© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстанда климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери менен күрөшүш үчүн жасалма мөңгүлөрдү тоңдуруп жатышат

Акыркы 30-40 жылда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда аба табы жогорулап жатканы байкалууда. Бул жаан-чачындын бууланышын тездетип, кургакчылыкка алып келди. Алыскы жайыттарда жана дыйканчылык жерлерде сууну көзөмөлдөө маселесин чечүүгө жасалма мөңгүлөр жардам берип жатат.


Күмүшай Абдыкалыкова (алдыда). Сүрөт жеке архивден

Күмүшай Абдыкалыкова Жалал-Абаддын Өлөң-Булак айылында жашайт. Кыргызстандын түштүгүндөгү бул чакан айылдын тургундарын сугат суунун тартыштыгы түйшөлтчү. 

“Биз өлкөнүн түштүгүндө турабыз. Климаттык шарттардан улам бизде суу таңкыстыгы дайыма болуп келген”, – дейт ал. 

Анын айтымында, суу тартыштыгынан улам айыл эли бири-бири менен чырдашкан учурлар көп болчу. Мындай көрүнүш жылдап орун алды. Эми болсо суу баарына жетет. Себеби айылдан анча алыс эмес жерге жасалма мөңгү тоңдурулду. 

Мөңгүнү 2022-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айылдык аймагындагы алыскы Кара-Дөбө жайытында жасашкан. Бул Кыргызстандагы алгачкы жасалма мөңгү эле.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Дөбө жайытындагы жасалма мөңгү. Сүрөт: К. Абдыкалыкова

Элеттиктер курулушту өз жоопкерчилигине алышты, БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму (ФАО) техникалык жардам жана БУУнун Тынчтык куруу фонду каржылык колдоо көрсөттү. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Шекербек Камчыбек уулунун айтымында, жасалма мөңгүнү тоңдурууга 5 500 АКШ доллары бөлүнгөн. 

2023-жылы ушул эле райондун Өлөң-Булак айылынын жанындагы Көл жайытында жана Кара-Башат айылынын жака-белиндеги Көк-Сай жайытында эки жасалма мөңгү тоңдурулду. 

“Суу жоктугунан көп жылдан бери бизде чөп өспөй калган. Эми болсо чөп бардык жерге чыкты. Буга абдан кубанып жатабыз. Мал ээн-эркин оттоп калды, суу бар, чөп бар. Адамдар арасында чыр-чатактар жок. Мунун баары жасалма мөңгүнүн арты менен ишке ашты”, – дейт Күмүшай Абдыкалыкова. 

Кыргызстан – агрардык, бийик тоолуу мамлекет. Өлкө аймагынан 94 пайызын тоолор ээлейт, ошондуктан айыл чарбасын жүргүзүү өтө көп кыйынчылыктар менен коштолот. Анын ичинде ичүүчү таза суунун жана сугат суунун тартыштыгы – негизги көйгөй. Бул маселе дыйкандарды узак жылдар бою түйшүккө салып келет. 

Өлкөнүн түштүгүндө абал өтө оор. Бул жакта жайкысын жаан-чачын аз. Кышкысын кар жокко эсе. Суунун негизги булагы – тоо суулары, бирок алар жетиш кыйын болгон жерлерде орун алган. 

Мындан сырткары температуранын олку-солку болушу жаан-чачындын туруксуздугун жаратат, өтө ысык күндөрдүн көптүгү өзгөчө тоолуу жайыттарда кургакчылыкты чакырат. 

Чукул континенталдык климат шартында жайыт жерлери жайгашкан өлкөнүн бийик тоолуу райондоруна аба табынын экстремалдык түрдө өзгөрүшү мүнөздүү, тепмература +40тан -40 Цельсийге чейин жетет. Ошондой эле жаз-жай айларында жаан-чачын өтө аз. 

БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун “Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарында кызматташтык аркылуу биргеликте өнүгүү” долбоорунун улуттук менеджери Жылдыз Токтомаматованын айтымында, жасалма мөңгүлөр алыскы жайыттарда суунун балансын көзмөлдөө көйгөйүн чечип, жайыттарды сезондук ротациялоого шарт жаратат. 

“Жасалма мөңгүлөр ээриген кезде малчыларды тиричилик үчүн суу менен камсыздайт, ошондой эле малды сугарганы да мүмкүндүк берет”, – дейт ал. 

Ошентип, жасалма мөңгүлөр сууну рационалдуу бөлүштүрүүгө гана эмес, маанилиүү ресурстун айынан малчылардын ортосунда чыкчу жаңжалдарды жоюуга да жардам берет.

Жасалма мөңгү. Сүрөт: Ш. Камчыбек уулу

Жасалма мөңгүнү жаратуу технологиясы

Жасалма мөңгүлөр суу оргумасын аба табы минуска түшкөндө тоңдуруу аркылуу жасалат. Жыйынтыгында бийиктиги 30-50 метрге жеткен муз мунаралары пайда болот. Бийиктиги сууну басымынан көз каранды. Басымдын күчү канчалык жогору болсо, мөңгүнүн бийиктиги да ошончолук жогору болот. 

Жасалма мөңгүнү куруш үчүн жер алдындагы түтүктү (трассаны) рельефке карап булактан 1000ден 3000 метрге чейинки аралыкка тартуу керек. Суунун табигый агымы бийиктиги 15-20 метр болгон, вертикалдуу ортонулган түтүккө жиберилет.

Туруктуу суук күндөрү жасалма мөңгүдө акырындап муз топтоло баштайт, анын көлөмү бир нече миң кубметрге (тонна) жетиши мүмкүн. Мөңгүнүн көлөмүн суунун басымына, сугарылуучу жердин аянтына, ошондой эле малчылардын керектөөсүнө карап жөндөсө болот. 

Жазында жана жайында күн жылыганда муздуу “мунара” ээрий баштайт да, жергиликтүү тургундарды таза суу менен камсыздайт, аны ичкенге жана тиричиликке, ошондой эле малды сугарганга колдонсо болот. 

Мисалы, эгерде сууну басымы секундасына 5 литрди түзсө, анда суткасына 432 000 литр же 432 м3 суу, айына болсо 12 960 тонна же кубметр суу чогулат. 

Ашар ыкмасы

Жасалма мөңгүнү тоңдуруу – салыштырмалуу кымбат эмес процесс. Негизги чыгымдар – бул курулуш материалдарына, баарынан мурда булактан тартылган желим түтүккө кеткен акча.  

“Жасалма мөңгүнүн курулушун тургундар жер алдындагы түтүктү тартуудан башташты”, – дейт айыл өкмөттүн башчысы  Шекербек Камчыбек улуу.

Шекербек Камчыбек улуу. Сүрөт жеке архивден

Сууну жеткириш үчүн диаметри 100 мм түтүк колдонулду. Суу кыймылдаткычтын жардамында эмес, өз алдынча аккыдай кылып ишти жасашты. 55 адам бир аптада эле жерди казып, тоолуу булактан жайыт жерге түтүк тартышты. 

Шекербек Камчыбек уулунун айтымында, Кара-Дөбө айылында алгачкы жасалма мөңгүнүн пайда болушу биринчи жылы эле жакшы жыйынтыгын берди. 

“Айлана-тегереги көгөрүп, көп чөп өстү. Туризм да активдешти ,бизге көптөгөн туристтер келе башташты. Бирок эң негизгиси – суу тартыштыгы жоюлду”, – дейт ал. 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Жайыттар жана мал чарба департаментинин директору Мыктыбек Каландаровдун айтымында, Кыргызстанда жасалма мөңгүлөрдү тоңдуруу оң натыйжаны көрсөттү. 

“Биз жасалма мөңгүлөрдү тоңдурууну колдойбуз. Аларды колдонуудан ийгиликтүү жыйынтыктар болсо, келечекте  жайыт адистерин окутуу аркылуу бул тажрыйбаны бүт өлкөгө жайылтабыз”, – дейт ал. 

“Кыргыз жайыты” ассоциациясынын маалыматында, өлкөнүн ар кайсы аймагында 30 жасалма мөңгү бар. 2024-жылы долбоордун алкагында Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда дагы төрт жасалма мөңгү курулмакчы. 

Климатолог Зоя Кретованын айтымында, жасалма мөңгү сыяктуу адаптациялык чараларды азыр киргизүү болочоктогу тобокелдиктерди азайтууга көмөктөшөт. Ошондуктан муну жайыт колдонуучуларынын арасында кеңири жайылтып, туруктуу тажрыйбага айлантса болот. 

“Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу процесси өлкөлүк да, жергиликтүү да деңгээлде ишке ашышы керек. Жасалма мөңгүлөр – Кыргызстандын жайыттарындагы кургакчылык жана деградация процесстеринин күч алышына жергиликтүү ыңгайлашуунун бир мисалы”, – деп белгилейт ал.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: