© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстандын жергиликтүү кеңештеринде аялдардын саны азаюуда

Депутаттардын 30%ы милдеттүү түрдө аялдар болушу керек деген квотаны киргизүү өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөттү, бирок мыйзамда бул норма жазылганы менен анын аткарылышына кепилдик жок экендигин эксперттер белгилейт.


Подпишитесь на нашу страницу в Facebook!


“Аялдардын демократиялык тармагы” коомдук фондунун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда жергиликтүү кеңештеги 7800 мандаттын 800дөйү аялдарда. Тагыраак айтканда, 10 депутаттын ичинен бирөө аял. 

 

Парламенттин 30%ын аялдар түзүшү керек деген норма Шайлоо тууралуу кодекске 2007-жылы эле кирген. Бирок бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин курамында 18 гана аял бар – бул иштеп жаткан 120 депутаттын 15%ын гана түзөт. Ал эми өкмөттө болсо гендердик курам – 3 аял, 18 эркек.

12 жылдан кийин ушундай норма жергиликтүү кеңештер үчүн дагы киргизилди. Август айынын орто ченинде президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртууга багытталган мыйзамдардын топтомуна кол койду.

Анын ичинде жергиликтүү кеңештердеги аял-депутаттардын 30%дык квотасы тууралуу норма дагы бар.

Саруу айылындагы шайлоо

Бул өзгөртүүлөр кабыл алынгандан бир айдан кийин 22-сентябрда Ысык-Көл облусунун Саруу айылында айылдык кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Бирок депутаттыкка аттанган эркек-талапкерлер 30%дык квотаны “жигиттердин укуктарынын бузулушу” деп эсептеп, чогулуп Президентке арыз менен кайрылышты.

“Добуш ала албаса дагы бир шайлоо округунан үч аялды депутаттыкка шайлоо эркектердин укугун эске албагандык болуп саналат жана бул аялдар менен эркектердин ортосундагы чатакка алып келиши мүмкүн”, – деп жазылат документте.

Гендердик эксперт Банур Абдиева Саруудагы шайлоого байкоочу болгон. Анын айтымында, мыйзамды толук билбегендиктен жана айылдагы тынчтыкты сактоо максатында аял-талапкерлер эркектерге караганда азыраак добуш алган аял мандаттан өз каалоосу менен баш тартууга макул болушкан. Бирок, мыйзамга ылайык, ар кандай себептер менен аял мандаттан баш тарса дагы ордуна кайра аял келиши керек.

Банур Абдиева. Сүрөт Facebook жеке баракчасынан алынды

“Кечки саат 10дордо шайлоонун жыйынтыгы чыгып калды. Добуш берүүнүн электрондук системасы иштеди. Мыйзамга ылайык, 9 аял өттү, бул депутаттардын жалпы санынын 42%ын түздү. Сарууда биринчи жолу ушундай көрсөткүч болду. Мурдагы чакырылышта үч аял, андан мурдагысында эки аял болгон экен”, – дейт Абдиева.

Анын айтымында, квотада белгиленгенден пайыздан аял-депутаттардын саны көп болуп кеткенин билгенде эркек талапкерлер аялдардын санын 30%га тууралап айрым аялдар талапкерлигин алып салсын деген талаптарды коюшкан.

“Тилекке каршы, бул мисал прогрессивдүү мыйзам менен аң-сезимдин прогрессивдүүлүгүнүн ортосунда айырма чоң экенин көрсөттү. Кайсы бир учурда бул эки көрсөткүч бири-бирине теңелет деген ойдомун”, – дейт Абдиева.

Мындай кырдаалдар Сарууда гана эмес, Кыргызстандын башка айылдарында дагы аялдардын активдүүлүгүнүн аз экендигинин жыйынтыгы деп белгилейт эксперттер. Иш жүзүндө мандат үчүн күрөш эркектердин ортосунда эле жүрүп келе жатат.

Өзүмдөн билем

Бир канча жыл мурун “БУУ-аялдар” фонду жергиликтүү кеңештердеги аялдардын саны азайган тенденция улана берсе, 2020-жылга бул көрсөткүч 2%га, ал эми 2028-жылга нөлгө жетет деп эсептешкен.

Айнуру Алтыбаева. Photo: kaktus.media

Жаңы мыйзам аял-депутаттардын саны өсөт деген үмүттү берет. Эл өкүлү Айнуру Алтыбаева – жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн мандатка квота каралган мыйзамды 2015-жылы иштеп баштагандардын бири. Анын айтымында, Саруудагы мисал бул мыйзам иштеп кете турганын көрсөттү.

“Тилекке каршы, жергиликтүү кеңештерде аялдарга жакшы көз караш менен карабаган, мажоритардык шайлоо системасы калып калды. Бирок мамлекет квота берүүгө өз убагында көңүл бурду, себеби, бул жылдын августунда мыйзам кабыл алынбаса, айылдык кеңештердеги депутат-аялдардын саны мындан дагы ылдый түшмөк”, – дейт Алтыбаева.

Айрым маселелерде аялдар эркектерге караганда ачык айтып, эффективдүүрөк иштейт деп эсептейт парламенттин мурдагы депутаты Ширин Айтматова. Айрыкча “кыз ала качуу”, үйбүлөдөгү зомбулук, алимент төлөө сыяктуу темаларда. Жергиликтүү кеңештерге квоталарды киргизүү аял-саясатчыларды өстүрүүгө биринчи кадам деп үмүт кылат Айтматова.

Ширин Айтматова. Photo: chyndyk.kg

Бирок, эл алдына чыгып жүргөн аялдарды көп учурда капысынан чыгып калган же жакшы эмес үй кожойкелери катары кабыл алышаарын айтат.

“Мисал келтирейин. Жакында эле Жогорку Кеңештеги ун тармагын лобби кылган маселени көтөрүп чыксам, депутат Бакыт Төрөбаев анын ишин иликтегенден көрө Ч.Айтматов атындагы музейди ремонттоп албайсыңбы деп айтты. Менимче, ал “үйүңдү тазалап эле отура бер!” дегендей сөз айткысы келди” дейт Айтматова.

Мыйзамдын аткарылышына кепилдиктин жоктугу

Саруу окуясында эркек-депутаттар квотанын киргизилиши алардын укугунун бузулушу деп эсептесе дагы бул нерсе дискриминация эмес экенин белгилейт “Социалдык технологиялар агенттигинин” гендердик эксперти Бактыгүл Исланбекова. Анын айтымында, бул нерсе тескерисинче теңсиздикти жоюу аракети. Мындай атайын каралган чаралар тууралуу маалыматтык кампаниялар жүрүп турса аялдардын лидер болуп чыгышына жакшы жардам бермек, айрыкча, айыл жергелеринде.

Анын пикиринде, айылдагы аялдар каражатынын жоктугу аз келгенсип, коомчулук тарабынан дагы, кала берсе, үйбүлө мүчөлөрүнүн дагы колдоосуна ээ болбойт.

“Аял үйдө балап карап гана отурушу керек деген стереотиптер айылда күчтүү. Андан сырткары, активист аялдар, пикетчилер тууралуу негативдүү пикир дагы калыптанып калган. Ошондуктан, биринчи кезекте айыл жергесиндеги аял өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алып, колдоого муктаж”, – дейт Исланбекова.

Депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, аялдардын саясаттагы ордун жакшыртууга мамлекет тарабынан жумуштар жасалып жатат, бирок эл аралык уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын жана алардын түзүмдөрүнүн иштери кошумча жардам болот.

“Биз кыз ала качуу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатканда аялдардын бейөкмөт уюмдары тарабынан колдоону жана алардын иш алып баруусунун эффективдүүлүгүн сездим. Ошондо мен Бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери өз жумуштарын мыкты аткарып, аймактагы эл менен чогуу иш алып барганына күбө болдум. Аялдардын саясаттагы ордун жакшыртууга мамлекет менен ушундай бейөкмөт уюмдар чогуу иш алып барса эффективдүү болмок”, – дейт парламентарий.

Бирок мыйзамда 30%дык квотатынын болушу анын аткарылышына кепилдик бербейт. Жогорку Кеңештин мисалында бул квота талапкерлердин тизмесин түзүүдө гана иштейт, партия парламентке өткөндөн кийин аялдарга кысым көрсөтүлүп баштайт деп белгилейт Бактыгүл Исланбекова.

“Аял-депутаттар жана аялдардын уюмдарынын аракети менен мыйзамга тизмеден аялды алып салышса, ордуна аял келе турган норма кирди. 2020-жылы бул норма шайлоодо кантип иштерин көрүүгө мүмкүнчүлүк болот”, – дейт гендердик эксперт.

Азырынча Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен парламентте аялдардын үлүшү аз болгон өлкө, тагыраак айтканда – 15%ды түзөт. Казакстандын Мажилисинде бул көрсөткүч 27,1% жана сенатында 6,4%, Түркменстандын Меджлисинде 25% аялдар ээлеген. Тажикстандын Маджилис Оли палатасында 19% жана Маджлис Олинин Улуттук Кеңешинде -21,9% аялдар. Өзбекстанда болсо мыйзам чыгаруу палатасында 16%, Сенат Олий Мажлисинде 17% аял-депутаттар бар.

 


Бул макала “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” долбоордун алкагында даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: