© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстандагы Covid-19га каршы вакцинация: эң кеңири таралган суроолорго жооптор

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматтары  боюнча, 2021-жылдын 5-августуна карата Кыргызстанда 505 миңден ашуун адам вакцина алган. Бул вакцинациядан өтүүгө тийиш болгон жарандардын жалпы санынын 14,8% ын түзөт. Вакцинанын эки дозасын  135 миңден ашуун адам алды.

Өлкөдө вакцинация  марттын аягында башталган, бирок дагы эле көптөгөн мифтер менен чулганып, калк арасында кызуу талкуулардын негизги предмети бойдон калууда.

Борбордук Азия өлкөлөрүндө вакцинаны кантип жана кайдан алууга болору жана вакцинация паспорту деген эмне экендиги тууралуу  бул жерде  жазганбыз.

Вакцинация тууралуу эң көп берилген суроолорго Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациянын республикалык борборунун адиси Марина Дүйшөнкулова менен биргеликте, ачык маалыматтардын негизинде жооп беребиз.

COVID-19га каршы кайсы вакциналар азыркы учурда Кыргызстанда жеткиликтүү?

10-августка карата маалыматтар боюнча, кыргызстандыктар төмөндөгү препараттар менен вакцинациядан өтө алышат:

  • AstraZeneсa,  Оксфорд университети жана  англо-шведдик AstraZeneca компаниясы тарабынан иштелип чыккан (Улуу Британия);
  • Sinoрharm, «Sinoрharm» Улуттук фармацевттик тобу тарабынан иштелип чыккан (Кытай).
  • «Спутник V», Н. Ф. Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан  (Россия).
Бул вакциналар ден соолук үчүн чын эле коопсузбу? Кээ бир маалыматтар боюнча, мисалы,  AstraZeneсa тромбозду пайда кылат экен, чынбы?

Ооба, алардын бардыгы коопсуз. Аталган вакциналар  коопсуздуктун, натыйжалуулуктун жана сапаттын  клиникалык сыноолорунун бардык үч фазасынан өткөн.

            AstraZeneсa вакцинасы тууралуу айтсак, андан чынында эле ошондой кошумча көрүнүштөр байкалууда, бирок сейрек.  Окумуштуулар далилдегендей, кандын уюшу менен байланышкан көйгөйлөр түрүндөгү кошумча көрүнүштөрдүн жыштыгы вакцина алган 100 миң адамдан 1 учурду түзөт.

Вакцинациянын алдында пцр жана/же антителолорго тест тапшыруу керекпи?

Жок, анын эч кандай зарылдыгы жок.  Респиратордук оорулардын же коронавирустук инфекциянын белгилери болгондо, вакцинация жүргүзүлбөйт, ошондуктан вакцина алардан мурда ПЦР-тест тапшыруу милдеттүү эмес. Ал эми антителолордун болушу COVID-19дан сактоого кепилдик бербейт.

Кош бойдуу аялдар вакцина алса болобу?

Жок, Кыргызстанда кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга вакцина алуу азырынча сунушталган жери жок, анткени аларга клиникалык сыноолор жүргүзүлгөн эмес.

Ошондой болсо да, 2021-жылдын 16-июлунда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуштамаларды жаңыртып,  кош бойлуу аялдарды вакцинациялоону артыкчылыктуу вакцинациялоонун экинчи тобуна киргизди. Эксперттердин бүтүмү боюнча, COVID-19 репродуктивдүү курактагы кош бойлуу эмес аялдарга караганда кош бойлуу аялдарды илдеттин оор өтүү коркунучуна кептейт, ошондой эле түйүлдүктүн саламаттыгына таасир тийгизет.  

БДССУнун тизмесине ыкчам колдонуу үчүн киргизилген бардык вакциналар үчүн бооз жаныбарларга жүргүзүлгөн изилдөөлөр вакцинациядан кийин кандайдыр бир терс натыйжалар болбогонун көрсөттү.  

Бала эмизген аялдарга кайрылсак, БДССУ вакцинацияга байланыштуу эмизүүнү токтотуп койбоону сунуш кылат. Анча ири эмес изилдөөлөрдүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, вакцина эненин сүтүндө антителолорду пайда кылып, бул болсо ымыркайды кандайдыр бир кыска мөөнөткө коргоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Ошентсе да, бала эмизген аялдарды жана кош бойлуу аялдарды вакцинациялоонун  коопсуздугу тууралуу маалыматтарды топтоо улантылууда.   Тизмесин Pfizer/BioNTech жана Moderna түзгөн  мРНК-вакциналар буга кирбейт  – фармакокөзөмөлдүн маалыматтарына таянсак, кош бойлуу аялдарды бул препараттар менен вакциналоо алардын коопсуздугуна кошумча коркунучтарды пайда кылган эмес.

Вакцина алгандан канча убакыттан кийин кош бойлуулукту пландай берсе болот? Вакцинация тукумсуздукка алып келет деген чынбы?

Азыркы учурда кош бойлуулукту толук вакцинациядан бир айдан кийин пландоо сунуш кылынууда. Коронавирустук инфекция менен ооруп айыккандан кийин 2-3 ай күтө туруу керек,  ал эми илдет оор өтсө, 3-6 айды өткөрүү алгылыктуу. Вакциналар аялдардын болсун, эркектердин болсун репродуктивдүү функциясына терс таасир тийгизгени тууралуу маалыматтар жок.  

БДССУ билдиргендей, COVID-19га каршы вакциналар тукумсуздукка алып келет деген сөздөр чындыкка туура келбейт.  

Балдарды да вакциналоого болот деп жатышат. Бул туурабы?

Июнь айында БДССУ 12 жаштагы жана андан жогорку курактагы балдар жана өспүрүмдердү вакциналоого расмий түрдө уруксат берген,  ошондой эле оор өнөкөт коштоочу илдеттери бар 12-15 жаштагы балдар жана өспүрүмдөрдү вакцинация үчүн артыкчылыктуу топко киргизген.  Бирок уюм  Pfizer/BionTech  вакцинасы менен гана эмделүүнү сунуш кылат.

Аталган вакцинаны 12 жаштагы жана андан жогорку курактагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн колдонууга АКШнын Азык-түлүк жана медикаменттердин сапаты маселелери боюнча башкармалыгы (FDA) тарабынан да уруксат берилген. Дары-дармек каражаттарынын европалык агенттиги (EMA) 12 жаштан жогорку курактагы балдар жана өспүрүмдөрдү Moderna вакцинасы жана Pfizer/BionTech вакцинасы  менен вакциналоого жол берген.

Бул вакциналар менен балдар жана өспүрүмдөрдү Улуу Британияда, Францияда,  Испанияда, Италияда, Нидерландыда, Германияда ж.б. эмдөөдөн өткөрүп  жатышат.  

АКШда, Канадада, Украинада – 12 жаштан жогору – Pfizer/BionTech вакцинасы колдонулууда.

Швецияда 16-18 жаштагы балдарды Pfizer/BioNTech вакцинасы менен эмдөө жүргүзүлүүдө, 12 жаштан 16 жашка чейинки балдар тобокелчилик тобунда болсо же тобокелчилик тобундагы адамдар менен чогу жашаса, вакцинацияга укугу бар.

Кенже курактагы балдарга вакцинация жүргүзүү төмөнкү өлкөлөрдө уруксат берилген:  

  • БАЭ –  3 жаштан 11 жашка чейин – Sinopharm вакцинасы менен, ал эми 12 жаштан 15 жашка чейин –  Sinopharm же Pfizer/BioNTech вакциналары менен;
  • Кытай – 3 жаштан өөдө –  Sinovac вакцинасы же  Sinopharm вакцинасы менен;
  • Израиль – 5 жаштан 11 жашка чейин, бирок илдетинин олуттуу татаалдашуу коркунучунда тургандарды гана,  12 жаш жана андан жогорку курактагылардын бардыгын – Pfizer/BioNTech вакцинасы менен.

Кыргызстанда азырынча балдарды вакциналоо жүргүзүлбөй эле.

Вакцинанын  биринчи дозасынан кийин коронавируска чалдыгуу коркунучу жогору деген чынбы?

Вакцинанын эки дозасынын аралыгында коронавирустук инфекцияга чалдыгуу коркунучу бар, бирок ал эмделбеген адамдарга салыштырганда, көп эмес.

Вакцина сайылгандан кийин иммунитет иштелип чыгыш үчүн убакыт керек, ошондуктан инфекцияга чалдыгып калуу мүмкүн. Маселен, адам вакцинацияга чейин өзүн обочолонтуу режимин так сактап келсе, вакцинанын биринчи дозасын алгандан кийин ал режимди бошоңдотуп жиберип, инфекцияны жуктуруп алышы ыктымал, бул, өзгөчө, улгайган адамдарга жана тобокелчилик тобуна кирген башка адамдарга тиешелүү.  Ошондой эле эмдөө жүргүзүлгөн күнү башка адамдар менен контакт болгондо да жугузуп алуу коркунучун жокко чыгарууга болбойт.

Ошондуктан коопсуздук, сактануу чараларын – беткап тагынуу, колду такай жууп туруу, социалдык аралыкты сактоону – дайым кармануу керек.  

Биринчи дозаны бир вакцина, ал эми экинчи дозаны башка вакцина менен алууга болобу?

Жок, аралаштырууга таптакыр болбойт. Эгер биринчи дозаны, мисалы, Sinoрharm, алсаңыз, экинчи дозасында да ушул эле вакцинаны алуу зарыл.

Бул жааттагы изилдөөлөр дагы эле улантылып жатат жана вакциналарды аралаштыруу кандай натыйжаларга алып келери азырынча белгисиз.  

Мисалы, вакциналардын өз ара аракеттешүүсү тууралуу оксфорддук изилдөөнүн алдын-ала маалыматтары боюнча, биринчи дозага AstraZeneca, андан кийин экинчи дозага  Pfizer алган адамдарда жеңил түрдөгү безгек жана орточо оордуктагы башка кошумча эффектилер эки дозасын тең AstraZeneca менен эмделген адамдарга караганда көбүрөөк байкалган.  Бул тууралуу  БДССУнун өкүлү Кристиан Линдмайер 13-июлдагы брифингде  билдирген.  

Вакцинациядан кийин кандай кошумча эффектилер пайда болушу мүмкүн?

Вакцинациядан кийин көп учурда иньекция болгон жерде жерде оору жана кызаруу, сейрек учурда баш оору, дене табынын көтөрүлүшү байкалат.  Айрым учурларда артериялык басымдын жогорулашы орун алышы мүмкүн.

Вакцинациядан кийин  иньекциянын ордуна суу тийгизүүгө, мончо, сауна, бассейнге  түшүүгө, спирттик ичимдиктерди ичүүгө болбостугун жана оор жумуш, ашыкча кыймыл-аракет кылбоо керектигин эстен чыгарбаңыздар.

Вакцинанын экинчи дозасын туура 21 күндөн кийин алуу керекпи же андан эрте/кеч деле ала берсе болобу?

Экинчи дозаны биринчи дозасын алгандан 21-28 күндөн кийин алуу зарыл, анткени бул аралыкта гуморалдык иммунитет (клетканын сыртындагы мейкиндиктерди коргоочу иммунитет – авт. эск.) калыптанат.  Ал туруктуулугу менен өзгөчөлөнбөйт, эки айдын ичинде жоголуп кетет. Ошондуктан иммунитеттин туруктуулугун жогорулатуу үчүн, клеткалык иммунитеттин өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн экинчи дозаны алуу керек, ал, өз кезегинде, узак убакыт сакталат.

Вакцинанын экинчи дозасын алууга каршы көрсөтмөлөр барбы?

Вакцинанын экинчи дозасын алууга каршы көрсөтмөлөр болуп аллергиялык реакциялар жана биринчи дозадан кийинки олуттуу татаалдашуулар эсептелет. Бирок бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда вакцина алгандардын арасында мындай татаалдашуулар учурай элек.

Мен жаңы эле коронавирус менен ооруп айыктым. Мен вакцина алышым керекпи?

Ооба, керек. Ооруп айыккандан алты айдан кийин вакцина алуу сунушталат.

БДССУ да ушул позицияны туура деп эсептейт, анткени алты айдын ичинде адамдын организминде коронавирустук инфекцияга каршы иммунитет сакталат жана бул аралыкта  реинфекция сейрек кездешет. 

Бирок башка да пикир бар.  Мисалы, АКШнын Илдеттерди көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору адамдарга айыккандан кийин дароо эле вакцина алууну сунуш кылат.  

Менде антителолордун деңгээли жогору. Мен вакцина албай эле койсом болобу?

Ооруп айыккандан кийин антителолордун туруктуулугуна кепилдик жок, андыктан, антителолордун титри жогору болсо деле, баары бир вакцина алуу зарыл.

Анын үстүнө, БДССУнун Россиядагы өкүлү Миелита Вуйнович  РБК менен маегинде айткандай, иммунитетке баа берүү татаал маселе болуп эсептелип, түрдүү илимий деңгээлдерди жана татаал лабораториялардын болушун талап кылат. Коммерциялык тесттерде белгилүү бир антителолордун болушу алар вирусту токтото аларын билдирбейт.

Мен вакцинанын эки дозасын тең алдым. Эми коронавирустан коркпой эле койсом болобу?

Алдын ала сактануу, коопсуздук чараларын сактоо маанилүү. 

 БДССУнун айтуусуна ылайык,  COVID-19га каршы вакцина олуттуу татаалдашуулардын жана өлүмдүн алдын алган менен, адамды ооруну жуктуруп алуудан жана башка адамдарга вирусту жайылтуусунан канчалык даражада сактай алары азыркыга чейин эле белгисиз.  

Жок дегенде беткап тагынбай койсом болобу?

Тилекке каршы, болбойт. Жогоруда көрсөтүлгөн себепке байланыштуу, вакцинанын таасирине карабастан, алдын алуунун бардык чараларын сактоо зарыл: беткап тагынуу, колду самын же курамында спирт бар каражат менен такай жууп туруу, социалдык аралыкты сактоо.

Жакшы иммунитет үчүн дагы бир вакцина алуу керек деген сөздөр бар. Ушул чынбы? Канча убакыттан кийин алса болот?

Вакцинанын кошумча, башкача айтканда, бустердик дозаларын алуу азырынча кажет эмес, анткени толук биринчилик вакцина клеткалык иммунитетти орточо алганда 6-8 айга сактап турат.

Мындай сунуштаманы БДССУ да колдойт. Уюм 10-августта  билдиргендей, биринчилик вакцинациянын сериясынан кийин бустердик дозаларга болгон кандайдыр бир кеңири таралган  керектөө-муктаждык тууралуу маалыматтар чектелген жана ынанымсыз түрдө болууда. Андан сырткары, мурунураак БДССУ өлкөлөрдү ревакцинацияга жок дегенде сентябрга чейин мораторий киргизүүгө  чакырган

Бирок бир катар өлкөлөрдө бустердик вакциналарды алууга уруксат берилген. Маселен,  Израиль 50 жаштан жогорку курактагы адамдарга Pfizer/BioNTech вакцинасынын үчүнчү дозасын алууга жол берди. АКШ иммундук системасы начарлаган адамдарга  COVID-19га каршы Pfizer/BioNTech жана Moderna вакциналарынын үчүнчү дозасын алууга  уруксат берди.  БАЭ  августта бустердик эмдөөлөр өлкөдөгү толугу менен вакцинацияланган бардык адамдарга жайылтыла турганын билдирген.

Германияда, Улуу Британияда, Францияда, Швецияда жана башка өлкөлөрдө улгайган адамдарга жана тобокелчилик тобундагы адамдарга вакцинанын кошумча дозаларын алууга кийинчерээк жол берүү пландалууда.  

Ревакцинацияны эми ар бир жарым жылда жасап туруу керек деген чынбы?

Биздин организмибизде  клеткалык  иммунитет болот, ал вирустун антигени тууралуу маалыматты сактап турат, бул эс-тутум антителолор жок болуп кетсе деле сакталат. Вирус кайрадан организмге киргенде, иммундук система инфекцияга жооп берүү үчүн антителолорду иштеп чыгат.

Ошону менен катар эле, эс-тутум клеткалары вируска каршылык көрсөтүүгө үлгүрбөй калат, ошондуктан эпидемия учурунда антителолордун жогорку деңгээлин кармап туруу керек деген да пикир бар. Организм иммундук системанын спецификалык бөлүгүн толук «согуштук даярдыкта» кармап турбайт, эгер ал узак убакыт бою антигенге туш болбосо, антигенге болгон реакция убакыттын өтүшү менен начарлайт. Демек, өзүн коопсуздандыруу үчүн эмдөөнү 6-8 айда бир жүргүзүп туруу керек.  

Ревакцинацияны ар бир жарым жылда өтүп турууну Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги сунуш кылат: «Жагымсыз эпидемиологиялык кырдаалда эмдөөнү алты айдан кийин кайталоо зарыл. Андан кийин ревакцинацияны жылына бир жолу жүргүзүүгө болот», -деп Министрликтин убактылуу сунуштамаларын «Российская Газета»   билдирет.  

Ошондой эле,  CBSNews маалыматы боюнча, президент Джо Байдендин администрациясы 2021-жылдын августунда көпчүлүк америкалыктарга COVID-19га каршы вакцинанын экинчи дозасын алгандан 8 айдан кийин кайра эмделүүнү сунуш кылары күтүлүүдө.  Бустердик дозалар Азык-түлүктөрдү жана медикаменттерди көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан толук жактырылып, Илдеттерди көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору тарабынан кол коюлгандан кийин сайыла баштайт.

Ал эми, жогоруда көрсөтүлгөндөй, БДССУ ревакцинацияга сунуштамаларды азырынча бере элек, андыктан Кыргызстанда ревакцинация жүргүзүлгөн жери жок.  

Ревакцинацияны ошол эле вакцина менен жүргүзгөн жакшыбы же башка вакцина мененби?

Биринчилик вакцинация жзргүзүлгөн вакцина менен  ревакцинациялоо милдеттүү деле эмес.  

Мисалы, Камбоджада Sinovac жана Sinopharm вакцинасын алгандарга кошумча  вакцина катары AstraZeneca сунуш кылынууда. Тескерисинче, AstraZeneca вакцинасы менен эмделгендерге Sinopharm вакцинасын алуу сунушталууда. Чилиде  Sinovac менен биринчилик вакциналанган 55 жаштан жогорку курактагы адамдарга үчүнчү доза катары AstraZeneca жана Pfizer/BioNTech вакциналарын колдонууга жол берилди.  

Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги да  колдо болгон каалаган вакцина менен ревакцинациялоого уруксат берген.  

АКШда биринчилик вакцинация жүргүзүлгөн вакциналардын (Pfizer/BioNTech жана Moderna) гана үчүнчү дозасын алуу сунуш кылынат.  Июнда АКШнын Саламаттыкты сактоо улуттук институттары (NIH) 1/2 фазасынын клиникалык сыноолорун  баштаган, анын жүрүшүндө күчөтүлгөн аралаш системалардын коопсуздугун жана иммуногендүүлүгүн аныктоо үчүн COVID-19га каршы толук вакциналанган чоң адамдардан турган ыктыярчылар түрдүү вакциналардын кошумча дозасын алышат. Жыйынтыктарды 2021-жылдын жай мезгилинин акырына карата алуу күтүлүүдө.  

«Спутник V» - «бир жолку» вакцина жана аны менен ревакцинация кылууга болбойт деген туурабы?

«Спутник V» бул – адамдын аденовирусун камтыган вектордук вакцина. Бул  аденовирус адамдын организмине коронавирустук инфекциянын гендик материалын алып кирет, ошондуктан эмдөөдөн кийин  COVID-19га гана каршы эмес, аденовирус векторлоруна да каршы  иммунитет пайда болот. Вектордук вакцинаны кайталап сайганда инфекцияга каршы иммундук жооп төмөндөп кетиши мүмкүн, анткени  аденовирустар иммунитет тарабынан жок кылынат. Ошондуктан вектордук вакциналар менен биринчилик вакциналангандан кийин башка препараттар менен ревакциналанган алгылыктуу.  

Россиялык эксперттердин бир бөлүгү ушул пикирди  колдошот.  Бирок «Спутник V» вакцинасын иштеп чыккан Гамалея атындагы Борбордун директору Александр Гинцбург бул вакцина менен ревакцинация мүмкүн гана болбостон, биринчилик вакцинацияга караганда кыйла натыйжалуу болорун  айтат.  

«Биздин өлкөдө да, чет өлкөлөрдө да жүргүзүлгөн бир катар изилдөөлөрдүн маалыматтары көрсөткөндөй, аденовирустарга ага чейин орун алган иммунитет аденовирустук векторлордун негизиндеги вакциналар менен иммунизациялагандан кийин иммундук жооп берүүнүн өнүгүшүнө эч кандай таасир тийгизбейт. Ал гана эмес, максаттуу антигенге иммундуулукту жоготпостон, аденовирустук векторлор менен ревакцинациялоо мүмкүнчүлүгү далилденди», – деп билдирди ал. 

Азыркы учурда Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги «Спутник V» менен ревакцинация кылууга жол берген, бирок Гинцбургдун позициясын ырастай турган изилдөөлөр боюнча ачык маалыматтар жок.

Инактивацияланган  вакциналар тууралуу айтсак, аларга кытайлык  Sinopharm, Sinovac препараттары, ошондой эле россиялык «КовиВак» кирет, ал эми алар менен ревакцинация боюнча сунуштамалар ар түрдүү өлкөлөрдө ар башкача болууда.  Бирок көп учурда колдо болгон каалаган вакцинага уруксат берилип жатат.

Вакциналар коронавирустун жаңы штаммдарына каршы натыйжалуу болобу?

Вирустун потенциалдуу варианттарына карата алганда, БДССУнун билдирүүсү боюнча,   COVID-19га каршы вакциналар полиспецификалык иммундук жоопту пайда кылат, андыктан вирустун каалагандай өзгөрүүлөрү же  мутациялары вакциналарды толугу менен натыйжасыз кыла албайт. Эгер бул вакциналардын кайсы бири бир же бир нече варианттарына каршы азыраак натыйжа бере баштаса, бул варианттардан сактоо үчүн вакцинанын курамын өзгөртүүгө болот.


Материал Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.  

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: