© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстанда электр энергиясы таңкыс. Калкка кирген чектөө майнинг-фермаларды кыйгап өттү

Быйылкы жылытуу сезону аяктап баратат. Кыргызстандыктардын эсинде бул жыл Бишкек ЖЭБиндеги авария, жарыктын өчүрүлүшү менен калды. Айрымдар суу таңкыстыгынын да азабын тартты. Тартыштык шартында майнинг-фермалар үзгүлтүксүз иштеп жатканы кызык. Республика электр энергиясын импорттоого көз каранды болуп турган чакта чиновниктер профицитке чыгууну жана 2026-жылдан экспорттоону пландап жатат. 


Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2023-жылдын 1-августунан тартып Кыргызстандын энергетика тармагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды, ал 2026-жылдын 31-декабрына чейин созулат. 

Кыш соңунда суук күчөп турган чакта ар кайсы аймактын тургундары күнүнө 1,5-2 саатка жарык өчүрүлүп жатканына нааразы боло башташты. Чектөө расмий эскертүүсүз жана графиксиз жүргүзүлүп жатты. 

скриншот 01
скриншот 02

Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев 4-мартта маалымат жыйын куруп, айрым райондордо ашыкча чыңалуу келген учурда автоматташтырылган система абалды жөнгө салышы мүмкүн экенин билдирди.

Анын айтымында, калк жылуулук үчүн көмүр же башка альтернативдүү булактарды колдонууну каалабай, көпчүлүк электр энергиясына өтүп алды. Ошондуктан суткалык керектөө 69-70 миллион киловатт-саатка (кВт/саат) чейин жетип, дээрлик төмөндөбөй жатат. 

Катуу чыңалуудан улам эл электр жарыгын эң көп колдонгон кечки сааттарда автоматташтырылган система ашыкча жүктү азайтууга киришет.

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, 5-марттан тарта бир фазалуу “акылдуу” эсептегичтери бар абоненттер үчүн лимитти  5 киловаттан 4 киловаттка чейин, үч фазалуулар үчүн 10дон 8 киловаттка чейин түшүрүштү. 

Чектөө бизнести кыйгап өтүп, калкты түйшөлттү

Чектөө маселеси парламенттин 6-марттагы жыйынында да көтөрүлдү. Депутат Эльвира Сурабалдиева окуучулар менен кыз-келиндер сабак-жумуштан соң караңгы көчөлөрдө үйгө кайтып жатканы кооптуу экенин айтты. Ал энергетика министрине: “Өлкөдө электр энергиясы танкыс болуп жаткан чакта майнинг-фермалар эмне үчүн ишин улантып жатат?” – деп суроо салды. Анын үстүнө президент Садыр Жапаров кышкысын электр энергиясынын тартыштыгы жарала турган болсо, мындай объектилердин иши токтотуларын билдирген болчу. 

Таалайбек Ибраев Кыргызстанда расмий түрдө бир гана майнинг-ферма иштеп жатканын белгиледи. Бирок, эл өкүлү Марат Мураталиев салык төгүп, иштеп жаткан 22 майнинг-ферма тууралуу маалымат интернетке чыкканын айтты. 

“Кризис учурунда алардан кандай пайда? Алар элдин жыргалчылыгы үчүн иштесе бир жөн эле. Бирок бизде азыр дефицит, өзүбүзгө жетишпей жатат. Муну эл түшүнбөйт, аларды такыр эле жаап салыш керек”, – деп эсептейт депутат.

Буга энергетика министри жооп берип, майнинг-фермалар Кыргызстандан бир да киловатт электр энергиясын алган эмес деп жооп берди.

“Алар өздөрү Казакстан менен келишим түзүшөт, бизге транзит үчүн төлөшөт. Кайсы компаниядан, кайдан алышты – өздөрүнүн иши. Майнинг-фермалар – бул жеке бизнес, биз алардын ишине тоскоол боло албайбыз”,- деди министр.

Кийинчерээк Казакстандын Энергетика министрлиги кыргызстандык кесиптештеринин билдирүүсүнө жооп кайтарып, электр энергиясын экспорттоо профицит маалында гана жүргүзүлөрүн, мунун максаты алдыдагы сугат мезгилинде өлкөнүн түштүк аймактарын сугат суунун керектүү көлөмү менен камсыз кылуу үчүн Токтогул ГЭСинде суунун керектүү деңгээлин топтоо экенин белгиледи.

“Электр энергиясын Кыргыз Республикасынын ичинде андан ары бөлүштүрүү Кыргызстандын энергетиктеринин ички компетенциясындагы иш”, – деп баса белгилешти мекемеден. 

Мындан улам кыргыз чиновниктеринин танкыстыкка, чектөөлөргө бир аз чыдап койгула деп калкка кайрылып турушу таң калыштуу. 

Ал ортодо Энергетика министрлиги 2024-жылдын 1-майынан тарта электр энергиясына болгон тарифтерди көтөрүүнү сунуштады. Тарифтик саясат керектөөчүлөрдүн бардык топтору үчүн өткөн жылдагы инфляциянын иш жүзүндөгү деңгээлине чейин түзөтүүнү карайт. Жарыктын баасы10,8 пайызга өсөт деп күтүлүүдө. 

Келерки кыштын камын эртелеп көрмө й болушту

КРнын Энергетика министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык былтыркыдан эрте башталат.

2024-жылдын 5-мартынан тартып Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин гидроагрегаттарын реконструкциялоо башталды, ушуга байланыштуу электр станцияларынын кубаттуулугу 290 мегаваттка (МВт) төмөндөйт.

Мындай кырдаалда энергосистемадагы чыңалууну азайтуу зарылдыгы келип чыкты. Жарандарды жарыкты айрыкча электр энергиясы өтө көп колдонулган таңкы жана кечки сааттарда үнөмдөөгө чакырып жатышат. 

Валентина Касымова. Фото: CABAR.asia

Экономика илимдеринин доктору, КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, КМТУнун энергетика жана байланыш институтунун директору Валентина Касымова да жарандарды электр энергиясын үнөмдөөгө үндөйт.

“Аны менен бирге Токтогул суу сактагычындагы сууну да үнөмдөйбүз. Кийинки күз-кыш мезгилине даярдануу жана суу сактагычтагы суунун көлөмү “өлүк деңгээлге” түшпөшү үчүн өчүрүүлөрдү туура түшүнүп турушубуз керек”, – деди ал Cabar.asiaга берген маегинде. 

Ошол эле учурда профессор жеке үйлөрдө эмес, кечки саат 20:00дөн баштап тейлөө тармагында жарыкты толугу менен өчүрүүнү сунуштайт. Анын айтымында, нормативдерди иштеп чыгып, энергияны үнөмдөөнүн катаал шарттарын коюу керек.

“Каалаган ресторанга киргиле, ал жерде канча лампа күйүп турат?! Бул акылга сыйбас нерсе. Ага кошо түнү бою күйүп турган жарнамалык баннерлер бар”, – деп кейиди ал. Перифериялык көчөлөрдө түнкү жарыктандырууну 23:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин өчүрүп, негизги трассаларда гана калтыруу керектигин кошумчалады.

Көйгөйлөр жылдап чогулган 

Валентина Касымова эске салгандай, Кыргызстан жаз-жай мезгилдеринде – сугат маалында Токтогул ГЭСинин каскадынан электр энергиясын экспорттойт. 

Бирок экспорттун бул көлөмү советтик доордогудан алда канча аз. Ал кезде Кыргызстан жылына болжол менен 4 миллиард киловатт-саат электр энергиясын экспорттоп, кышкысын Өзбекстандын, Казакстандын жана Түркмөнстандын жылуулук электрстанцияларынан 3,5 миллиард кВт/саат электр энергиясын алчу. Анын айтымында, ушундай жол менен Борбор Азиянын Биргелешкен энергетикалык системасында оптималдуу иштөө режими сакталып келген. 

Советтер Союзу кулаган соң, схема бузулду да, ар бир өлкө өзүн өзү камсыздоо менен алек болуп, энергетикалык ресурстарды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого өттү. 

Электр энергиясынын таңкыс болушунун себеби (КРда 3 миллиард киловатт-сааттан ашык) – мурда Борбор Азиянын Биргелешкен энергетикалык системасына ар ким өз ара пайдалуу шартта электр энергиясын чыгарып турса, азыр баары коммерциялык негизге өтүп кетти; өкмөттөр аралык келишимдер аркылуу Токтогул суу сактагычынан агызылчу суунун көлөмү жана алдыдагы жылга электр энергиясынын экспорттук, импорттук көлөмү макулдашылат. 

«Ар кандай кырдаалдардан улам мамлекеттер аралык энергетикалык байланыштар бузулуп жатты, аба ырайы, климаттык шарттар, суунун аздыгы ж.б. таасир этти. Өлкө узак жылдан бери топтолуп калган энергетикалык кризиске кептелди. Негизинен суу таңкыстыгы орун алган 2008-2009, 2014-2015, 2022-2023-жылдары каатчылык курч мүнөзгө ээ болду», – дейт Валентина Касымова. 

Ал белгилегендей, Токтогул ГЭСиндеги каскадда иш тартиби бузулган үчүн көйгөйлөр жаралды. Анын долбоордук режими – ирригациялык-энергетикалык, кышкысын суу чогулуп, жайкысын иштеши керек. Бирок ГЭС энергетикалык режимде иштеп калды – кышкысын өлкө муктаждыгын жабыш үчүн электр энергиясын иштеп чыгууга кызмат кылат, а кошуна мамлекеттер электр энергиясын жайкысын сатып албай калышты. 

Профессордун айтымында, электр энергиясынын тарифи көп жылдардан бери өздүк наркынан төмөн болуп келгени, энергетикалык системадагы жүктүн  бир бөлүгүн көтөрүп келген Бишкек ЖЭБиндеги авария, жабдуулардын эскилиги да таасир этти. 

Мисалы, Үч-Коргон ГЭСи 1962-жылы ишке кирген, бирок андан бери бир да жолу реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Иштетүүнүн стандарттык мөөнөтү – 30 жыл, башкача айтканда, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 1992-жылы эле бүткөн. Гидроэлектростанциянын жабдууларынын эскилиги жетти. 

Токтогул ГЭСи 1975-жылы курулган, төрт гидроагрегаты бар. 2021-жылы жана 2023-жылы төртүнчү жана экинчи гидроагрегаттары оңдолду, быйыл биринчи гидроагрегат реконструкцияланат. Бул Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугун 1380 МВтка чейин жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

Муктаждык өстү, кубаттуулук болсо артта 

Энергетика министрлигинин маалыматында, керектөөчүлөрдүн саны өсүп жатат, орто эсепте жыл сайын 30 миң жаңы абонент кошулууда. Бул кошумча кубаттуулукту талап кылат. 

2010-жылы өлкөдө электр энергиясын керектөө 10,3 миллиард киловатт-саатты (кВт/ч) түзсө, 2023-жылы ал 16,5 миллиард кВт/саатка чейин өстү. 

30 жылда Кыргызстанда бир да ири ГЭС курулган жок, ошондуктан Токтогул ГЭСи дайыма көңүл чордонунда. 

Суу сактагычтын долбоордук көлөмү 19,5 миллиард куб метрди түзөт. Таалайбек Байгазиевдин айтымында, суунун көлөмүнүн «өлүк деңгээлге» (5,5 миллиард куб метр) чейин түшүп кетүү коркунучу бар.  

“Электр станциялары” ААК маалыматында, 2024-жылдын 19-мартына карата суунун көлөмү 7,2 миллиард куб метрди түздү. Жыл башынан бери суунун деңгээли 3 миллиард 220 миллион куб метрге кыскарды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырсак, суу 677,33 миллион куб метрге аз. Ошол эле маалда 2024-жылы суунун кириши мурдагы жылга караганда аз да, чыгышы жогору. 

Келечек пландар

Валентина Касымованын айтымында, өлкөнү энергетикалык каатчылыктан чыгаруу, тармакты өнүктүрүү боюнча Улуттук программанын долбоору иштелип чыкты. Ал жакын арада кабминде талкууланат. 

Программанын биринчи этабы 2024-2027-жылдарга, экинчи этабы 2028-2035-жылдарга эсептелген. Блжол менен 12 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция талап кылынат. Бул каражатка азыркы ГЭСтерди оңдоо, жаңы ири жана чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын куруу, санариптик энергетикалык системаны өнүктүрүү, аба линияларын жана подстанцияларды куруу, отканаларды газга өткөрүү ж.б. каралган. 

Керектүү акчанын суммасы дагы өсүшү мүмкүн. Бюджеттин да үлүшү болушу шарт. Чет элдик инвестициялар мамлекеттин катышуусун талап кылат, мисалы, жер тилкелерин ажыратуу, даярдык иштерин жасоо ж.б. 

Программада күн жана шамал электр станцияларын куруу каралган, ал аркылуу 2026-жылы ички керектөө жабылып, экспорт үчүн көлөм камсыздалат деп болжонууда. Так ушул датаны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Элдик курултайда белгилеген

Валентина Касымованын айтымында, ушул тапта күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча инвесторлор менен макулдашуулар бар, чакан ГЭСтерди куруу иштери жүрүүдө. 

«Бирок чакан ГЭСтерди курууга көп акча кетип, электр энергиясын аз көлөмдө иштеп чыгат, жалпы эсепте алар болочокто 1 миллиард киловатт-саат гана энергияны иштеп чыга алат. Энергетикалык кризисти чечиш үчүн жаңы ири ГЭСтерди куруу зарыл, чакандары менен абалдан чыга албайбыз»,- дейт ал.  

Валентина Касымова белгилегендей, Камбат-Ата-2 ГЭСинде үч блоктун ордуна, 129 мегаваттык бирөөсү гана ишке киргизилген. Камбар-Ата-2 ГЭСинин кубаттуулугун 1860 мегаваттка жеткирүү иштери башталды. Долбоорго ылайык, биринчи агрегат 2031-жылы ишке кирет. Жогорку-Нарын ГЭСинин каскадын, Казарман жана Камбар-Ата-1 ГЭСтеринин каскаддарын жаңы кубаттуулукта ишке киригизүү менен электр энергиясын өндүрүү жогорулайт деп болжонуп жатат. Мындан сырткары, Төмөнкү-Нарын ГЭСинин каскадын оңдоо иштери соңуна чыгууда. 

«Кыргыз энергетикалык системасы Борбор Азиянын Бирдиктүү электр системасында кубаттуулуктун жана электр энергиясынын резервдерин, Токтогул суу сактагычындагы суунун чыгышын көп жылдык көзөмөлдөө ролуна ээ болууда. Себеби Камбат-Ата-1 ГЭСи ишке кирсе, Токтогул гидротүйүнү долбоордук ирригациялык-энергетикалык иштөө режимине кайтат, бул бирок 2030-жылдан ары гана жүзөгө ашат», – дейт ал.

Валентина Касымова кошумчалагандай, күн жана шамал электр станцияларынын курулушу менен, 2027-жылдан тарта дефицит нөлгө чыгып, Кыргызстан 2028-жылдан тарта CASA-1000 долбоору боюнча электр энергиясын экспорттой алат деген божомол бар. 

Башкы фото: pvproductions on Freepik

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: