Эгерде Борбор Азиядагы элдердин маданиятына бир кезде Советтер Союзунун таасири болбосо, чөлкөмдөгү шаарлар кандай болмок деп ойлонуп көрдүңүз беле? Балким, калаалар азыркыдан ыңгайлуу, анан да көркөм болмок беле?
CABAR.asia редакциясы ушул жана башка маселелерди Кыргызстандагы Peshcom урбанисттик демилгесинин негиздөөчүсү Рада Валентина кызы менен Бишкек шаарынын мисалында талкуулады.
Деколониалдык урбанизм деген эмне жана ал эмнеге негизделет?
Деколониалдык урбанизм деколониалдык процесстерди, биздин учурда постсоветтик мезгилди аңдап-түшүнүүнүн жүрүшүндө куралат. Постколониалдык дискурс Кыргызстанда тийиштүү деңгээлге чыга элек, институализация да боло элек. Деколониалдык жараян тууралуу сүйлөшөрдөн мурда колониалдык өтмүшүбүздү аңдап түшүнүү керек. Өлкөбүз Россия менен өнөктөштүк жана достук мамиледе экенин, РФ бул тема боюнча сөздөргө өтө теригерин эске алганда, аңдап-түшүнүү жеңил жана ыкчам боло койбойт.
Деколониалдык дискурс постсоветтик мейкиндикте жакында эле – 15 жылдай мурун пайда болду. Адатта гуманитардык дисциплиналарга, анан тил менен маданиятка түздөн-түз байланышы бар.
Өз кезегинде урбанизм – бул шаардын өнүгүү процесси. Шаардык процесстер маданиятта, искусстводо, экономикада жана башка тармактарда болуп жаткан нерселерди чагылдырат. Эгерде деколониализм коомдук чөйрөдө жетиштүү деңгээлде талкууланбаса, анда алар урбанизм өңдүү практикалык тармакта чагылдырылбайт.
Азыр Кыргызстанда деколонизация процесси географиялык объектилердин – шаарлардын, айылдардын жана көчөлөрдүн аталышын алмаштыруудан көрүнүүдө. Бирок ошол эле аталыштар көп учурда кыргыз тилин эске албай, орус тилинде жазылат. Буга кошо көчөлөрдүн советтик аталыштары шаардык навигацияда азыр да сакталган. Балким, бул каржынын тартыштыгынандыр, бирок шаардык кызматтар ушул жумушка шалаакы мамиле кылышат.
Деколониалдык урбанизмдин башка белгилери да бар, мисалы, архитектура менен шаарды шөкөттөөдөгү улуттук ою-чийүүлөр, дүкөн жана соода жайларынын аталышындагы жергиликтүү топонимдер, кыргыз маданиятын чагылдырган жаңы эстеликтер. Курут менен максым Бишкектин көчө соодасынын жана сырткы көрүнүшүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калганы – урбанизмдеги деколониалдык процесстердин чагылышы.
Борбор Азиядагы урбанизация процессине СССР жана Орус империясы кандай таасирин тийгизди? Эгер ошол таасир болбогондо, бүгүн биздин аймактагы урбанизация процесстери кандай болмок?
Бишкектин жана Кыргызстандын башка шаарларынын архитектуралык көрүнүшү совет доорунда башат алды. Фрунзе бардык эле союздук борборлорго мүнөздүү тенденциялар менен өнүктү, бул үчүн “Тагдырдын тамашасы” тасмасын эстесек жетиштүү. СССРдин шаарларын пландоого россиялык архитекторлор менен адистер катышкан, турак-жай жана маданий объектилер жалпы үлгү боюнча курулду. КМШнын ар кайсы өлкөлөрүндөгү ири архитектуралык курулмалар окшош, мисалы, ВДНХ, опера жана балет театрлары, маданият үйлөрү ж.б.
Советтик таасир болбосо, биздин шаарларыбыз кандай көрүнүштө болмок? Муну биз эч качан биле албайбыз. Бирок алар ар түрдүүрөөк, балким, инклюзивдүүрөөк да болмок.
Совет доорунда шаарларды долбоорлоодо жергиликтүү өзгөчөлүктөр канчалык эске алынган?
Бишкектин мисалында айтсам, совет доорунда шаарды долбоорлоодо жергиликтүү климатка өтө чоң көңүл бурулган. Жасалма ирригациялык каналдар тартылды, өтө көп дарактар отургузулду, аларсыз борбордо аба өтө кургак болмок.
Дагы окугула: Колониализм капшабы. Россия менен СССРдин буга кандай тиешеси бар?
Азырынча урбанисттик чөйрөлөрдө бул тема эми гана талкуулана баштады. Менимче, деколониалдык процесстер ар бир өлкө үчүн жеке мүнөзгө ээ жана андагы саясий режимден, коомдун демократиялуулугунан көз каранды.
Шаар анда жашаган элдин иденттүүлүгүн чагылдырып турушуу маанилүүбү? Бул адамдарга кандай таасир этет?
Албетте, бул маанилүү. Эл шаарды өз үйүндөй сезиш үчүн шаар алардын баалуулуктарын, маданиятын, салт-санаасын, кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн чагылдырып турушу керек. Ошондуктан азыр баарынын катышуусунда долбоорлоо жайылууда – тургундар шаардык мейкиндиктерди долбоорлоо боюнча чечимди кабыл алууга түздөн-түз катышат.
Совет доорунда элге идеология таңууланган, бардык чечимдер өйдөдөн чыгып, бизди алсыздыкка көндүрдү. Азыр ушул нерсе үйлөргө тийиштүү короолордо байкалат, адамдар өз ара сүйлөшүп, короосун көрктөндүрө албай жатат. Алар “жогортон” кимдир бирөө баарын чечип, жасап берет дегенге абдан көнгөн.