© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Борбор Азиядагы деколонизация. Кыйынчылыктар жана аларды чечүүнүн жолдору

Борбор Азиядагы айрым өлкөлөрдө чөлкөмдүн деколонизацияланышы тууралуу көп сөз айтыла баштады. Жергиликтүү жамааттар советтик тарых жана маданият менен болгон байланышты аңдап-түшүнүүгө аракеттенип, Россиянын таасиринен чыгууга чакырып жатышат. Ошол эле маалда ар бир өлкөдө деколонизациялык процесстерди артка тартуучу чечилбеген маселелер бар. 

Казакстан 

Казакстанда деколониалдык процесстер коомдук талкуунун борборунда. PaperLab изилдөөчүсү, CABAR.asia Аналитика мектебинин бүтүрүүчүсү Камила Смагулова белгилегендей, Казакстанда “деколониалдык” жана “улуттук” деген түшүнүктөр катарлаш. Башкача айтканда, казак тили колдонулган чөйрө кеңейүүдө, өткөндү аңдап-түшүнүү бар, ХХ кылымда репрессияланган казак интеллигенциясынын алптарынын популярдуулугу артып жатат.

“Ооба, бул процесстер Украинадагы согуш башталган соң күчөдү. Бирок андан бир ай мурун Казакстан январь окуяларын баштан өткөргөнүн унутпашыбыз керек. Январь окуялары коомго таасир эткен ички фактор, а Украина тышкы фактор болду”, – дейт Смагулова.

Камила Смагулова. Фото: CABAR.asia

Анын пикиринде, Казакстанда деколонизация горизонталдык тегиздикте – жарандык коом бул жөнүндө үн катууда, ар түрдүү активисттер, сүрөтчүлөр, феминисттик кыймылдар өз ишмердүүлүгүн деколониалдуулуктун призмасы аркылуу карап жатат. Ошол эле маалда алардын ортосунда топтук диалогдор ишке ашкан жок. 

Смагулованын айтымында, толук терминологиянын жоктугу кыйынчылык туудурат. Башкача айтканда, “деколониалдык” эмне, “постколониалдык” эмне деген маселеде так сызык жок. 

“Менимче постколониалдык призманы колдон чыгарып жатабыз, ал деколонизацияга окшоп коомго таамай ок чыгара алган жок. Процесстин ар бир катышуучусуна баары түшүнүктүү болуш үчүн постколониалдык суроону да жакшы изилдеш керек эле”, – деп ой бөлүштү Смагулова.

Бийликке келели. Эксперттин айтымында, мамлекеттик деңгээлде деколонизацияга чакырыктар айтылган жок. Ошол эле маала 2023-жылдын мартында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир гана аймакта белгилүү болгон, ошондой эле советтик доордогу белгилүү инсандарга эстелик орнотууга каршы пикирин билдирди

“Бирок бул коомчулуктун суроо-талабына түз жооп дегенге болбойт. Балким, деколонизациянын белгиси катары чечмеленген кандайдыр бир процесстерге күбө болуп жатабыз. Бирок “коомчулук кандайдыр бир деколониалдык оптиканы сурап жатат, анан бийлик ага реакция кылды” деген корреляция бар дегенге болбойт. Тагыраагы, биз азырынча кандайдыр бир чынжырчаны кураштыра албайбыз”, – деп белгиледи Смагулова. 

Кыргызстан 

Kloop.kg басылмасынын долбоорлор боюнча координатору Айзирек Алмазбекова Кыргызстанда деколонизация процесстери байкалып жатат, бирок алар азырынча масштабдуу эмес деп эсептейт. 

“Коомдо кандайдыр бир талкуулар бар, бирок алар масштабдуу жүргөн жок. Ошол эле маалда кыргыз тилинин өнүгүшүнө мурдагыга караганда көп көңүл бурула баштады, жарандар да буга кызыкдар”, – дейт ал. 

Айзирек Алмазбекова. Фото: CABAR.asia

Анын айтымында, коомдун анык бир бөлүгү, негизинен активисттер менен журналисттер ЖМК жана соцтармак аркылуу орус пропагандасы менен күрөшүүгө аракеттенип жатышат. 

“Украинадагы толук масштабдуу согуш башталгандан кийин бул процесстер күчөдү деп айтса болот. Албетте, согуш аларды жараткан жок, бирок кайсы бир процесстер ага чейин деле бар болчу. Бирок Россиянын кол салышы алардын өнүгүшүнө түрткү берди”, – деп кошумчалады Алмазбекова. 

Ал белгилегендей, Кыргызстанда кыска убакта чечилбей турган кыйынчылыктар арбын. 

“Биринчиден, орус медиасы Кыргызстандагы жарандарга чоң таасирге азыр да ээ. Алар рынокто үстөмдүк кылып, эл ошолордун контентин керектейт. Экинчиден, биздин миллиондогон жарандарыбыз Россияда эмгек миграциясында. Мунун айынан чоң экономикалык таасир сакталат да, бул нерсе колубузду байлап коет”, – деген оюн айтты Алмазбекова. 

Мындан сырткары Бишкектин борбордук бөлүгүндө, тагыраагы, Россиянын элчилигинин жанында митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Кыргызстандын бийлиги болсо орус мыйзамдарын бир нече жолу көчүрүп алып, республиканын аймагында ишке киргизүүгө аракеттенди. 

“Деколонизация боюнча кандайдыр бир талкуулар бар, жарандар өз оюн айтууга, оз суроолоруна жооп талап кылууга аракеттенип жатышат. Бирок ушунун баары жогоруда айтылган көйгөйлөр менен эриш-аркак жүрөт. Кантсе да үн катып жатканыбыз көп нерсени билдирет деген ойдомун. Коом аңдап-түшүнүп, талдап, рефлексия кыла баштаганы абдан маанилүү”, – деген тыянагы менен бөлүштү ал. 

Тажикстан 

Ал ортодо Тажикстанда деколонизация темасы мейнстримге айланды. Мунун түшүндүрмөсү бар дейт CABAR.asia`нын Тажикстан боюнча редактору Марат Мамадшоев. Анын айтымында, республика көз карандысыздыкка жеткен менен, көп нерседе колониалдык формалар азырга чейин сакталып калган. 

“Бул өз алдынча эмес саясаттан жана Россиядан экономикалык көз карандылыктан көрүнөт. Тажик калкынын басымдуу бөлүгү Россияга иштегени кетип, ошол жакта калууда”, – дейт ал. 

Марат Мамадшоев. Жеке архивден алынган сүрөт

Ошондой эле экономикадагы тең укуксуздук айдан ачык. Мамадшоевдин айтымында, тышкы соода жүгүртүүдө Тажикстан мурдагыдай эле негизинен мөмө-жемиштерди жана сырьену чыгарат. 

“Биз  аларды арзаныраак сатып, орустардын нефть продуктуларын же кандайдыр бир орус товарларын кымбатыраак сатып алабыз. Эгерде биз өз экспортубузду диверсификация кылсак, балким, жагдай башкача болмок”, – деп белгилейт ал. 

Мамадшоев деколонизация темасы маал-маалы менен көтөрүлөрүн, бирок тажик медиасында бул теманы системдүү же илимий талкуулоо жокко эсе экенин белгилейт. Анын пикиринде, буга бийликтин да, коомдун да материалдык же моралдык ресурстар менен бекемделген кандайдыр бир узак мөөнөттүү саясий пландарды курбаганы себеп. Баары негизинен күнүмдүк көйгөйлөр менен алек.  

 Ошол эле маалда тышкы көз карандылык менен күрөшүүнүн жолу бар экенин аналитик кошумчалайт.

“Биринчиден, 1991-жылга караганда абал анчалык өзгөрбөгөнүн, кайсы бир жагдайларда мурдагыдан да беш бетер көз каранды болуп калганыбызды моюндашыбыз керек. Экинчиден, жөнөкөй анализ жасап, биз кимбиз, кайсы жердебиз, эмнени каалайбыз жана эмнелерди жасай ала тураныбызды аныктап алышыбыз керек”, – деп эсептейт ал.  

Мамадшоев белгилегендей, эң эле турмушка жакыны – Тажикстан экономикалык реформаларды ишке ашырып, экспортту диверсификациялоонун жолдорун издеп, ресурстары менен кадрлары бар өздүк өндүрүштү жолго салса болот. Саясат менен коомго келсек, чыныгы элдик бийлик менен демократия керек. 

“Медиа, жарандык коом менен күрөштү токтотуу зарыл. Бийлик менен жарандар бири-биринен душман издебей, кооперация болуп, кызматташышы талап. Ошондо гана биз кандайдыр бир ийгиликке жана илгерилөөгө жол алабыз”, – дейт аналитик.  

Түркмөнстан 

Түркмөнстанга келсек, ашхабаддык көз карандысыз изилдөөчү  Рустам Мухамедовдун айтымында, тээ 90-жылдары президент Сапармурат Ниязовдун тушунда башат алган саясат азыр да уланууда. Башкача айтканда, катаал авторитардык башкаруу сакталган жана айрым темаларды, анын ичинде деколонизацияны да тыйып турушат.

“Ошол эле маалда бийлик тарабынан Россия менен дипломатиялык карым-катнашка залакасын тийгизиши мүмкүн жагдайлар жымсалданууда. А мамилер болсо соңку жылдары мурдагыга караганда тереңирээк курулуп жатат”, – дейт Мухамедов. 

Анын айтымында, Түркмөнстан менен Россия көп багыт боюнча кызматташтыгын күчөттү, тараптар бири-бирин маанилүү стратегиялык өнөктөш деп жарыялашты, мунусу көп сандаган жолугушуулардан жана ар кайсы тармактарда өнөктөштүк тууралуу документтерге кол коюудан көрүнүүдө. 

Рустам Мухамедов (справа). Фото: CABAR.asia

Ага кошо саясий символикалык деңгээлде Россияга карай байкаларлык “реверенстар” (терең урмат) көрүнөт. Мисалы, Түркмөнстанда Жеңиш күнүндө эч кандай жүрүштөр уюштурулчу эмес, 2020-жылы Ашхабаддагы “Элдик эс-тутум” эстелигинин алында жеңиштин 75 жылдыгына карата аскердик парад уюштурулуп, Экинчи Ата Мекендик согуш маалындагы техникалар көрсөтүлдү. Мухамедовдун айтымында, бул нерсе ички аудитория үчүн да колдонулду, себеби Гурбангулы Бердымухамедовго 2-Украина фронтунун 206-аткыч дивизиясынын 748-аткыч полкунун согуштук күжүрмөн туусу тапшырылды, ошол туунун алдында чоң атасы  Бердымухамед Аннаев согушкан болчу. Мындан сырткары 2022-жылдын аягында Түркмөнстанда орус-түркмөн университетин ачууну көздөп жатышканы айтылды. 

“Башкача айтканда, биз ар кандай практикалардын аралашмасын көрүп жатабыз. Ошондуктан “өлкөдө кандай деколониалдык процесстер жүрүп жатат” деген суроого бир жактуу жооп жок. Эгерде мамлекет тарабынан деколонизация идеясын көрсөтүү аракети болсо да, алар бийликтин консолидациясын сактап калууга багытталган гана ишараттар. Ошол расмий түшүндүрмөлөрдүн чегинен сыртка чыккан нерсенин баарын маргиналдаштырып жана басып салууга аракет жасашат”, – дейт эксперт. 

Мындан сырткары, Мухамедовдун айтымында, Түркмөнстандагы катаал авторитардык атмосфераны эске алып, коомчулук  саясаттан оолак болууга аракеттенет. Демек, калк катмарында кандай маанай басымдуулук кыларын айтыш кыйын. Ал белгилегендей, өлкөдө пикирлердин ар түрдүүлүгүнө негизделген коомдук талкуулар жок, көз карандысыз изилдөөлөр же социологиялык сурамжылоолор жүргүзүлбөйт. 

“Чыныгы жагдайды көрсөткөн ачык маалыматтар колубузда турса жакшы болмок. А биз алып жаткан маалыматтар жарытпайт жана чыныгы абалды чагылдырбайт”, – деп кошумчалады аналитик. 

Өзбекстан

Өзбекстан – чөлкөмдө биринчилерден болуп советтик метрополиянын таасиринен чыгууга бет алгандардын бири деп эсептейт Дублиндин Шаардык Университенин докторант-изилдөөчүсү, CABAR.asia Аналитика мектебинин бүтүрүүчүсү Биназир Юсупова. Анын айтымында, Ислам Каримовдун тушунда деколонизация десоветизация жана декоммунизация формасын алган. 

“Улуттук идеологияга, тамырына, түпкүлүгүнө кайтууга тенденция башталды. Айрым улуттук каармандардын инсандыгы калыбына келтирилди, алардын тарыхын изилдөөгө советтик бийлик уруксат бербей жүргөн”, – дейт ал.

Биназир Юсупова. Фото: CABAR.asia

Мындан сырткары шаар көчөлөрүнүн советтик аталыштары өзгөрдү, айрым эстеликтер алынды. Ошондой эле сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон көптөгөн кишилердин аты калыбына келтирилди. Бирок ушунун баары Каримовдун бийлигин бекемдөө үчүн жасалган деп эсептейт Юсупова. 

“Деколонизация – бул адамдар, жарандар баарын түшүнүп, өтмүшүн аңдап-түшүнүүгө аракеттенип, кайсы бир каталарын моюндоо. Бизде андай кеңири масштабда болгон жок”, – дейт изилдөөчү.

Анын пикиринде, көптөгөн өзбекстандыктар азырга чейин Россияны “улуу ага” катары кабылдайт, мындай позиция эч нерсеге карабай бекем бойдон калууда. Анын үстүнө Россия баягыдай эле борбор бойдон, ал жакка мигранттардын басымдуу бөлүгү акча табыш үчүн барат. 

“Украинадагы согуш Өзбекстандагы деколонизация процесстерин, балким, тездетет. Бирок жарандык коом менен активисттерди чектебеш керек, бул абдан маанилүү. Ошондо алар бул идеяны активдүү илгерилете алышат”, – деп эсептейт Юсупова. 

Ал кошумчалагандай, тарыхый окуяларды объективдүү берүү абдан маанилүү, анан да кайсы бир кишинин тушунда анык бир нерселерди гана изилдеп-окуш керек деген практикадан чыгуу зарыл. Бул үчүн окумуштууларга, изилдөөчүлөргө чыныгы эркиндикти берип, талкуу жана пикир алмашуу үчүн аянтчаларды түзүү керек.

Башкы фото: unsplash.com

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: