© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Ошто Go Viral аймактык фестивалы жыйынтыкталды 

Аралыктан иштөө, бизнестеги инновациялар, психология, кыргыз тилиндеги контент, билим берүү жана брендди өнүктүрүү үчүн социалдык тармактарды колдонуу. Фестивалдын экинчи күнүндө ушул жана башка темалар белгилүү спикерлердин катышуусунда талкууланды.


Ош шаарынын 500гө жакын жаратман жаштары, медиа, бизнес, маданият жана технология жаатындагы эксперттер панелдик талкууларга, воркшопторго, мастер-класстарга катышышты.

Go Viral фестивалы алгач жолу 2017-жылы Алматы шаарында өткөн. Беш жыл аралыгында ал Борбор Азиянын беш өлкөсүндөгү медиа, бизнес, маданият жана технология жаатындагы адистердин башын бириктирген чоң аянтчага жана жамаатка айланган. Долбоорду 2021-жылдан бери Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу институту АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү дипломатиялык миссияларынын колдоосунда ишке ашырып келет. 

Экинчи күндү фестивалдын өнөктөшү – Youth of Osh жаштар уюмунун башчысы Акмарал Сатинбаева ачып берди. Ал мындай иш чаралар шаарды кызыктуу контентке толтуруп, жаштарды өлкө аймагында кармап калууга салым кошоруна ишенет. 

«Жаштар кесипке багыт ала алышат, алар жаңы тармактар, жаңы кесиптер тууралуу маалыматтарга ээ болушат. Ошондой эле фестиваль жаңы адамдар менен таанышууга мүмкүндүк берген нетворк аянтчасы болуп калды. Ал жаңы долбоорлордун, бизнес идеялардын жаралышына түрткү берет. Ийгиликке жеткен инсандардын тажрыйбасын угуп, жаштар шыктанышат. Бир-эки күндүк болгону менен, фестивалдардын пайдасы эбегейсиз», – деди Сатинбаева. 

Инновация менен контент бизнесте маанилүү

Мырзабек Орумбаев жетектеген «Тойбосс» компаниясы Кыргызстандагы эле эмес, Борбор Азиядагы бирден-бир заманбап санариптик ишканага айлана алды. Алар программалык камсыздоо жагынан европалык деңгээлге чыккан. Спикер бизнестеги инновациялык чечимдер өнүгүүгө эле түрткү бербей, ишкананын негизги баалуулугун карманууга шарт түзөрүн белгиледи. Бул – ачык-айкындуулук. 

Орумбаевге катышуучулардан түрдүү багыттагы суроолор арбын болду. Алар бизнестин сырларына, ишкерге керектүү көндүмдөргө, заводдун басып өткөн жолуна кызыгышты, жаратман инсандан кеп-кеңештерди сурашты. 

«Убакытты туура колдонгула. Мисалы, азыр университетте окуп жатсаңыз,башка нерсеге алаксыбай, жакшы билим алыңыз. Артка саресеп салып, убакытты текке кетирип койгонума өкүнөм. Көбүрөөк убакытты билимге, кызыккан нерсеге кетириш керек. Азыр бардык жерде бирдей билим алууга мүмкүнчүлүк бар», – деди Орумбаев. 

Аудитория ийгиликтүү ишкерден кандай адабияттарды окуй турганын сурады.

«Атайын китептерди окуган деле эмесмин. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп чоңойдум. Бизнес жаатындагы семинарларга да барган эмесмин. Бизнес-план деле жок болчу. Балким, ошондой окууларга барбаганым туура болгондур деп ойлойм. Анткени тобокелдиктерди, тоскоолдуктарды угуп, ишти баштабай коймокмун», – деди спикер. 

Дагы бир ишкер Сыныш Кекеевдин сессиясы да катышуучулардын чоң кызыгуусу, көптөгөн суроолору менен коштолду. Сыныш Кекеев – шеф-повар, блогер, Kekeev BBQ&Grill ресторанынын негиздөөчүсү. Ал да тажрыйбасы менен бөлүшүп, ресторан бизнесин өнүктүрүүдөгү социалдык тармактардын, контенттин ордуна кенен токтолду. 

Сыныш – айылда кой кайтарып чоңойгон, чет жакта миграциялык турмушту баштан өткөргөн катардагы жигит. Ашпозчулук тармагында да билим алган эмес. Бирок тажрыйба жана тобокелдик менен, ошондой эле социалдык тармактардын жардамы менен топ жарган бизнести түптөй алды. Анын айтымында, бир ишти баштоого сырттан шык-дем, кеп-кеңеш издей берүү жыйынтык алып келбейт, кыймыл-аракет, билим гана жаңы каалгаларды ачат. Умтулган кишиге санарип дүйнөдөгү мүмкүнчүлүктөр жардамга келет. 

«2016-жылы эле ютуб-каналымды иштетчүмүн. Мен өзүмү блогер деп деле эсептебейм. Болгону өзүм жасап жаткан продукцияны сатыш үчүн блокту колдоном. Комментарийде «кыргызча сүйлөбөйсүңбү» деген сөздөр айтылат. Негизги ишмердүүлүгүм Бишкекте, билесиздер, ал жакта көп улуттардын өкүлдөрү жашашат. А мен бизнесими жүргүзүшүм керек. Ошондуктан кайсы жактан мүмкүнчүлүк болуп жатса, ошону колдоном», – деп ой бөлүштү Кекеев. 

Кыргыз тили – кең мүмкүнчүлүктөрдүн ачкычы 

Фестивалдын медиа жаатындагы бир нече сессиясы санариптик доордогу кыргыз тилинин ордуна арналды. Бүт өлкөгө English апаке катары таанылган блогер Барчынай Өмарбек кызы англис тилин үйрөнүш үчүн ортомчу тилдер керек эместигин айтып өттү. Аудиторияга негизинен Барчынайдын кесиптештери – англис тилчи мугалимдер чогулуп, алар да кыргыз тилин өнүктүрүү керектигин, кыргыз тили аркылуу башка тилдерди үйрөтүү ыкмаларын жайылтуу зарылдыгын белгилеп өтүштү. 

Келгендердин бир тобу Барчынай өңдөнүп социалдык тармактарда тил үйрөткөн блогер болууну каалашат. English апакеден алар контент жаратуу боюнча кеп-кеңештерди сурашты. Спикердин айтымында, ар бир блогердин өзүнүн өзгөчөлүгү болушу керек. Контентте колдонуучуларды комментарий жазууга түрткөн ачык суроолор, элементтер болушу шарт. Эң негизгиси ыраттуулук менен күн сайын материал чыгарып туруш керек, ошондо алгоритмдер блогердин пайдасына иштейт. Бери дегенде 15 күнгө эсептелген контент-план болгону дурус.  

Катышуучулардын бири Тынчтыкбек Бекташтегиндин айтымында, Барчынай өз мисалы менен бир нече стереотипти жокко чыгара алды. 

«Биринчиден, англис тилин орус тили аркылуу үйрөнүш керек деген колониалдык түшүнүктү. Барчынай кыргыз тили аркылуу эле англис тилин сопсонун үйрөтүп жатат. Экинчиден, Кыргызстандын түштүгүндө кыз-келиндер кесиптик жактан, жеке өнүгүү жагынан да үй-бүлөлүк, менталитеттик тоскоолдуктарга бет келет. Спикер ошолорду талкалап, ар бир адам мүмкүнчүлүктөрдү издесе болорун көрсөттү. Үчүнчүдөн, Тик-Ток деле пайдалуу, билим берүүчү аянтча боло аларын далилдеди», – деп ой бөлүштү ал. 

Фестивалдын дагы бир спикери Эркайым Алиева кыргыз тилинде «вирустук» контентти кантип жайылтса болот деген маселени алып чыкты. Эркайым – кыргыз тилин үйрөткөн «Сүйлө! Тартынба!» медиадолбоорунун автору. Анын айтымында, эл арасында «кыргыз тили менен алыска бара албайсың» деген туура эмес түшүнүк калыптанып калган. 

«Интернетте кыргызча контент жетишсиз. Бирок бул тилде бир нерсе даярдоо өзүнчө эле ырахат. Баарыңыздар кыргыз тилинде сапаттуу контент жасоого аракет кылыңыздар. Атактуу блогерлер аудиториясы көп болуш үчүн артыкчылыкты көбүрөөк орус тилине берет. Бирок алар кыргыз жана орус тилдерин бирдей алып кетсе дейт элем. Кыргыз тилине да артыкчылык бериш керек», – дейт Эркайым. 

Ал кошумчалагандай, кыргыз тилинде «вирустук» контентти жаратуунун атайын формуласы жок. Жеке өзү визуалдаштыруу жагынан да, мазмундук жактан да эркин, жеңил иш алып барарын, эч кимге эч нерсени таңуулабай турганын белгилеп өттү. Эркайым «Сүйлө! Тартынба!» баракчасын ачыш үчүн эки жыл коротконун айтып, идеяны ишке ашырууда негизги ресурс убакыт болорун кошумчалады. 

ManchoDevs`тун башкы менеджери Арген Дарманов да IT-дүйнөсүндөгү тил маселесине токтолду. Анын айтымында, англис же орус тилди билбегениң программист болууга тоскоолдук боло албайт. 

Спикер сөзүн билим же жумуш берүүдөгү, мамлекеттик кызматтардагы адилетсиздик жөнүндө улантып, технология мүмкүнчүлүктөрү толугу менен колдонулбай жатканын, кызмат алууда баягыдай эле убарагерчилик бар экенин айтты. Ошол маалда жаштар да тил, каржы жагынан тоскоолдуктарды гана санап отура бербей, онлайн мейкиндиктеги билим берүүчү ресурстардан пайдаланышы зарыл. 

Аралыктан иштөө: кыялдагы жумушка кол жетет 

Кайрат Куванычбеков Кыргызстанда жашап, европалык компаниялар үчүн иштейт. Ал жумушчуларды тандоо, иш берүүчүлөрдүн брендинги, долбоорлорду, анын ичинде стартаптарды башкаруу сыяктуу кенен профилде иш алып барган адис. 

Спикер аралыктан иштөөнүн артыкчылыктарына, ушундай жумушту көксөгөндөрдүн резюме даярдап жатканда көп жол койгон каталарына токтолду. 

«Резюме жазуунун да ыкмалары бар, мисалы, сиз моделдикке талапкер болбосоңуз, сүрөт коюштун кереги жок. Жеке сапаттарыңызды кошпой эле койсоңуз болот, муну сиз аларга кантип далилдеп бермек элеңиз. Ошондой эле азыр аралыктан иш табууда атаандаштык күч. Изилдөөлөргө ылайык, пандемиядан кийин жетекчилердин 74%ы өз кызматкерлери аралыктан иштесе боло турганына ынанышкан», – деди ал. 

Аралыктан иштөөнүн артыкчылыктары – айлана-чөйрөгө зыян азаят. Адамдар ушундай жумуш аларды бактылуу кыларын билдиришкен, бул да маанилүү, убакытын да үнөмдөшөт. Кемчилиги – сиз иштеп жаткан өлкө менен убакыттагы айырмачылык, коммуникациядагы кыйынчылыктар. 

Катышуучулардын басымдуусу өз мекенинде туруп, Португалия, Испания, Германия жана АКШ өңдүү өлкөлөр үчүн иштөө каалоосун билдиришти. Спикер ар бир өлкө боюнча талаптар, шарттар, мыйзамдарга токтолуп, кенен жооп берди. 

Компьютердик инженер, «Тазар» тиркемесин түзгөн Айнура Сагын Web 3.0дө карьера куруунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди. Негизги басым виртуалдык кийимдерди жаратуу менен чоң кирешеге чыккан стартаптарга жасалды. Аудиториянын бир бөлүгү үчүн санариптик  кийимдер бар экендигинин өзү чоң жаңылык болсо, экинчи бөлүгү спикер менен тең ата технологиянын тилинде сүйлөп, кызыктырган суроолорун узатып жатты. 

Фестивалдын катышуучулары «Osh Travel» туристтик бюросунун негиздөөчүсү Лада Хасанова менен чогуу Ошту туристтик шаар катары өнүктүрүү жолдорун издешти. Султан Усувалиев менен бирге тасма көрүү искусствосу, фотокабарчы Гүлиза Урустамбек кызы менен фотожурналистиканын азыркы дүйнөдөгү мааниси тууралуу баарлашышты. 

Психолог Азат Мурадиловдун интерактивдүү сессиясы мурдагы муундан айырмаланып, жаштар психологдун кызматынан пайдаланууну, ушул жаатта өзүнүн көйгөйлөрүнүн үстүндө иштешти өөн көрбөй турганын далилдеди. Адис адамдын чек арасы, өзүңдү башкаларга салыштырбоо, бирөөнүн жашоосуна уруксатсыз баш бакпоо сыяктуу маселелер боюнча ой-пикирлерин ортого салды. 

Маалыматтарга бай сессиялардан кийин жыйынтыктоочу бөлүккө кезек келди. Go viral аймактык фестивалына активдүү катышып, соцтармактарда иш чараны мыкты чагылдыргандарга белектер тапшырылды. Ырчы Айым Айылчиеванын музыкалык коштоосу менен иш чара соңуна чыкты. Эки күндө жалпы болуп 1200дон ашык адамды камтый алган фестиваль максатына жетти десе болот.

Go Viral`дын Кыргызстандагы амбассадору Назик Мамасадыкова айрыкча спикерлер орундуу тандалганын белгиледи. Алардын ар бири жаштар күткөн, шык-дем издеген кесипкөйлөр экенин көрүнүп жатты. 

«Байкаганым, аудитория бир аз уялчаак болду. Ошого карабай, алар бири-бири менен таанышып, атмосферага сүңгүп кире алганы кубантты. Уюштуруучу катары бизге кагылган коңгуроолор да болду. Көрсө, популярдуу эмес темалар да топ жарып кете алат экен. Кино тууралуу сессияда адам көп болуп, өтө жандуу өттү. Демек, биз ITнин айланасындагы темаларды гана эмес, көмүскөдө турган аспектилерди да алып чыксак болот экен», – дейт Мамасадыкова.

Go viral кербени болсо улана берет. Борборазиялык фестиваль жакынкы күндөрү чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдө да өткөрүлөт. 

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: