Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, Кыргызстанда 2020-жылы 9 миңден ашык жубайлар ажырашууга арыз беришкен. Бул процесс жалпы мүлктү гана эмес, балдарды да бөлүштүрүүдөн улам татаалдашат.
Рак илдетинин оор түрүнө кабылган Алина Батурова аттуу келин 2021-жылдын 25-октябрында Facebook колдонуучуларына кайрылды. Видеокайрылуусунда ал беш жашар кызы менен көрүшүү үчүн жардам сураган. Кызды Алинанын мурдагы күйөөсү Казакстанга алып кетип калган.
Келиндин мурдагы күйөөсү Уалихан Батуров кызын алып келүүдөн баш тартты. Алина 2021-жылдын 28-октябрында кызы менен коштошпой узап кете берди.
Мурдагы күйөөсү бала менен көрүшүүгө жол бербеген окуялардан сырткары, аталар баласын аялынан күч менен тартып алган учурлар да көп.
Ошол эле күнү, 25-октябрда Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы эркек киши өз аялын автоунаанын капотуна жабыштырган бойдон сүйрөп кеткенин билдирди. Күйөөсү баласын күч менен алып кетип жаткан үчүн келин алардын жолун торогонго аракет кылган.
“Балдардын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекованын айтымында, аялдар (кээде эркектер) атасында (энесинде) калган балдары менен көрүшүүгө, же баласын кайтарып алууга жардам сурап көп кайрылышат.
Кыргызстандагы балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу боюнча коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясынын юристи Мирлан Медетов менен бирге ортодо балдары бар жубайлардын ажырашуусу кандай ишке ашарын талдайбыз.
Кыргызстандын мыйзамы боюнча, ата-энелер өз балдарына карата тең укуктарга жана милдеттерге ээ. Ортодо жашы жете элек балдар болсо, никени жокко чыгаруу адатта сот аркылуу ишке ашат.
Бирок, эгер ата-энелер өз ара макулдашып алышса, анда алар баладан бөлөк жашаган атанын (эненин) укуктарын аныктаган макулдашууну жазуу түрүндө түзүшөт (бул документти нотариалдык жактан күбөлөндүрүп же соттун актысы менен бекитип коюу керек).
Эгер бир пикирге келе алышпаса, мындай талаш сотто доо талабынын чегинде чечилет, бирок сот өз демилгеси менен баланын атасы жана энеси менен баарлашуу тартибин аныкташы мүмкүн.
Белгилей кетели, сот 10 жашка толгон баланын пикирин сөзсүз түрдө угат жана анын кызыкчылыгын эске алуу менен чечим кабыл алат.
Мындай учурда да жогорудагыдай эле тартипте чечим кабыл алынат. Адатта балдарды өзгөчө учурда гана бири-биринен ажыратышат.
Мында баланын жынысы жана жашы эске алынат. Мисалы, өзүнө кам көрүүгө жарап калган уул балдарды жана балдарды атасына калтырып, эмчектеги балдарды жана кыздарды энесине беришет.
Алардын бирөөсү ата-энелик укугунан ажыратылган учурда гана. Бирок мыйзамда ата-энелик укукту соттук тартипте калыбына келтирүүгө жол берген кырдаалдар каралган.
Айрым ата-энелер ата-энелик укугунда чектелиши мүмкүн. Мындай учурда ата (эне) баланы жеке тарбиялоо укугунан ажырайт. Ата-энелик укукту чектөө – бул адатта атага (энеге) убактылуу таасир этүүнүн инструменти.
Ата-энелик укукту чектөөгө балага зыянын тийгизүү же аны селсаяктыкка, кайырчылыкка мажбурлоо себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле эгер ата (эне) баңги же аракеч болсо да, балага болгон укугу чектелет. Бирок бул факт медициналык экспертиза аркылуу далилдениши керек.
Мындай талаштар сотто балдардын кызыкчылыктарын жана пикирлерин эске алуу менен чечилет. Ошол эле учурда сот төмөндөгүлөрдү эске алат:
- баланын атага жана энеге, бир туугандарына үйрөнүп калгандыгы;
- атанын жана эненин бала менен мамилеси;
- баланын жаш курагы;
- ата-энелердин адеп-ахлактык жана башка сапаттары;
- баланы тарбиялоого жана өнүктүрүүгө шарттарды түзүп берүү мүмкүнчүлүктөрү (ата-эне эмне иш кылат, иш тартиби кандай, маетриалдык жана үй-бүлөлүк абалы ж.б.).
Атанын же эненин өз үйүнүн жана кирешесинин жоктугу баланы бербей коюуга милдеттүү шарт боло албайт. Бирок сотко тигил же бул даректе жашоого укугуңузду көрсөтүшүңүз керек (ижарага алдыңыз, туугандарыңыз турак-жай берип турду ж.б.).
- Жашаган жерден маалым кат,
- окуган жерден маалым кат (маалым катты баланын окуган жерин ырастоо үчүн алышат, ал жактан ата-энелерге мүнөздөмө, күбөлүк көрсөтмөлөрдү да алса болот),
- балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган түзгөн турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү тууралуу акт,
- баланын арыз берүүчү менен калышы баланын кызыкчылыгына жооп берерин ырастаган бардык далилдер, көрсөтмөлөр (күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, окуган жерден мүнөздөмө ж.б.),
- доо арызда көрсөтүлгөн жагдайдарды күбөлөндүрүүчү далилдер. Бул пунктка доо арызда сөз болуп жаткан атанын (эненин) балага карата укукка жат аракеттерин (эгер ушундай учурла болсо) далилдеген бардык экспертизалар, документтер жана маалым каттар кирет.
Далилдердин тизмеси ар кайсы учурда ар кандай болушу мүмкүн. Мисалы, ата же эне бири-бирине же балага зомбулук көрсөтсө, анда ички иштер органдарынын, баланы коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын актыларын (чыгаруу актысы, коргоо ордери, кылмыш ишин козгоо тууралуу токтом ж.б.) берүү керек.
Жубайлар кайсы өлкөнүн аймагында чогуу жашап жатышса, ата-энелердин укуктары жана милдеттери ошол өлкөнүн мыйзамдары менен аныкталат.
Эгерде ата-энелер менен балдардын чогуу жашаган жери жок болсо, анда бала кайсы мамлекеттин жараны болсо, ошол мамлекеттин мыйзамы менен укуктар жана милдеттер аныкталат.
Мында да ошол эле принцип иштейт. Аныктоочу фактор – баланын турган орду жана анын жарандыгы.
Эгер бала Кыргызстандын жараны болсо жана анын аймагында турса, анда КРнын аймагында сотко берип же макулдашуу түзсө болот.
Эгер бала Кыргызстандын жараны болуп, бирок башка өлкөнүн жараны болсо, КР сотуна кайрылууга мүмкүндүк бар. Эгер бала Минск, Кишинев макулдашууларына кол койгон өлкөлөрдө (Казакстан, Россия, Белоруссия) болсо, КР сотторунун актылары бул өлкөлөрдүн сотторуна сөзсүз түрдө каралууга жатат.
Бала өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу. Адатта бала 10 жашка толгондо, соттор жана ыйгарым укуктуу орган анын пикирин сөзсүз түрдө угуп, чечим кабыл алууда эске алышат. Бирок андан кичүү куракта деле баланын пикири эске алынган учурлар болот, алар менен балдар психологдору баарлашат.
Бирок, эгерде бала атасынын же энесинин басымына кабылса, анда аны өз пикирин билдирүүдө чектеп коюшу мүмкүн.
Сиз сотко соттук психологиялык-психиатриялык экспертиза өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирип, эксперттердин алдына тиешелүү суроолорду коё аласыз. Эгер таза далилдер (видео, фото) болсо, атанын (эненин) ата-энелик укугун чектөө боюнча сотко кайрыла аласыз.
Сот доо арызга карап баланын атасы (энеси) менен баарлашуу тартибин аныктайт. Бирок баланын кызыкчылыктарын жана башка жагдайларды эске алуу менен, сот баарлашуу тартибин өз демилгеси менен тандайт.
Эгер ата (эне) баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы же энеси катары жазылса, анда ата-энелик укугун соттук тартипте гана берки тараптагы атанын (эненин) же камкорчунун, болбосо жашы жеткен баланын талабы менен гана талаша алат.
Эгер туулгандыгы тууралуу жазууларда иш жүзүндөгү ата (эне) ата-эне катары жазылбаса, анда ал балага карата ата-энелик укукка ээ эмес.
Кыргызстандын мыйзамында ата (эне) бала менен канча убакытты милдеттүү түрдө өткөрүшү керектиги так көрсөтүлгөн эмес. Бирок мурдагы жубай бала тууралуу бардык маалыматтарды алууга, бала үчүн окуу жайды тандоого ж.б. катышууга толук укуктуу.
Мындай учурда баланын жашаган жериндеги балдарды коргоо боюнча органга кайрылуу керек. Эгер мурдагы күйөөсү же аялы бала менен баарлашууга тоскоолдук жаратып жатса, анда сотко кайрылуу керек, ал баарлашуу тартибин аныктап берет.
Эгер соттун чечими чыккан болсо, анда аткаруу барагын сот аткаруучуларга көрсөтүү керек, алар мыйзамды бузган атаны (энени) сот чечимин аткарууга милдеттендирет.
Эгер бул да жардам бербей жатса, анда баланын жашаган жерин өзгөртүү боюнча сотко доо арыз менен кайрылса болот. Бул учурда мурдагы күйөөсү (аялы) баарлашууга тоскоол болгону тууралуу далилдерди берүү максатка ылайык. Далил катары видео же күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жарайт.
Эгер бала сиз менен калышы керектиги тууралуу соттун чечими колуңузда болсо, иш сот аткаруучуларга соттун аткарылышын көзөмөлдөөгө жиберилсе, анда сиз жагдай тууралуу сот аткаруучуга билдиришиңиз керек.
Эгер соттун чечими жок болсо, анда тез арада сотко кайрылуу керек. Аны менен катар факт тууралуу ички иштер органдарына жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга чара колдонуу үчүн кабарлай аласыз.
Эрежеге ылайык, жашы жете элек бала менен мамлекеттик чек араны кесип өтүп жатканда коштоочу атада (энеде) төмөндөгү документтер сөзсүз түрдө болушу керек:
- баланын өздүгүн ырастаган документ (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорт),
- берки тараптагы атанын (эненин) бала менен мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө макулдугу (же ата-энелик укуктан ажыратуу тууралуу соттук акты).
Бул документтерсиз чек ара кызматы баланы сыртка чыгарбайт. Белгиленген эреже ата-энелер жана бала КР жараны болгон учурда иштейт.
Эгер ата-энелердин бирөөсү чет элдик болсо, анда баланын жарандыгы эске алынат, бирок кандай болгон учурда да чек ара кызматы берки тараптагы атасынын (энесинин) макулдугусуз жана балага ишеним катсыз баланы чет жакка алып кетүүгө уруксат бере албайт.
Бул учурда бала мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөнү жана чара кабыл алуу тууралуу арыз менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына тез арада кайрылуу керек.
Эгер бала Кыргызстандын жараны болбосо, Ички иштер жана Тышкы иштер министрликтерине кайрылып, баланы КР аймагына кайтаруу тууралуу жардам сураса болот.
Публикация Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.