© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Алымбек Бекманов: Жахабанын күбѳлѳрү бейтараптыкты катуу сактайт жана саясатка аралашпайт

Кыргызстандагы Жахабанын күбѳлѳрүнүн диний борборунун башкаруу комитетинин тѳрагасы Алымбек Бекманов,  CABAR.asia аналитикалык порталына берген маегинде алгачкы Жахабанын күбѳлѳрү ѳлкѳгѳ качан келгендиги, ошондой эле алардын калк жана бийлик менен ѳз ара аракеттешүүлѳрү туурасында айтып берди.


Подпишитесь на наш канал в Telegram!


CABAR.asia: Кыргызстанга эӊ алгачкы Жахабанын күбѳлѳрү качан келген? Алардын пайда болушу менен жайылышынын тарыхы жѳнүндѳ айтып берсеӊиз?

Алымбек Бекманов: Кыргызстанда «Жахабанын күбѳлѳрүнүн» болжол менен 60 жылдык тарыхы бар. 1956-жылы бул жерде үгүттѳѳ иш-аракеттери жүргүзүлѳ баштаган. Алгачкы жарчы Кыргызстандын түндүгүндѳгү Талас жергесинде туулган Эмил Янцен аттуу киши болгон. Чындыкты ал 1949-жылы эле Россиянын түзѳтүүчү эмгек лагерине барганда уккан.

Кийин мекенине кайтып келип, Сокулук айылына жакын жерде жашап калат. Ошол жерде  1958-жылы Жахабанын күбѳлѳрүнүн алгачкы жыйналышы пайда болгон. Жыйналыш – жалпы жолугушууларга келген Кудайга кызмат кылган адамдардын тобу.   

Советтер Союзу кулагандан кийин, 1993-жылы расмий юридикалык статуска ээ болдук. Ал эми 2004-жылдан тартып, филиалыбыз иштеп келет. 1974-жылы алгачкы кыргыз улутундагы жаран Жахабанын күбѳсү болгондугу кызык.

«Иегова күбѳлѳрүнүн» Бишкектеги филиалы.

Кыргызстанда Жахабанын күбѳлѳрүнүн жалпы этникалык курамы кандай?

Биздин арабызда ѳзбек, орус, кыргыз, корей, дунган, уйгур улуттарынын ѳкүлдѳрү бар. Албетте, Кудайдын падышалыгы жөнүндөгү кабар алгач орус тилине айтылган, ошол себептүү орус тилдүү Жахабанын күбѳлѳрүнүн саны жогору болгон.  

Бирок, 90-жылдары кѳптѳгѳн кыргыздар Ыйык Китепти окуй баштаган. Ал эми басылмалар кыргыз тилинде чыга баштаганда, алардын саны андан да кѳбѳйдү. Азыр орустарга караганда кыргыздар басымдуулук кылат. Себеби, Союз тарагандан кийин жана Кыргызстанда болуп ѳткѳн тѳӊкѳрүштѳрдѳн улам, кѳп сандагы  орустар ѳлкѳдѳн кетип калышкан.    

Бирок, биз үчүн кыргыздардын же кайсы бир башка улуттун кѳп болушу маанилүү эмес. Биз буга кийлигишпейбиз. Алар ѳздѳрүнүн чечиминин негизинде Жахабанын күбѳсү болуп, Кудай жѳнүндѳгү чындыкты үйрѳнүшѳт.

Мен Ыйык Китепти Жахабанын күбѳлѳрү менен аскерден келген соӊ, 1992-жылы окуй баштадым. Кийинчерээк досторум, анан бир туугандарым – 3 агам, 1 иним, 2 эжем, андан соӊ ата-энем кошулду. Менин үй-бүлѳм чоӊ жана дээрлик баары Жахабанын күбѳлѳрү.  

Буга чейин ѳзүбүздү башкалар сыяктуу эле мусулман деп эсептечүбүз. Советтер Союзунун учурунда мектепте бизди атеизмге окутушкан, кудай тууралуу эч нерсе деле билчү эмеспиз. Ал эми кудайга ишенгендерге башкача кѳз караш менен мамиле кылышкан.

Менде бала кезимде  эле «Адамдар эмне үчүн ѳлѳт?» деген  суроо жаралып, чоӊойгуча ага эч кимден жооп ала алган эмесмин.

Аскердик кызмат ѳтѳгѳнү кетип, Союз тарагандан кийин 1992-жылы демобилизацияландым. Индустриалдык техникумда үчүнчү курста окуп жатканымда, китепканага кирип, кудай жѳнүндѳ айтып берип жаткан аялды кѳрдүм. Топко жакындап барып, аларга кошулуп калдым. Ошондо «Адамдар эмне үчүн  ѳлѳт?» деген суроомду бердим. Алар адамдар эмнеге ѳлѳ турганы, каякка барарыбыз, эмне үчүн карый турганыбыз тууралуу айтып беришти. Кѳрсѳ, бул суроолорго жооптор Ыйык Китепте жазылган экен. Ошондой эле Ыйык Китепте  адам баласы белгилүү бир убакыт кыйналып, андан соӊ ѳлүш үчүн эмес, түбѳлүк жашоо үчүн жаралгандыгы да айтылат.

Жахабанын күбѳлѳрүнүн диний ишениминин христиан дининин башка агымдарынан принциптүү ѳзгѳчѳлүгү эмнеде? Билишимче, аскерде кызмат ѳтѳѳ, кан куюу ж.б. аракеттерге катуу тыюу салынган.

Жахабаны күбѳлѳрү Ыйык Жазуунунун эрежелерин катуу сакташат. Ал эми Ыйык Жазууда, мисалы үчүн бейиштин жери жѳнүндѳ эмне деп жазылган? Бейиш асманда же жер астында эмес, бир гана жер жүзүндѳ болот.

Ѳлгѳндѳн кийин адам баласынын жашоосу жок. Ал топуракка айланат. Ыйык Китептин эч бир жеринде адамдын андан ары кайсы бир жерде жашоосун уланта тургандыгы тууралуу эч нерсе жазылган эмес. Башка диндерде болсо, бейиш асманда же дагы башка жерде экендиги айтылат. Негизги ѳзгѳчѳлүктѳрүнүн бири ушул.

Ыйык Китепте чыныгы бир гана Кудай бар экендиги жазылат жана анын аты Жахаба деп 7 миӊден кѳп жолу кайталанат. Бул – Жахабанын күбѳсү болгонумдун экинчи  бир себеби. 

Кудай жер жүзүн куткарсын деп, ѳзүнүн уулун жиберген. Кудай менен Иса Пайгамбардын бирдей абалда экендиги эч бир жерде жазылган эмес. Дагы бир айырмачылыгы мына ушунда.

Жахабанын күбѳлѳрү аскерде кызмат ѳтѳѳгѳ тыюу салбайт. Адам аны ѳзү чечет. Бирок, Ыйык Китепте «Жакыныңды ѳлтүрбѳ» деп айтылат. Ал эми биздин жакындарыбыз – бардык адамдар. Аскерде болсо, ѳлтүргѳндү үйрѳтүшѳт да, туурабы? Ушул себептен улам, Биринчи жана Экинчи дүйнѳлүк согуштардын учурунда Жахабанын күбѳлѳрү башкаларды ѳлтүрбѳѳ максатында түрмөлөрдө, концлагерлерде отурушкан.

Ошентсе да, Жахабанын күбѳлѳрү альтернативдик жана жашылдандыруу же бир жерге барып жардам берүү сыяктуу жарандык кызматтарга баруудан баш тартпайт.

Кан куюу маселесине келе турган болсок, бул дагы Ыйык Китептин мыйзамы. Китепте «Кан – адамдын жашоосу сыяктуу ыйык нерсе, канды тамакка кошпо, колдонбо» деп айтылат. Бул эреже  сѳзсүз сакталышы керек.   Экинчиси –  кан куюуга байланыштуу кѳптѳгѳн адамдар гепатит, СПИД сыяктуу коркунучтуу ооруларды жугузуп келген жана бүгүнкү күндѳ да уланууда.

* Республикалык кан борборунун берген маалыматы боюнча, донорлор тарабынан берилген кан, ал аркылуу жуга турган бруцеллез, безгек, сифилис, гепатит, СПИД сыяктуу  оорулардын кылдат текшерүүсүнѳн ѳтѳт.
  

«Жахабанын күбѳлѳрүнүн» Бишкек шаарындагы филиалынын аянты  1,5 га түзѳт. Бул жерде административдик имараттар, спорт аянтчасы, ошондой эле филиалда кызмат ѳтѳгѳн бейтелдиктер үчүн турак-жайлар жайгашкан. Булардын баары акысыз берилет.

Мындан тышкары, биз бийликке баш иебиз, бирок шайлоого катышпайбыз. Себеби, Кудайдын падышалыгы менен анын башкаруусу жѳнүндѳ кабар таратабыз. Кудай ѳзүнүн уулу Иса Машаякты (Иса Пайгамбар) падыша кылып дайындаган. Башкача айтканда, биздин падышабыз, ѳкүмдарыбыз бар, ал эми учурдагы бийлик убактылуу ордун гана ээлеп турат. Болбосо, башаламандык келип чыкмак.  

Иса Пайгамбар дагы саясатка аралашкан эмес, шайлоого катышкан эмес. Биз да анын жолун жолдойбуз. Бирок, бийликти танбайбыз.  Биздеги бейтараптуулукту катуу сактоо эрежеси мына ушунда.

Биз, Жахабанын күбѳлѳрү бийликти сыйлайбыз, ал тургай алар үчүн тиленебиз. Талап кылынган бардык нерсени аткарабыз: салыктарды тѳлѳп турабыз, мамлекеттин мыйзамдары менен жашайбыз. Салыктарды тѳлѳбѳгѳн Жахабанын күбѳлѳрүнѳ карата тийиштүү чаралар кѳрүлүп, иликтѳѳ жүргүзүлүшү керек. Кудайдын мыйзамдарына каршы келбеген мыйзамды бузган адам Жахабанын күбѳсү боло албайт.   

Бирок, эгер бийлик  «колуӊа курал ал да, бирѳѳнү ѳлтүр» дей турган болсо, анда бул Кудайдын эркине каршы келет. Биз мамлекеттин мыйзамына караганда, Кудайдын мыйзамына кѳбүрѳѳк баш иебиз. 

Жахабанын күбѳлѳрүнѳ карата башкача бир мамиле калыптанып калган. Уюмуӊар кандай кѳйгѳйлѳргѳ дуушар болот?

Биз бейтараптыкты абдан катуу сактайбыз. Саясатка аралашпайбыз, демонстрация ж.б. чыкпайбыз. Ошондуктан, бейтараптыкка байланыштуу кѳйгѳйлѳр чыгып калат. Биз шайлоого катышпайбыз да. Бирок, бул эч кандай кѳйгѳй жаратпашы керек. Анткени, ар бир адамдын бирѳѳнү шайлоого же баш тартууга укугу бар.

Экинчи бир кѳйгѳй катары, башка кишилердин түшүнбѳстүк менен мамиле кылуусу эсептелет. Бирѳѳнүн эле ѳмүр бою бир динди тутуп келип, христиан, баптист же дагы бирѳѳ болуп калгандыгын башкалар түшүнбѳйт. Албетте, ушундан улам ар кандай жаӊылыш пикирлер келип чыгат.

Бул маселе ѳзгѳчѳ айыл жергесинде актуалдуу. Айылдаштары түшүнбѳй, кандайдыр бир кысым кѳрсѳтѳ башташат. Бир нече жыл мурун Токтогулда бир окуя болгон. Биз чогулуп жүргѳн залды ѳрттѳп салышкан. Соттошуп, акырында чечишип алдык. Азыр Токтогулда бизге жакшы мамиле кылышат, кандайдыр бир секта эмес, дүйнѳлүк уюм экенибизди билип калышты.

Бирок, кайда болсо да  бардык эле диндердин белгилүү бир кыйынчылыктарга учураарын  билесиз да.

Жахабаны күбѳлѳрүнүн жолун жолдоочулар ѳз жерлеринде кандай кѳйгѳйлѳргѳ кабылышат? Сиздердин коомуӊуздардын мүчѳлѳрүнѳ жана жалпы эле уюмуӊарга Кыргызстан калкынын мамилеси кандай?  

Алгачкы кылымдарда, Иса Пайгамбардын учурунда эле  христиандарга карата мамиле начар болгон. Негизинен бардык эле диндердин ѳкүлдѳрү башка динге ѳтүп кеткендерди жактырбаса керек. Кыргызстанда деле дал ошондой.

Бирок дин мурас катары эсептелбеш керек. Мисалы үчүн, эгер мен Римде тѳрѳлсѳм, анда автоматтык түрдѳ католик болом, Индияда тѳрѳлсѳм – индуист, ал эми Араб ѳлкѳлѳрүндѳ болсо – мусулман болом. Дин – бул мурас эмес. Дин – бул сыйынуу формасы. Адам баласы аӊ сезимдүү абалда динге келип, жеке  тандоо укугуна ээ болушу керек.  

Бизде түшүнбѳстүктѳн улам келип чыккан кѳп окуялар болгон. Ал тургай кээде укук коргоо органдары тарабынан ырайымсыз мамилеге кабылган учурлар болгон. Бирок азыр бизде юридикалык бѳлүм иштейт жана мындай кѳрүнүштѳргѳ кѳз жумбайбыз. Тийиштүү учурларда сотко берип, кѳп жолу сотту утуп чыкканбыз.

Кээ бир Жахабанын күбѳлѳрүнѳ кол кѳтѳргѳн окуялар да болгон. Бул маселелер да сот аркылуу каралып чыккан. Бирок, булардын баары мурда болгон нерселер. Акыркы жылдары бийлик да, укук коргоо органдары да Жахабанын күбѳлѳрү ким экендигин түшүнүп, билип калышты. Биздин уюм кандайдыр бир жабык секта эмес, ачык уюм экендиги кѳпчүлүккѳ белгилүү болду. Бийлик, укук коргоо органдары менен жакшы байланышыбыз бар, дайыма кеӊешип турабыз, адабияттарыбыз Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертизасынан ѳтѳт.

Уюмда котормо бѳлүмү ѳзгѳчѳ роль ойнойт. Бардык тексттер жергиликтүү тилге которулган соӊ, Германияга жиберилет. Ал жерден Жахабанын күбѳлѳрүнүн китептери менен брошюралары басылып чыгарылат.

Ѳткѳн жылы Ошто, 7-мартта болсо Жалал-Абадда филиалдарыбыз ачылды. Бул болсо, бийлик биздин эч кандай коркунуч туудурбай турганыбызды түшүнѳ баштады дегенди билдирет.

Дин тутуу эркиндиги жѳнүндѳ мыйзамга киргизилген оӊдоолорго ылайык, Кыргызстанда кѳчѳдѳ жана башка коомдук жайларда динге үгүттѳѳ иш-аракетин жүргүзүүгѳ тыюу салынган. Кѳчѳдѳ үгүттѳѳ –  коомуӊардын багыттарынын бири болчу. Эми бул иш-аракет кандайча жүргүзүлүп жатат? Мындай ѳзгѳртүү коомуӊардын Кыргыз Республикасында жайылуу динамикасына таасирин тийгиздиби?

2009-жылы диний китептер менен материалдарды коомдук жайларда жана үйдѳн-үйгѳ таратууга тыюу салуу жѳнүндѳ мыйзам кабыл алынган. Бирок, диний ишеними тууралуу маалымат берүүгѳ тыюу салынган эмес.

Прозелитизмге тыюу салуу – абдан татаал түшүнүк. Башкаларга диний ишенимиӊ тууралуу айтып бербесеӊ, эл менен байланыш түзүүгѳ мүмкүн болбойт да. Эӊ негизги ишмердүүлүгүбүз – элге Кудай, Кудайдын падышалыгы тууралуу айтып берүү. 

Ошентсе да, биз мыйзамга баш ийген жарандарбыз. Үйлѳрдү кыдырып же коомдук жайларда адабияттарды таратпайбыз, биз тек гана диний ишенимибиз тууралуу бѳлүшѳбүз. Ал эми кимде ким китептерди алгысы келсе, бизге келип, атайын караштырылган жерлерден алып кетишет.  

Картада Кыргызстандын  Жахабанын күбѳлѳрүнүн жолун жолдоочулары жашаган калктуу жерлери кѳрсѳтүлгѳн.

Тыюу салуулар бизге олуттуу таасирин тийгизди деп айта албайм. Жахабанын күбѳлѳрүнүн кѳбү Кыргызстандан башка ѳлкѳлѳргѳ кетип калгандыгына карабастан, коомубуздун жактоочуларынын саны ѳсүүдѳ. Бүгүнкү күндѳ 5 миӊден ашуун ишенимдештерибиз бар, ал эми кызыккандардын саны 10 миӊден ашык.

Силер кѳргѳндѳй эле, Жахабанын күбѳлѳрүнүн саны ѳсүүдѳ. Биз болсо, маанилүү бир айырмачылыкты байкаган деле жокпуз. Себеби, азыр бизде сайт ачылган. Ал жердеги маалымат 973 тилде чыгат. Алардын ичинде кыргыз тили да бар. Учурда дүйнѳ жүзү ѳзгѳрүп, бардык нерсе технологияга ѳтүп жатат.

Уюмуӊардын ММК, коомдук мекемелер менен байланышынын жоктугу жана жабык болуусунун себеби эмне менен түшүндүрүлѳт?

Биз мамлекеттик органдар катары, Юстиция министрлиги, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, ал тургай Президенттик аппарат жана башка чет ѳлкѳлүк уюмдар менен тез-тез байланышып турабыз. Бирок, мисалы, Конфессиялар аралык кеӊешке биз барбайбыз. Себеби, элдер биригип, бир маселени чечүүгѳ аракет кылышат. Ал эми бардык нерсени Кудай чече тургандыгын билип туруп, биз андай иш-чараларга катышпайбыз.

Ыйык Жазууда дин менен мамлекет бири-биринен алыс болуусу керек экендиги айтылат. Алардын биригиши –  Кудайдын мыйзамын бузуу деп эсептелет. Биз болсо бул маселе боюнча бейтараптыкты катуу сактагандыктан, кѳп кишилер бизди жабык уюм деп ойлошот.

Бирок, бул – биз таптакыр байланышка барбайбыз деген маанини билдирбейт. Кандайдыр бир маселе келип чыкканда, ѳз оюбузду билдиребиз. Ал эми саясат менен мамлекеттин иштерине кийлигишпегендиктен, эч кандай кыйноо болбойт. Керек болгон учурда дайыма ѳз пикирибизди жана бизди тынчсыздандырган нерселерди сѳзсүз айтабыз. Ал эми эмне жана кандай кылыш керек экендиги тууралуу сунуштарды айтпайбыз. Муну эч качан жасаган эмеспиз жана келечекте да жасабайбыз.

Биз башка диндердин ѳкүлдѳрүн, жолун жолдоочуларын сыйлайбыз. Себеби, алар да адамдар, биздин коӊшуларыбыз. Алар демократиялык республикада жашашат жана баптист же католик болобу – ал ѳз иши. Ѳздѳрү чечим кабыл алууга укуктуу. Биз болсо ар дайым башкалардын чечимин сыйлайбыз жана мындай же тигиндей туура деп талашпайбыз.

Жахабанын күбѳлѳрүнүн жыйындары ѳтѳ турган зал.

Жахабанын күбѳлѳрүнүн уюму эмненин эсебинен жан сактайт? Кайрымдуулук каражаттарынын эле эсебиненби же кандайдыр бир коммерциялык багыттарыӊар барбы?

Бизди уюм коммерциялык эмес жана толугу менен ыктыярдуу тартуулардын эсебинен каржыланат. Бардык жерлерде тартуулар үчүн кутучаларыбыз бар. Ошентсе да, мындай имараттарды куруу үчүн кутулардан топтолгон каражаттар жетишсиз экендиги баарыбызга маалым эмеспи.

Биз бүткүл дүйнѳлүк уюм болгондуктан, учурда 240тан ашуун мамлекетте ишмердүүлүк жүргүзѳбүз. Ошол мамлекеттерден, мисалы, Жапония же Америкадагы Кудайга ишенген жарандардын тартууларынын эсебинен биздин кем-карчтарыбыз жабылат. Анткени, ѳзүбүздѳ топтолгон кайрымдуулук каражаттар техникалык тейлѳѳ менен коммуналдык кызматтарга гана жетип калуусу мүмкүн.

Дүйнѳ жүзү боюнча жалпысынан 8,5 миллиондон ашык Жахабанын күбѳлѳрү бар. Ошолордун ар бири бир гана доллардан кайрымдуулук кылса, канча деген сумма топтолот? Ал эми турмуштук абалы жакшы ѳкүлдѳрүбүз 100 доллардан да беришет. 

Чогулган каражаттар туура жана так бѳлүштүрүлѳт. Себеби, бизде эч ким уурдабайт, эч ким алдабайт,  тескерисинче, кайрымдуулук жасашат. Бул акчалар жаратылыш кырсыктары болуп жаткан аймактарга жардам берүүгѳ да жетет. Биздин коомдун ѳкүлдѳрүнѳ, ал тургай алардын коӊшуларына да турак-жай куруу үчүн жардам бере алабыз.

Бизде филиалда кызмат кылган Бейтелдиктер, ошондой эле дүйнѳ жүзүн кыдырып кызматта жүргѳн миссионерлер бар. Булардан тышкары, кызмат кылган, чогулуштарга катышкан, туура жол кѳрсѳткѳн кыдыруучу кѳзѳмѳлчүлѳрүбүз да бар. Алар ѳз ыктыяры менен кызмат кылгандар жана аткарган иштери үчүн эч кандай маяна алышпайт, чыгымдары үчүн материалдык жѳлѳк пул берилбейт.

Мисалы, Бейтелдиктер айлык акы талап кылышпайт, бирок күн кѳрүү үчүн акча керек. Ошондуктан, муктаждыктарга деп бир аз жѳлѳк пул берилет. Уюмубуз муну камсыз кылат. Бирок, бул айлык акы эмес, жѳн гана жашоо үчүн зарыл болгон каражат минимумунун деӊгээлиндеги азыраак акча.

Турмуш шарты жакшы болгон ыктыярдуулар да бар. Мындай адамдар эч кандай акысыз эле жардам беришет. Кѳпчүлүгү ушундай кылышат. Эч кандай акча сурабастан, жѳн гана жол киресин тѳлѳп берүүнү ѳтүнгѳн  ыктыярдууларыбыз да бар.  

Бул болсо, бирѳѳнү жалдап, ага маяна тѳлѳп берүүгѳ караганда кыйла арзан экендиги талашсыз. Болбосо, коммерциялык эмес, алгачкы кылымдардан тартып, ушул күнгѳ чейин кайрымдуулуктан түшкѳн каражаттардын эсебинен жашап келген диний уюм болгондуктан, акча каражаты эч нерсеге жетпейт болчу.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: