© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан жана Казакстан: кытайларга каршы маанайдын жаӊы толкуну

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында митинг ѳтүп, ага 150гѳ жакын адам катышты.  Акциянын уюштуруучулары  – «Кырк чоро» коомдук бирикмеси – этникалык кыргыздардан тышкары, кытай жарандарына Кыргыз жарандыгын берүүгѳ тыюу салынуусун талап кылууда. Мындай митингдди алар алгачкы ирет уюштурган жок.  Нааразычылык акциясын ѳткѳрүүнүн негизги себеби болуп, Кытайда аз сандагы улуттардын кысымга алынышы жана алардын «кайра тарбиялоо лагерлерине» зордолуп жѳнѳтүлүшү эсептелүүдѳ.    


2017-жылдын апрель айынан тарта Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагында (СУАР) биргелешип жашап жаткан этникалык кыргыздар менен казактарды массалык түрдѳ «саясий кайра тарбиялоо борборлору» деп аталган жайларга камап жаткандыгы тууралуу билдирүүлѳр түшѳ баштаган.

Жалпысынан КЭРда болжол менен 1,25 млн. казак жана 180 миӊге жакын кыргыз жашайт.  Жакынкы мезгилдерге чейин, уйгурлардан айырмаланып, аларга карата жергиликтүү бийлик лоялдуу мамиле кылып келген. Бирок, жалпы мусулман азчылыктарына карата Пекиндеги саясаттын ѳзгѳрүүсү, натыйжада тарыхый мекенине кайтып келген соӊ, Кыргыз жана Казак  Республикаларынын жарандыгын алгандар да кошулуп,  бир нече миӊдеген кыргыз жана казактардын аталган борборлорго камалышына алып келди.

Бул жагдайга Астана шаары кѳйгѳй болбогондой же ал тууралуу кабары жоктой мамиле кылып келген. Ѳткѳн жылдын июнь айында президент Нурсултан Назарбаев Астана шаарында ѳткѳн жана ѳзү тымызын лидер аталган Бүткүл дүйнѳлүк казактардын курултайынын жүрүшүндѳ казак бир туугандарынын кѳйгѳйлѳрү тууралуу кабардар эместигин  билдирген:

«Биз Синьцзяндагы окуялар тууралуу билебиз. Ал жерде терроризм, экстремизм бар. Бирок, казактарга кысым кѳрсѳтүлүп жаткандыгын укканыбыз жок. Эгерде чындап эле мындай абал болуп жатса, биз ТИМ аркылуу маалымат алабыз жана бул боюнча  тийиштүү чаралар кѳрүлѳт».

Бирок, ТИМ дагы 2018-жылдын апрель айына чейин бул тууралуу «эч нерсе уккан эмес». Ошол эле учурда Кытайдагы казактардын жагдайы жѳнүндѳ башка ѳлкѳлѳрдѳн кѳчүп келген казактардын демилгечи топтору жана укук коргоочулар катышкан уюмдар  ачык эле талкуулап жатышкан. 

Кытайда камалган этникалык казактардын туугандары 2017-жылдын 7-декабрында Астана шаарында ѳткѳрүлгѳн басма сѳз жыйынында. Photo: RFE/RL

Бѳлүнгѳн үй-бүлѳлѳр

Бул кѳйгѳй дүйнѳлүк басма сѳздѳ жана эл аралык аянттарда талкууга алына баштады. Кытайдан келген качкын Сайрагүл Сауытбайдын иши  триггерлердин бири болду. Казак улутундагы СУАР аткаминери   үй-бүлѳсүнѳ кайра кошулуу максатында мыйзамсыз жол менен Казакстанга кирген. Тилекке каршы, ѳткѳн жылдын 22-майында Сайрагүл Сауытбай кармалып, камакка алынган.  

Окуӊуз: Эмне үчүн Казакстан этникалык казак айымды Кытай бийлигине кайтарып берген жок?

Сайрагуль Сауытбай иши боюнча ѳтүп жаткан сот отурумунда. Photo:  RFE/RL

Коомчулукка маалыматтын оперативдүү таратылышы Казакстандын бийлигине аны «тымызын кайра артка экстрадациялоо» үчүн мүмкүндүк бербеди. Ошондуктан, он миӊдеген казакстандык жана ондогон чет ѳлкѳлүк кабарчынын кѳзѳмѳлү алдында сот процессин ѳткѳрүүгѳ туура келди. 1-август күнү сот аны ѳлкѳдѳн чыгарбоо жана шарттуу түрдѳ жарым жылга кесүү тууралуу ѳкүм чыгарган. Мунун менен бирге ага качкын статусун берүүдѳн баш тартышкан.

Ошол эле айда Тышкы иштер министрлиги үй-бүлѳсү Казакстанда калып, алар менен байланышы үзүлгѳн, ѳзү болсо «кайра тарбиялоо борборуна» камалган Казакстан Республикасынын жараны Гүзалнур Женискысы тууралуу маалымат бергендиги үчүн  Казакстандагы адам укуктары боюнча  эл аралык бюрого ыраазычылык катын жиберген.

Ошондон бери Адам укуктары боюнча бюро тарабынан Тышкы иштер министрлигине Асман алдындагы ѳлкѳдѳ «жоголуп кеткен» казакстандыктар же республикада жашоо укугуна ээ жарандар тууралуу дагы он файл жѳнѳтүлгѳн. 

Адам укуктары боюнча бюронун юристи Гүлмира Куатбекова: «Кайрылгандардын саны мындан да кѳп, болжол менен 30га жакын болгон. Бирок, алар тийиштүү адамдар менен туугандык байланышы бар экендигин документтердин негизинде далилдеп бере алган жок. Ал эми мындай далилдер болбосо, биз ТИМге кайрыла албайбыз», — деп түшүндүрдү.

Ошону менен бирге, анын айтымы боюнча, Казакстандын ТИМи дагы бир катында укук коргоочу уюмдун Кытайда жашаган этникалык казактарга жарандык берүүнүн жеӊилдетилиши тууралуу сунуштарын эске алгандыгын ырастаган.

Кайрылуулар жана митингдер

Кыргызстанда Кытайдын «билим берүү борборлорундагы» этникалык кыргыздар тууралуу тема  2018-жылдын күз айларынан тартып активдүү талкууга алына баштады. Ноябрь айында туткундалгандардын жакындары ѳлкѳ башчысы Сооронбай Жээнбековго жоголгон туугандары жѳнүндѳ кичине болсо да кабар алууга жардам берүүсүн ѳтүнүп кайрылышкан.

«Биздин жакындарыбыз Кытайга кетип, кайра кайрылып келбей жатышат. Эки жылдан бери алардын кайсы жерде жүргѳндүгү жѳнүндѳ маалыматыбыз жок. Үй-бүлѳлѳрү, балдары бул жерде жалгыз калышты. Ошондой эле КЭРдагы туугандарыбыз менен байланыша албай жатабыз. Аларды массалык түрдѳ кармап жатышат. […] Биз Сизден Кытайдын ички иштерине кийлигишүүнү суранган жокпуз. Ошентсе да, Кыргызстан этникалык кыргыз жана казак жарандарынын массалык түрдѳ камалып жатышынын себебин билүүгѳ укуктуу деп эсептейбиз».

Мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар алардын жакындарын полиция кызматкерлери алып кетип, бир нече айдан бери эч кандай кабар алынбагандыгын  айтууда (24.kg алынган цитаталар).

Аалы Сүйүналы уулу:

— Алгач биз атабызды партиялык мектепке алып кетишти деп ойлогонбуз. Акыркы жылдары Кытайда чоӊ кишилерди  2-3 ай бою Компартиянын жолуна окута турган мектептер ачылган. Атабыз мына ошондой мектепте журѳт жана жакында үйгѳ кайтып келет деп жүргѳнбүз. Анын үстүнѳ, алгачкы үч ай бою уйгѳ телефон чалып жүргѳн. Апам эки ирет жолугуп келген. Эми болсо, атам кайда жана абалы кандай экендигин билебиз.

Кытайда камалгандардын туугандары. Photo: 24.kg

Муслим Салимов:

— Досум  Адилет Турдакун 2016-жылдын аягында Кыргызстандын жарандыгын алган. Ал эми 2017-жылы атасы лагерде экендигин укту. Кытайдагы туугандары эгер ал Кыргызстандан кайтып келе турган болсо, Кытай бийлиги анын атасын кое берүүгѳ даяр экендигин билдиришкен. Ал учурда досум Кыргызстандын жарандыгын алган болчу. Бийликтин  убадасына ишенип, Кытайга жол алган. Аны чек арада кармап калышыптыр.

Декабрь айынын башында Бишкектеги БУУ үйүнүн алдында кыргызстандыктар митинг ѳткѳрүп, аталган эл аралык уюмга КЭРда болуп жаткан окуяларды териштирүү үчүн атайын комиссия уюштурулушу боюнча ѳтүнүчүн билдирген кат менен кайрылышкан.

Photo: RFE/RL

Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Токон Мамытовго дагы мындай кат жазылып, кайрылуу жасалган. Бирок ал бул боюнча иштер жүргүзүлүп, Кытай бийлигине сурам даярдалып жаткандыгын, жана буга жооп бир же эки айдан кийин гана келе тургандыгын айта алган.

Дипломатиялык чеберчилик

Жарандык коомдун активдүүлүгүнѳ карабастан, ѳлкѳ бийлиги Кытайдагы этникалык кыргыздардын маселеси боюнча үн катпоого аракет кылууда. Бул кѳйгѳй тууралуу ѳлкѳ башчысы Сооронбай Жээнбеков 19-декабрда ѳткѳн жайынтыктоочу басма сѳз жыйынында гана билдирүү жасады (Azattyk боюнча цитата):

Эӊ жогорку деӊгээлдеги дипломатиялык чеберчиликти колдонуу зарыл. Кыргызстанда 10 кытай жараны кесилип, алардын ичинен 5 киши түрмѳдѳ отурат. Алар бул тууралуу кыйкырып чыккан жери жок да. Кытайдагы этникалык кыргыздар – ѳлкѳнүн мызамдарына баш ийген Кытай жарандары болуп эсептелет. Биз алардын ишине кантип кийлигишебиз? Бул мүмкүн эмес. Бирок, биз дипломатиялык каналдар аркылуу иш алып барабыз. Же мен да кѳчѳгѳ кыйкырып чыгайынбы?
Жээнбековдун басма сѳз жыйынынын эртеси күнү Бишкек шаарындагы Кытай элчилигинин алдында «Кырк чоро» коомдук бирикмесинин митинги ѳттү. Алар Кытайдагы аз сандагы улуттарга карата куугунтуктардын токтотулушун жана этникалык кыргыздарды камакка алуунун себебин айтып берүүлѳрүн талап кылышты. Мындан тышкары, мыйзамсыз жүргѳн Кытай жарандарын депортациялоону, ошондой эле акыркы 10 жылдын ичинде Кыргызстандын жарандыгы чет ѳлкѳлүктѳргѳ мыйзамдуу түрдѳ берилип берилбегендигин текшере турган комиссиянын түзүлүшүн да талап кылышты.  

Photo: ru.sputnik.kg

Сылыктык сапары

Акырында, ѳткѳн жылдын декабрь айынын аягында Кытай кѳпчүлүгү мусулман ѳлкѳлѳрдүн ѳкүлдѳрүнѳн турган он эки чет мамлекеттик дипломатты «саясий кайра тарбиялоо борборлорун» кѳрүп кетүүгѳ чакырды. Чакырылгандардын ичинде Кыргызстан менен Казакстандын дипломаттары да бар эле. Бирок, Кыргыз Республикасынын ТИМи мамлекеттин атынан ким баргандыгы, анын аты-жѳнү, сапар тууралуу эч кандай маалымат берген жок.

Казакстандын КЭРдагы элчисинин кеӊешчиси Манарбек Кабазиев ѳзүнүн таасилери тууралуу Кытайдын CCTV  эл аралык телеканалы менен бѳлүшкѳн:

Кытай ѳкмѳтү тарабынан аталган студенттерге түзүлгѳн шарттарды кѳрүп, ѳлкѳнүн ѳкмѳтү ѳзүнүн жарандарына тийиштүү түрдѳ кѳӊүл бѳлүп жаткандыгын айтууга болот. Кытай ѳкмѳтү, СУАР ѳкмѳтү ѳз мамлекетинин жарандарына жаӊы кесиптерге ээ болуу үчүн шарт түзүп берип жаткандыгын дагы бир жолу белгилеп айткым келет.

Ошол эле учурда, лагерден бошотулуп, Казакстанга кайтып келген туткундар таптакыр карама-каршы нерселерди атып берүү менен, Казакстандын бийлигинен Кытайда калган туугандары же мекендештерине жардам берүүсүн ѳтүнүүдѳ.

«Алар жѳн гана спектакль ойноп коюшту. Үрүмчүдѳ лагерлердин контингентин толугу менен ѳзгѳртүп салгандыгына байланыштуу менде так маалыматтар бар. Кытайдын мамлекеттик саясаты кантип ишке аша тургандыгын билбеген кишилер ошентип алданып калышкан», — деп ишендирүүдѳ бүткүл дүйнѳлүк уйгур конгрессинин кеӊешчиси Кахарман Кожамбердиев.

Нурбек Бекмурзаев.  Facebook жеке баракчасынан алынган фото.

CABAR.asia  аналитикалык порталынын изилдѳѳчүсү жана аналитиги Нурбек Бекмурзаевдин ою боюнча, аталган сапар аткаминерлер тарабынан терс баа берилбѳѳсүн шарттоо жана бул лагерлерге белгилүү бир даражада легитимдүүлүктү берүү максатында гана уюштурулган. Бул жагдайды чакырууга Европа, АКШ дипломаттары жана Кытайдагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу айтып чыгып, бул боюнча тынчсызданууларын активдүү түрдѳ билдирип жаткан эл аралык укук коргоо уюмдарынын ѳкүлдѳрү кирбей калгандыгы да айкындап турат. 

«Жакында эле болуп ѳткѳн митингдерден улам, ТИМ бул теманын ММКларда жайылып, талкууга алынышын каалабайт. Чыныгы абал тууралуу маалыматты эки гана булактан алууга мүмкүн. Булардын биринчиси – Кытайдан келген жарандарыбыз, ал эми экинчиси – дипломаттар. Бирок, дипломаттар теманын ММКларда кызуу талкууга алынышына, ошондой эле Кытай ѳкмѳтүн кѳкүтүүгѳ жол бербѳѳ максатында бул жѳнүндѳ үн катышпайт», — деп билдирет  Бекмурзаев.

Амалдуу дипломатия

Аналитиктер Сооронбай Жээнбековдун позициясын колдошот жана Кытайга карата кылдат жана амалдуу аракет кылуу керек деп эсептешет. Анын үстүнѳ, Асман алдындагы ѳлкѳгѳ бул маселе боюнча таасир кѳрсѳтүү үчүн Кыргызстандын да, Казакстандын да реалдуу  саясий же экономикалык каражаты  жок. Эки тараптын теӊ Кытайга миллиарддаган карызы бар, анын товарлары менен инфратүзүмдүк долбоорлорунан кѳз каранды.

Мындан сырткары, дагы бир аналитик Амангелди Жумабаев белгилеп кеткендей, Кыргызстан менен Казакстан ШКУ мүчѳсү катары, ѳлкѳнүн ички иштерине кийлигишпѳѳ милдетин моюнга алышкан. Анын айтымында, эл аралык уюмдар аркылуу иш-аракет аткаруу дагы тийиштүү натыйжаны бере албайт:

Биз ар түрдүү эл аралык уюмдар адам укуктарын сактоого чакырган, бирок мындай чакырыктар эч кандай оӊ жыйынтык бербеген учурларга кѳптѳгѳн мисалдарды   билебиз. Кыргызстан ѳзүнүн ичинде, жердик формада иш-аракет жүргүзүп, Кытай да, Кыргызстан да активдүү кызматташуу ичинде болгон уюмдарды колдонуусу зарыл. Мындай уюм катары, быйыл Кыргыз Республикасы тѳрагалык кыла турган ШКУ эсептѳѳгѳ болот. 
Нурбек Бекмурзаев белгилегендей, Кыргызстан же Казакстандын эл аралык уюмдар аркылуу иш-аракет жүргүзүү аракеттери сѳзсүз түрдѳ Кытай ѳкмѳтүнүн кыжырына тиет жана мындай жорук ѳкмѳттүн ойлонбой жасаган иши болуп калат. Ошондуктан, мамлекеттер эки тараптуу макулдашуулар менен дипломатиялык каналдар аркылуу гана иш алып бара алышат.

Кытайдын келишүүсү

Ѳткѳн жылдын 10-декабрында Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий ѳкүлү Айбек Смадияров брифингдин жүрүшүндѳ Кытай тарабынан эки миӊ этникалык казактын жарандыктан баш тартып, ѳлкѳдѳн кетүүсүнѳ уруксат берилгендигин айтып ѳткѳн. Кѳчүп келгендердин негизги бѳлүгү коӊшу Казакстанга жайгаша тургандыгы божомолдонууда.

ТИМде Кытайдан келген казактарга алар келээр замат казак жарандыгы же ѳлкѳдѳ жашоо укугу берилерин айтып, ынандырышты. Учурда бул – Кытайдагы этникалык казактардын абалына тиешелүү эӊ чоӊ ийгилик деп эсептелет. 

Ал эми Кыргызстан азырынча аталган маселе боюнча ийгиликтерге жетише элек. Нурбек Бекмурзаевдин айтымына караганда, Кыргыз ѳкмѳтү тарабынан аткарыла турган эӊ туура аракет – бул кѳйгѳйдү ѳз алдынча кѳтѳрүүгѳ далалат кылып жаткан активисттерге, жарандык коомго жана эл аралык уюмдарга тоскоолдук жаратпоосу, ал тургай тымызын аларга жардам берүүсү.

«Башка мамлекеттерге салыштырмалуу биздин жарандык коом абдан күчтүү жана теориялык жактан кандайдыр бир таасир этүү мүмкүндүгүнүн жалгыз жолу – бул теманы кѳтѳрүп чыгуу. Иш алдыга жыла баштады – мындан ары Кытай аталган лагерлердин бар экендигин жокко чыгара албайт, бул иште кичине болсо дагы, айкындуулуктун үлүшү пайда боло баштады. Эгерде мамлекет кийлигишип, тоскоолдук жаратпай турган болсо, ѳлкѳбүздүн жагдайга белгилүү бир деӊгээлде таасир кѳрсѳтѳ алышы толук ыктымал», — дейт Бекмурзаев.


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: