© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан: кант диабети менен ооругандардын саны өсүүдө, мамлекеттик каржылоо жетишсиз

Акыркы 10 жылда Кыргызстанда кант диабети менен ооругандардын саны эки эсе көбөйдү. Өкмөт аларды инсулин менен акысыз камсыз кылат, бирок мамлекеттик кепилдик программасы боюнча препараттар баарына эле туура келбейт. Ал эми инсулиндин башка түрлөрүн сатып алуу үчүн каржылоо дайым жетиштүү боло бербейт. 


«Мага апамды жана бул дүйнөнү кайра көргөнгө жардам бергиле!» – мындай билдирүүлөр соцтармактарда 2020-жылдын башында пайда боло баштаган. 29 жаштагы Нурсулу (аты өзгөртүлдү) көйгөйүнө кайдыгер карабаган жарандарга көзүнүн көрүүсүн калыбына келтирүү боюнча операция үчүн 10 миң доллар топтоого жардам сурап кайрылган. Ал 19 жылдан бери кант диабетинен жабыркап, оорунун кесепетинен кошумча илдеттер да пайда болгон.

Көрүү жөндөмдүүлүгүнөн ажырагандан тышкары, бөйрөгү менен буттарында да көйгөй жаралган – басуу жана кыймылдоо кыйын болуп калган. Керектүү сумма чогулуп-чогулбаганын билгенге жетишпей калдык. Оору күчөп кеткендиктен, Нурсулу 2020-жылдын жай айларында бул жарык менен кош айтышты. 

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Мамлекеттик эндокринология борборунун берген маалыматына ылайык, 2020-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда кант диабети менен ооруган 62 878 бейтап катталган. Алардын ичинен биринчи типтеги диабет менен 2499 киши жабыркайт. Оору жыл санап өсүүдө.

Диабет деген эмне?

Наталья Добрынина. Photo: CABAR.asia

Киши диабет менен ооруганда  аны менен кошо бүтүндөй үй-бүлөсү да «ооруйт». Ал эми жаш бала ооруганда андан да кыйын – ата-энеси күнү-түнү баланын абалын көзөмөлдөп турууга тийиш. Дайыма диета кармоо, кандагы канттын деңгээлин текшерип туруу, күнүнө бир нече ирет инъекция алуу – булардын баары кант диабети менен ооруган адамдар дуушар болгон кыйынчылыктардын аз гана бөлүгү. 

Ошентип, диабет деген эмне? Муну Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкары эндокринологу Наталья Добрынина менен карап чыгабыз.

Кант диабети деген эмне?

Кант диабети – бул бир эле оору эмес, бири-бири менен негизги белги – канда кант деңгээлинин жогорулашы аркылуу байланышкан илдеттердин бүтүндөй бир тобу.

Диабеттин ар кандай түрлөрү бар эмеспи. Алар эмнеси менен айырмаланат?

1-типке кирген кант диабетинде организм инсулинди такыр иштеп чыгарбай калат. Көп учурда илдеттин бул тиби тез байкалып, оору кескин күчөп кетет. Бул абалда мүмкүн болушунча тез аранын ичинде – симптомдор пайда болгондон кийин бир айдан жарым жылга чейинки убакыт аралыгында дарыгерге кайрылуу зарыл. Биринчи типтеги диабетте дарылоонун башкы ыкмасы – бул бир гана инсулин, башка эч кандай таблеткалар жардам бере албайт. 

Экинчи типтеги диабетте организмде инсулин белгилүү бир убакытка чейин болот, бирок организмдин клеткаларынын ага карата сезгичтиги бузулат. Ушул себептүү кишилер канында канттын салыштырмалуу жогорку деңгээли менен жүргөндө деле өздөрүн жакшы сезишет.

Эреже катары, буларга жашап калган адамдар кирет, бирок акыркы жылдарда экинчи типтеги диабетке жаштар да көп чалдыга баштады. Тобокелдик тобуна өспүрүмдөр да, айрыкча ашыкча салмактагы, же болбосо тукумунда кант диабети бар балдар киришет.

Диабеттин бул эки тиби – кеңири жайылгандары. Соңку жылдарда гестациялык кант диабети да көп байкала баштады. Илдет негизинен аялдарда кош бойлуулук мезгилинде аныкталат. Себеби, организмдеги физиологиялык процесстердин жүрүшүндө кандагы канттын деңгээли өзгөрөт. Кош бойлуулуктун соңунда гестациялык диабет өтүп кетет. Көп аялдарда оору кайра пайда болбойт, ошентсе да алар тобокелдик тобунда кала беришет.  

Диабеттин симптомдору кандай?

Кант диабетинин эки тибине тең төмөнкү белгилер мүнөздүү: 

  • ашыкча суусоо жана ооздун кургашы,
  • тез-тез заара кылуу,
  • табит жакшы болгон учурда да салмакты тез жоготуу,
  • алсыздык же чарчоо сезими жана тез чарчоо,
  • көздүн тунарышы,
  • жыныстык активдүүлүктүн жана потенциянын төмөндөшү,
  • колу-буттун чымырашы жана сайгылашуусу,
  • буттардын салмактануусу,
  • баш айлануу,
  • жугуштуу оорулардын көпкө созулушу жана жаралардын жай бүтүшү,
  • балтыр булчуңдарынын тырышып калуусу.

2-типтеги диабеттин симптомдору 1-типтеги диабеттики сыяктуу ачык байкалбагандыктан, аны менен жабыркаган бейтаптардын көпчүлүгү узак убакыт бою өздөрүнүн абалдары тууралуу билбей жүрө беришет.

Кыргызстанда кант диабети менен ооруган адамдар үчүн кандай мамлекеттик кепилдиктер каралган?

Мыйзам боюнча, алар төмөнкү укуктарга ээ: 

  • мамлекеттик ооруканаларда акысыз дарылануу (амбулатордук жана стационардык). Бир да мамлекеттик клиника мындай бейтаптарды кабыл алуу, текшерүү жана аларга консультация берүү үчүн акча албайт;
  • инсулин жана аны куюу үчүн керектүү каражаттар (шприцтер, ийнелер) менен камсыздоо;
  • акысыз базалык лабораториялык изилдөөлөр – кандын, зааранын жалпы анализдери, кандагы глюкоза, холестерин; 
  • инсулинге көз каранды бейтаптар кандагы канттын деңгээлин аныктоо үчүн  тилке тесттерди сатып алууда жеңилдетилген рецепттерди ала алышат. 2019-жылдан бери сатуунун ченеми жылына 500 тилке тестти түзөт.
  • 2-типтеги кант диабеттүү бейтаптар 600 таблетка глибенкламид* акысыз алышат, ошондой эле быйылкы жылдан тарта кошумча пакет боюнча метформин* сатып алууда аларга жеңилдиктер бериле баштады (* – канттын деңгээлин түшүрүүчү препараттар) 

Диабет менен жашоо

28 жаштагы Айгерим диабет илдетине бала чагында эле чалдыгып, 18 жылдан бери бул оору менен жашап келет. 

Анда 2002-жыл эле. Мен төртүнчү класста окуп жүргөндө оозум кургап, дайыма суусап турганымды жана тез-тезден заара кылгым келгенин байкап калдым. Арыктай баштадым, алым кетип, сабактарда уктап калбайын деп араң карманып отурчумун. Ал учурда мен эмес, ата-энем деле мунун баары диабеттин алгачкы симптомдору экенин билген жок. Мына ушундай түшүнүксүз абалда эки айга жакын жүрдүм.  

Ооруканага жатаардын алдында бир нече күн бою мээм жакшы иштебей, ой жүгүртүүдө жана аңдап түшүнүүдө кыйынчылыктар пайда боло баштаганы эсимде. Кийинчерээк булар да канда кант деңгээлинин жогорулашынын белгилери экенин билдим. 

Күндөрдүн биринде мектептен келгенимде апам мени тынчсыздануу менен карады. Көрсө, өтө эле арыктап, өңүмөн азып кетиптирмин. Ошондо гана ооруканага бардык. Бир топ анализ тапшырдык, натыйжада кант диабети деген диагноз коюшту.   

Мына ошол күндөн тарта диабет менен жашоом башталды – күнүнө беш жолу инъекция, кандагы канттын деңгээлин үзгүлтүксүз текшерип туруу, жылына бир жолу стационарда дарылануу. Апамдын ыйлаганы, коркуу, арга кетүү жана эми кантип жашайм деген тынчсыздануу сезимдери азыркыга чейин көз алдымда. Башында ооруман улам абдан уялчумун, көп кишиге билгизбегенге аракет кылчумун. Бирок убакыт өтүп, бой жетип, тагдырыма моюн сундум. Диабет окуума жана жашоомо олуттуу таасир этпегени кубандырат. 2015-жылы мага туура келген инсулинди берүүнү токтотуп коюшканга чейин бардыгы өз нугунда өтүп жаткан.

Photo: CABAR.asia

Инсулин боюнча абал 

Инсулиндин синтетикалык аналогдору Кыргызстанда мындан 20 жылдан ашуун убакыт мурда Диабет ассоциациясынын жардамы менен пайда болгон.  Алар колдонууга акырындык менен киргизилген. Балдар жана өспүрүмдөрдөн мурун чоң кишилерге сайып көрүштү. Кийинчерээк, медицина кызматкерлери диабеттин  өтүшү өзгөрбөгөнүн, жашоо сапаты начарлабаганын, ал эми режим кыйла кыймылдуу болуп калганын байкаган соң, аналогдорду балдарга да колдоно башташкан. Ошентип, 2015-жылга чейин мындай инсулинди чоңдор да, балдар да алып келишкен. 

Бирок инсулиндин синтетикалык аналогдорун колдонууну тандаган бейтаптардын саны көбөйүп, мамлекеттик каржылоо керектүү муктаждыктардын баарына жетпегендиктен, мындай препараттарды балдар менен 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө гана колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган.   

Калган диабетиктер (ал эми Шаардык эндокринологиялык диспансердин берген маалыматы боюнча алардын саны 600гө жакын жаран) гендик-инженердик инсулинге өтүүгө тийиш эле. 

Инсулиндердин ортосундагы айырмачылык эмнеде? 

Инсулиндин кыска жана узак мөөнөт таасир этүүчү эки тиби бар. Биринчи типтеги инсулин тамактануунун алдында кабыл алынат. Ал организмдин тамактануудан кийин канга кошулган глюкозаны сиңирип алуусуна жардам берет. Ал эми узак мөөнөт таасир этүүчү инсулин түнкүсүн жана тамактануулардын ортосунда глюкозаны көзөмөлдөп турууга арналган.

Булардын экөө тең биринчи типке кирген диабет оорулууларына диабетти сапаттуу компенсациялап туруу үчүн зарыл. 

Гендик-инженердик инсулин – уйку бези иштеп чыккан гормондук инсулиндин кеңири жайылган аналогу. Аны даярдап чыгууда адамдын гендик өзгөртүлгөн гормонун гана эмес, синтентикалык жол менен пайда болгон затты да пайдаланышат.

Мындан тышкары, инсулиндин толугу менен синтетикалык аналогдору да бар. 

Инсулиндин гендик-инженердик жана синтетикалык аналогдору бири-биринен таасир этүү убактысынын башталышы, анын туу чокусу жана узактыгы боюнча айырмаланышат. Синтетикалык аналогдун таасири тамактануудан кийин 5-15 мүнөт өткөн соң башталса, гендик-инженердик аналогдуку – 20-30 мүнөттү түзөт. Демек, тамактануу жагынан, айрыкча тыгыз график менен иштеген адамдар же студенттер үчүн гендик-инженердик инсулин анча ыңгайлуу эмес.   

«Гендик-инженердик инсулин мага туура келген жок, ошондуктан өзүм сатып ала баштадым» - дейт Айгерим. – Бишкектин дарыканаларында узак мөөнөт таасир этүүчү инсулиндин бир таңгагынын баасы 48 долларга, кыска мөөнөттүк инсулиндики – 35 долларга жетет. Беш картриджден турган бир куту үч жумага араң жетет. Айына эки жолу алыш керек болуп калат. Жалпысынан бир эле жолкусунда 166 долларга чейин сарпталат. Мындан тышкары, Бишкекте инсулин дайыма эле табыла бербейт. Москвадагы туугандардан Бишкекке келе жаткан тааныштар аркылуу алдырууга туура келет. Препараттарды сатып алуу каражат жагынан абдан эле кыйын, бирок менде башка арга жок». 

Убактылуу үмүт

2019-жылдын ноябрь айында 29 жашка чейинки диабетиктерде инсулиндин синтетикалык аналогун бере башташат деген үмүт пайда болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинде 29 жашка чейинки 1-типтеги диабет оорулууларын мамлекеттин эсебинен инсулиндин аналогдору менен камсыз кылуу жөнүндө буйрукка кол коюшкан.  

Назгүл Өмүракунова. Photo: CABAR.asia

«Бирок, тилекке каршы, ал учурда каражат бөлүнбөй калып, 18 жашка чейинки балдар үчүн гана сатып алынган. Буйрук бир жылдан ашык убакыт иштеген жок. 29 жашка чейинки бейтаптарга инсулинди 2020-жылдын ноябрь айында гана бере баштадык», - деп билдирет Шаардык эндокринологиялык диспансердин башкы дарыгери Назгүл Өмүракунова

Анын айтымында 2020-жылы 108 миллион сомго (1,275 млн АКШ доллары) инсулин алынган.

«Кийинчерээк дагы 93 миллион сомго (1,098 млн АКШ доллары) алынган, бирок бул акча каражаттары 2021-жылдын бюджетинин эсебине кирет. Бюджеттин долбооруна ылайык, быйылкы жылда дал ушул инсулинди сатып алуу үчүн аны болжол менен 63 миллион сомго (743,7 миң АКШ доллары) көбөйтүү каралган», - дейт Өмүракунова. 

Эндокринологдор кант диабетинин өзгөчөлүгүн жана инсулиндердин ортосундагы айырмачылыктарды эске алуу менен, бейтаптарга кандай инсулин алууну каалаганы жана кайсынысы туура келгени боюнча тандоо мүмкүнчүлүгү берилиши керек деп белгилешет. Эң башкысы, препараттар алмаштырылбоого тийиш, анткени инсулин – белоктук гормон, ал эми бүгүн анын бир түрүн колдонуп, эртең башкасын колдонсо, анда жашоонун сапаты кыйла начарлап кетиши ыктымал.  

Ошону менен бирге эле бейтаптар өзүн өзү көзөмөлдөп, ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга тийиш. Ар бир диабетик дарыгерлердин айткандарын так аткарып, дайыма диета кармап, кандагы канттын деңгээлин текшерип туруусу зарыл. Себеби өзүн өзү контролдобогон учурда эч кандай дары-дармек жана дарыгерлер жардам бере албайт.  

Диабеттен кантип сактанууга болот? 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Мамлекеттик эндокринология борборунун рекомендациялары:

  1. Жашоо образын өзгөртүү, салмакты турукташтыруу. 
  2. Тукум куучулукка көңүл буруу. Айрыкча, экинчи типтеги диабет укумдан тукумга көбүрөөк өтөт. 
  3. Зыяндуу адаттардан арылуу. 
  4. Кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөө, жылына жок дегенде бир жолу анализ тапшырып туруу.
  5. Алгачкы симптомдор байкалган учурда (суусоо, ооздун кургашы, заара кармабай калуу, чарчоо) дароо эндокринологго кайрылуу.  

Бул макала Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Бейпилдикти жана бейкуттукту чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Басылманын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: