырткары жакта — Европада жана Жакынкы Чыгышта байланышты жакшыртуу сыяктуу. Бирок бул Кытайдын региондогу таасиринин күчөшүнө жем таштоо коркунучун жаратат.
-Кытай талибдер режимин (Тажикстанда талибан террордук уюм деп таанылган) коркунуч катары карайбы жана ал муну кандайдыр басаңча кылуу ниетиндеби?
-Талибдер Афганистанда бийликти басып алган учурда аналитикалык көптөгөн материалдар болгон, аларда АКШнын таасиринин региондо басаңдашы Кытай үчүн чоң мүмкүнчүлүк болот деп айтылган. Россия сыяктуу эле Кытай талибдер бийликке келгенге чейин көп жылдары өз ара аракеттенишип келген. 2019-жылы талибдер делегациясы Кытайга барган.
Ошентип, бери дегенде 2019-жылдан бери талибдер менен тыгыз байланышып келген, талибдер бийликке келсе эмне болот дегенди талкуулоого алардын бир нече жылы болгон. Андан кийин талибдер бийликке келгенден кийин Кытайдын аймактык бүтүндүгү үчүн билдирүү жасашкан: Синьзцян Кытайдын бир бөлүгү жана талибдер Афганистандан кандайдыр бир терс таасирди Синьцзянга жайылтпайт дешкен. Кытай өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн Талибан менен жеткиликтүү жакшы мамиле түзүлгөн деп ишенгилери келген. Облустагы алардын кызыкчылыгы Кытайдын батыш чек арасынын коопсуздугу, Синьцзяндын коопсуздугу жана сепаратизм, терроризм, экстремизм жайылтылбайт деген ишеним. Ушул мааниден алганда алар чек ара постторун бекемдөөдө Тажикстан менен тыгыз кызматташат, Тажикстанда Кытайдын куралдуу полициясынын базасы бар.
Башка дагы фактор бар. Бул Кытай көп жылдары Кабулга жакын жердеги калай кен байлыгына кызыгып келген. Бирок коопсуздук маселесине байланыштуу алар кен байлыкты казууну баштай алышкан эмес. Афганистанда ошондой эле сейрек кездешүүчү минералдардын эбегейсиз запасы бар. Кытай аны пайдалана алары, ал тургай Афганистан аркылуу коридор салуу үчүн “Бир алкак — бир жол” демилгесин колдоно алары тууралуу сунуш келтирилген.
Бирок бул экономикалык максаттардын баарын Кытайдын ишке ашырышы кыйынга турат. Алар Афганистандагы коопсуздукка дагы эле кооптонууда. Ал тургай Талибан да өлкөнү толук көзөмөлгө алган жок. Өлкөнүн түндүгүндө ИГИЛ (Тажикстанда террордук уюм деп таанылган) филиалы аракетте, азыркы учурда жана келечекте Кытай Афганистанга ири инвестиция жумшоону анчалык деле каалабашы мүмкүн. Бирок анда минималдык максатты аткаруу мүмкүнчүлүгү бар — коопсуздук жана стабилдүүлүктөн ажыроо Афганистандан Кытайга агылып келбесине ишенүү сыяктуу.
-Бул балким, заговор теориясы сыяктуу болушу мүмкүн. Бирок кытай саясатчылары Афганистандагы бийлик алмашуу процессине тартылган да?
-Адатта Кытай бүткүл дүйнөдө көрсөткөндөй, азыркы учурда кимдер бийликте турса, ошолор менен кызматташат. Алар азыркы оңчул режим менен иштешүүгө даяр жана ким башкарыш керек деген маселеге анча деле артыкчылык бере беришпейт. Албетте, Талибан 2019-жылы бийликте болгон эмес, бирок Кытай коркунучтуу жышаанды көрө билишкен болушу ыктымал, Талибан ошол кезде эле өлкөнүн бир топ бөлүгүн көзөмөлдөчү. Ошондо эле АКШнын кетиши менен Талибан өлкөнүн көп бөлүгүн көзөмөлдөө ыктымалдыгы бар деп баамдаган болушу мүмкүн.
Россия да ошондой эсеп кылган. Кытай ошондой эле өз ставкасын коюп, талибдер менен иштөөгө даяр болгон, ошондо талибдер аларга жардам берээрине, жок дегенде алардын кызыкчылыгына активдүү зыян келтирбейт дешкен. Бул Кытайдын башка өлкөлөргө прагматикалык мамилесине да төп келет.
-Кытайдын Борбор Азияда бийлик алмашуу тууралуу позициясы кандай? Борбор Азия элитасы көпчүлүк учурда бийлик алмашууга кубаттоону Москвадан алышчу эле. Пекин талапкерлерди бекитүүдө талап коебу?
-Ооба, Россия ошондой мамиле жасайт. Бирок кытайлыктар да режимди алмаштырууга же алардын кызыкчылыгына туура келген кимдир-бирөө бийликке келишине аракет жасары тууралуу эч кандай маалымат жок. Мен эч ьир далил көргөн жокмун. Бир гана Тайван маселеси бар. Бирок бул башка учур.
Алыскы аймактардын артыкчылыктары
-Кытай региондун элитасы жана элдери менен кандай өз ара аракеттенишүүгө барууну көздөйт же алар эмнени сунуштай алышат? -Эгер дүйнө өлкөлөрүн карап көрсөк, Кытай кайсы бир өлкөгө келгенде, анын элитасы өзгөчө артыкчылыктарга ээ болгон учурларды табууга болот. Эгер Тынч океандын түштүк жээгиндеги кичинекей аралча мамлекетине келсе, алар өз долбоорун президент жана анын үй-бүлөсү мындан пайда тапкыдай нукта ишке ашырат. Муну чабал мамлекетте жасаса болот. Бул Борбор Азияда кандай деңгээлде жасаларына ишене албайм. Мен бул маселени ийне-жибине чейин изилдеп көрүшүм керек, бирок жалпысынан Кытайда “tianxia” деп аталган тарыхый идея бар, “баары жараткандын колунда” деген. Император бийлиги учурунда ал перифериялык, алыскы райондорду түздөн-түз башкарчу эмес, бирок алыскы райондор аны урматташын каалаган, кээ бир учурда алыскы райондор императорго төлөм берген же жок дегенде ал жогорку башкаруучу экенин моюндаган.
Бул үчүн перифериядагы элдер өз иштерин өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алган, бирок эки тараптуу алмашуу жүргөн, алыскы райондор императорду урматташкан, ал эми император болсо, аларга жардам берип, лоялдуулукту сактап, өз бийлигинин арааны жүрүп турушуна кепилдик алган.
Ушуга окшош эле нерселер азыр да Кытайда болуп жатат: алар ошол өлкөлөргө айрым пайда алып келе турган долбоорлорду перифериялык райондордо жүргүзүүдө. Алар инфраструктура куруп жана экономикалык өнүгүүнү шарттап, балким ушул жердеги адамдардын турмушун жакшыртат. Максат, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн, Борбор Азиянын гана эмес, Глобалдык Түштүк, Африка, Латын Америкасында жана Азиянын башка бөлүктөрүндө да, лоялдуулукка ээ болуу керек. Россия алагды болуп жаткан шартта тенденция алардын пайдасына чечилип жатат окшойт,
-Эксперттер Борбор Азияны Чыгыш менен Батыштын ортосундагы тең салмакты сактап турган регион катары көп айтып калышат. Борбор Азиядагы таасир үчүн Кытай менен АКШнын ортосунда атаандаштык барбы, анын үстүнө АКШ региондо анчалык деле долбоорлорду алып чыккан жок?
-Борбор Азия иштерине Америка Кошмо Штаттары терең тартылыш керектигин каалаган адамдарга саясий лидерлерди буга ишендириш дайыма кыйын болуп келген. Себеп түшүнүктүү эле: АКШ Кытай тууралуу, Азия-Тынч океан регионуна, Россияга, Европа коопсуздугуна тынчсызданып келген, ал эми Жакынкы Чыгыш проблемасы эч бир жоюлбай тургандай. Борбор Азия күн тартибинде биринчи турган эмес. Ошондой эле Борбор Азия Америка Кошмо Штаттардан абдан алыс жайгашкан.
Көптөн бери жашап келаткан идеялардын бири, Борбор Азияны Түштүк Азия менен бириктирүү, Борбор Азияга Кытай, Россия же Иран аркылуу эмес, Түштүк Азия аркылуу чыгуучу дагы канал берүү. Албетте. бул үчүн Афганистан аркылуу багыт болуш керек, ал эми ал жактагы коопсуздукту эске алсак, бул максатты ишке ашыруу мүмкүн эместей.
-Акыркы кезде Түркмөнстан, Афганистан-Пакистан-Индия газ түтүгү тууралуу дискуссия болуп жатат же темир жолу тууралуу, Өзбекстандын президенти чындыгында эле темир жол куруу сунушун турмушка ашырдыбы?
-Өзбекстан Мазари-Шариф аркылуу темир жол менен байланышкан. Ошол Мазари-Шарифтен башталган темир жол түйүнүн Кабулга чейин кеңейтип, аны Пакистандын темир жол системасы менен бириктирүү сунушталып жатат, андан кийин Борбор Азия товарларын Пакистан жана суу порттору аркылуу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок кайра эле Афганистандагы туруксуздукту эске алганда, Эл аралык валюта фонду бул темир жолго ири инвестициядан баш тартууну сунуштаган. Бул — Афганистандагы коопсуздуктан гана эмес, Пакистандагы проблемалардан да улам.
Теориялык жактан алганда бул АКШга Борбор Азияга Түштүк Азия менен байланыштырууга жардам берүүгө эң сонун жол болмок, анын үстүнө АКШнын Индия менен тыгыз кызматташуусун эске алганда. Бирок муну аткаруу абдан татаал.
Кошмо Штаттар көптөн бери эле Борбор Азиядагы энергетикалык сектордун ири инвестору болуп саналат жана азыркы учурда дагы ошондой. Азыр Борбор Азияга Каспий деңизи аркылуу батышка нефть жана газ экспорттоого жардам берүү маселеси талкууланып жатат, себеби сиздер билгендей, Европа Россиядан газ сатып алууну токтотту жана энергия алуунун альтернативдүү булактарына кызыгууда. Транскаспий өткөрмө түтүгү Баку менен жана нефть-газ түтүктөрү менен бириктирилиши керек. Кытай дагы Баку менен бириктирилишин каалайт, ошондуктан газ Чыгышка барабы же Батышкабы деген атаандаштык болуп калышы ыктымал. Андыктан АКШнын региондогу стратегиясын аныктап берүү, жалпысынан кыйын. Эң жакшы вариант жарандык коом аркылуу өз ара аракеттенишүү мыкты вариант болмок.
Мен жакында Казакстанда болгонумда, эксперттерден “АКШ силерге эмне кылып бере алат” деп сурап калдым. Сөз геосаясат жана Россия, Кытай менен атаандаштык тууралуу болот деп болжолдогом. Бирок эксперттердин баары “Үчүнчү өлкөлөрдү тынч койгула, бизди Кытай менен атаандаштыкка тартпагыла”, “биз менен эки тараптуу иш-аракет жасагыла” жана «бизге билим берүү тармагында жардам бергиле”, “виза алууну жөнөкөйлөштүргүлө”, “таза энергия алууда жардам бергиле” деп жооп беришти. Бул эң келечектүү сунуш болуш керек, бирок Кытай менен атаандашуу кыйын болот.
Мен региондо жашаганымда, “оптимисттер англис тилин үйрөнөт, пессимисттер кытай тилин үйрөнөт” деген сөздү угуп калдым. “Жумшак күч” жана маданият жагынан Кошмо Штаттарда Кытайга караганда артыкчылык бар. Менимче, Кошмо Штаттар Борбор Азиянын жашоочулары үчүн көбүрөөк жагымдуураак болсо керек.
Мисалы мен Кыргызстанда болгонумда, студенттер менден «Кытай Тайванга кол салса жана АКШ менен согушса эмне болот, Борбор Азияга бул кандай таасир берет» деп сурашты. Мен бул суроону мурда ойлонгон эмесмин, бирок менин жообум мындай болду “Кошмо Штаттар Борбор Азия өлкөлөрүн Кытайга каршы санкцияга кошулууга мажбурлоого аракет кылат жана газды бууп коет” дедим. Бирок андан кийин мен бул жактагы кишилер менен сүйлөшсөм, алар мындай окуя болбойт деп айтышты. Өлкөлөр нейтралитетти сактоого аракет жасашат
Борбор Азиядагы боштук тобокелчиликтери
-Түркия, Иран, балким Индия, сыяктуу башка таасирдүү оюнчулар Кытайдын Борбор Азиядагы таасиринин өсүп бара жатышына кандай карайт? Региондогу бул оюнчулардын келечегине сиз кандай карайсыз?
-Түркия, Иран тууралуу анчалык деле көп билбейм. Менин түшүнүгүмдө, көпчүлүгү Түркия региондогу таасирин кеңейтет деп ойлогон, бирок иш жүзүндө андай болгон жок. Соңку бир канча жылдар Түркиянын тышкы саясатында активдешүү болду, алсак, Украинадагы абалды жөнгө салууга ортомчу болуп берүүгө аракеттенүүдө, Түркия абдан амбициялуу, ири регионалдык держава болгусу келет, Түркия бул жакта бараандуу роль ойногусу келет деп божомолдой алабыз, бирок мен дурус жооп бериш үчүн муну анчалык жакшы билбейм.
Борбор Азия үчүн Иран жакшы географиялык ыңгай болуп бермек, бирок анын санкциялар боюнча АКШ менен проблемасы бар. Ошондой эле Түндүк-Түштүк коридор идеясы бар, анда негизинен Россия-Иран-Индия катышат.
Бирок кайрадан эле АКШнын Россия менен Иранга каршы санкциясынан улам кыйын болуп калган, ошондуктан АКШ Индиянын бул долбоордо анда өтө активдүү катышуусун каалабай калышы мүмкүн. Индияны алсак, Афганистандагы проблемадан улам Борбор Азияны Индия жана Түштүк Азия менен бириктирүүдө кыйынчылыктар бар. Түркия. Иран, Индия — бул өлкөлөрдүн баарынын региондо роль ойноого мүмкүнчүлүгү бар., бирок башкаларга караганда Кытайдын жайгашуусу жакшы, кошуна.
-Сиз кандай ойлойсуз, эгер Россия аскер операциясында жеңилип калса, региондо кандайдыр өзгөрүүлөр болобу?
-Бирок мен бул регионго чоң таасирин тийгизет деп ойлойм жана Россиянын Борбор Азияга таасири солгундап бара жатканын көрүп турабыз. Копсуздуктун башкы сактоочусу ролунда чын эле Россия алапайын таппай калды жана бул жакта коопсуздукту камсыздоочу ролун чын эле аткара алабы деген суроо турат. Өткөн жылдын сентябрь айында Тажикстан менен Кыргызстан кагылышканда көпчүлүгү Россия эмнеге кийлигишкен жок жана согуш аракеттерин токтоткон жок деп сурашты.
Эгер Россия толук утулуп кала турган болсо, анда көйгөй андан бетер күч алып, Россия региондон биротоло кетип, Кытайга көзөмөлдү алууга мүмкүнчүлүк берип коймок. Эми бул эгер Россия толук утулуп кала турган болсо, куралдуу күчтөрү таптакыр талкаланып калса, аларды кайра толуктоого көп жылдар керек болмок. Мындай шартта Россия региондо ЖККУну натыйжалуу жетектеп кете алмак эмес.
Билбейм, абал ошого чейин жетеби, балким Россия Украина менен абалда өздөрү каалагандай салыштырмалуу дурус абалда болсо, катаал жагдайды кыйгап өтүп кетет. Эгер олуттуу утулушка кептелсе, анда Россиянын региондогу таасирине катуу сокку урулат, балким вакуум, боштук абалы түзүлөт.
Чынында Талибан өлкөнүн бардык жагын көзөмөлдөп турган жок. Түндүктө Талибдер режимине баш ийбеген ИГИЛ менен байланышкан топ бар. Менимче, терроризм, сепаратизм, экстремизм менен байланышкан жана бул сыяктуу күчтөр Афганистандын аймагынан чыгып кетет деген кооптонуулар бар. Талибан аны көзөмөлдөөгө алы келбей калат. Менин көз карашымда, Талибан азыр бүткүл Афганистан боюнча эле көзөмөл үчүн күрөшүп жатат. Ошондуктан алардын көзөмөлү өлкөнүн эле ичинде, алардын Афганистандан сырткары таасиринин планы тууралуу билбейт экенмин.
2021-жылдын август айында, Талибан бийликти алгандан кийин, Россия бул жакта, Тажикстанда, чек арадан алыс эмес аймакта ЖККУнун алкагында аскер окууларын өткөрдү. Афганистандан келген кандай туруксуздук болбосун, Россия Борбор Азияны коргой турганын көрсөткүсү келди. Бул Россия үчүн маанилүү, себеби ал терроризм менен туруксуздук адегенде Борбор Азияга өтүп кетишин, балким андан ары Россияга өтүп кетишин каалабайт. Ошол эле учурда Кытай өтө чоң контртеррордук компоненти бар ички аскердик окууларга катышууга Россияны да чакырды. Ошондуктан эгер Борбор Азияда абал чын эле көзөмөлдөн чыгып кете турган болсо. Кытай менен Россия биргелешкен аскердик кийлигишүүсүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карайт деген дискуссия орун алган.