Кары аз, жылуу кыш бир караганга «табияттын белегиндей» сезилиши мүмкүн. Көпчүлүк жылуу күрмө албаганына сүйүнүп жаткан чакта экологдор чоочулап, дыйкандар болсо олуттуу көйгөйлөргө бет келүүдө.
Түйшөлткөн маселелердин катарында күзгү эгиндин түшүмүн жоготуу, жазгы суу таңкыстыгы жана кийинки кургакчылык бар. Дыйкандар өткөн жылкы абал кайталанат деп кооптонушат, былтыр арпа-буудайдын түшүмүнүн жарымынан кол жуушкан эле.
Күздүк эгинди айдаган дыйкандар жылуу кыш менен жаанга кубанбайт. Эгер кар өсүмдүктү төшөнчөдөй жаппаса, жаан менен суук түшүмдү өлтүрөт.
Мындан сырткары кардын эриши сугат сууга, жазгы айдоонун алдындагы жердин абалына түздөн-түз таасир этет. Дыйкандар быйыл суу тартыш болот деп тынчсызданууда.
Агроном, үрөн боюнча адис Кубанычбек Чериков белгилегендей, азыр талаалардагы өсүмдүктөрдүн биринчи жалбырактары пайда болду. Эгерде кар жок болгон азыркы шартта аба температурасы минус 10 градустан ылдый түшпөсө гана түшүмдүүлүк жакшы болот. Болбосо, эгиндин 10-15%ы жабыркашы ыктымал.
Кыргыз гидрометеорологиялык борборунун метеоболжол бөлүмүнүн башчысы Асылбүбү Маткеримова белгилегендей, өлкө боюнча аба ырайы суук температурадан жетишерлик жылуу деңгээлге чейин термелип турат.
“Февралдын айрым күндөрүндө аба табы 7-12 градуска чейин жогорулайт, бирок төмөндөшү да күтүлөт, башкача айтканда, аба ырайы чукул өзгөрөт. Түнкүсүн температура -10-12 градуска чейин түшөт. Декабрь менен январда республиканын ар кайсы райондорунда түшкөн жаан-чачындын көлөмү норманын 60-80 пайызын түздү”, – дейт ал.
Агроном, үрөн боюнча адис Кубанычбек Чериков белгилегендей, адатта тийиштүү чаралар эгинди айдаганга чейин көрүлүшү керек.
“Дыйкандар үрөндү суукка туруктуу кылган атайын реагент менен иштеп чыкса болот. Азыр бул жөнүндө ойлонууга кеч”, – дейт ал.
Кар жокпу, демек, эриген кардын суусу да жок. Дыйкандардын айтымында, жазгы үрөн себүүнүн алдыда жер кургак болот.
Кыргызстандагы дыйкандар азыр “эгин айдоого киришсемби же жокпу” деген суроонун үстүндө баш катырууда. Өткөн жылы алардын көпчүлүгү кургакчылыктан улам олуттуу зыян тарткан.
Республиканын дыйкандары 3-февралдагы пресс-конференцияда билдиргендей, 2021-жылы Айыл чарба министрлиги ирригациялык системаларды калыбына келтирүү боюнча убадаларын аткарган жок.
Ошентип, дыйкандар жазгы жаан-чачынга гана үмүт байлап отурат.
29-январда Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, өлкөнүн эгемен тарыхында биринчи жолу ирригациялык системаларды оңдоого 1 миллиард сом (1 млн 176 миң доллар) бөлүндү. Каражат ирригациялык түйүндөрдү тазалоого жана оңдоого багытталды.
Дыйкандар болсо чоң акча бөлүнгөнү менен, каржы дарегине жетпей жатканын айтышат. Тазалоо, калыбына келтирүү менен алектенген аткаруучулар акчаны аларга которушпай, “үлүш” талап кылып жатышканына даттанышты.
Кургакчылыктан сырткары, дыйкандар күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлгөнүнө даттанышат. Улуттук стастикалык комитеттин маалыматында, акыркы жылда Кыргызстанда бензиндин наркы 70 пайызга өстү. Россиядагы нефтини кайра иштетүүчү заводдордо баа жогорулаган үчүн Кыргызстандын нефтетрейдерлери ички рыноктогу күйүүчү майга болгон бааны мындан ары да көтөрүүгө мажбур.
Эксперттер белгилегендей, бензин менен дизелдик отунга болгон баанын өсүшүнөн улам дыйкандар өндүргөн продукциялардын наркы болжол менен 30 пайызга жогорулайт. Албетте, бул айыл чарба продуктуларынын чекене баасынын өсүшүн шарттайт.
Данная публикация подготовлена в рамках программы наставничества проекта «Развитие новых медиа и цифровой журналистики в Центральной Азии», реализуемого Институтом по освещению войны и мира (IWPR) при поддержке Правительства Великобритании. Содержание публикации не отражает официальную точку зрения IWPR или Правительства Великобритании.