© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Жакынга жардам: кайрымдуулукту алдамчылыктан кантип айырмалайбыз?

Кыргызстанда кайрымдуулук сектору өнүгүп жатат. Бирок жакшы иш бар жерге жаманы да жабышат: чыныгы жардам менен катар эле алдамчылык фактыларынын саны өсүүдө.


Биз Кыргызстандагы кайрымдуулук фонддордун айрымдарынын өкүлдөрү менен баарлаштык. Алдамчылар өз пайдасы үчүн алардын атын жамынган учурлар тууралуу сөз болду. Ошондой эле алар кайрымдуулукту алдамчылыктан кантип айырмаласа болору тууралуу кеңештери менен бөлүшүштү.

«10-12 жыл мурун биздин камкордугубуздагы энеге бирөөлөр келип, “Бабушка Эдопшн” фондунун кызматкери катары өздөрүн тааныштырышыптыр. Ушул себептен аларды үйгө киргизишкен. Тилекке каршы, энени тоноп кетишкен. Кийин ал кеңсебизге келди, милиция чакырттык. Биз ак ниет иштей турганыбызды, кызматкерлерибиздин эч кимиси бирөөлөрдү тонобой турганын түшүндүрдүк», – дейт «Бабушка Эдопшн» кайрымдуулук фондунун директору Айдай Кадырова.

Айдай Кадырова. Photo: sputnik.kg

Бул окуя жалгыз учур эмес. Алдамчы ушундай эле ыкма менен уюмдун камкордугундагы башка бир аялдын кыймылсыз мүлкүн өзүнө менчиктеп алганга аракет кылган.

«Бул ишти биз шаардык прокуратура аркылуу териштиргенбиз. Ал жакта баарын ордуна коюшту:  энеге, азыр аны көзү өткөн, сотко жеткирбей мүлкүн кайтарып беришти», – деп сөзүн улады Айдай Кадырова.

Биринчи учурда улгайган аялдын саламаттыгында менталдык көйгөйлөр бар эле («Бабушка Эдопшн» фондунун камкордугуна алынгандардын бир бөлүгү — психикалык жана жүрүм-турум кемтиктери бар адамдар, – авт. эскерт.). Мындан улам ал өз көрсөтмөлөрүндө чаташып турган. Жыйынтыгында иштин аягына чыга алышкан эмес: алдамчылар табылган жок, соттук териштирүүлөр болбоду.

Photo: babushkaadoption.org

«SOS» жаштар кайрымдуулук уюмунун башчысы Эрмек Омуров башка жагдайга бет келген. Алар Ош жана Жалал-Абад облустарындагы балдар үйлөрүнө сапарга чыкканы жатышкан. Жалал-Абаддагы кайсы бир коргоо секторунун башчысы жардам берем деп байланышып, транспорттук чыгымдарга кесиптештеринен жана тааныштарынан каражат чогултарын айткан.

«Биз транспортту жалдадык: оор жүк ташуучу унаага буюмдарды жүктөп, өзүбүз жеңил унаада жолго чыктык. Тиги кишинин айтымында, облустан чогулткан 24 миң сому (283 АКШ доллары) колунда даяр эле. Жеткенде ал бизди тосуп алып, убакытты текке кетирбей буюмдарды балдар үйлөрүнө тарата беришибизди, кийин ага фото жана видеоотчетторду жиберип коюшубузду суранды. Анан Жалал-Абаддан Ошко чейинки транспорттук чыгымдарды төлөп берип, балдарга кийим-кече, буюмдарды сатып берем деп убада берген», – дейт Эрмек Омуров.

Бирок ал билдирүү, чалууларга жооп бербей койду. Ыктыярчылар болсо ошондон кийин аны көрүшкөн эмес.

«Балким, ал биз жиберген сүрөт, видеолорду акча чогулткан адамдарына далил катары көрсөткөн», – деп тактоо киргизди Омуров.

Мындан сырткары ал  2018-2019-жылдары борбордо иштеп турган фонддордун бириндеги алдамчылык окуясы менен бөлүштү. Мекеме «Дордой» базарынан кайрымдуулук үчүн деп ар кандай кийим-кечелерди чогултуп, аларды кайра Ош базарында  сатып жүргөн.

Садага кылынган каражаттарды кара ниеттик менен пайдаланган учурлар да кездешет. Оор илдетке чалдыккан кыздын операциясына жана дарылануусуна чогултулган акчаны апасы өз муктаждыктарына сарптап, ошол каражатка жашап жүргөн.  Бул жаатта айрым кайрымдуулук уюмдарында нааразылыктар, териштирүүлөр көп эле жолу болду.

«Кийим-кече чогулткан фонд азыр иштебейт. Бир же бир жарым жылдай иштеп, бирок өз ишмердүүлүгү боюнча эч кандай отчет бере албаган үчүн жабылууга аргасыз болушту. Оорулуу кыздын апасына келсек, аларга фонддор жардам берүүнү токтотту, уюмдар өз ара сүйлөшүп, аял акчаны өзүнө коротконду токтотконго чейин бойкот жарыялашты», – дейт Эрмек Омуров.

Мындай учурлар көп. Ыктыярчы Надежда Хохлова Sputnik басылмасына берген интервьюсунда жардамга муктаждыгы жоюлган адамдар акча чогултууну уланта берерин айткан. Бир киши кайрымдуулук фондуна баласынын оорулуу экенин ырастаган документтерди жиберет. Бирок бала айыгып кеткени кийин белгилүү болот.

Башка окуя – рактан каза болгон баланын ата-энеси алардын уулуна жардам берүүнү каалагандардан акча кабыл алууну токтотушкан эмес. Ал тургай акыркы сапарга узатуу маалында да чалууларга жооп берип, банк реквизиттерин айтып турушкан.

2018-жылы Чүй ОИИБси «Благо.kg» кайрымдуулук фондунун башчысы Назгүл Сейитбекти жер тилкелерине байланыштуу алдамчылыкка шектеп, ага издөө жарыялаган. Укук коргоо органдарынын маалыматында, алар карапайым жарандардын акчасын алып, жер тилкелерин убадалашкан. Жыйынтыгында адамдар жерден да, акчадан да жок отуруп калышкан эле.

Муктаждарга жардам берем деп жатып алдамчылардын торуна илинбеш үчүн эмне кылуу кеерек?

Эксперттердин ою бир жерден чыгат: анык бир белгилер жок. Кайсы бир кайрымдуулук уюму элди тоноп жүргөнүн же соцтармактардагы жардам сураган кайсы бир жарыя жалган экенин аныктоо өтө кыйын. Бирок жардам өз дарегине жетиш үчүн кандай иш-аракет, чараларга баруу керектиги боюнча көрсөтмөлөр бар.

Эгер сиз кайрымдуулук уюмуна садага берейин деп жатсаңыз, анда:

Анын репутациясын текшерүү керек

Жалкоолонбоңуз, мекеме тууралуу бардык маалыматты интернеттен изилдеп көрүңүз, ал жөнүндө пикирлерди окуңуз. Мүмкүнчүлүккө жараша уюм менен байланышы бар тааныштарыңыздан сураштырыңыз. Уюмдун веб-сайтын жана социалдык тармактардагы баракчаларын карап чыгыңыз.

«SOS Кыргызстандын Балдар айылдары» коомдук фондунун улуттук директору Лира Джураеванын кеп-кеңешине кулак салсак, мекеменин структуралаштырылганына көңүл бөлүү керек: муктаждарга жардам берүүнүн ар кандай варианттары же анык бир пакеттер сунушталат. Башкача айтканда, сиз үй-бүлөнүн демөөрчүсү, оорукананын демөөрчүсү боло аласыз. Же болбосо балдардын кошумча билим алуу курстарынын акысын, тамак-ашын, кеңсе буюмдарын төлөй аласыз.

Сабаттуу фандрайзинг (садагаларды чогултуу – авт.эск.) жардам колун сунган адамга дайыма тандоо берет. Фандрайзердин милдети – тартууну жасаш үчүн болушунча ыңгайлуу ваританттарды берүү. Мындай система иштегенде, ага болгон ишеним да пайда болот.

«Мисалы, биздикине окшош уюмдар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде катталган. Мамлекеттик органдар менен байланышып, мисалы, ал уюм салыктарды төлөйбү же жокпу деген сыяктуу суроолор менен кызыгып көрсөңүз болот», – деп түшүндүрдү Айдай Кадырова.

Ачык-айкындыгына ынаныңыз

Уюмдун фотототчетторун, видеоотчетторун, каржылык отчетторун изилдеңиз. Жашыра турган эч нерсеси жок фонддор коом үчүн болушунча ачык болот.

Эгер сиз бир иш чара тууралуу жарыя менен анын фото  же видеоотчетунун ортосунда көп убакыт өткөнүн байкасаңыз, сак болуңуз. Анткени ак ниет мекемелер андай иш чаралардан кийин дароо маалымат берип, кимдер катышканы жана башка тууралуу кабарлашат.

Ошондой эле мекеменин веб-сайтында же социалдык тармактарында каржылык отчеттор жеткиликтүү болбосо, сиз уюм менен түз байланышып, маалымат сурай аласыз.

Бардык маалыматтарды текшерип, тактоо керек (жарыялар, реквизиттер)

«Биздин интернет-шилтемени өзгөртүлгөн реквизиттер менен тараткан учурлар болгон. Ошондуктан аларды текшерген жакшы, уюмдун администрациясы менен байланышып, уюмдун расмий баракчаларындагы жарыялардагы реквизиттер менен салыштырыңыз», – деп кеңеш берет Эрмек Омуров.

Ыктыярчылардан расмий документтерди жана каттарды сураңыз

Эгер көчөдө сизге өзүн кайсы бир кайрымдуулук уюмдун кызматкери же ыктыярчысы катары тааныштырган адам кайрылса, андан өздүгүн тактаган документтерин, уюмдун расмий катын көрсөтүшүн сураңыз.

Мисалы, «SOS» жаштар кайрымдуулук уюмунун ыктыярчыларында бейджиктер бар, анда алардын аты-жөнү, мекеменин Instagram`дагы баракчасы көрсөтүлгөн. Колдорунда болсо уюмдун мөөр менен ырасталган каты, анын артында фонддун каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү болот.

Эгер ыктыярчы, кызматкер калктын аялуу катмарындагы адамдын үйүнө келсе, маектешүүгө кошуналарды же башка тааныштарды тартуу керек, эч кандай кагаздарга кол койгонго болбойт.

Уюмдун диалогго даярдыгын баалоо

Уюмга түздөн-түз кайрылып, сизди кызыктырган бардык маалыматты сурагандан тартынбаңыз. Албетте, тигил же бул кайрымдуулук уюмдун же/жана фонддун бенефициарлары болгон адамдардын жеке маалыматтарынан башкасына кызыга аласыз. Бул жашыруун маалымат.

Социалдык тармактарда жардам сураган физикалык жактарды текшерүү кыйындайт. Бирок негизги эреже өзгөрүүсүз бойдон: ал адамдар же окуялар тууралуу көбүрөөк маалыматты изилдеп көрүш керек. Чынында жардамга муктаж кишилер суроолорго ачык болуп, баарлашууга даяр турушат.

Адамдын умтулуусун баалоо

Лира Джураева белгилегендей, кимге жардам бериш керек деген маселе жаралса, анда өз жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө даяр адамдарга көмөктөшүү зарыл. Адамда кийин өз алдынча болуш үчүн өнүгүүгө умтулуу, каалоо, даярдык барбы? 

“Эгер адам каражатты мыйзамдуу чогултуп жатса, анда ал тууралуу Интернетте көп маалыматтар болот. Фонддор ал жөнүндө жарыялай башташат. Азыр алар өздөрү текшерген гана маалыматтарды чыгарышат”, – дейт Эрмек Омуров.

Бирок мүмкүчүлүккө жараша жардам сураган адамдан өзүңүз кабар алып, анын муктаждыгын көзүңүз менен көрүп келгениңиз жакшы. Балким, сиз акчалай эмес, башка жардамыңызды, мисалы жумуш сунуштай аласыз, – деп сөзүн бүтүрдү Лира Джураева.


Материал Норвегия ТИМ колдоосунда «Amplify, Verify, Engage: Information for Democratisation and Good Governance in Eurasia» аттуу IWPR долбоорунун жана Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосунда Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR, Норвегия ТИМ же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: