© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Псевдодиагноздор, гипердиагностика жана пайдасыз дары-дармектер – далилдүү медицина жѳнүндѳ эмне билесиз?

COVID-19 пандемиясы толгон токой мифтер менен жайнаган фейктердин жаралышына ѳбѳлгѳ болду: дүйнѳ жүзүндѳгү элдер ар кандай күмѳндүү ыкмалар менен дарыланып, конспирологиялык теорияларга ишенип жатышты.


Сарымсак пайдалануу, хлордуу акиташтын буусу менен дем алуу, ысык ванна процедураларын жасоо, ал тургай уулу ѳсүмдүк экенине карабастан Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри ѳзү сунуштаган уу коргошунду (аконит)  колдонуу сыяктуу альтернативдүү медицина ыкмалары ѳзгѳчѳ популярдуулукка жетти.

Бирок медицинадагы мифтер жалгыз эле коронавирустук инфекция эмес, тѳмѳнкүдѳй кубулуштар менен дагы байланыштуу:

  • пайдасыз дары-дармектер – натыйжалуулугу далилденбеген дарылар,
  • туура эмес диагноздор,
  • гипердиагностика – текшерилген бейтапта оорунун же анын күчѳп кеткен формаларынын бар экендиги жѳнүндѳ туура эмес медициналык корутунду (чынында оору жок же анчалык катуу күчѳп кеткен эмес).
  • альтернативдүү медицина.

Альтернативдүү медицина деген эмне?

Альтернативдүү медицина оорулардын алдын алуу же аларды дарылоонун натыйжалуу эмес деп кабыл алынган же болбосо илимий жактан текшерүү мүмкүн болбогон ыкмаларын камтыйт.

Далилдүү медицина деген эмне?

Далилдүү медицина же болбосо илимий медицина – бул далилдерге негизделген медицина. Башкача айтканда, медициналык практикага карата профилактикалык, диагностикалык жана дарылоо кийлигишүүлѳрүн колдонуу тууралуу чечимдер алардын натыйжалуулугу менен коопсуздугу боюнча колдогу далилдерге таянып кабыл алууну талап кылган мамиле. Мындай далилдер бааланууга, салыштырылууга, жалпыланууга жана бейтаптардын пайдасына колдонуу үчүн кеӊири жайылтылууга тийиш.

Далилдүү медицина ар бир конкреттүү оорулууну дарылоодо изилдѳѳнүн натыйжаларынын эӊ мыктыларына таянып, аларды ойлонуштуруп, так жана ак ниеттүү пайдаланууну талап кылат.

Дал ушул далилдүү медицина мифтерди четке кагуу менен ар түрдүү илдеттерди диагностикалоонун, дарылоонун, ошондой эле анда колдонулган дары-дармек каражаттарынын натыйжалуу же натыйжалуу эмес экенин далилдейт.

Келгиле, айрым мифтерди карап чыгып, силердин далилдүү медицина боюнча билимиӊерди текшерип кѳрѳлү.

* Тест Кыргыз Республикасында далилдүү медицина тармагынын эксперти Бермет Барыктабасованын консультациялык жардамы менен түзүлдү.

Башкы фото: iStock


Публикация Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: