© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Канткенде маалыматтык согуштун курмандыгы болбойбуз: пропаганданы аныктаганды үйрөнөлү

CABAR.asia Нидерландынын Гронинген университетинин ЖМК жана журналистиканы изилдөө борборунун доценти, доктор, эксперт Рашид Габдулхаков менен бирге пропагандачылар колдонгон негизги ыкмалар жөнүндө түшүндүрмө карточкаларын даярдады. Ошондой эле пропагандалык билдирүүлөрдү аныктоо жолдоруна да токтолдук. 


Пропаганда деген эмне?

Пропаганда — бул адамдарды кайсы бир нерсеге ынандырууга багытталган медиалык, коммуникативдик стратегия. 

Маалымат куралга айланып, согуштар салгылашуу талаасында гана эмес, маалыматтык талаада да жүргүзүлүп жаткан азыркы заманда пропаганда адамдарды ынандыруу үчүн гана колдонулбайт. Пропаганда адамдардын дүйнө таанымын, кайсы бир процесстерди же башка бир элдердин жашоо чындыгын кабыл алуусун манипуляциялоого багытталган маалыматтык стратегия экенин түшүнүү зарыл. 

Учурдун эң эле көзгө басар мисалы – Россия Федерациясы жүргүзүп жаткан пропагандалык согуш. РФ Украинадагы согуштук аракеттерин актап, “бул керек болчу, мындан качып кутула албас элек” деп адамдарды ишендирүү үчүн пропагандалык согуш жүргүзүүдө. Бул – татаал мисал, себеби “согуш” деген сөздүн өзүн колдонууга Россияда тыюу салынган, ошол эле учурда согуш даңкталып, ыйык милдет катары көрсөтүлүп жатат.

Деги бул сөз кайдан келген?

Тарыхты карасак, пропаганда – термин катары католик чиркөөсүнүн туундусу. XVII кылымда рим-католик чиркөөсү Ишенимди пропагандалоо конгрегациясын түзгөн, анын катышуучулары христиан дининин эрежелерин Европа континентинен сырткары жерлерде жайылтышы керек эле.

Пропаганда — бул жаман нерсеби?

Пропаганда аныктамасы боюнча сөзсүз эле терс нерсе эмес. Оң түшүнүк да калыптанган. Мисалы, дени сак жашоо образын пропагандалоо же жаныбарларга карата катаал мамилеге каршы пропаганда.

Кимге жана эмне үчүн керек?

Адатта пропаганда – бийликке келип, анысын кармап калуунун аракетиндеги же бийликке баруу ниетиндеги саясий партиялардын, адамдардын куралы. Ошондой эле диний лидерлер да пропаганданы өз максаттарына колдонушат. Терминдин келип чыгуу таржымалын эске алганда, бул акылга сыйчу көрүнүш. Албетте, дин менен саясат көп учурда аралашып кетет. 

Ошондой эле пропаганда аны элге жеткирүүчүлөргө да керек. Алар режимдин кызматчылары: бейформал лидерлер, артисттер, ырчылар. Башкача айтканда, берүүлөр, тасмалар, музыка аркылуу элге таанылган адамдар. Эл ишенген адамдар.

Эмне үчүн бейформал акторлор пропаганданы жайылтуучуга айланат?

Ар кимдин кызыкчылыгы ар түрдүү: кимдир бирөөгө бийлик керек, башкасы бир нерсе сатышы керек, дагы бирөө акча табышты көздөйт, а кимдир бирөө чын эле фанат катары берилип жасайт.

Пропаганда кандай саясий түзүлүштөр үчүн мүнөздүү?

Баары үчүн. Ал демократиялык, авторитардык, тоталитардык режимдеги өлкөлөрдө, ошондой эле монархияларда да бар. 

Бир айырмасы, тоталитардык жана авторитардык мамлекеттерде пропаганда бир жактуу, альтернатива жок. Буларда пропагандалык мүнөздөн сырткары маалыматтын башка булактары жок. 

Пропагандачылар кандай куралдарды жана ыкмаларды колдонушат?

Алардын саны өтө көп. Мисалы, изилдөөлөргө шилтеме берүү: “баланча изилдөөнүн жыйынтыгында көпчүлүк эл ушул нерсени (мыйзамды кабыл алууну, өкмөттүн багытын ж.б.) колдоду”. Муну окуганда адамдар “элден артта калган жокмунбу” деп ойлоно башташат. Мында биригүү элементи иштейт, мамлекет чыныгы эл, туура эл деп аныктаган адамдардын тобуна кошулуу каалоосу жаралат. 

Башка бир ыкманы “Өзүңөрдү билип алгылачы?” деп атаса болот. Мисалы, азыркы учурда мурдагы советтик мейкиндикте антиколониалдык маанай күч. А орус пропагандасы ушул маанайды куралга айлантып, өзүнөн силкип туруп, батыш өлкөлөрүнө – Улуу Британияга, Францияга же колониалдык, эксплуатациялык өтмүшү бар дагы башка мамлекеттерге багыттоодо. Ошентип, көңүл фокусу которулат. Бул стратегия ошол колониалдык оюнчулардын бир бөлүгү болгон Африка континентинде, Латын Америка өлкөлөрүндө жакшы иштейт. 

Эң кеңири жайылган ыкмалардын бири – бул дезинформация же жалган. Таң калычтуусу, конспирологиялык же акылга сыйгыс маалымат публика тарабынан чындык катары кабыл алынат. 

Бул – “НАТО чыгарган ууландыруучу канаттуулар covid-19ду таратууда” деген өңүттөгү жаңылыктар. Ошондой эле өз кол салуусун акташ үчүн орус тараптын “Украинада балдар мыкка кагылган” деген билдирүүлөрү. Мына ушундай маалыматтар акылга сыйгыс болсо да, адамдарга сиңимдүү келет. 

Аны менен бирге азыркы кезде дезинформацияны даярдоо аябай жеңил болуп калганын түшүнүү керек. Айталы, дипфейктер же дагы башка технологиялар бар. Айрым учурларда пропагандачылар одоно калптарды да таратат: мурдагы чыр-чатактардагы же видео оюндардагы сүрөттөрдү алып, азыркы согуш талаасынан деп таратышат.

“Пропаганда=жалган” деген формула дайыма эле туурабы?

Жок. Кээ бир учурларда маалыматтын анык бир негизде берилиши жетиштүү. Чындыкты толугу менен айтпай койсок эле дүйнө көрүнүшү өзгөрө түшөт. 

Жарнамадан мисал келтирейин. Картөшкө чипсылары – зыяндуу азык. Өндүрүүчү компания аны жаңы таңгакта чыгарат да, “бул чипсыларда майлар мурдагыга караганда 20%га аз” деп жазат. Балким, бул чындыр, бирок мындан чипсылар пайдалуу болуп кеткен жок да. Чипсыны өндүрүүчү үчүн пайдалуу манипулятивдик кабылдоо ушинтип куралат. 

Мындан сырткары пропагандачылар өз билдирүүлөрү ишенимдүү болуш үчүн башка ыкмаларды колдонушу мүмкүн. Айталы, батыш ЖМКларын каралоого багытталган маалыматтардын чоң агымына карабай, россиялык ресурстар көп учурда Батыштын журналисттерине шилтеме беришет, ушуну менен өз маалыматтарына чындык татымалдарын кошууга аракеттенишет.

Пропагандалык идеология эмнеге негизделет?

Мамлекеттик пропаганда көп учурда мамлекеттин өзүнө, тарыхына, кайсы бир топко таандыктыгына (биз кимбиз?) басым жасайт. Мында кол жууп калган бейиш нарративи иштейт.

Ошол эле учурда калктын “чыныгы эл эмес” деген  социологиялык катмары аныкталат. Балээнин баары алардын моюнуна “илинет”: бир эле жерди оңдосок, кол жууган бейишибизге кайтабыз. Мексика менен дубалды курсак, СССРди кайра калыбына келтирсек, Европадан качкындарды кубаласак эле болгону ж.б. 

Мындай пропагандалык идеология биз (эл) кимбиз деген идеяга негизделиши мүмкүн. Бул учурда “бул нерсе бизге жат”, “бул биздин каада-салт эмес”, “биздин үй-бүлөлөр башкача куралат” деген нарративдер кетет. 

Маалыматтын санариптик каражаттарынын, мессенджерлер менен соцтармактардын доорунда тоталдык пропаганда болушу мүмкүнбү?

Ооба, санариптик темир көшөгөнү тартып койсо болот. Бул үчүн адамдарды коркутуу жетиштүү. Адам альтернативдүү нерсени ойлонуштан, кайсы бир жаңылыкка лайк басыштан корккудай кылышат. Себеби андай аракет экстремизм катары кабылданышы ыктымал, а бул үчүн темир тор артына кетесиң. Адамдарды интернеттеги ар бир аракети үчүн куугунтуктоого жол берген мыйзамдар жазылат. 

Ошондуктан теориялык жактан адамда VPN аркылуу альтернативдүү ресурстарга чыгуу мүмкүндүгү турса да, ал алгач “аракетим үчүн катаал жазага тартылышым мүмкүн” деген коркунучун жеңиши керек. Анын үстүнө VPNди колдонуш үчүн адам техникалык жактан билимдүү болуп, альтернативдүү маалыматка жетем деген саясий/идеологиялык каалоого ээ болушу зарыл.

Пропагандалык билдирүүнү кантип аныктаса болот?

Бул абдан кыйын, себеби жакшы пропаганда адатта байкалбайт. 

Бирок пропагандага мүнөздүү бир катар белгилер бар. Алар – ашыкча эмоционалдуулук, кайталоо, экинчи пикирдин жоктугу, берилип жаткан маалыматтын басымынын өзгөрүлгүстүгү. Негизги пропагандачылардын бир нечеси дайыма назарда болот, окшош маалыматтын үзгүлтүксүз агымы токтобойт – пропаганда дем алдыра койбойт, пропаганда тыным албайт. 

 Пропаганданы төмөнкүдөй жол менен аныктаганга аракет кылса болот: окуган соң “эмнени сезип жатам?” деген суроону бериңиз. Менде адамдардын кайсы бир тобуна жек көрүү жаралдыбы? Аларга каршы бир нерсе жасоо каалоосучу?

Канткенде пропаганданын курмандыгы болбойбуз?

Маалымат алган бир нече булагыңыз болсун, окуяларды, жаңылыктарды бирөөлөр менен талкуулаңыз. Бирок бул теорияда. Чындап келгенде пропаганда менен күрөшүү абдан кыйын, себеби ал көп жагынан динге окшош – татаал суроолорго жөнөкөй жоопту берет. 

Иш жүзүндө пропаганда менен күрөш үчүн агартуучу ири кампанияны өткөрүш керек; мектептерде, жогорку окуу жайларда медиасабаттуулук сабактары киргизилиши шарт. Журналисттик этика сакталышы талап. Жарандык коом менен иштеп, журналисттердин кесипкөйлүгүн арттырууга жардам берген бейөкмөт уюмдарды муунтпай, колдоо көрсөтүү зарыл.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: