© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

IWPR “Борбор Азиядагы деколонизация: нарративдердин өзгөрүшү” аттуу аймактык конференциясын өткөрдү

Чөлкөмдөгү өлкөлөр канткенде советтик өтмүшүн аңдап-түшүнүп, пропаганданын таасирин азайтып, өз иденттүүлүгүн таба алат? Алматыда үч күн бою эксперттер, изилдөөчүлөр, активисттер жана медиа адистер Борбор Азиянын деколонизацияга карай алгачкы кадамдарын, ушул жааттагы инструменттер менен чечимдерди талкуулашты.


Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу институтунун (IWPR) башкы операциондук директору Стивен Рамзи иш чараны ачып жатып, советтик өтмүштү жана анын кесепеттерин аңдап-түшүнүү аракеттери көңүл бурууга арзый турганын, себеби ушунун баары чөлкөмдүн келечектеги жашоосуна таасирин тийгизерин белгиледи. 

“Конференциябыздын максаты – Борбор Азия өлкөлөрүнүн деколониалдашуусунун кеңири контекстинде чет элдик пропаганда темасын карап чыгуу. Бул чөлкөмгө дүйнөдөгү өз ордун түшүнүүгө жана көз карандысыз өлкөлөрдүн жолунда алдыга жылууга мүмкүндүк берет”, – деди ал. 

Юридикалык жактан Борбор Азия өлкөлөрү көз карандысыздыкка ээ болгонуна 30 жылдан ашкан менен, Россиянын аймактагы таасири күч бойдон калууда. Бул маданиятта болобу, же урбанистикадабы, экономикалык көз карандылыкта же пропагандада байкалат. 

Конференцияда сөз сүйлөгөн эксперттер адатта Борбор Азияда тышкы пикир  туура деп, ал эми жергиликтүү пикир анчейин өнүкпөгөндөй кабыл алынарын белгилешти. Бул тезисти иш чаранын алкагында тааныштырылган Кыргызстандагы орус пропагандасы тууралуу изилдөө да ырастайт. 

Ага ылайык, Кыргызстанда орус медиалары басымдуулук кылат: аларды окушат, көрүшөт, аларга ишенишет жана чет элдик эмес, жергиликтүү басылма катары кабылдашат. Алар тараткан негизги нарративдердин катарында “Россия – башкы соода жана экономикалык өнөктөш жана коопсуздуктун кепили, ал Борбор Азиянын мамлекеттери тартылган борбор” деген идея байкалат. 

Буга окшош колониалдык нарративдер чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдө да бар. Ушул таасирди жеңип чыгуунун бир жолу – деколонизация процесси. Ошол эле маалда бул нерсе дерусификацияны (орус тилин жана маданиятын сүрүп чыгууну) эмес, өз иденттүүлүгүңдү табууну түшүндүрөрүн эксперттер белгилеп өтүштү. Бирок бул үчүн бардык тараптар – жарандык коом, медиа менен бийлик катышуусу керек. Бийлик катышпаса, абалды өзгөртүү мүмкүн эмес. 

Социалдык тармактарды колдонуу аркылуу бийликке кантип таасир этсе болорун CABAR.asia`нын редактору Татьяна Трубачева айтып берди. Ал катышуучулар үчүн мастер-класс өткөрүп, тексттерди окумдуу кылуунун, комментарий калтырып, бөлүшө тургандай жазуунун ыкмалары менен бөлүштү. А бул өз кезегинде коомдук резонансты жаратып, маалыматты бийликке натыйжалуураак жеткирип, алардын чечимдерин өзгөртүүгө өбөлгө түзөт. Бирок маселе канчалык масштабдуу болсо, ошончо көп убакыт жана күч керек болот. 

“Эгер сиз кайсы бир теманы абдан маанилүү деп таап, муну бийлик гана өзгөртө аларына көзүңүз жетип турса, анда бүтүндөй бир пиар-кампанияны түзүү керек. Бир текст, бир паблик менен жеңишке жете албайсыз. Буга бир нече жыл, ондогон жылдар керек болушу мүмкүн”, – деп кошумчалады ал. 

Панелдик сессияларда аймактагы өлкөлөрдүн өкүлдөрү Борбор Азияда деколонизация процесси кандай жүрүп жатканын, буга жарандык коом менен бийлик кандай реакция кылып жатканын талкуулашты. Kloop.kg  басылмасынын долбоорлор боюнча координатору Айзирек Алмазбекованын айтымында, Кыргызстанда Россиядан ажыроо риторикасы анчалык өнүккөн эмес. Бишкектин борбордук бөлүгүндө, анын ичинде Россиянын элчилигинин жанында митинг өткөрүүгө тыюу салынганы буга мисал боло алат. Ал бийлик орус мыйзамдарын көчүрүп алган бир нече кейстерге да токтолду. 

“Ошол эле маалда кыргыз тилин өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурулууда. Жарандык коомдо деколонизация мурдагыга караганда көбүрөөк талкууланып жатканын көрүп жатабыз. Бирок бул процесстер масштабдуу эмес, биз эми гана ушул багытка баратабыз”, – деп белгиледи Алмазбекова. 

Дагы окугула: Колониализм капшабы. Россия менен СССРдин буга кандай тиешеси бар?

“Мага баарынан да панелдик талкуулар жакты, ар кайсы өлкөдөн келген спикерлер Борбор Азия өлкөлөрү кайсы жолдо кетиши керектиги тууралуу ойлорун айтышты. Түрдүү катышуучулардын пикирлерин угуу мен үчүн абдан кызыктуу жана жемиштүү болду”, – деди “Doc Theatre” (Тажикстан) долбоорунун режиссеру Зоир Кузиев. 

Узак убакыт бою орус тилинин басымында болуп келген жергиликтүү тилдердин темасы Борбор Азия үчүн өтө талылуу маселелерден. “Steppe & World” басылмасынын редактору, филолог жана “Калькасыз қазақ тілі” Telegram-каналынын автору Назгүл Кожабек белгилегендей, Казакстанда 2023-жыл орус тилинин жылы деп жарыяланды. Мамлекеттик мекемелердин көпчүлүгү орус тилинде иштеп, андан кийин гана документтери казакчага которот. Мынтип мажбур которуу казак тилине өтө чоң таасирин тийгизет.  

“Казак тили орус тилинин жүз пайыз калькасы болуп жатат. Ал өз алдынчалуулугун жоготууда. Биз азыр казак сөздөрү менен орус тилинде жазабыз, себеби мунун баары орус тилинин грамматикасы”, – деп ой бөлүштү ал.

Филология илимдеринин кандидаты, доцент жана “Казакстандын деколонизацияланышы” китебинин автору Айнаш Мустояпова бардык көйгөйлөр, анын ичинде тил маселеси да чөлкөмдөгү өлкөлөр деколонизация процессинен өтпөгөн үчүн жаралып жатканын белгиледи. 

Эксперттер советтик өтмүштү кино, китептер, подкасттар, архитектура ж.б. аркылуу аңдап түшүнүү процесстерин да талкуулашты. Urban Forum Kazakhstan`ды негиздегендердин бири, архитектор Асель Есжан бул рефлексияга жамааттарды тартып, чогуу чечим кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

“Бул жабык эшик артындагы кесипкөйлөрдүн жана чечим кабыл алган эксперттердин гана маселеси болбош керек. Бул татаал, кайсы бир маанисинде интуитивдүү, дарылоочу процесс. Ага биз дагы ондогон жылдар бою барабыз”, – деп кошумчалады ал.  

Жергиликтүү элди деколониалдык процесстерге тартуунун бир жолу – бул шаардык интервенциялар болушу мүмкүн. 

“Мисалы, ар таңда дубалдын жанынан ары-бери өткөнгө көнүп бүткөнсүз дейли. Анан бир күнү ал жерден китепке толгон текчени көрдүңүз. Бул эмне болгон текче? Эмне үчүн керек? А китепти алсам болобу? Ошол текче сизди ойго түрткөн жараянды баштап берди”, – деп ой бөлүштү “Peshcom” (Кыргызстан) шаардык демилгесинин негиздөөчүсү, активист Рада Валентина кызы.

Ал деколониалдык перспективаны камтыган урбанизм тууралуу сессия өткөрдү. Анын алкагында катышуучулар топторго бөлүнүп, Борбор Азиядагы ар бир өлкө үчүн шаардык интервенция идеяларын ойлоп табышты. 

Дагы окугула: Советтик таасир болбосо, шаарларыбыз кандай болмогун эч качан биле албайбыз

Деколониалдык контекстте гендердик маселелер жана аялдардын укуктары тууралуу сөз кылуу абдан маанилүү. “Жетишет” (Кыргызстан) фем-активисттик кыймылын негиздегендердин бири Айжамал Бектенова борборазиялык аялдардын Советтер союзунан калган абалын аңдап түшүнүү зарылдыгын белгиледи. Мунун бир жолу – деколониалдык феминисттик искусство. Ал аймактын мурасына, аялдардын заманбап образына кайрылып, ошол эле маалда гендердик зомбулук менен дискриминация сыяктуу маанилүү маселелерди көтөрөт. Мындан сырткары ал деколониалдык нарратив диалогду жолго салууга көмөкчү болорун белгиледи. 

“Деколонизация мен үчүн патриархалдык эркектер менен да баарлашуунун куралы болуп жатат. Алар менен деколонизация деген эмне экенин сүйлөшүп, биз өзүбүзгө каршы эмес, өзүбүз үчүн экенибизди түшүндүргөндө, алардын бизге мамилеси да өзгөрүүдө”, – деди Бектенова.

Бирок деколонизация өлкөнүн ичиндеги гана эмес, эл аралык деңгээлдеги да жумуштарды камтыйт. Эл аралык мамилелердин профессору, Цукуба Университенин Борбордук Евразия боюнча атайын программасынын директору Тимур Дадабаев белгилегендей, чөлкөм батыштын да, орустардын да сырттан тагылган концепциясынан качышы керек. 

“А бул үчүн биз Борбор Азия аймагынын артында турган, өзүбүз жакшы билген имижди иштеп чыгышыбыз керек”, – деди эксперт. 

Дадабаевдин айтымында, бир чөйрөнү тандап алып, ошол жаатта Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү ийгиликке жетсе болот. 

Катышуучулар менен спикерлер көтөрүлгөн маселелерди үч күн бою кызуу талкуулашты. Көпчүлүгү деколонизация темасы азыр болуп көрбөгөндөй актуалдуу экенин, бул тууралуу көбүрөөк сүйлөшүү керектигин жана ишке ашып жаткан процесстер боюнча рефлексия жасап, бири-биринен сабак алуу зарылдыгын белгилешти. 

“Окшош шартта, окшош эле бийлиги, окшош эле чектөөлөрү бар кесиптештерибиз кайда карай жылганын, өз деңгээлинде, өз этабында эмне иш жасаганын карап, үлгү кылып алууга абдан пайдалуу. Өзбекстандык катары мен кесиптештерибиз менен көбүрөөк кызматташсак дейм, жалпы рефлексия аркылуу, ошол эле маалда өзүбүздүн уникалдуу инструменттерибизди, ыкмаларыбызды колдонуу менен өз бүтүмдөрүбүзгө келсек болот”, – деп белгиледи өзбекстандык арт-медиатор Гульнара.

КРСУнун (Кыргызстан)  эл аралык журналистика кафедрасынын доценти Айгуль Өмүрканова Казакстан башка өлкөлөргө караганда бир аз алдыга кеткенин, демилгелер бийликтен эмес, төмөндөн карай жүрүп жатканын белгиледи: кызыктуу архитектуралык, урбанисттик, тилдик жана маданий долбоорлор ишке ашууда. 

“Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү деколонизация – түндүктүк чоң кошунаңа, жамааттык Батышка да таянбай туруп, өзүңө өзгөнүн эмес, өзүңдүн көзүң менен кароо аракети дешти. Салттуу баалоолордун басымынан качып, өзүңдү, өз жолуңду издөөгө, өзүңө үңүлүүгө өз алдыңча келиш керек деген чакырыктар да айтылды”, – деп кошумчалады ал.

Дагы окугула: Эс-тутум – өзүңдүн иденттүүлүгүңө кайтуунун күчтүү куралы

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: