© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сооданын бештен бир бѳлүгү ѳлкѳлѳрдүн бири тарабынан эсепке киргизилбейт

Акыркы 10 жылдын ичиндеги эки мамлекеттин расмий статистикасындагы айырмачылыктар 116 млн АКШ долларынан ашык деп бааланууда. Бул болсо аталган мезгил ичиндеги сооданын жалпы кѳлѳмүнүн бештен бир бѳлүгүн түзѳт. Эксперттердин пикири боюнча, бул – эч кандай декларациясыз ѳткѳн товарлардын кичинекей гана үлүшү.


Биздин  Telegram каналыбызга катталыӊыз!


Чектеш эки ѳлкѳнүн ѳз ара соода алакасы бул жаатта башка мамлекеттер менен жѳнгѳ салынган мамилелерге салыштырмалуу ѳтѳ эле аз.  Нарктык кѳлѳмдѳр боюнча кыргыз тараптын маалыматтарына ылайык, акыркы жыйырма жылдык мезгилде орточо эсеп менен жылына 36,1 млн АКШ долларынын тегерегинде кармалып турат.

Аты-жѳнүн атагысы келбеген тажик экономистинин айтуусуна караганда, 2010-жылдан 2013-жылга чейин Тажикстан менен Кыргызстандын соода жүгүртүмүндѳ ѳсүү тенденциясы байкалып, 7 эсе жогорулаган.

Тажикстанга Кыргызстандан кѳбүнчѳ күрүч жана күйүүчү-майлоочу материалдарды экспорттошкон. Кыргызстандан келген товарлардын басымдуу бѳлүгүн Кытайдан реэкспорттолгон товарлар түзгѳн. Тажикстандан Кыргызстанга кѳбүнчѳ айыл чарба ѳнүмдѳрү менен электр энергиясы сатылган. 3 жылдын ичинде Тажикстанга экспорттолгон товарларга караганда 12,5 эсе кѳп суммага ѳнүм киргизилген.

Бирок 2015-жылдан тарта, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчѳ болгондон кийин, соодада кескин тѳмѳндѳѳ – эки эсе кыскаруу катталган.

Бул чектерди бекемдѳѳгѳ жана ЕАЭБге кирбеген үчүнчү ѳлкѳлѳр менен соода шарттарынын ѳзгѳрүшүнѳ байланыштуу.

«Ушундан улам тажик ишкерлери үчүн Кыргызстандан кытайдын товарларын сатып алуу пайдалуу болбой калды, аларды түз эле Кытайдан алып келе башташты», - деп баяндайт тажикстандык экономист.

Натыйжада Тажикстандын товар жүгүртүмүнүн жалпы кѳлѳмүндѳгү  Кыргызстандын үлүшү 2013-жылы 5% түзгѳн болсо, 2020-жылы 0,8%га түшүп калган.

Ошону менен бирге эле, товар жүгүртүмүнүн кѳлѳмү чакан экенин эске алганда, Кыргызстан үчүн да, Тажикстан үчүн дагы ѳз ара сатуулар маанилүү орунду ээлебейт — бул эки мамлекеттин теӊ экономикасына олуттуу таасирин тийгизген жок.

«‎Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сооданын кѳлѳмү ѳтѳ эле чакан. Айтсак, Тажикстандын үчүнчү мамлекеттер менен болгон тышкы соодасынын жалпы кѳлѳмүнүн 2% гана түзѳт. Кыргызстан боюнча ушундай эле абал. Орточо эсеп менен КР коӊшу ѳлкѳдѳн импорттогонго караганда 3,5 эсе кѳп экспорттойт», — деп белгилейт эксперт Денис Бердаков.

Анткен менен, ѳз ара соода мамилелери чек арага жакын жайгашкан аймактарга таасир этпей койгон жок. Себеби дал ушул аймактар экспорттун/импорттун негизги керектѳѳчүлѳрү болуп эсептелет. Муну сооданын структурасы кѳрсѳтүп турат. 2021-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын Тажикстанга жасаган экспортунда кеӊири керектелүүчү товарлар 27%дан ашып, нарктык мааниси – 5,76%ды түзгѳн. Бул кѳрсѳткүчтѳр сатуу кѳлѳмүнүн андай деле чоӊ эмес экенин чагылдырып, мындай товарлар менен чек арага жакын аймактар камсыз болуп турганын түшүндүрѳт.

Тажикстан боюнча дал ушундай эле кѳрүнүш. Тажик товарларынын экспортунда 36,4%ды азык-түлүк ѳнүмдѳрү ээлеп, нарктык мааниси 17,48% түзѳт.

Эгерде кыргыз экспортунун ирилештирилген структурасын карап чыга турган болсок, анын кѳбүнесе реэкспорттон түзүлгѳнүн байкай алабыз.

Дагы окугула: Кыргызстан менен Тажикстандын үзүлгѳн байланыштары

«‎Кыргызстан Тажикстанга кѳбүнчѳ Кытай менен Түркиянын товарларын, тагыраагы кийим-кече жана майда тиричилик техникасын реэкспорттойт. Сооданын бул чѳйрѳсүндѳгү Кыргызстандын жеке ѳнүмдѳрүнүн экспорту ѳтѳ эле кичине үлүштү түзѳт. Алар — кеӊири керектелүүчү товарлар, уюлдук байланыш ж.б.», — дейт Бердаков.

Ушул эле мезгил аралыгында Кыргызстанга жасалган тажик экспорту 55 товардык позиция боюнча 2 млн АКШ долларынан бир аз ашкан. Кѳпчүлүк бѳлүгүн кездеме ѳндүрүшүнүн түзүүчүлѳрү менен аллюминий түзгѳн.

«Алюминий негизинен Ош менен Бишкекке ѳнѳр-жай секторуна кетет. Металл жеӊил конструкция ѳндүрүшүндѳ активдүү колдонулат. Ошондой эле импорттун олуттуу бѳлүгүн тигүү ѳнѳр-жайына керектелүүчү чийки заттар – пахтадан ийрилген жип жана жибек пилласы түзѳт. Болгон структура мына ушундай», — деп түшүндүрѳт Бердаков.

Бирок эки мамлекеттин расмий статистикасына да толук таянууга болбойт. Анткени, сандык маалыматтарда олуттуу айырмалар бар. Эгерде Кыргызстан менен Тажикстандын расмий органдары тарабынан берилген статистикага кѳз жүгүртѳ турган болсок, аларда бир топ айырмалар бар экенин байкай алабыз. 10 жылдын жыйынтыктары боюнча (эки ѳлкѳгѳ теӊ жеткиликтүү болгон статистика) айырма 116 млн 412,3 миӊ АКШ долларын түзгѳн. Бул болсо аталган мезгилдеги сооданын жалпы кѳлѳмүнүн бештен бир бѳлүгү.

«Бүтүн бул статистика айдан ачык кѳрүнүп турат. Маселен, Кыргызстандын ѳкмѳтүнүн сайтында бир маалымат берилсе, КРдагы Тажикстандын элчилиги таптакыр башка маалыматты берүүдѳ. Демек, эки мамлекет теӊ ѳлкѳдѳн чыгарылган товарлардын баары боюнча декларация бербейт», — дейт Денис Бердаков.

Албетте, сандык маалыматтардагы мындай айырманы эсептѳѳ ыкмаларынын ар түрдүүлүгү менен түшүндүрсѳ болот. Бирок, Бердаковдун айтуусу боюнча, башкы себеп эки ѳлкѳнүн ортосунда так кѳзѳмѳл жок экени менен байланыштуу. Муну менен бирге, ал мамлекеттердин ортосундагы кѳмүскѳ экспорттун реалдуу цифралары расмий статистикадагы айырмалардан кыйла жогору - 3-4 эсе кѳп деп эсептейт.

«Күн сайын чек арадан 30га жакын жүк ташуучу унаа ѳтѳт. Бул ѳтѳ эле чоӊ кѳлѳм. Чек арада алардын канчасы расмий каттоодон ѳтүп, канчасы  кѳмүскѳ ѳтүп жатканын билбейбиз да. Бирок ошол эле учурда кайсы товарлар аткезчиликтин предмети боло турганы баарыбызга маалым. Алардын катарына күйүүчү-майлоочу материалдар кирет. Анткени Тажикстанда күйүүчү майдын баасы Кыргызстандан 40%га жогору. Тажикстан Республикасында деле коӊшу ѳлкѳдѳн күйүүчү майга суроо-талап бар. Ал эми Кыргызстан аны Макулдашуунун негизинде Россиядан салыксыз алып келгендиктен, расмий түрдѳ экспорттой албайт. Күйүүчү май ички керектѳѳгѳ гана жумшалууга тийиш», — деп түшүндүрѳт эксперт.

Тажикстандык маектешибиздин айтуусу боюнча, тажикстандыктар керектеген күйүүчү-майлоочу материалдын үчтѳн бир бѳлүгүнѳ жакыны Кыргызстандан аткезчилик жол менен кирип турган.

«Кыргызстан тажик жарандары үчүн да, жүк ташуулар үчүн да чек арасын жапкандан кийин, Тажикстанда күйүүчү майдын баасы кескин ѳсүп кетти», - дейт экономист.

Ошондой эле, анын берген маалыматы боюнча, тажик экспортунун бир бѳлүгү ЕАЭБ бажы салыктарынын жогору болгондугунан улам, ѳлкѳгѳ аткезчилик жол менен киргизиле баштаган. Ал ЕАЭБ бажы коюмдары эки ѳлкѳнүн ортосундагы ѳз ара соода процессин татаалдаштырып, кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктѳрдү азайтып жатканын белгилейт.

«Товар жүгүртүү процессин тунук, ачык-айкын кылуунун жолдорун табыш керек. Чындыкка кѳбүрѳѳк жакын перспектива катары, учурда туризм секторун ѳнүктүрүү аракеттерин эсептѳѳгѳ болот. Бирок, маселе барып эле чек аралардын белгиленишине такалууда», - дейт тажик эксперти.

Денис Бердаковдун пикири боюнча, ѳлкѳлѳрдүн ортосунда товар жүгүртүмүн мындан ары эки мамлекетте теӊ ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүүнүн натыйжасында жогорулатуу мүмкүн. Мисалы, Кыргызстандагы жаӊы ѳнѳр-жай саясаты ишке ашырылган абалда республика алюминий жана тигүү ѳнѳр-жайы үчүн керектүү чийки заттардын – пахтанын, жибек куртунун, даяр кездемелердин ѳлкѳгѳ алып келинишине кызыктар болот. Ал эми аталган ѳнүмдѳрдү чыгаруу боюнча Тажикстан кыйла жогорку деӊгээлге жете алган.

«Сооданын кѳбүнесе чек арага жакын жайгашкан аймактарда ишке ашарын эске алсак, Кыргызстандан экспорттун кѳлѳмүн кѳбѳйтүүдѳ ал аймактарда жашаган элдин сатып алуу жѳндѳмдүүлүктѳрү да олуттуу мааниге ээ болот. Бул жагдайда Кыргызстан айыл чарба ѳнүмдѳрүн сатуу кѳлѳмүн жогорулата алмакчы», — деп түшүндүрѳт эксперт.

Башкы фото: freepik


Бул макала "Giving Voice, Driving Change - from the Borderland to the Steppes Project" долбоордун алкагында даярдалды.

Публикация Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: