© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжалды жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактар кандай чагылдырышты?

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыр-чатакты чагылдыруу учурунда журналистиканын тынчтыкты орнотуучу ыкмалары таптакыр жетишпей жаткандыгы курч сезилип турду дешет адистер.


Биздин  Telegram каналыбызга катталыӊыз!


Акыркы эки жылда Кыргызстан менен Тажикстандын аймагында буга чейин бир нече ири чыр-чатактар ​​катталган. Акыркы олуттуу окуя 2021-жылдын 28-апрелинде Башкы (Головной) суу алгычындагы кагылышуу болуп, эки өлкөнүн жарандары бири-бирине таш ыргытышкан. Эртеси күнү Кыргызстан менен Тажикстандын аскерлери курал колдонушту.

Тараптар элдешүүнү жана аскерлерин чыгарып кетүүнү 1-майдын кечинде гана билдиришти.

Кагылышуу учурунда 189 кыргызстандык жаракат алып, 36 адам набыт болду, анын ичинде 4 жаштагы бала жана 12 жаштагы кыз бар. Тажикстан тараптан Согди облусунун акимиятынын басма сөз кызматы билдиргендей, 19 жаран каза болуп, дагы 87 адам жаракат алышкан.

Кыргыз-тажик чек арасында кагылышуулар жүрүп жатканда, Кыргызстан менен Тажикстандын маалымат мейкиндигинде да ар кандай жалган маалыматтар, фейктер жана тең салмактуулук сакталбаган кабарлар көп болуп жатты. Эксперттердин айтымында, бул чыр-чатактын алгачкы күндөрүндө расмий маалыматтар аз болгондугунун натыйжасында келип чыкты. Пресс-релиздер, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн жеке чыгып билдирүүлөрү  жетишпей турду.

А фейктер көп болдубу?

Factchek.kgнин журналистери Асел Сооронбаеванын айтымында, абдан көп болгон. Айрыкча социалдык тармактарда. Кыргызстандык колдонуучулар тажик тарапты каралашкан жана тескерисинче болгон учурлар көп кезиккен.

ЖМКлар дагы ушундай каталарга жол беришти. Эски билдирүүлөрдү жаңылык катары көрсөтүп жатышты. Маселен, Эмомали Рахмондун кызматтан кетишин талап кылуу жана Түркия Кыргызстанга аскердик жардам берүүгө даяр экендиги жөнүндө фейктер. Бул маалымат алгач орусиялык ЖМКлар тарабынан таркатылып, жергиликтүү журналисттер анын чын-бышыгын текшербей туруп кайра басып чыгарышкан.

Түркиянын президенти кыргыз телекөрсөтүүсүнүн алып баруучусу Ассоль Молдокматованын кайрылуусуна жооп кылып, Тажикстанга Кыргызстанга каршы аскерий агрессияны кайталабоо керектигин эскерткендиги тууралуу маалыматты ЖМКлар таратышты. Бирок факт текшерүүчүлөр бул жаңылыкты жокко чыгарышты.

Тажикстанда 2-майда “Точикистон” (pressa.tj) жана “Фараж” (faraj.tj) гезиттеринин сайттарында кыргыздар Хистеварз айылына кол салгандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Бирок кийинчерээк “Фараж” бул билдирүүнү өчүрүп салган, ал эми «Точикистон» гезити анын жалган болуп чыккандыгын билдирген.

Factcheck.tj платформасынын авторлошу Джамшед Маъруфтун айтымында, бир жуманын ичинде анын тобу тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаал боюнча 10дон ашык факт текшерүүчү материалдарды орус жана тажик тилдеринде жарыялаган.

Анын айтымында, социалдык тармактарда көбүнчө Түркия президентинин “Тажикстан Кыргызстан менен чек арасында Орусиянын согуштук вертолетторун колдонгон” деген билдирүүсү жөнүндө фейктер көп талкууланды.

 Ошондой эле 2021-жылдын 2-майында “Садои Кухистон” Youtube каналында “Искандер” ыкчам-тактикалык ракета тутумдарынын түшүрүлүшү боюнча видео пайда болгон. Маалыматка караганда, бул аракет ушул күндөрү Худжанд шаарынын аэропортунда өтүүдө дегендей берилген. Бирок, скриншот боюнча издөөдө, бул видео чындыгында 2017-жылы тартылгандыгы аныкталды.

Маъруф ачык булактардан алынган ишенимдүү маалыматтардын жоктугунан көптөгөн маалыматтарды текшере алышпагандыгын мойнуна алат.

«Учурда биз дагы он материалдын үстүнөн иштеп жатабыз жана жакында аларды чыгарабыз. Ишибиздин жүрүшүндө биз мындан ары фактыларды текшерүүнүн орус тилиндеги версиясы менен иштейбиз деген бүтүмгө келдик. Ошондой эле дүйнөлүк коомчулукка бул материалдар жетүүсү үчүн, биздин материалдарды англис тилинде жарыялоого бекем чечим бар» деп белгилейт Маъруф.

Фейктер кайдан пайда болушту?

Асел Сооронбаева белгилегендей, фейк булактары ​​бардык жерде болгон. Бул “сары” басылмалар жана айрым орусиялык ЖМКлардын окурмандарга атайылап же атайын эмес жалган маалымат бергендиги ошондой эле социалдык тармактар болгон. Кыргызстандык маалымат каражаттары буларды жөн эле кайра басып турушкан. Айрым басылмалар маалыматтарды текшерип турушкан, бирок бардыгы эле текшерүүгө аракет кылышкан эмес.

Джамшед Маьруф жалган маалыматтын ири агымы социалдык тармактарга “төгүлгөнүн” кошумчалайт. Бул социалдык тармактардын тажик жана кыргыз сегменттеринин колдонуучулары тарабынан да болуп, кийин алар мессенджерлерде таркатылып турган.

 «Ушул кезге чейин Тажикстандан да, Кыргызстандан да социалдык тармактарда жалган маалыматтардын агымы бир топ чоң. Биз билбеген дагы көптөгөн материалдар бар. Ошондой эле булар мамлекеттик органдар тарабынан тастыкталбаган жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланбаган маалымат», – дейт ал.

Мындай шарттарда фейктердин пайда болушун тажик саясат таануучусу Парвиз Муллоджанов сөзсүз боло турган нерсе деп эсептейт.

Анын айтымында, фейктер маалыматтык согуштун бир бөлүгү, ал өз кезегинде геосаясий жана аскердик тирешүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

«Бүгүнкү күндө социалдык медиа жана онлайн мейкиндиги салттуу согуш театры сыяктуу эле согуш майданына айланды. Фейктердин айрымдары эл аралык аудиторияга багытталса, ал эми ички аудиторияга бийликтин кадыр-баркын сактап калуу, окуялардын жүрүшүн алар үчүн алгылыктуу жагдайда көрсөтүү үчүн арналган», – деп белгиледи Муллоджанов.

Кыргызстандын жана Тажикстандын ЖМКсы толук маалыматтарды бериштиби?

Тажикстанда мамлекеттик маалымат каражаттары чек арадагы окуяларга унчугушкан жок. Мисалы, “Ховар” мамлекеттик агенттиги акыркы бир ай ичинде бул жаңжал жөнүндө бир гана билдирүүнү – УКМКнын башчысы Саймумин Ятимов менен Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзоддун Исфара шаарынын Ворух, Чорку жана Ходжа Ало айылдарынын жашоочулары менен жолугушуусу жөнүндө жарыялаган.

Медиаэксперт Азамат Тынаев белгилегендей, Кыргызстандын журналисттери өздөрү иштеген шарттарда колдон келгендин бардыгын жасашты. Бирок, тилекке каршы, алгачкы күндөрү расмий маалыматтар аз болгондугу байкалды. Пресс-релиздер, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин жеке чыгып сүйлөгөн сөздөрү жетишсиз болду.

Мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын ишине ушундай эле нааразычылыктарды тажик журналисттери дагы билдиришти. «Азия-Плюс» медиа тобунун башкы редактору жана негиздөөчүсү Умед Бабахановдун айтымында, жаңжал учурунда тажик ЖМКсы татаал абалда калышты.

«Биздин кыргызстандык кесиптештер күнү-түнү бардык расмий структуралардан маалымат алып турушса, биз мамлекеттик органдардан – күч түзүмдөрүнөн, социалдык, саясий мекемелерден эч кандай маалымат алган жокпуз. Буга ылайык, көпчүлүк тажик маалымат каражаттары начар иштеп, коомго маалымат жеткирүү миссиясын аткара алышкан жок», – дейт ал.

Парвиз Муллоджанов тажик ЖМКсынын ишине жалпысынан оң баа берди.

«Негизги жүк электрондук маалымат каражаттарына түштү; “Азия Плюс” жана Озоди тарабынан маалыматтардын көпчүлүгү өз убагында берилип турду», – деди ал.

Басма сөз кызматтарынын начар иштөөсүн эмне менен түшүндүрүүгө болот?

Буга чейин чек арада болгон кагылышуулардан кийин, бийликтин күч менен алмашуусуна байланыштуу окуялардын масштабдуу элдик толкундоолор менен коштолуусунан кийин, медиаэксперттер координацияланган, макулдашылган жана туруктуу маалыматтык иштин алгоритмин иштеп чыгуу боюнча сунуштарын беришкен, – деп белгилейт Тынаев. Бирок ушул кезге чейин бул кеңешке эч ким кулак сала элек.

 Анын айтымында, мунун объективдүү себептери бар. Адатта боло жүргөндөй, жалпы улуттун жашоо-турмушу жана коопсуздугу көз каранды болгон өтө олуттуу мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтары өтө начар. Аларда кадрдык потенциал жетишсиз, адамдар аз жана керектүү техникалар менен камсыз болуу канааттандырарлык эмес. Жаңжалдын убакыт сааты келгенде булардын бардыгы таасир этет.

Айтсак, 3-майда Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети тажик айылындагы талоондор, өлтүрүүлөр жөнүндө маалымат жайгаштырган, бирок иллюстрация үчүн  kloop.kg кыргыз маалымат агенттигинин сүрөтүн колдонгон. Ал Кыргызстандын Баткен облусундагы Максат айылында жасалган. Кийинчерээк мекеме так эместиги үчүн кечирим сурап, сүрөттү алмаштырган.

ЖМК Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыр-чатакта кандай роль аткарышты?

Борбор Азиядагы тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектебинин программалык директору Инга Сикорскаянын белгилөөсүндө, ЖМК ролу ыкчам иштөөдө, Чек ара кызматынын релиздеринен, саясатчылардын билдирүүлөрүнөн келтирүү менен жана материалдарда социалдык тармактардагы видеотасмаларды жана сүрөттөрдү колдонуу менен көрүндү.

Анын айтымында, 2021-жылдын 28-29-30-апрелиндеги чыңалуу курчуп турган күндөрдөгү медиа билдирүүлөрдү талдоолордун негизинде, айрым телеканалдар окуялар жөнүндө “сүйлөгөн баштардын” тажатма эскиче кадрын көрсөтүп жатышты.  Иш жүзүндө эч кандай өзгөчө материалдар болгон эмес.

ЖМК материалдары этикалуу болдубу?

Социалдык тармактардан алынган маалыматтар кайталангандыктан жана окуя болгон жерден баштапкы репортаждар болбогондуктан, бул иште чыр-чатактын журналистикасын талкуулоонун эч кандай мааниси жок, – дейт Сикорская.

Анын айтымында, адамдардын (кыргыздардын, тажиктердин) этникалык таандуулугу жөнүндө айтуу көптөгөн материалдарда жана көпчүлүк учурда баш темаларда болгон. Кыргыз жана орус тилдеринде ал ар дайым көздү жана кулакты көсөп өтөт. Андан айырмаланып мисалы, англис тилиндеги баш макалаларда коомдук талкууларда этноско тиешелүү шилтемелер белгилүү бир жарандыкка таандуулугу боюнча шилтемелерге  көбүрөөк шайкештикте берилген.

«Айрым маалымат каражаттары Баткенде каза болгон офицер «этникалык өзбек» болгонун же дунгандар (бирикме катары дунган диаспорасы айтылган) баткендиктерге жардам берип жатышканын жазып чыгышты. Муну баса белгилөө канчалык зарыл жана маанилүү эле? Фактыларды контекстке келтирүү алда канча маанилүү эле да. Чек ара жаңжалын чагылдыруу маалымат мейкиндигине ыргытылган “кичинекей жеңиштүү согуш” деген көнүмүш көрүнүштүн пайда болушуна түрткү болду, аны көпчүлүк ЖМКлар кайталашты”, – деп белгилейт ал.

Билдирүүлөр кырдаалдын оорчулугунун төмөндөшүнө жардам бердиби же тескерисинче болдубу?

Согуш жана коопсуздук темасындагы билдирүүлөр, айрыкча эгер ал жаныбызда болуп жатса, ар дайым аудиториянын абдан кызыгуусун, тынчсыздануусун жана эмоцияларынын күчөшүн пайда кылат. Жаңылыктар түрмөгүнө мүнөт сайын медиа мониторинг жүргүзүү жаңылыктар аудиторияны дээрлик чыңалууда кармап тургандыгын көрсөттү, анткени болуп өтүп жаткан окуялар терс контекстте тынымсыз берилип турду, – дейт Инга Сикорская.

«Бир жагынан, булар ачык, кыскартылбаган маалыматтар эле жана биз эмне окуя болуп жаткандыгын ачык көрүп, түшүнүп турдук. Экинчи жагынан, биз дагы эле тең салмактуулуктун жоктугуна туш болдук. Биз экинчи тарапты көргөн да, уккан да жокпуз. Маалыматтар көп эле болду, бирок тең салмактуулук болгон жок. Дал ушул нерсе түшүнүүгө өбөлгө түзбөй, көрүүчүлөрдүн жана окурмандардын бир катар суроолорун пайда кылды.

Биздин жалпыга маалымдоо каражаттары тынчтык орнотуучу журналистиканын ыкмаларын колдонбогону абдан өкүнүчтүү. Ушундай чыр-чатактарды чагылдырууда булардын жетишсиздиги абдан көрүнөт. Анткени дал ушул тынчтык журналистикасы болуп жаткан окуяларга коомчулуктун бул-чыр-чатактарга күч колдонбогон реакция менен кароосунун мүмкүнчүлүгүн түзүүдө аудиторияга эмнени, кандай билдирүү керектиги боюнча репортерлор менен редакторлорго инструменттердин топтомун берет. Бул чыр-чатакты жумшартуу эмес, бул чыр-чатакка күнөөлүүлөрдү издөө эмес жана такталган фактылар катары пикирлерди жана талаптарды кайталоо эмес. (Азыр дал ушундай көрүнүш бардык жерде жасалып жатат)», – деп маегин улады Сикорская.

Анын айтымында, кабарлар кырдалдын оорчулугунун төмөндөшүнө өбөлгө түзүшү үчүн, журналисттер изилдөө, талкуулоо жана диалог түзүү көндүм адаттарын иштеп чыгып, жаңжалды ар кандай көз караштардан көрсөтүп, тынчтык демилгесин түзүү үчүн коомдук пикирди калыптандырууну көрсөтүшү керек. Тынчтык журналистикасында биз бул ыкманы “чыр-чатактын эки тарабы үчүн тең “жеңилбей тургандай” репортаждын багыты жана аны кантип чечүү керектиги жөнүндө талаш-тартышты көтөрүп чыгуу” деп атайбыз.

Парвиз Муллоджанов жаңжалга катышкан бардык тараптар фейктерге каршы күрөшүүсү керек деп эсептейт.

«Фейктерге каршы күрөшүүнүн эффективдүү жолу – аларды убагында таап жана ишенимдүү четке кагууну даярдоо үчүн, маалыматтык мейкиндикке өз убагында байкоо салып туруу. Адатта бул багытта жарандык коом, бейөкмөт уюмдар жана көз карандысыз журналисттер өзгөчө ролду ойношот», – деп белгиледи Муллоджанов.

Умед Бабаханов фейктер келтирген чыгымдарды азайтуу үчүн калктын медиа сабаттуулугун жогорулатуу жана аларды сапаттуу контент менен камсыз кылуу керек деп эсептейт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында эмне себептен бардык учурда чыр-чатактар чыга берет?

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжалдын көп жылдык тарыхы бар. Адатта чек ара айылдарынын жашоочуларынын ортосундагы кагылышуулардын көпчүлүгү жаз мезгилинде болот.

Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасынын 971 чакырымынын ичинен тараптар расмий түрдө 519 чакырым боюнча гана макулдашууга жетишкен. Талаштуу аймактар ​​Кыргызстандын Баткен облусу жана Тажикстандын Согди облусу аркылуу өтөт, анын ичинде эки конфликт зонасы – Ворух жана Овчи-Калача тажик жамааттары бар.

Ворух жамааты Тажикстандын аймагына карайт, бирок Кыргызстандын Баткен облусунда жайгашкан. Бул жердин жалпы аянты баш аягы 130 миң чарчы метрди түзөт. Бул жерде 35 миңге жакын адам жашайт.

Эки өлкөнүн тургундарынын ортосундагы пикир келишпестиктин негизги себеби, курулушка тыюу салынган талаштуу жерлерге жайгашып алуу боюнча айыптоолор.

Талаштын дагы бир жагдайы – Тажикстан менен Ворухту байланыштырган транзиттик жол. Ошол эле учурда Лейлек району ушул унаа жолу аркылуу Кыргызстандын жалпы аймагы менен байланышып турат. Буга чейин кыргыз тарап айланып өтмө жол салууну сунуш кылган, бирок коңшу республика каршы чыккан.

Талаш-тартыштын үчүнчү жери – Төрткүл суу сактагычындагы суу алуучу жай. Эки өлкө тең суу булагын сугат мезгилинде пайдаланабыз дешет.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыр-чатак эмнеден башталган?

Мамлекеттердин ортосундагы карама-каршылык 90-жылдардын ортосунда, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн ортосунда мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси курчуп кеткенде күчөй баштаган.

Ошол кездеги Кыргыз ССРи менен Тажик ССРинин ортосунда биринчи чоң жаңжал 1989-жылы катталган. Баткен районунун Самаркандек айылынын бир нече жүздөгөн тургундары негизинен тажик калкы жашаган Ходжаи Ало айылын аткылашкан. Чыр-чатак аскер күчтөрүнүн кийлигишүүсүнөн кийин гана токтотулган.

Ошол эле жылы эки өлкөнүн өкмөттөрү жерди иш жүзүндө пайдалануунун негизинде чек ара тилкесин бөлүүгө аракет кылышкан. Бирок майнап чыккан эмес.

2021-жылдын 28-30-апрелиндеги кагылышуудан кийин Кыргызстандын өкмөттүк делегациялары Баткенде сүйлөшүү үчүн жолугушту. Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, топографиялык жумушчу топтордун жыйынтыгы боюнча аларга 2021-жылдын 5-майынан 9-майына чейин калган участоктордун бөлүгүнүн мамлекеттик чек аранын долбоордук сызыгын чийүү тапшырылды.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана мыйзамдуу каттоо процесси жүрүп жатканда, тараптар Исфара районунда жайгашкан Ходжаи Ало тажик айылын Ворух жамааты менен байланыштырган жолду биргелешип курууну макулдашышты. Ал Капчыгай кыргыз айылынын чыгыш тарабын айланып өтүү үчүн курулат.

Бул жол жарандардын тоскоолдуксуз ары-бери жүрүшү, Тажикстандын унаа жана товарларын өткөрүү үчүн курулат. Аны тажик тарап колдонот, ал эми анын макамы эки мамлекеттин ортосундагы өзүнчө мамлекеттик келишим менен аныкталат.

Кыргызстан менен Тажикстан эмне үчүн суунун айынан талашып-тартышып жатышат?

Көптөн бери эки тарап суу маселеси боюнча талашып келишкен, бирок анын жетишсиздигинен эмес, сууну рационалдуу эмес пайдалануудан. Жалпысынан аймакта 40 суу каналдары бар, бирок аларды калыбына келтирүү жана тейлөө боюнча жооптуу орган жок. Натыйжада, суу каналдарынын бардык мүмкүнчүлүктөрү колдонулбай жатат.

Ворух жамаатынын колдоо борбору белгилегендей, буга чейин суу бөлүштүрүүчү постто үч мамлекеттин – Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын суу чарба уюмдарынын өкүлдөрү дайыма болушкан. Азыр андай практика жок, анткени Кыргызстандын чек ара заставасы ушул жерде жайгашкан.

Төрткүл суу сактагычынын кандай тиешеси бар?

1960-жылдары Кыргызстан менен Тажикстан “Достук” каналын курууну чечишкен, ал кийин Төрткүл деп аталып калган. План боюнча канал Төрткүл суу сактагычын толтурушу керек болчу. Мындай кадам өздөштүрүлө элек жерлердин ири аянтын сугарууга жана айылдарды суу менен камсыз кылууну жакшыртууга мүмкүндүк бермек.

Анын курулушуна эки өлкөнүн жарандары катышкан. Келишимге ылайык, кыргыз тарап тажик калкына керектүү суунун көлөмүн бөлүшү керек болчу. Бирок кийинчерээк СССР кулап, сууну пайдалануу маселеси көйгөйгө айланды.

ПРООНдун чек арадагы жамааттарга жүргүзгөн талдоосуна ылайык, “тажик коомчулугу өзүн алданган деп эсептейт жана далил катары Самарканд массивин (1000 га жер) өздөштүрүүгө чейин, кыргыздар Төрткүл суу сактагычынан Сурхтун агып өтүүчү каналы аркылуу Исфарага суу берип турган, анын ордун Матчаи каналынын суусу толтуруп турган деген аргументти келтиришет…

Өздөштүрүлгөндөн кийин, кыргыз тарап Исфаринка дарыясынан ири көлөмдө суу талап кылып, Төрткүлдөн сууну жетиштүү көлөмдө бербей калган.

Тажик айылдарынын тургундары учурда сууну кое берүү талаштуу маселелерди чечүү үчүн кысым көрсөтүү рычагы катары колдонулуп жаткандыгына ишенишет. Айрым абийирсиз муниципалдык жетекчилер бул мүмкүнчүлүктү өз пайдасы үчүн колдонуп жатат дегендер дагы бар”.

Демек, бардык талаш-тартыш суудан улам чыктыбы?

Суудан гана эмес. 2009-жылы Кыргызстан жайыттарды ижарага берүүгө жана аларды чет элдик жарандардын пайдалануусуна мораторий киргизген. Бул тыюу салуу малдын жапырт союулушуна жана бир бөлүгүнүн колдо кармалышына алып келип, тоюттун баасынын көтөрүлүшүн да шарттады.

Жашоочулар маселени мыйзамды айланып өтүп чечүүнүн жаңы жолун ойлоп табышты – кыргыз чабандары жайлоого коңшуларынын малын алып барып багып, аларды өзүлөрүнүкү катары көрсөтүшөт.

«Жайыттарды биргелешип жаюу көйгөйүн чечүү мамлекеттер аралык келишимге кол коюуга такалат, ал боюнча кыргыз бийлиги талап кылып жатат. Бирок, тажик бийлиги жайыттарга ээлик кылуу маселесин ачык деп эсептегендиктен, мындай кадамга баруудан баш тартууда», – деп билдирди БАУнун изилдөөчүсү Асел Мурзакулова.

Акчалай жыйымдар дагы бир орчундуу маселе, анткени тажик малчылары экологиялык көзөмөл бекеттеринен өтө албай жатышат.

Ворух жамаатынын ресурстук борборунун маалыматы боюнча, тажик айылдарынын жашоочулары көбүнчө кыргыз чабандарын жалдашат. Бирок, тараптардын ортосунда жазуу жүзүндө макулдашуу болбогондуктан, малдын потенциалдуу чыгашага учуроосу талаш-тартыштын негизи болуп келе жатат. Жыл сайын ар кандай себептерден улам, орто эсеп менен 50дөн 100гө чейин майда жана ири мүйүздүү мал жоголот.

Чыр-чатактардын дагы башка себептери барбы?

Ооба. 2011-жылы Ворух жамаатын колдоо борбору Тажикстандын Исфара району менен Кыргызстандын Баткен облусунун чек ара жамааттарынын өнүгүүсүнө талдоо жарыялаган.

Изилдөөчүлөр чек арачылар жана милиция кызматкерлери өзүлөрүнүн иш-аракеттери жана мамилелери менен кыргыз жана тажик коомчулугунун тургундарынын ортосундагы карама-каршылыктуу маселелерде чыр-чатактарды жана чыңалууну жаратат деген бүтүмгө келишкен.

Коопсуздук кызматкерлери жана уруксат берилбеген посттор жамааттын кире беришинде жана чыга беришинде турушат, бул жергиликтүү тургундардын ары-бери жүрүүсүнө кыйынчылыктарды жаратат.

 “Эркин ары-бери жүрүүгө тоскоолдуктун кайсы бир тараптан болушу коңшулардын да ушундай аракетин жаратат” деп жазат борбор өз талдоосунда.

Эксперттик коомчулуктун жалпы пикири мындай, “жарылуу” коркунучу бар аймакта аскер кызматкерлери менен чек арачылардын ыйгарым укуктары катуу чектелиши керек. Болбосо, алар өз иш-аракеттери менен улуттар аралык кагылышууну тутандырышы мүмкүн.

Бул жерде чек аралар арасындагы кылмыштуулук эмне үчүн өнүккөн?

Кыргыз-тажик чек ара аймактарында мал уурдоо, бейбаштык, мүлктү уурдоо жана баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү көйгөйлөрү көп кездешет. Географиялык жайгашуу – негизги себептердин бири. Кыргызстан жана Тажикстан Афганистанга – мыйзамсыз баңгизат өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин бирине өтө жакын жайгашкан.

Талаш-тартыштуу аймактардын жашоочуларына эмне керек?

Аларга коопсуздук жана адилеттүүлүк сезими керек. Бул тууралуу Борбордук Азия Университетинин тоо коомдору изилдөө институтунун изилдөөчүсү Асел Мурзакулова CABAR.asia сайтына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бардык кыйынчылыктар такталбаган чек араларда деп айтуу туура эмес. Чыр-чатактардын негизги себеби – коопсуздук жана адилеттүүлүк сезиминин жоктугунда. Чек арачылар – чек арага жакын аймактардын жашоочулары кайрыла турган бирден-бир инстанция.

«Адамдарга эмне керек? Алар коопсуздукка муктаж. Бирок, алардан ар бир кадам сайын паспортун көрсөтүүнү талап кылуу жана куралчан адамдар айыл турмушунда күнүмдүк адатка айланган учурдагы коопсуздук эмес, көзөмөл-өткөрүү пункту жок эле базарга, ооруканага, мектепке баруу үчүн коопсуздук керек”, – деди ал.

Парвиз Муллоджанов сүйлөшүү процессин өркүндөтүү үчүн чек аранын эки тарабынан тең жарандык коомду активдүү тартуу керек деп эсептейт.

“Биз бул көйгөйдү тынчтык жолу менен баарыбыз бирге гана чечишибиз керек” деди ал.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: