© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан менен Тажикстандын үзүлгѳн байланыштары

Расмий эмес маалыматтарга ылайык, коронавирус пандемиясына чейин Кыргызстандын Баткен областына расмий чек ара пункттары  аркылуу да, айылдардагы кѳзѳмѳлдѳнбѳгѳн жерлер аркылуу да күн сайын миӊден ашуун тажикстандык жаран кирип турган.  Алар акча иштеп табуу, дарылануу жана эс алуу максатында келишкен. Бирок 2021-жылдын жаз айындагы куралдуу жаӊжалдан кийин эки элдин ортосундагы мамилелер токтоп калды.


Биздин  Telegram каналыбызга катталыӊыз!


2021-жылдын апрель айынын аяк ченинде кыргыз-тажик чек арасында болуп ѳткѳн куралдуу жаӊжал эки мамлекеттин теӊ калкынын жашоосуна таасирин тийгизбей койгон жок. Биринчи эле кезекте, мындан жумушу, окуусу боюнча чек арадан ѳтүп туруусу зарыл болгон жарандар, ошондой эле бизнес ээлери – коӊшу ѳлкѳ менен соода-логистикалык байланыштары болгон адамдар запкыга учурашты.

Баткен областынын тургуну Данияр Сайдимаров таксист болуп иштейт, жана анын кардарларынын 90%ы – Тажикстандын жарандары. Ал күздѳн баштап жайга чейин жүргүнчүлѳрдү Ош шаарынан тажик чек арасына чейин токтобой ташып турганын айтат. Ушул эле маалда тажик мигранттары Россиядан мекенине кайтып келишет, ал эми эрте жаздан жайга чейинки мезгилде Россияга кетишет.   Кыргызстанда учак билеттери арзаныраак болгондуктан, тажикстандыктар кѳбүнчѳ коӊшу ѳлкѳ аркылуу кетишчү. Күнүнѳ Ошко бир жолу барып келгенден 6-7 миӊ сомго (70,95-82,77 АКШ долларына) чейин тапчу.

«Мындан тышкары, тажикстандык соодагерлер дайыма Ош, Бишкек, Кара-Суу шаарларына, андан ары Кытайга же Дубайга катташчу. Жайкысын Ысык-Кѳлгѳ эс алганы барып турушчу. Тажикстандан жүргүнчүлѳрдү ташуу менен алектенген 60ка жакын айдоочу иштечүбүз», -дейт Сайдимаров.

Бирок апрель айынан баштап, чек араларды жапкандан бери жумуштары токтоп калган. Анын айтымында, учурда Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан бардык айылдарында элдик кошуундар уюштурулуп, кишилерди да, транспорттук унааларды да чек арага ѳткѳрбѳй жатышат. Ушул себептен кардарлар жок, ал эми мурдагы таксист башка бирѳѳнүн жүк ташуучу унаасын айдоого ѳткѳн.

«Азыр бардыгы башкача. Жакында бир айдоочу тажик чек арасына жүргүнчү алып келиптир, бул жакта бизде элдик кошуундар иштеп жатышат, мына ошолор айдоочуну жүргүнчүлѳрү менен кармап алып, кайра артты кѳздѳй Ошко жиберишиптир. Мындан ары кандай болорун билбейбиз. Мындан кийин  жаӊжалдар болбошу үчүн чек ара маселесин эртерээк чечишсе жакшы болмок», – деп тынчсызданат Сайдимаров.

Тажик ѳнүмдѳрүн сатуу токтотулду

Акылбек Дилшатов. Photo: CABAR.asia

Акылбек Дилшатов  Баткен областынын чек арага жакын Кара-Бак айылында чакан дүкѳн иштетет. Мурда Тажикстандын товарларын – мѳмѳ-жемиштерди, жашылчаларды, каймак, айран, колбаса жана кондитер азыктарын алып келип сатчу.  Айылда жумасына бир жолу чоӊ базар уюштурулуп, коӊшу ѳлкѳдѳн соодагерлер келишчү. Эми болсо чек аралар жабылып, соода алакасы токтоп турат.

«Былтыр коронавирустан улам чек аралардын басымдуу бѳлүгү жабылып, тажикстандык дүӊ соодагерлер азыраак каттап калышкан. Ал эми чек арадагы жаӊжалдан кийин Тажикстандан таптакыр товар ѳткѳрүлбѳй эле. Тажикстандык коӊшулар товарды алардын аймагынан түнкүсүн сатып алууну сунуштап жатышат, бирок бул кооптуу жана мыйзамсыз аракет», – деп белгилейт Дилшатов.

Максатбек Баймурзаев. Photo: CABAR.asia

Максатбек Баймурзаевдин да дүкѳнү бар, бирок Баткен шаарында. Анын айтуусу боюнча, жакында эле товарлардын 30-40%ын Тажикстандын ѳнүмдѳрү түзүп, ошол эле учурда коӊшу ѳлкѳгѳ Кыргызстандан чыккан товарларды алып кетип турушкан. Бирок чыр-чатактан кийин коӊшу эл менен соода мамилелери үзгүлтүккѳ учурап, токтоп калды.

«Тажиктердин товарлары биздикине караганда кыйла арзан болчу. Эми биз ата мекендик ѳнүмдѳрдү гана сатып жатабыз. Тилекке каршы, алардын баалары жогору болуп, кардарларыбызда нааразылыктар жаралууда. Бирок колубуздан эч нерсе келбейт, ѳзүбүз кымбат сатып алып жатабыз да», – деп капаланат Баймурзаев.

Анын айтымында, мурда бир күндѳ орточо эсеп менен миӊ сомго (11,8 АКШ доллары) соода кылса, азыр эӊ кѳп дегенде 600-700 сомго (7-8 АКШ доллары) соода кылат.

«Албетте, биз чек араны ачууларын талап кыла албайбыз. Бирок чектерди эртерээк белгилеп, ок атышуулар токтосо эӊ сонун болор эле. Эки мамлекет бул маселени чечип, бир пикирге келүүгѳ тийиш. Бизге тынчтык жана бейкуттук керек. Ѳлкѳдѳ тынчтык болсо, андагы жашоо да жакшырат», – дейт дүкѳндүн ээси.

Баткендеги журналист Жеӊиш Айдаровдун билдирүүсүнѳ караганда, тажикстандыктар убактылуу иштеп акча табуу максатында Кыргызстанга келип турушчу экен. Жумуш аз болгон мезгилдерде күнүнѳ 400-500 сом (4,7-5,9 АКШ доллары), ал эми сезондо – ѳрүк, тамеки, чѳп жыйнаган убактарда күнүмдүк тапкан акчасы 700-800 сомго (8,2-9,5 АКШ доллары) чейин чыккан.

Тажикстандын кѳптѳгѳн жарандары дарылануу максатында Баткен аркылуу Бишкекке барып турушкан. Алардын пикири боюнча, Кыргызстандын борборунда жүрѳк-кан тамыр ооруларын, сыныктарды жакшы дарылашат. Жайкысын болсо, Тажикстандын жакын жайгашкан айылдарынын жашоочулары Кыргызстандын тоолуу айылдарына эс алууга келип турушкан. Бирок быйыл баары тынч.

«Тажик кардарларым баалуу болчу…»

Photo: CABAR.asia

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда соода алакалары жалгыз эле чек арага жакын аймактарда эмес, ири шаарларда да бар болчу. Дамира Артыкова 2017-жылы Бишкек шаарында чакан тигүү цехин ачкан. 20 тигүүчүсү цехте жана 10го жакын тигүүчүсү үйдѳ иштешет. Ишкана аялдар үчүн футболка, кѳйнѳк, блузкаларды тигет жана айына ѳнүмдѳрдүн ар бир түрүнѳн 400гѳ жакын бирдик тигип чыгарат.

Ишкананын ээсинин айтымында, ишмердүүлүк жүргүзгѳн мезгил аралыгында регулярдуу буйрутмаларды берип турган туруктуу кардарларды топтой алган. Алардын катарында Россия менен Тажикстандан сатып алуучулар кѳп. Тажикстандык кардарлары товарды Россиядан сатуу максатында алып кетишет. Акыркы убактарда тажикстандык дүӊүнѳн сатып алуучулардын саны азайса да, ишкер айым ѳз кардарларын барктап, буйрутмаларын ѳз убагында даярдап берүүгѳ аракет кылып турган.

Дамира Артыкова. Photo: CABAR.asia

«Кѳйнѳктѳрдүн акыркы партиясын биз апрель айынын башында автоунаа менен Тажикстандын Худжанд шаарына жибергенбиз. Ошондон бери тажик тараптан жаӊы буйрутма ала элекпиз. Мындан кийин буйрутма деле келбесе керек. Кайра бизден сатып алабыз деген учурда деле даяр ѳнүмдѳрдү кантип жиберишти билбейм. Катардагы жарандар үчүн чек арадан кирип-чыгууга чектѳѳлѳр киргизилгенин уккам. Биз болсо кийимдердин партияларын таксисттерден берип жиберчүбүз, кызмат акысы да анча жогору эмес болчу, кыскасы, биз үчүн да, кардарларыбыз үчүн да пайдалуу эле», – деп билдирет Артыкова.

Ал 28-29-апрель күндѳрү кыргыз-тажик чек арасында болуп ѳткѳн окуяларга чейин Дордой базарынан кардарлар чыгып, ѳнүмдѳрүн аларга сатуусун сунуштаганын  кошумчалады. Бирок ишкер айым тажик кардарлары менен макулдашууну бузбайын деп, алардын сунушун кабыл алган эмес. Эми болсо, жергиликтүү кардарлардан буйрутмаларды алууга аргасыз, антпесе, чакан фабрикасына буйрутмалардын саны азайып кетет.

Кыргызстанга окууга

Тажикстандыктардын Кыргызстанга болгон миграциясынын дагы бир пункту –  окуу. Болочок журналист, Борбор Азиянын Америка университетинин (БААУ) бүтүрүүчүсү  Бебахо Ашур Тажикстандан Бишкекке 2016-жылы билим алуу максатында келген. Кыздын айтымында, анын мекенинде сабактар англис тилинде окутулган жогорку окуу жайы жок, ошондуктан Кыргызстанга келип билим алууну чечкен.

Бебахо Ашур. Жеке архивден алынган сүрөт

Бүтүрүүчү Бишкекте жүргѳн жылдар аралыгында кѳптѳгѳн жоро-жолдошторду таап, кыргыз элинин ак ниеттүүлүгүн, жакшылыктарын тереӊ сезе алганын белгилеп айтты. Борбордо жашаган мезгилде ѳзүн ѳз мекенинде жүргѳндѳй сезген. Анткени маданий ѳӊүттѳн Кыргызстан менен Тажикстандын кѳп жерлери окшош. Бирок бүтүрүү сынактарынан кийин Бебахо Душанбеге кайтып, ал жерден жумуш таап, иштѳѳнү кѳздѳйт.

«Азыр мен чек арадан ѳтүп жатканда кѳйгѳйлѳр жаралбасын деп, ѳлкѳлѳрүбүздүн ортосундагы абалдын тынчышын күтүп жатам. Жер тилкеси үчүн эки мамлекеттин чек араларында мындай коркунучтуу окуялар болуп жатканы абдан ѳкүндүрѳт! Тарыхка кайрыла турган болсок, мамлекеттерибиз дайыма бири-бирине жардам берип келишкен. Маселен, Тажикстанда болгон жарандык согушту алып кѳрѳлү. Ошол мезгилде Кыргызстан эбегейсиз чоӊ жардам берген. Жакын арада баары тынчтык жолу  менен чечилерине ишенем», – дейт Ашур.

Ал чек арада жаӊжал курчуган күндѳрү БААУ тажикстандык студенттерди мекенине жеткирүү иш-чарасын уюштурган, бирок чоӊ кыз Кыргызстанда калып, абалдын тынчышын күтүп турууну чечкен.

«Кыргыз досторум мага колдоо кѳрсѳтүп жатышты. Айрымдары чек арадан ѳтүүм үчүн жардамдарын сунушташты. Бишкекте атамдын досу жашайт, бир нерсе керек болсо, ага кайрылуумду айткан», – дейт Ашур.

БААУнун дагы бир бүтүрүүчүсү, тажикстандык Шероз Мирпочоев чек арадан ѳтүүдѳ университеттин жардамынан баш тартпоону чечкен. Жигит эки мини-автобус уюштурулганын кошумчалады.

«Биз 16 киши элек. Бустун ичинде бош орундар калгандыктан, университет башка окуу жайларда билим алып жаткан тажик студенттерге да жардам берүүнү чечти. Албетте, баары акысыз болду. Университет бара жаткандардын аты-жѳнүн алдын ала билдирип, чек арадагы ѳткѳрүү пунктунан эч кандай тоскоолдуксуз ѳтүп кеттик. Быйыл университетти аяктагандыктан, ѳз мекениме кайтууну чечтим», – деп билдирди Мирпочоев.


Бул макала “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” долбоордун алкагында даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: